Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Адабият таратуу ишин күндөн күнгө жакшы көрүп баратам»

«Адабият таратуу ишин күндөн күнгө жакшы көрүп баратам»

Биздин архивден

«Адабият таратуу ишин күндөн күнгө жакшы көрүп баратам»

1886-ЖЫЛЫ жаңы эле жарык көргөн «Миң жылдыктын таңкы жарыгы» деген китептин 1-томунун 100 нускасы Аллегейнидеги (Пенсильвания, АКШ) Ыйык Китеп үйүнөн (мурун Бейтел ушинтип аталчу) Иллинойстогу Чикагого жөнөтүлгөн. Ч.Т. Рассел аларды китеп дүкөндөрүнө таратууну көздөгөн. АКШдагы диний адабияттарды дүкөндөргө тараткан чоң фирмалардын бири ал китептерди сатып берүүгө макул болгон болчу. Бирок 2 жумадан кийин китептердин баары Ыйык Китеп үйүнө кайтып келген.

Көрсө, бир белгилүү евангелист ал фирманын имаратынын текчесинде анын китептери менен чогуу «Миң жылдыктын таңкы жарыгы» турганын көрүп аябай ачууланыптыр. Анан эгер ал китепти алып салбаса, өзү да, атактуу евангелист достору да китептеринин баарын алып кетип, башкалар менен иштешерин айткан экен. Ошондуктан фирма «Таңкы жарыктарды» кайра берүүгө аргасыз болуптур. Андан тышкары, китеп жөнүндө гезиттерге да жарнама берилген болчу. Бирок каршылаштар аны да көрүп калып, түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылган. Эми ал адабият чындыкты издегендерге кантип жетмек?

Көйгөйдүн түйүнү адабият таратуучулар * аркылуу чечилген. 1881-жылы «Сион күзөт мунарасында» Ыйык Китепке негизделген адабияттарды таратууга толук убактысын арнай ала турган 1000 жарчы керектиги жарыяланган. Ал убакта адабият таратуучулардын саны бир нече эле жүзгө жетсе да, алар чындыктын үрөнүн басма сөз аркылуу узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жеткиришкен. Ошентип, 1897-жылга чейин «Таңкы жарыктын» миллионго жакын нускасы таратылган; көбүн ошол ынталуу жарчылар таратышкан. Алардын басымдуу бөлүгү «Күзөт мунарасына» жазылгандар же китеп алгандар тартуу кылган аз эле акчага жан багышчу.

Эр жүрөк адабият таратуучулардын катарына кимдер кирген? Айрымдары андай кызматты өспүрүм кезинде, башкалары жашы өр тартып калганда баштаган. Көптөрү бойдок же баласы жок жубайлар болгон, бирок бала-чакалуулар да аз эмес болчу. Үзгүлтүксүз адабият таратуучулар бир күн кечке кызмат кылышса, көмөкчүлөр күнүнө бир же эки саатын арнашчу. Ал кызматты аркалоого баарынын эле шарты же ден соолугу жол берген эмес. Бирок 1906-жылы болгон бир жыйында ал ишке катыша тургандардан «аябай билимдүү, таланттуу болуу же периштенин тилинде сүйлөө» талап кылынбай турганы айтылган.

Дээрлик ар бир континентте жөнөкөй эле адамдар укмуштуудай зор ишти аткарышкан. Бир ишенимдешибиз 7 жылдын ичинде 15 000дей китеп таратканын айткан. «Бирок мен китеп сатуу үчүн эмес, Жахаба менен анын чындыгы жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн адабият таратуучу болгом»,— деген ал. Адабият таратуучулар каякка барбасын, чындыктын үрөнү тамыр алып, Ыйык Китепти Изилдөөчүлөрдүн топтору көбөйө берген.

Бир чиркөө кызматчысы адабият таратуучуларды китеп сатып пайда көргөндөр деп кемсинткен. 1892-жылы чыккан бир «Күзөт мунарасында»: «Аларды Теңирдин чыныгы өкүлдөрү катары көргөндөр, башкача айтканда, Теңирдин аларды момундугу менен жан аябастыгы үчүн жогору баалаарын түшүнгөндөр абдан эле аз»,— деп жазылган. Чынында эле, адабият таратуучулардын жашоосу, алардын бири белгилегендей, жеңил-желпи болгон эмес. Алардын негизги унаасы бышык бут кийим менен велосипед болгон. Акчасы жокторго китепти азык-түлүккө деле беришчү. Бир күн кечке кызмат кылгандан кийин жарчылар чарчаса да, кубанычы койнуна батпай чатырларына же ижарага алган бөлмөлөрүнө кайтып келишчү. Кийинчерээк Адабият таратуучунун арабасы — көп убакытты, акчаны үнөмдөгөн колго жасалган үй-араба — пайда болуп, ошону колдоно башташкан *.

1893-жылы Чикаго шаарында өткөн жыйындан тартып программага адабият таратуучуларга арналган пункт киргизилген. Анда бир туугандар тажрыйбасы, кабар айтуу ыкмалары жөнүндө күйүп-жанып айтып берип, баалуу кеңештери менен бөлүшүшчү. Бир жолу Рассел бир тууган күжүрмөн жарчыларды эртең менен жакшы тоюп, түшкө жакын бир стакан сүт, ал эми күн ысыкта бал муздак кошулган таттуу суусундук ичип алууга үндөгөн.

Шерик издеп жүргөн адабият таратуучулар жыйын учурунда кийимине сары тасма тагып алышар эле. Адабият таратуучулардын катарына жаңыдан кошулгандар тажрыйбалуулар менен өнөк болушчу. Кыязы, аларды үйрөтүү зарыл болгон, анткени бир жолу адабият таратуу ишине жаңыдан катыша баштаган ишенимдешибиз бир аялга китептерди сунуштап жатып калтырап-титиреп: «Буларды алгыңыз келбейт да, ээ?» — деп айткан экен. Бактыга жараша, ал аял китептерди алып, кийинчерээк биздин бир тууган болуптур.

Бир байке: «Кирешелүү жумушумда эле иштеп, кабар айтуу ишине жылына 1000 доллар тартуу кылып турганым жакшыбы же адабият таратуучу болгонумбу?» — деп ойлонуптур. Ага Теңирдин экөөнө тең ыраазы болорун, бирок убактысын түзмө-түз Теңирге арнаса, көбүрөөк бата аларын айтышкан экен. Ал эми Мэри Хиндс адабият таратуу ишин «көбүрөөк адамдарга жакшылык кылуунун эң мыкты жолу» деп эсептеген. Альберта Крозби деген тартынчаак бир тууганыбыз болсо: «Адабият таратуу ишин күндөн күнгө жакшы көрүп баратам»,— деген.

Бүгүнкү күндө ошол ынталуу адабият таратуучулардын укум-тукуму жана рухий урпактары алардан калган мурасты бекем сактап келатышат. Эгер силердин тукумуңарда эч качан адабият таратуучу же пионер болгон эмес болсо, анда үй-бүлөңөргө ошондой салт киргизип көрсөңөр кандай? Ошентсеңер, силердин да толук убакыт кабар айтуу ишин күндөн күнгө жакшы көрө берериңер шексиз.

[Шилтемелер]

^ 5-абз. 1931-жылдан кийин «адабият таратуучу» деген термин «пионер» дегенге алмаштырылган.

^ 8-абз. Үй-араба жөнүндө кийинки сандардын биринде көбүрөөк маалымат берилет.

[32-беттеги сүрөт]

Алардан «аябай билимдүү, таланттуу болуу же периштенин тилинде сүйлөө» талап кылынган эмес

[31-беттеги сүрөт]

Адабият таратуучу А. В. Осей (Гана, болж., 1930-ж.)

[32-беттеги сүрөт]

Жогоруда: адабият таратуучулар Едит Киин, Гертруд Моррис (Англия, болж., 1918-ж.). Төмөндө: Стэнли Косабуум, Хенри Нонкес тараткан китептеринин бош коробкалары менен (АКШ)