Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын даңкын чагылдырып жатасыңбы?

Жахабанын даңкын чагылдырып жатасыңбы?

Жахабанын даңкын чагылдырып жатасыңбы?

«Жахабанын даңкын күзгүдөй чагылдырабыз» (2 КОР. 3:18).

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢ?

Күнөөкөр болсок да, канткенде Жахабанын даңкын чагылдыра алабыз?

Тиленүү, жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз катышуу Кудайдын даңкын чагылдырууга кандайча жардам берет?

Канткенде мындан ары да Кудайдын даңкын чагылдыра беребиз?

1, 2. Эмне үчүн биз Жахабанын сапаттарын чагылдыра алабыз?

БААРЫБЫЗ кайсы бир жагынан ата-энебизге окшошпуз. Ошондуктан кимдир бирөөнүн эркек балага: «Атаңдын эле өзүсүң»,— деп айтканы же кыз балага: «Куду эле апаңды тартыпсың»,— дегени таң калыштуу эмес. Ооба, балдар көбүнчө ата-энесинен көргөндү кылышат. Ал эми биз асмандагы Атабыз Жахабаны туурай алабызбы? Аны көрбөсөк да, анын кереметтүү сапаттары жөнүндө көптү биле алабыз. Буга анын жаратылышына сереп салуу, ошондой эле Сөзүн окуп-изилдөө жана окугандарыбыз, өзгөчө, Уулу Иса Машаяктын сөздөрү менен иштери тууралуу ой жүгүртүү жардам берет (Жкн. 1:18; Рим. 1:20). Андыктан биз Жахабанын даңкын чагылдыра алабыз.

2 Кудай Адам ата менен Обо энени жаратканга чейин эле адамдардын анын эркин аткара аларына, сапаттарын чагылдыра аларына жана ага даңк алып келе аларына эч шектенген эмес. (Оку: Башталыш 1:26, 27.) Жараткан Кудайдын кызматчылары катары биз ага таандык сапаттарды чагылдырышыбыз керек. Ошентсек, маданиятыбыз, билимибиз, тек-тамырыбыз кандай болбосун, Кудайдын даңкын чагылдыруу сыймыгына ээ боло алабыз. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Анткени Кудай «бет карама эмес... Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагат» (Элч. 10:34, 35).

3. Жахабага кызмат кылганда кандай сезимде болобуз?

3 Машаяктын майланган жолдоочулары Жахабанын даңкын чагылдырышат. Алардын бири элчи Пабыл: «Биз баарыбыз жабуусуз жүзүбүз менен Жахабанын даңкын күзгүдөй чагылдырып,.. даңктан даңкка өтүү менен аныкындай бейнеге ээ болобуз»,— деп жазган (2 Кор. 3:18). Муса пайгамбар Синай тоосунан Он осуят жазылган таш лоокторду алып түшкөндө, жүзүнөн нур чачырап турган, анткени Кудай аны менен сүйлөшкөн болчу (Чыг. 34:29, 30). Машаяктын жолдоочулары андайды башынан өткөрбөсө да жана аныкындай болуп жүздөрүнөн түзмө-түз нур чачырап турбаса да, башкаларга Жахаба, анын сапаттары жана адамзатка болгон кереметтүү ой-ниети тууралуу айтып берип жатканда кубанганынан жүздөрү нурданып турат. Ушундай жол менен майлангандар менен алардын шериктери, байыркы учурдагы жалтылдаган металл күзгү сымал, кызматында жана жашоосунда Жахабанын даңкын чагылдырышат (2 Кор. 4:1). Сен да Кудайга жаккандай жашоо менен жана кабар айтууга үзгүлтүксүз катышуу менен анын даңкын чагылдырып жатасыңбы?

ЖАХАБАНЫН ДАҢКЫН ЧАГЫЛДЫРГЫБЫЗ КЕЛЕТ

4, 5. а) Элчи Пабылга окшоп, эмне менен күрөшүп келебиз? б) Күнөө бизге кандай таасир этет?

4 Жахабанын кызматчылары катары биз бардык иштерибиз менен анын даңкын чагылдыргыбыз келет. Бирок канчалык кааласак да, көп учурда муну кыла албай калабыз. Мындай көйгөй менен элчи Пабыл да күрөшкөн. (Оку: Римдиктер 7:21—25.) Эмне үчүн андай күрөш жүргүзөрүбүздү ал: «Бардыгы күнөө кетирип, Кудайдын даңкынан айрылып калышкан»,— деп түшүндүргөн (Рим. 3:23). Ооба, Адам ата күнөө кетиргендиктен, бүт адамзат күнөөгө — ырайымсыз падышага — кул болуп калган (Рим. 5:12; 6:12).

5 Күнөө деген эмне? Ал Кудайдын сапаттарына, жолдоруна, нормаларына жана эркине карама-каршы келгендин баарын билдирет. Ал адамдын Кудай менен болгон мамилесин бузат. Кайсы бир нерсе жаачыга бутага тийгизе атууга тоскоолдук кылгандай эле, күнөө бизге көздөгөн максатыбызга жетүүгө — Кудайдын даңкын чагылдырууга — тоскоолдук кылат. Биз атайлап же билбей күнөө кылышыбыз мүмкүн (Сан. 15:27—31). Күнөө адамдардын жашоосуна күчтүү таасир этип, Жараткан менен болгон мамилесине бөгөт болуп келет (Заб. 51:5; Ыш. 59:2; Кол. 1:21). Ошондуктан адамдардын басымдуу бөлүгү туура эмес иштеринен улам Жахабадан толугу менен алыстап, анын даңкын чагылдырбай келет. Арийне, күнөө — адамзатты азап чектирип келаткан эң чоң каргаша.

6. Күнөөкөр пенде болсок да, кандайча Кудайдын даңкын чагылдыра алабыз?

6 Бирок, күнөөкөр болсок да, Жахаба бизге үмүт берет (Рим. 15:13). Ал Иса Машаяктын куткаруу курмандыгы аркылуу күнөөдөн арылышыбызга жол ачкан. Анын курмандыгына ишеним арткандыктан биз «күнөөгө кул болбой», Жахабанын даңкын чагылдыра алабыз (Рим. 5:19; 6:6; Жкн. 3:16). Эгер ошентүү менен мындан ары да Жахаба менен ынак мамиледе болсок, анын батасына ээ болобуз жана келечекте жеткилеңдикке жетип, түбөлүк өмүр сүрөбүз. Күнөөкөр пенде болсок да, Кудайдын бизди анын даңкын чагылдыра ала турган адамдар деп эсептээри кандай зор сыймык!

ЖАХАБАНЫН ДАҢКЫН ЧАГЫЛДЫРАБЫЗ

7. Кудайдын даңкын чагылдыра алышыбыз үчүн эмнени түшүнгөнүбүз маанилүү?

7 Кудайдын даңкын чагылдыра алышыбыз үчүн биз күнөөкөр экенибизди түшүнүшүбүз керек (2 Жылн. 6:36). Андыктан Кудайды тийиштүү түрдө даңкташ үчүн адегенде чынчылдык менен кандай алсыз жактарыбыз бар экенин аныктап алып, алар менен күрөшүшүбүз зарыл. Маселен, порнография көрүп күнөө кылып жүрсөк, жардамга муктаж экенибизди мойнубузга алып, аксакалдарга кайрылышыбыз кажет (Жкп. 5:14, 15). Анткени бул жашообуз менен кайрадан Кудайды даңктоого карай жасаган алгачкы кадамыбыз болот. Жахабанын кызматчылары катары биз анын адил принциптерине ылайык жашап жаткан-жатпаганыбызды аныкташ үчүн өзүбүздү дайыма текшерип турушубуз керек (Накыл 28:18; 1 Кор. 10:12). Алсыздыктарыбыз кандай болбосун, Кудайдын даңкын чагылдыра алышыбыз үчүн алар менен тыным албай күрөшкөнүбүз маанилүү.

8. Жеткилең эмес болсок да, эмне кылышыбыз керек?

8 Адамзат тарыхында Иса Машаяк гана дайыма Кудайга жаккан иштерди кылып, анын даңкын толук чагылдырган. Биз ага окшоп жеткилең болбосок да, аны туурай алабыз, чынында, туурашыбыз керек (1 Пет. 2:21). Жахаба аны даңктоодо кылган ийгиликтерибизди эле эмес, ан үчүн чын ыкластан жумшап жаткан күч-аракетибизди да баалайт жана сөзсүз батасын берет.

9. Кудайдын талаптарын аткаргысы келгендердин жашоосунда Ыйык Китеп кандай роль ойнойт?

9 Жахабанын Сөзү канткенде анын даңкын жакшыраак чагылдыра аларыбызды көрүүгө жардам берет. Андыктан Ыйык Жазманы терең изилдөө жана окугандарыбыздын үстүнөн ой жүгүртүү абдан маанилүү (Заб. 1:1—3). Аны күнүгө окуу бизге жакшыра берүүгө көмөк кылат. (Оку: Жакып 1:22—25.) Ыйык китептик билим ишенимибизди бекемдеп, олуттуу күнөө кылбоого жана Жахабага жагууга ого бетер чечкиндүү болууга жардам берет (Заб. 119:11, 47, 48).

10. Тиленүү Жахабага жакшыраак кызмат кылууга кандайча жардам берет?

10 Кудайдын даңкын чагылдырыш үчүн тиленгенибизди токтотпошубуз керек (Рим. 12:12). Биз Кудайдан ага жаккандай жол менен кызмат кылууга жардам беришин сурап тиленишибиз зарыл. Мисалы, андан ыйык рух беришин, ишенимибизди бекемдешин, азгырыктарды четке кагууга күч беришин жана «чындык сөзүн туура үйрөтүүгө» жөндөмдүүлүк беришин сурасак болот (2 Тим. 2:15; Мт. 6:13; Лк. 11:13; 17:5). Кичинекей бала атасына таянгандай эле, биз да асмандагы Атабызга таянышыбыз керек. Андан ага дагы жакшыраак кызмат кылууга жардам беришин сурансак, ал сөзсүз жардам берет. Аны тажатабыз деп эч качан ойлобойлу! Тескерисинче, тиленгенибизде аны даңазалайлы, ыраазычылык билдирели, ошондой эле бардык учурда, айрыкча, сыноого дуушар болгондо жетектешин жана ыйык ысмын даңктагыдай кызмат кылууга көмөк көрсөтүшүн сурайлы (Заб. 86:12; Жкп. 1:5—7).

11. Жыйналыш жолугушуулары Кудайдын даңкын чагылдырууга кандайча жардам берет?

11 Жахаба баа жеткис койлоруна кам көрүүнү «ишенимдүү жана акылдуу кулга» тапшырган (Мт. 24:45—47; Заб. 100:3). Кул тобу ишенимдештерине Кудайдын даңкын чагылдырууга жардам берүүгө абдан кызыкдар. Тикмечи кийимибизди бизге жарашыктуу болгудай кылып оңдоп бергендей эле, кул тобу ар кандай жолдор менен, мисалы, жолугушуулар аркылуу бизге Кудайдын кызматчылары катары кийип жүргөн «кийимибизди», башкача айтканда, сапаттарыбызды жакшыртканга жардам берет (Евр. 10:24, 25). Ошондуктан жолугушууларга өз убагында баралы. Эгер дайыма эле кечиге берсек, Кудайдын кызматчылары катары кийип жүргөн рухий кийимибиздин, жок эле дегенде, бир жагы оңдолбой калат.

КУДАЙДЫ ТУУРАЙЛЫ

12. Кудайды кантип туурай алабыз?

12 Кудайдын даңкын чагылдырыш үчүн аны туурашыбыз керек (Эф. 5:1). Аны тууроонун бир жолу — ал ой жүгүрткөндөй ой жүгүртүүгө үйрөнүү. Эгер Кудай туура көргөндөй эмес, өзүбүз билгендей жашасак, анын ысмына тил тийгизмекпиз, өзүбүз да зыян тартмакпыз. Биз жашап жаткан дүйнө кара өзгөйдүн, Шайтан Ибилистин, бийлиги астында болгондуктан, Жахаба жек көргөндү жек көрүп, ал жакшы көргөндү жакшы көрүү үчүн колубуздан келгендин баарын кылганыбыз талап (Заб. 97:10; 1 Жкн. 5:19). Баарын Кудайды даңкташ үчүн кылуу ага туура кызмат кылуунун бирден бир жолу экенине бүт жүрөгүбүз менен ишенишибиз керек. (Оку: 1 Корунттуктар 10:31.)

13. Эмне үчүн күнөөнү жек көрүшүбүз кажет жана бул бизге эмне кылууга түрткү бериши керек?

13 Жахаба күнөөнү жек көрөт, ошондуктан биз да жек көрүшүбүз кажет. Өзүбүзгө таянып, от менен ойнобой, туура эмес иштерден мүмкүн болушунча алыс болгонубуз оң. Маселен, чындыктан четтөөчүлүктөн качканыбыз маанилүү, болбосо Кудайды даңктоого жараксыз болуп калабыз (Мыйз. 13:6—9). Ошондуктан чындыктан четтегендерден же бир тууган деп аталганы менен, Кудайдын ысмына тил тийгизгендерден таптакыр оолак болушубуз зарыл. Атүгүл ал эң жакын адамыбыз болсо да, ошентишибиз керек (1 Кор. 5:11). Чындыктан четтегендердин же Жахабанын уюмун сындагандардын ой-пикирин төгүнгө чыгарууга аракет кылуудан эч кандай пайда албайбыз. Тескерисинче, алардын адабияттарда же Интернетте камтылган маалыматтарын изилдөө Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетирет. (Оку: Ышая 5:20; Матай 7:6.)

14. Кудайдын даңкын чагылдыруу үчүн эң алды кайсы сапатты өрчүтүшүбүз керек жана эмне үчүн?

14 Асмандагы Атабызды тууроонун эң мыкты жолу — сүйүү көрсөтүү (1 Жкн. 4:16—19). Ырас, ортобуздагы сүйүү бизди Машаяктын жолдоочулары жана Кудайдын кызматчылары катары айырмалап турат (Жкн. 13:34, 35). Төрөлгөнүбүздөн эле күнөөкөр болгонубуз кээде сүйүү көрсөтүүгө жолтоо болсо да, багынбай, ал сапатты ар убак чагылдырууга умтулушубуз зарыл. Анткени сүйүүнү жана Кудайга таандык башка сапаттарды өрчүтүү жамандык кылуудан, күнөө кетирүүдөн сактайт (2 Пет. 1:5—7).

15. Сүйүү башкалар менен болгон мамилебизге кандай таасир этет?

15 Сүйүү башкаларга жакшы мамиле кылууга түрткү берет (Рим. 13:8—10). Мисалы, өмүрлүк жарыбызды сүйсөк, нике төшөгүбүздү таза сактайбыз. Ал эми аксакалдарды сүйсөк жана эмгегин бааласак, аларга тил алып, баш иебиз. Ата-энесин сүйгөн балдар аларды кадырлап-сыйлашат жана алар жөнүндө жаман айтышпайт. Башкаларды сүйсөк, аларды өзүбүздөн төмөн көрбөйбүз же аларга кемсинтерлик сөздөрдү айтпайбыз (Жкп. 3:9). Кудайдын койлорун сүйгөн аксакалдар аларга назик мамиле кылышат (Элч. 20:28, 29).

16. Сүйүү бизге кызматта кандайча жардам берет?

16 Кызматыбызда да сүйүү чоң роль ойнойт. Кудайды абдан сүйгөндүктөн аймагыбыздагы кээ бир кишилердин көңүл коштугунан же каршы болгонунан улам ындыныбызды өчүрбөй, жакшы кабарды айта беребиз. Сүйүү бизге жакшы даярданууга, натыйжалуу кызмат кылууга түрткү берет. Кудайды жана адамдарды сүйсөк, Падышалык тууралуу кабар айтуу ишин милдеттүү болгондуктан эле аткара турган зериктирме иш катары көрбөйбүз. Кайра аны зор сыймык деп эсептеп, ага кубаныч менен катышабыз (Мт. 10:7).

ЖАХАБАНЫН ДАҢКЫН ЧАГЫЛДЫРА БЕРЕЛИ

17. Күнөөнүн айынан Кудайдын даңкынан айрылганыбызды түшүнүү эмне үчүн пайдалуу?

17 Дүйнөнүн басымдуу бөлүгү күнөөнүн канчалык олуттуу экенин түшүнбөй келет, бирок биз түшүнөбүз. Бул бизге алсыздыктарыбыз менен күрөшүшүбүз керектигин аңдоого жардам берет. Күнөөкөр экенибизди түшүнүү бизге абийирибизди, акылыбыз менен жүрөгүбүздө күнөө кылууга каалоо пайда болгондо, туура иштегидей кылып үйрөтүүгө түрткү берет (Рим. 7:22, 23). Ооба, алсыз болсок да, Кудай бизге бардык жагдайда туура иш кылууга күч бере алат (2 Кор. 12:10).

18, 19. а) Каардуу рухий күчтөр менен ийгиликтүү күрөшүүгө эмне жардам берет? б) Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

18 Эгер Жахабанын даңкын чагылдыргыбыз келсе, каардуу рухий күчтөргө да каршы турушубуз керек. Бул жагынан ийгиликке жетүүгө Кудай берген рухий курал-жарактар жардам берет (Эф. 6:11—13). Шайтан Кудайга гана таандык даңкты өзүнө ыйгарууга тынымсыз далалат кылып келет. Андан тышкары, ал Жахаба менен болгон мамилебизди бузганга бардык күчүн жумшайт. Бирок ошого карабай биз башка миллиондогон жеткилеңсиз эркектер, аялдар, балдар менен бирге кынтыксыздыгыбызды сактап, Кудайды даңктап жатабыз. Бул Шайтан үчүн кандай гана чоң сокку! Ошондуктан асмандагы жаратуулардай болуп, Жахабаны: «Кудуреттүү Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга, урматталууга татыктуусуң, анткени баарын сен жараткансың, бардыгы сенин эркиң менен жаратылып, бар болуп турат»,— деп даңазалай берели (Аян 4:11).

19 Ошондой эле эч нерсеге карабай Жахабаны даңктоого чечкиндүү бололу. Ал көптөгөн берилген кызматчыларынын аны туураш үчүн жана даңкын чагылдыруу үчүн колунан келгендин баарын кылып жатканын көрүп абдан кубанат (Накыл 27:11). Андыктан: «Оо, Жахаба Кудайым, сени бүт жүрөгүм менен даңазалайм, ысмыңды түбөлүккө даңктайм»,— деп ырдаган Дөөтү пайгамбардын сөздөрүнө кошулалы (Заб. 86:12). Ооба, баарыбыз Жахабанын даңкын жеткилең түрдө чагылдырып, аны түбөлүккө даңазалай турган убакты чыдамсыздык менен күтүүдөбүз! Кудайга баш ие берсек, бул үмүтүбүздүн ишке ашканын өз көзүбүз менен көрөбүз. Жахабанын даңкын түбөлүккө чагылдырууга үмүттөнүү менен бирге анын даңкын азыр да чагылдырып жатасыңбы?

[Изилдөө суроолору]

[27-беттеги сүрөт]

Буларды кылуу менен Жахабанын даңкын чагылдырып жатасыңбы?