Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кары бир туугандарга жакын болчумун

Кары бир туугандарга жакын болчумун

Өмүр баян

Кары бир туугандарга жакын болчумун

АЙТЫП БЕРГЕН: ЭЛЬВА ЖЕРДИ

70 жылдай мурда биздикине келген бир улгайган аялдын атама айткан сөздөрү жашоомду толугу менен өзгөрткөн. Ошол маанилүү учурдан кийин дагы көптөр жашоомо чоң таасир этти. Ошондой эле ал убакыт аралыгында мен үчүн эң кымбат болгон достук мамиле өрчүттүм. Булар тууралуу кененирээк айтып берейин.

МЕН 1932-жылы Сиднейде (Австралия) туулгам. Ата-энем Кудайга ишенчү, бирок чиркөөгө деле барчу эмес. Апам: «Кудай сени дайыма көрүп турат, тил албасаң, жазалайт»,— деп көп айтар эле. Ошондон улам Кудайдан аябай коркчумун. Ошентсе да Ыйык Китепке абдан кызыкчумун. Таежем дем алыш күндөрү биздикине келген сайын анда жазылган көптөгөн кызыктуу окуяларды айтып бере турган. Анын келишин күн санап күтөр элем.

Өспүрүм кезимде атам бир нече китеп окуп чыкты. Аларды апама бир улгайган аял бериптир; ал Жахабанын Күбөсү экен. Окугандары жүрөгүн ушунчалык козгогондуктан, атам Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болду. Бир күнү кечинде атам алар менен Ыйык Китепти изилдеп жатканда, мен аларды тыңшап турган элем. Атам мени байкап калып: «Бар, кызым, жатпайсыңбы»,— деди, бирок Күбө: «Эльва деле биз менен отура бербейби?» — деп сунуштап калды. Анын ушул сөзүнөн кийин жашоом жаңы нукка бурулуп, чыныгы Кудай Жахаба менен достук мамиле өрчүтө баштадым.

Ошондон көп өтпөй атам экөөбүз жыйналыш жолугушууларына бара баштадык. Алган билими ага жашоосунда көп нерсени өзгөртүүгө түрткү берди. Мисалы, ал ачуусун тизгиндөөгө үйрөнө баштады. Муну көрүп, апам менен агам Френк да жолугушууларга бара башташты *. Төртөөбүз тең ийгилик кылып, убакыттын өтүшү менен Жахабанын Күбөсү катары чөмүлтүлдүк. Ошондон тартып жашоомдун ар кайсы учурунда мага жөлөк болгон көптөгөн улуу бир туугандар менен достоштум.

КАНДАЙ МАКСАТТЫ КӨЗДӨЙМ?

Өспүрүм кезимде жыйналышыбыздагы кары бир туугандарга жакын болчумун. Алардын бири биздин үйгө биринчи жолу кабар айтып келген Элис Плейс деген бир тууган эле. Аны чоң апамдай эле көрчүмүн. Элис апа мага кабар айтканды үйрөтүп, чөмүлтүлүүнү максат кылууга түрткү берди. 15 жашымда ошол максатыма жеттим.

Андан сырткары, Перси менен Мадж (Маргарет) Данем деген жашы өр тартып калган жубайлар менен дос болчумун. Бул келечегиме чоң таасир этти. Негизи, мен математиканы жакшы көргөндүктөн математика мугалими болууну самачумун. Перси менен Мадж бир тууган 1930-жылдары Латвияда миссионер болуп кызмат кылышыптыр. Ал эми Европада Экинчи дүйнөлүк согуш оту тутанганда, Австралиядагы Сиднейдин чет жагынан орун алган Бейтелде кызмат кылууга чакырылышыптыр. Алар мага аябай көңүл буруп, миссионердик кызматындагы жүрөк толкуткан толтура окуяларды айтып беришти. Ошондон улам математиканы окуткандан көрө, Ыйык Китепти окуткан алда канча зор канааттануу тартуулаарын түшүндүм. Ошо себептен миссионер болоюн деп чечтим.

Перси менен Мадж бир тууган мени миссионердик кызматка даярдануу үчүн пионердик кызматты баштоого үндөштү. Ошентип, 1948-жылы 16 жашымда Хартсвилдеги (Сидней) жыйналышымда кубанычтуу кызмат кылган он жаш пионердин катарына кошулдум.

Кийинки төрт жылдын ичинде Жаңы Түштүк Уэльс жана Квинсленд штаттарындагы төрт шаарда кызмат кылдым. Мен окуткан алгачкы кызыгуучулардын бири Бетти Лоу (азыр Ремнант) деген менден эки жаш улуу жароокер кыз эле. Кийин Бетти Сиднейден батышты көздөй 230 км алыстыкта жайгашкан Ковра шаарчасында менин пионердик кызматтагы шеригим болду. Экөөбүз бир аз эле кызматташсак да, бүгүнкү күнгө чейин доспуз.

Атайын пионер болуп дайындалгандан кийин Наррандерага — Коврадан түштүк-батышты көздөй 220 км алыс жайгашкан шаарчага — көчүп бардым. Жаңы шеригим ынталуу пионер Жой Леннокс (азыр Хантер) болду; ал да менден эки жаш улуу болчу. Ал шаарда бизден башка Жахабанын Күбөсү жок эле. Жой экөөбүз Рей жана Эстер Айронс деген меймандос жубайлардын үйүндө жашап калдык. Алар өздөрү да, уулу менен үч кызы да чындыкка кызыгып калышты. Рей уулу менен бир жума бою шаарчанын сыртындагы буудай жана кой фермада эмгектенчү. Ал эми Эстер менен кыздары жергиликтүү мейманкананы иштетишчү. Ар жекшемби сайын Жой экөөбүз Рейдин үй-бүлөсүнө жана алардын мейманканасында жашаган көп кишиге — курсагы ачка темир жол жумушчуларына — түшкү тамак даярдачубуз. Бул батирге төлөгөн акыбыздын бир бөлүгүн жапчу. Үстөлдүн үстүн жыйнап, идиш-аяк жуугандан кийин ал үй-бүлө менен даамдуу рухий тамактан — «Күзөт мунарасын» изилдөөдөн — ырахат алчубуз. Бара-бара Рей, Эстер жана алардын төрт баласы чындык жолуна түшүп, Наррандерадагы жыйналыштын алгачкы мүчөлөрүнөн болушту.

1951-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн Сиднейде өткөн жыйынына бардым. Ал жактан миссионер болгусу келген пионерлер үчүн өткөрүлгөн атайын жолугушууга катыштым. Чоң чатырда өткөн ал жолугушууга 300дөн ашуун киши катышты. Бруклиндеги Бейтелден келген Нейтан Норр бир тууган бизге кайрылып, жакшы кабарды шашылыш түрдө төгөрөктүн төрт бурчуна жеткирүү керек экенин баса белгиледи. Анын ар бир сөзүн кулагыбыздан кыя өткөрбөй угуп жаттык. Ошол жолугушууга катышкан пионерлердин көбү кийинчерээк Тынч океандын түштүк тарабында жана башка аймактарда кабар айтуу ишине чыйыр салышты. 1952-жылы Гилат мектебинин 19-классына чакырылган 17 австралиялык бир туугандын арасында мен да болдум. Ошондо кубанычым койнума сыйбай, толкунданганымды айтпа! Ошентип, миссионер болуп кызмат кылсам деген тилегим 20 эле жашымда орундалды!

КӨЗ КАРАШЫМДЫ ӨЗГӨРТҮШҮМ

Гилат мектебинен билим алуунун жана ал жактагы бир туугандар менен пикир алышуунун аркасында Ыйык Китепти тереңирээк билип, ишенимим бекемделгенден тышкары, кулк-мүнөзүм да бир топ өзгөрдү. Мен жаш болчумун жана кээ бир жактардан көз карашым турмуш чындыгына дал келчү эмес, ошондой эле өзүмдөн да, башкалардан да жеткилеңдикти талап кыла берчүмүн. Кээде өтө эле аша чаап кетчүмүн. Маселен, бир жолу Норр бир туугандын Бейтелде кызмат кылган жаштар менен топ ойноп жатканын көрүп, оозум ачылып калган.

Гилаттан сабак берген бир туугандар абдан кыраакы, тажрыйбалуу эле. Алар кыйналып жүргөнүмдү байкап, мага өзгөчө көңүл бөлүп, ой жүгүртүүмдү өзгөртүүгө жардам беришти. Убакыттын өтүшү менен Жахабанын талапты катуу койгон катаал Кудай эмес, мээримдүү, ыраазы боло билген Кудай экенин түшүнө баштадым. Классташтарымдын айрымдары да бул жагынан көмөк көрсөтүштү. Мисалы, алардын биринин: «Эльва, Жахаба бизди камчы менен көзөмөлдөбөйт да. Өзүңөн анчалык көптү талап кылбачы!» — дегени азыркыга дейре эсимде. Анын ачык айткан ошол сөздөрү жүрөгүмө күчтүү таасир эткен.

Гилатты бүткөндөн кийин бешөөбүз Намибияга (Африка) дайындалдык. Ал жакка баргандан көп өтпөй, 80 ыйык китептик изилдөө өткөрө баштадык. Мага Намибия жергеси да, миссионердик кызмат да аябай жакчу. Бирок Гилатта окуп жүргөндө бир классташым экөөбүз бири-бирибизге ашык болуп калган элек. Ал Швейцарияга дайындалгандыктан, Намибияда бир жыл кызмат кылгандан кийин ошол жакка көчүп бардым. Экөөбүз баш кошкондон кийин, жолдошумду райондук көзөмөлчүлүк кызматында коштоп жүрдүм.

ЖҮРӨГҮМДҮ ЖАРАЛАГАН ОКУЯ

Көзөмөлчүлүк кызматты 5 жыл аркалап, көп кубаныч алдык. Анан Швейцариядагы Бейтелде кызмат кылууга чакырылдык. Бейтелде бир топ жылдан бери чындык жолунда жүргөн, көптү көргөн, көптү билген кары ишенимдештерибиздин курчоосунда кызмат кылуу ушунчалык жагымдуу болду.

Ошондон көп өтпөй жүрөгүмдү жаралаган бир окуя болду: жолдошумдун мага жана Жахабага ишенимсиздик кылып жүргөнүн билип калдым. Анан ал мени таштап кетти. Ошондо кең дүйнөм тарып, жарык күнүм капкараңгы боло түшкөнсүдү. Эгер Бейтелдеги ага-эжелерим сүйүү менен колдоо көрсөтүшпөсө, ошол оор сыноону кантип көтөрүп кетмектигимди элестете да албайм. Сүйлөшкүм келгенде, алар мени кунт коюп угуп, жалгыз болгум келгенде, жалгыз калтырышчу. Жүрөгүм ушунчалык сыздап турган учурларда алардын жылуу сөздөрү, боорукердиги кайраттандырып, Жахабага ого бетер жакын болууга жардам берди.

Ошондой эле катаал турмуштун ар кыл азап-тозогун көтөрүп, көп нерсеге үйрөнгөн кары досторумдун бир кездерде айткан сөздөрү эсиме түштү. Алардын бири Мадж Данем бир тууган бир жолу мага: «Эльва, Жахабага кызмат кылып жатып далай сыноолорго кабыласың. Бирок алардын эң оору жакындарыңдан келиши мүмкүн. Ошол сыноо учурларында Жахабага ого бетер жакындоого умтул. Жеткилеңсиз адамдарга эмес, Жахабага кызмат кылып жатканыңды эч качан унутпа!» — деген. Мадж эженин ошол кеңеши көңүлүмдү кара булут каптаган учурларда чоң жардам берди. Күйөөмдүн катасынын айынан Жахабадан алыстап кетпөөгө чечкиндүү болдум.

Кийинчерээк үй-бүлөмө жакын жерде пионер болуп кызмат кылыш үчүн Австралияга кайтып барууну чечтим. Үйгө океан аркылуу сапар тартып баратып кемедеги жүргүнчүлөр менен Ыйык Китептин негизинде көп жолу кызыктуу маек курдум. Алардын арасында Арне Жерди деген оор басырыктуу норвег киши да бар эле. Ага уккандары майдай жакты. Арне кийинчерээк мени жана үй-бүлөмдү көргөнү Сиднейге келди. Ал бат эле рухий жактан ийгилик жасап, чөмүлтүлдү. Экөөбүз 1963-жылы баш кошуп, эки жылдан кийин Гери деген уулдуу болдук.

БАШЫМА ТҮШКӨН ДАГЫ БИР МҮШКҮЛ

Арне, мен, уулум — үчөөбүз бактылуу күндөрдү өткөрүп жаттык. Көп өтпөй Арне үйүбүздү кеңейтип, карып калган ата-энемди алып келип алдык. Бирок үйлөнгөнүбүздөн 6 жыл өткөндөн кийин, башыма дагы бир мүшкүл түштү: Арненин мээсинде залалдуу шишик бар экени аныкталды. Ал ооруканада көп убакыт бою нур менен дарыланды. Аны көргөнү күнүгө барып турдум. Жолдошум бир убакта жакшы болуп калгандай көрүнгөн, бирок кайрадан абалы начарлап, инсульт болду. Доктурлар анын көп болсо бир нече эле жума жашай турганын айтышты. Бирок, бактыга жараша, Арненин абалы бир аз жакшырып, акыры, үйгө кайтып келди. Ден соолугу дагы жакшыра бериши үчүн, ага үйдөн тынымсыз кам көрүп жаттым. Бара-бара күйөөм басканга жарап, кайрадан жыйналышта аксакалдык милдетин аркалай баштады. Анын дайыма жадырап-жайнап жүргөнү, тамашакөйлүгү ден соолугунун жакшырышына өбөлгө түзгөндөн тышкары, ага кам көрүп жатканда жүгүмдү бир топ жеңилдетти.

Бир нече жылдан кийин, 1986-жылы, Арненин абалы кайрадан начарлап кетти. Ага чейин эле ата-энемдин көзү өтүп кеткен эле, ошондуктан досторубузга жакыныраак Сиднейдин чет жакасындагы көз жоосун алган Көгүлтүр тоолор жайгашкан аймакка көчүп бардык. Кийинчерээк уулум Жахабаны сүйгөн Кэрин деген татынакай кызга үйлөндү. Алар бизге: «Төртөөбүз бир үйдө эле жашабайлыбы»,— деп сунуштап калышты. Бир нече айдын ичинде төртөөбүз биз жашаган үйдөн бир аз эле арыраак көчөдөгү үйгө көчүп бардык.

Өмүрүнүн акыркы 18 айында Арне төшөктө жатып калгандыктан, аны күн дебей, түн дебей караш керек болду. Убактымдын көбүн үйдө өткөргөндүктөн күнүгө эки саат Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды изилдөөгө арначумун. Ошонун аркасында башыма түшкөн оор сыноону көтөрүп кетүүгө жардам берген көптөгөн даанышман кеңештерди таптым. Андан тышкары, жыйналышыбыздагы кары бир туугандар да үйгө келип турушту, алардын айрымдары меникиндей кыйынчылыкты башынан өткөрүшкөн экен. Алар келгенде, кадимкидей бекемделип, дем-күч алчумун. Арне 2003-жылы апрелде көз жумду. Ал келечекте өлгөндөрдүн тирилерине эч качан күмөн санаган эмес.

АСКАР ТООМ

Жаш кезимде бардык нерсенин жеткилең болушун каалачумун. Бирок кийин жашоодо көп нерсе биз каалагандай боло бербесин түшүндүм. Мен мол батага ээ болдум, бирок ошол эле учурда эки чоң жоготууга учурадым: биринчи жолдошумдан ишенимсиздиктин айынан, экинчисинен оорунун айынан айрылдым. Кыйналып жүргөн убактарда ар кандай жолдор менен жетекчилик, сооронуч алып жаттым. Анткен менен эң чоң таянычым, аскар тоом — «Күндөрү Байыркы» Жахаба Кудай (Дан. 7:9). Анын кеңештери кулк-мүнөзүмдү калыптап, миссионердик кызматта көптөгөн баталарга ээ болушума шарт түздү. Кыйынчылыкка туш болгонумда, Жахабанын мээримдүүлүгү кубаттандырып, сооротуусу дайыма жанымды жыргата турган (Заб. 94:18, 19). Мындан сырткары, үй-бүлөм жана «кыйын мезгил үчүн төрөлгөн» чыныгы досторум сүйүү көрсөтүп, жөлөк болушту (Накыл 17:17). Алардын көбү кеменгер кары бир туугандар эле.

Аюп пайгамбар: «Даанышмандык карыларда, түшүнүк көп жашагандарда болбойбу?» — деп сураган (Аюп 12:12). Басып өткөн жолумду кылчая карап, бул суроого «ооба» деп жооп берем. Акылга бай карылардын кеп-кеңеши жолума туура багыт берди, жылуу сөздөрү көңүлүмдү жубатты, достугу жашоомду байытты. Алар менен ынак болгонума ар дайым кубанам.

Азыр өзүм да карылардын катарына кошулуп, 80дин тамагын ичип жатам. Башыман өткөндөрдөн улам башка карыларга өзгөчө кайрымдуу болууга үйрөндүм. Алардыкына барганды, кол кабыш кылганды дагы эле жакшы көрөм. Бирок жаштар менен да убакыт өткөргөндөн кубаныч алам. Мага алардын күйүп-жанып турганы аябай жагат, ынталуулугу дем-шык берет. Жаштар мага акыл же жардам сурап кайрылганда, алардын керегине жарап, колдоо көрсөтө аларыма сүйүнөм.

[Шилтеме]

^ 7-абз. Эльванын агасы Френк Ламберт Австралиянын алыскы аймактарында пионер болуп ынталуу кызмат кылган.

[14-беттеги сүрөт]

Жой Леннокс экөөбүз Наррандерада пионер болуп кызмат кылып жүргөндө

[15-беттеги сүрөт]

Швейцариядагы Бейтелде кызмат кылган бир туугандар менен, 1960-ж.

[16-беттеги сүрөт]

Арнеге кам көрүп жүргөндө