Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Никеңди сактап калууга бүт күчүңдү жумша

Никеңди сактап калууга бүт күчүңдү жумша

Никеңди сактап калууга бүт күчүңдү жумша

«Турмуш кургандарга... насаат айтам, чынында, мен эмес, Мырзабыз айтат» (1 КОР. 7:10).

ТҮШҮНДҮРӨ АЛАСЫҢБЫ?

Кандай мааниде эркек менен аялды «бир моюнтурукка [Кудай] кошот»?

Аксакалдар үй-бүлөсүндө кыйынчылыктары бар жубайларга кантип жардам бере алышат?

Никеге кандай карашыбыз керек?

1. Кудайдын кызматчылары никеге кандай карашат жана эмне үчүн?

КУДАЙДЫН кызматчылары баш кошуп жатканда анын алдында убада беришет. Бул жоопкерчиликке жеңил ойлуулук менен караганга болбойт (Нас. 5:4—6). Үй-бүлөнү Жахаба негиздегендиктен, никеге тургандарды «бир моюнтурукка [ал] кошот» деп айтууга болот (Мр. 10:9, шилт.). Андыктан түгөйлөр өлкөнүн мыйзамына ылайык ажырашса да, айрым учурларда алар Кудайдын көз алдында дагы эле «бир моюнтурукка кошулган» түгөйлөр бойдон калышат. Жахабанын кызматчылары, үйлөнгөндө анын кызматчысы болушканбы же жокпу, өмүрлүк жарына берген убадасына Жахаба карагандай карашы керек.

2. Бул макалада кайсы суроолор каралат?

2 Бекем нике — зор бакыттын булагы. Бирок нике түйүнү жанып баратса, эмне кылыш керек? Андай никени чыңдаса болобу? Жубайлардын бири-бири менен ыркы келишпей жатса, аларга ынтымакка келүүгө эмне жардам берет?

КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАЙБЫ ЖЕ КАЙГЫГА САЛАБЫ?

3, 4. Жар тандоодо жаңылып калуунун кесепети кандай болушу мүмкүн?

3 Эгер Машаяктын жолдоочусунун никеси бекем болсо, бул ага кубаныч тартуулайт жана Жахабага даңк алып келет. Ал эми ага бөлөк жашоого же ажырашууга туура келсе, бул анын өзүн катуу кайгыга салгандан сырткары, көп залакасын тийгизиши мүмкүн. Үй-бүлө курууну ойлонуштуруп жүргөн бир тууган Кудайдын жетекчилиги боюнча иш кылса, үй-бүлөлүк жашоосунун пайдубалын бекем салган болот. Ал эми жар тандоодо жаңылып калса, кийин көңүл кайттыкка учурап, жүрөгү сыздашы мүмкүн. Мисалы, айрым жаштар үй-бүлөлүк жашоонун жоопкерчиликтерин алууга даяр боло электе эле кимдир бирөө менен сүйлөшө башташат. Ал эми кээ бирөөлөр Интернет аркылуу бирөө менен таанышып, шаша-буша үйлөнүп алышат да, өз бактысына өздөрү балта чабышат. Башкалары сүйлөшүп жүргөндө олуттуу күнөө кетирип алгандыктан, бири-бирин сыйлабай калышат. Эгер ошого карабай, баш кошо турган болсо, никесинин пайдубалын начар салган болушат.

4 Айрым ишенимдештерибиз «Мырзабыздын жолдоочусу» болбогон киши менен баш кошкондуктан, диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашап, далай запкы көрүшөт (1 Кор. 7:39). Эгер сенин да жагдайың ушундай болсо, Жахабадан кечиришин, жардам беришин сурап тилен. Ал сени мурун кетирген каталарыңдын кесепетинен коргобойт дечи, бирок чын жүрөктөн өкүнсөң, жашоодогу кыйынчылыктарыңды көтөрүп кетүүгө күч берет (Заб. 130:1—4). Бүт жүрөгүң менен дайыма ага жагууга умтул, ошондо «Жахаба берген кубаныч [сен] үчүн чеп болот» (Нек. 8:10).

НИКЕ ТҮЙҮНҮ ЖАНЫП БАРАТСА...

5. Жары менен бактылуу болбогондор эмне деп ой жүгүртүүдөн качышы керек?

5 Жары менен жылдызы келишпей, көп азап чеккендердин айрымдары: «Бактылуу болбогондон кийин, никемди сактап эмне кылам? Убакытты артка түрүп, башка бирөө менен баш кошо алсам кана!» — деп ойлонушу мүмкүн. Алар: «Кайрадан башым бош болсо, кандай сонун болмок! Ушундан көрө, ажырашып эле кетпейминби? Буга ыйык китептик негиз жок болсо деле, бөлөк жашап, жыргап жүрө бербейминби...» — деп, жарынан кутулууну эңсеши ыктымал. Бирок ушинтип ой жүгүрткөндүн же башкача жашоону эңсеп кыялдангандын ордуна, Кудайдын кызматчысы анын жетекчилигин издеп, ага ылайык иш кылуу менен жагдай-шартын оңдош үчүн колунан келгендин баарын кылышы керек.

6. Иса пайгамбардын Матай 19:9дагы сөздөрүн түшүндүрүп бер.

6 Эгер Кудайдын кызматчысы ажырашып кетсе, Ыйык Жазма боюнча, ал кайра никеге турууга укуктуу болушу да, болбошу да мүмкүн. Иса пайгамбар: «Аялы менен бузуктуктан башка себеп менен ажырашып, башкага үйлөнгөн киши ойноштук кылган болот»,— деген (Мт. 19:9). Бул аятта айтылган «бузуктукка» ойноштук жана башка жыныстык адеп-ахлаксыз иштер кирет. Ошондуктан кимдир бирөө, жубайы бузуктук кылбаса да, аны менен ажырашууну ойлонуп жатса, Кудайга тиленип, баарын жакшылап таразалап көргөнү абдан маанилүү.

7. Машаяктын жолун жолдогон жубайлар никесин сактай албаса, башкалар эмне деп ойлошу мүмкүн?

7 Эгер Машаяктын жолун жолдогон жубайлар бөлөк жашаса же ажырашып кетсе, бул алардын рухийлигинин начар экенин айгинелейт. Элчи Пабыл: «[Адам] өз үйүндөгүлөрүн башкарганды билбесе, анда Кудайдын жыйналышына кантип кам көрөт?» — деген олуттуу суроо көтөргөн (1 Тим. 3:5). Ооба, жубайлар өздөрүнүн Машаяктын жолдоочусу экенин айтып, бирок никесин сактай албаса, башкалар: «Булар айткан кабарына ылайык жашабайт турбайбы»,— деп ойлоп калышы мүмкүн (Рим. 2:21—24).

8. Чөмүлтүлгөн жубайлардын бөлөк жашоону же ажырашууну ойлонуп жатканы эмнени көрсөтүп турат?

8 Чөмүлтүлгөн жубайлар, ыйык китептик негиз жок болсо да, бөлөк жашоону же ажырашууну ойлонуп жатышса, бул алардын Кудай менен болгон мамилесинде кандайдыр бир көйгөй бар экенин көрсөтүп турат. Балким, алардын бири же экөө тең ыйык китептик принциптерди жашоосунда колдонбой жаткандыр. Эгер алар бүт жүрөгү менен Жахабага таянышса, никесин сактап кала алышат. (Оку: Накыл сөздөр 3:5, 6.)

9. Никесин сактап калууга бүт күчүн жумшаган жубайлар кандай бата алышат?

9 Никеси мына-мына бузулайын деп, бирок кийин бактылуу болуп кеткен жубайлар арбын. Үй-бүлөлүк жашоосунда жан кейиткен кыйынчылыктарга туш болгондо дароо багынып бербеген бир туугандар көбүнчө жакшы натыйжага жетишет. Мисалга өмүрлүк жары Жахабага кызмат кылбаган ишенимдештерибиз кандай бата алышы мүмкүн экенин карап көрөлү. Элчи Петир: «Силер, аялдар, күйөөңөргө баш ийгиле. Кудайдын Сөзүнө баш ийбегендери сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүм-турумуңар аркылуу баш ийгидей болушсун. Алар силердин терең урмат көрсөтүп жатканыңарды, таза жүрүм-турумуңарды көрүп, Сөзгө баш ийишсин»,— деп жазган (1 Пет. 3:1, 2). Ооба, жубайынын жакшы жүрүм-туруму адамга чындык жолуна түшүүгө түрткү бериши мүмкүн. Нике сакталып калса, бул Кудайга даңк алып келет жана бүт үй-бүлө үчүн: күйөө үчүн да, зайып үчүн да, балдары үчүн да бата болот.

10, 11. Үй-бүлөдө кандай күтүлбөгөн кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн, бирок Кудайдын кызматчысы эмнеден шектенбесе болот?

10 Жахабага жагууну каалагандыктан Машаяктын жолдоочуларынын көбү өмүрлүк жарды ишенимдештеринин арасынан тандашат. Бирок ошенткен күндө деле, алар күтүлбөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. Алсак, айрым учурларда үйлөнгөндөн кийин жубайлардын бири психикалык ооруга чалдыгышы же жигердүү эмес жарчы болуп калышы ыктымал. Мисалы, ынталуу жарчы жана мээримдүү эне Линданын * жагдайын карап көрөлү. Анын күйөөсү Жахабанын кызматчысы болсо да, жаман жолго түшүп кеткен. Линда эч нерсе кыла алган эмес. Жолдошу кылган күнөөлөрү үчүн өкүнбөгөндүктөн жыйналыштан чыгарылган. Эгер ушу сыяктуу көйгөйлөрдөн улам никеңди сактап калуу мүмкүн эместей көрүнсө, эмне кылышың керек?

11 Балким: «Эмнеси болсо да, никемди сактап калышым керекпи?» — деп ойлоноттурсуң. Мындай учурда сен үчүн эч ким чечим чыгара албайт, чыгарбашы да керек. Бирок нике түйүнүнүн бекемделеринен үмүт үзүп, кол шилтеп койбоого орчундуу себептер бар. Абийирин таза сактап калыш үчүн жубайы менен болгон ар кандай кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөргөн кызматчыларын Кудай абдан баалайт. (Оку: 1 Петир 2:19, 20.) Ал өзүнүн Сөзү жана ыйык руху аркылуу никесин бекемдөөгө бүт күч-аракетин жумшаган кызматчыларына сөзсүз жардам берет.

АЛАР ӨЙДӨДӨ ӨБӨК, ЫЛДЫЙДА ЖӨЛӨК БОЛУУГА ДАЯР

12. Аксакалдар аларга жардам сурап кайрылганыбызга кандай карашат?

12 Үй-бүлөңдө кыйынчылыктар пайда болсо, жетилген бир туугандарга жардам сурап кайрылуудан тартынба. Алсак, отордун койчусу катары кызмат кылган аксакалдар ыйык рухтун жетеги менен жазылган Ыйык Китептеги кеңештерге назарыңды буруп, чын көңүлдөн көмөк көрсөтүшөт (Элч. 20:28; Жкп. 5:14, 15). «Аксакалдарга кайрылып, никемдеги олуттуу көйгөйлөр тууралуу сүйлөшсөм, алардын көз алдында жубайым экөөбүздүн тең баркыбыз түшүп калсачы»,— деп тынчсызданба. Тескерисинче, алар Кудайга жагууну чын дилден каалап жатканыңды көрүп, сени ого бетер баалап, ого бетер жакшы көрүп калышат.

13. 1 Корунттуктар 7:10—16-аяттарда кандай кеңеш камтылган?

13 Диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашаган бир туугандар жардам сурап кайрылганда, аксакалдар элчи Пабылдын төмөнкү кеңешин колдонушса болот: «Турмуш кургандарга болсо мындай насаат айтам, чынында, мен эмес, Мырзабыз айтат: аял күйөөсүнөн кетпесин. Кете турган болсо, башкага турмушка чыкпасын же кайрадан күйөөсү менен жарашсын. Күйөөсү да аялын таштабасын... Аял, кайдан билесиң, балким, күйөөңдү куткарып каларсың? Же сен, эркек, кайдан билесиң, балким, аялыңды куткарып каларсың?» (1 Кор. 7:10—16). Ишенимдешибиздин жан шериги чыныгы Кудай Жахабага кызмат кыла баштаса, бул кандай зор бата болмок!

14, 15. Кандай себептерден улам Кудайдын кызматчысы жубайынан кетиши мүмкүн, бирок анын бул маселе тууралуу тиленгени, өзүн чынчылдык менен текшергени эмне үчүн маанилүү?

14 Кандай себептерден улам «аял күйөөсүнөн... кетиши» мүмкүн? Айрымдары, күйөөсү үй-бүлөсүн багуудан баш тарткандыктан, кетишет. Ал эми башкалары, жолдошу катуу кордоп, уруп-сабагандыктан же Кудайга кызмат кылууга ырайымсыздык менен каршылык көрсөткөндүктөн, бөлөк жашоону чечишет.

15 Жубайынан кетер-кетпесин адам өзү чечет. Анткен менен Кудайдын кызматчысы бул маселе тууралуу тиленип, өзүн чынчылдык менен текшерип көрүшү керек. Мисалы, анын Жахабага тийиштүү түрдө сыйынбай жатканына ишенимдеши болбогон жубайы эле күнөөлүүбү же Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдебей, жыйналыш жолугушууларын калтырып, кызматка бирде чыгып, бирде чыкпай жатканына өзү да күнөөлүүбү?

16. Эмне үчүн Жахабанын кызматчысы ажырашууга байланыштуу шашылыш чечим чыгарбашы керек?

16 Кудай менен болгон мамилебизди бааласак жана ал берген белек — нике — үчүн ыраазы болсок, ажырашууга байланыштуу шашылыш чечим чыгарбайбыз. Жахабанын кызматчысы катары биз анын ыйык ысмына сөз тийишин каалабайбыз. Андыктан эч качан башка бирөө менен баш кошуш үчүн эле жарыбыз менен ажырашуунун амалын издебешибиз кажет (Жер. 17:9; Мал. 2:13—16).

17. Кудай өзүнүн үй-бүлөлүү кызматчыларын кандай жагдайда тынчтыкка умтулууга чакырат?

17 Жубайы Жахабага кызмат кылбаган бир тууган никесин сактап калууга бардык аракетин жумшашы керек. Бирок ошого карабай, түгөйү андан кетүүнү чечсе, ал өзүн күнөөлүү сезбеши кажет. «Ишенимдеш эмес жубайы кеткиси келсе, кете берсин. Андай учурда бир тууган жубайынын алдындагы милдеттеринен бошотулат. Кудай силерди тынчтыкка чакырган»,— деп жазган Пабыл * (1 Кор. 7:15).

ЖАХАБАГА ҮМҮТ АРТ

18. Никени сактап калуу мүмкүн болбосо да, ага аракет кылуу кандай жакшы натыйжа бериши мүмкүн?

18 Үй-бүлөңдө кыйынчылык болгондо, Жахабадан кайраттуулук сурап тилен жана ага дайыма үмүт арт. (Оку: Забур 27:14.) Жогоруда кеп кылынган Линданын жагдайына кайрадан кайрылалы. Ал никесин сактап калууга көп жылдар бою талыкпай аракет кылса да, жолдошу экөө ажырашып кетишкен. Линда убактымды текке кетирдим деп ойлойбу? «Такыр антип ойлобойм,— дейт ал.— Анткени аракет кылганым башкаларга жакшы күбөлөндүрүү болду. Абийирим да таза. Бирок баарынан да жакшысы, ошол жылдар кызыбызга чындык жолунда бекем турууга жардам берди. Ал Жахабанын берилген, ынталуу кызматчысы болуп чоңойду».

19. Никени сактап калууга күч жумшоо кандай натыйжага алып келиши мүмкүн?

19 Мэрилин аттуу ишенимдешибиз Жахабага таянып, никесин сактап калууга бүт күчүн жумшаганы үчүн абдан сүйүнөт. Ал мындай дейт: «Жолдошум мага мурдагыдай кам көрбөй калгандан сырткары, Жахаба менен болгон мамилеме коркунуч туудургандыктан, андан бөлөк жашагым келген. Ал мурун аксакал болуп кызмат кылчу. Кийин шектүү бир ишке кирип алып, жыйналыш жолугушууларын калтыра баштады, бара-бара экөөбүз такыр пикир алышпай калдык. Ал эми биздин шаарга террордук чабуул жасалганда, ушунчалык жүрөгүм түшкөндүктөн, элден качып, өзүм менен өзүм болуп калгам. Бирок убакыттын өтүшү менен өзүмдүн да туура эмес кылып жүргөнүмдү түшүндүм. Биз кайрадан пикир алышып, үй-бүлөлүк изилдөө өткөрүп, жыйналыш жолугушууларына үзбөй катыша баштадык. Аксакалдар бизге боорукердик менен мамиле кылып, чоң жардам көрсөтүштү. Ошондо кайрадан үйүбүзгө кут кирип, бири-бирибизге ынак болуп калдык. Убакыттын өтүшү менен күйөөм жыйналыштан кайрадан сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ боло баштады. Бактыга жараша, баары жакшы болуп бүттү, бирок биз мындан чоң сабак алдык».

20, 21. Никеге байланыштуу эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

20 Бойдокпузбу, үй-бүлөлүүбүзбү, келгиле, баарыбыз дайыма кайраттуу болуп, Жахабага үмүт арталы. Үй-бүлөбүздө кыйынчылыктар пайда болгондо, баш кошкон эркек менен аялдын «эки эмес, бир дене» экенин эстен чыгарбай, аларды чечүүгө бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек (Мт. 19:6). Ар кыл көйгөйлөргө карабай, Жахабага кызмат кылбаган жубайыбыз менен ынтымакта жашоого аракет кылсак, ал чындык жолуна түшүшү мүмкүн. Ошондо төбөбүз көккө жете сүйүнөрүбүз шексиз.

21 Жагдай-шартыбыз кандай болбосун, Жахабага кызмат кылбаган адамдарга жакшы күбөлөндүрүү бериш үчүн дайыма акылдуулук менен иш кылууга умтула берели. Эгер никебизге доо кеткени турса, жалындуу тиленели, ниеттерибизди чынчылдык менен текшерели, Ыйык Жазмадагы принциптерди кылдат изилдейли жана аксакалдарга жардам сурап кайрылалы. Эң маанилүүсү, бардык жагынан Жахабага жагууга умтулуп, анын кереметтүү белеги болуп эсептелген никени жогору баалаарыбызды көрсөтө берели.

[Шилтемелер]

^ 10-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 17-абз. Кара: «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула», 219—221-б.; «Күзөт мунарасы» (ор.), 1989-ж., 1-сентябрь, 18, 19-б.; 1978-ж., 1-февраль, 14-б.

[Изилдөө суроолору]

[10-беттеги сүрөт]

Үй-бүлөсүндө кыйынчылыктар болгондо, дароо багынып бербеген бир туугандар көбүнчө жакшы натыйжага жетишет

[12-беттеги сүрөт]

Дайыма Жахабага үмүт арт жана андан кайраттуулук сура

[9-беттеги сүрөт]

Никесин бекемдөөгө умтулган кызматчыларына Жахаба батасын берет

[11-беттеги сүрөт]

Жыйналыштагылар рухий жактан жардам берип, жубата алышат