Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Убакыт-мөөнөттөрдү» белгилеген Жахаба Кудайга ишен

«Убакыт-мөөнөттөрдү» белгилеген Жахаба Кудайга ишен

«Убакыт-мөөнөттөрдү» белгилеген Жахаба Кудайга ишен

«Ал убакыт-мөөнөттөрдү өзгөртөт, падышаларды кулатат, падышаларды коёт» (ДАН. 2:21).

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕСИҢ?

Жахабанын жаратуулары, аткарылган пайгамбарлыктар анын өз ой-ниетин так белгиленген убакта аткарарын кандайча далилдеп турат?

Жахабанын «убакыт-мөөнөттөрдү» белгилеген Кудай экенин билүү эмне кылууга түрткү берет?

Эмне үчүн Жахабанын өз ой-ниетин белгиленген убакта аткарары дүйнөдөгү окуялардан, адамдардын мүдөөсүнөн көз каранды эмес?

1, 2. Жахаба убакыт деген эмне экенин эң сонун билет деп эмне үчүн айта алабыз?

ЖАХАБА КУДАЙ адам баласын жаратардан сансыз жылдар мурун эле убакытты эсептөөгө шарт түзгөн нерселерди жараткан. Төртүнчү жаратуу күнүндө ал: «Күн менен түндү бөлүп турушу үчүн асман мейкиндигинде чырактар пайда болсун. Алар белги катары кызмат кылып, мезгилдерди, күндөрдү, жылдарды көрсөтүп турат»,— деген (Башт. 1:14, 19, 26). Анан, анын ой-ниетине ылайык, так ошондой болгон.

2 Окумуштуулар бүгүнкү күнгө чейин убакыт деген эмне экенин так түшүндүрө албай келишет. Бир энциклопедияда: «Убакыт — бул дүйнөдөгү терең сырлардын бири. Анын эмне экенин эч ким так айта албайт»,— делген. Бирок Жахаба убакыт деген эмне экенин эң сонун билет. Анткени ал — «асманды жараткан, жерди калыптап жасаган» Кудай. Ошондой эле ал «аягында эмне болорун башынан эле айтып», «боло элек нерселерди байыртан бери айтып келатат» (Ыш. 45:18; 46:10). Анда азыр Жахабанын колунан бүткөн нерселер жана аткарылган пайгамбарлыктар анын өзүнүн ой-ниетин так белгиленген убакта сөзсүз аткарарын кандайча далилдеп турарын карап чыгалы. Мунун Жахабага жана анын Сөзүнө болгон ишенимибизди бекемдээри шексиз.

ЖАХАБАНЫН КОЛУНАН БҮТКӨН НЕРСЕЛЕР ИШЕНИМИБИЗДИ БЕКЕМДЕЙТ

3. Ай-ааламдагынын баары так убакыт боюнча жөнгө салынганы эмнеден көрүнүп турат?

3 Ай-ааламды ала турган болсок, көзгө көрүнбөгөн кымындай бөлүкчөлөрдүн да, көлөмү зор асман телолорунун да кыймыл убактысынын укмуштуудай так экенин көрүүгө болот. Мисалы, атомдун термелүү жыштыгы эч качан өзгөрбөйт. Ошондуктан атом сааттары өзүнүн тактыгы менен таңыркатат: алар 80 миллион жылдан кийин деле 1 да секундага жаңылбайт! Планеталар менен жылдыздар да так убакыт боюнча жылып жүргөндүктөн, алардын көктөгү ордун алдын ала жазбай аныктай алабыз. Бул мезгилдерди аныктаганга, багытты туура тапканга өбөлгө түзөт. Ушул «так сааттардын» жаратуучусу Жахаба, чынында эле, «күчү зор», даңкталууга татыктуу Кудай. (Оку: Ышая 40:26.)

4. Жандуу, жансыз жаратуулардын так убакытка жетектелери кандайча Кудайдын акылмандыгынан кабар берип турат?

4 Жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнөн да убакыттын тактыгын байкоого болот. Түрдүү-түрдүү өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жашоосу биологиялык саат, башкача айтканда, ички саат менен башкарылат. Алсак, аң-сезими жок болсо да, көптөгөн канаттуу-куштар качан жер которуш керектигин билет (Жер. 8:7). Адам баласында да биологиялык саат бар. Маселен, организмибиз качан күн, качан түн экенин билдирип турат. Эгер самолёт менен убактысы биздикинен кыйла айырмаланган башка өлкөгө барсак, организмибиз ал жактагы убакытка көнүшү үчүн, бир нече күн талап кылынышы мүмкүн. Көп сандаган жандуу, жансыз жаратуулардын так убакытка жетектелери убакыт-мөнөөттөрдү белгилеген Кудайдын күчү менен акылмандыгынан кабар берип турат. (Оку: Забур 104:24.) Ооба, убакыттын Кожоюну Жахаба — эбегейсиз күчтүү, теңдешсиз акылман Кудай. Анын эмнени ниет кылса, ошону сөзсүз аткарарына кыпындай да шектенбесек болот.

АТКАРЫЛГАН ПАЙГАМБАРЛЫКТАР ИШЕНИМИБИЗДИ БЕКЕМДЕЙТ

5. а) Адамзаттын келечеги жөнүндө бир гана кайсы жол менен биле алабыз? б) Эмне үчүн Жахаба келечекте кайсы окуя качан болорун алдын ала айта алат?

5 Жахабанын колунан бүткөн нерселерден анын «көзгө көрүнбөгөн сапаттары» тууралуу көп нерсени биле алсак да, алар: «Адамзаттын келечеги кандай болот?» — деген сыяктуу маанилүү суроолорго жооп бере албайт (Рим. 1:20). Андай суроолорго жооп алыш үчүн Кудайдын өзүнүн Сөзү Ыйык Китеп аркылуу эмнелерди ачып берип жатканына көңүл бурушубуз керек. Аны изилдегенибизде пайгамбарлыктардын дайыма так белгиленген убакта аткарылып келгенин биле алабыз. Жахаба келечекти көрө билгендиктен алдыда дагы кандай окуялар болорун жакшы билет. Андан тышкары, ал окуялардын өзү белгилеген убакытта жана өзүнүн ой-ниетине ылайык болушун шарттай алат. Ошондуктан Ыйык Жазмада айтылган пайгамбарлыктар так белгиленген убакта аткарылат.

6. Жахабанын Ыйык Жазмадагы пайгамбарлыктардын маанисин түшүнүшүбүздү каалаарын эмне көрсөтүп турат?

6 Жахаба биздин Ыйык Жазмадагы пайгамбарлыктардын маанисин түшүнүп, алардан пайда алышыбызды каалайт. Ошондуктан ал убакытка биз карагандай карабаса да, кайсы бир окуянын качан болорун айтканда биз түшүнгөн сөздөрдү колдонот. (Оку: Забур 90:4.) Мисалы, Аян китебинде Кудай белгилеген «саатка, күнгө, айга, жылга даярдалган төрт периште» тууралуу айтылат. Саат, күн, ай, жыл деген сөздөрдүн мааниси баарыбызга эле жакшы маалым (Аян 9:14, 15). Пайгамбарлыктардын өз убагында аткарылганын изилдөөнүн аркасында «убакыт-мөөнөттөрдү» белгилеген Жахаба Кудайга жана анын Сөзүнө болгон ишенимибиз бекемделет. Анда бир нече мисалды карап чыгалы.

7. Жеремиянын Иерусалим менен Жүйүт жерине байланыштуу пайгамбарлыгынын аткарылганы Жахабанын өз ой-ниетин белгиленген убакта аткарарын кандайча көрсөтүп турат?

7 Алгач, б.з.ч. 7-кылымга кайрылалы. «Жүйүт падышасы Жошиянын уулу Жаякимдин башкаруусунун төртүнчү жылында» Жахаба Жеремияга «бүт Жүйүт эли тууралуу» пайгамбарлык сөзүн айткан (Жер. 25:1). Ал Иерусалимдин кыйратыларын жана жүйүт элинин мекенинен Бабылга туткундалып кетерин алдын ала айткан. Алар ал жактан «Бабыл падышасына жетимиш жыл кызмат кылышмак». Кийин пайгамбарлык аткарылып, Бабылдын аскери Иерусалимди б.з.ч. 607-жылы кыйратып, жүйүттөрдү туткундап кеткен. Бирок 70 жыл соңуна чыкканда, эмне болмок? Жеремия пайгамбар күн мурун: «Жахаба мындай дейт: „Бабылда жүргөнүңөргө жетимиш жыл болгондо, мен силерге көңүл буруп, силер тууралуу айткан убадамды аткарам, силерди бул жерге кайра алып келем“»,— деп айткан (Жер. 25:11, 12; 29:10). Бул пайгамбарлык так белгиленген убакта, б.з.ч. 537-жылы мадайлыктар менен персиялыктар жүйүттөрдү Бабылдан бошоткондо, жүзөгө ашкан.

8, 9. Даниел пайгамбардын Машаяктын келишине жана Падышалыкка байланыштуу пайгамбарлыктары Жахабанын «убакыт-мөнөөттөрдү» белгилеген Кудай экенин кандайча көрсөтүп турат?

8 Кудайдын байыркы учурдагы элине байланыштуу дагы бир пайгамбарлыкка токтололу. Жүйүттөрдүн Бабылдан бошотуларына 2 жылдай калганда, Кудай Даниел пайгамбар аркылуу Иерусалимди кайра калыбына келтирүүгө байланыштуу буйрук чыккандан 483 жылдан кийин Машаяктын келерин айткан. Мадай-Персия падышасы б.з.ч. 455-жылы ошондой буйрук берген. Ошондон туптуура 483 жыл өткөндө — б.з. 29-жылы — назареттик Иса чөмүлтүлгөн жана ыйык рух менен майланып, Машаяк болгон * (Нек. 2:1, 5—8; Дан. 9:24, 25; Лк. 3:1, 2, 21, 22).

9 Эми Машаяк башкарган Падышалык жөнүндө кандай пайгамбарлык айтылганына көңүл буралы. Ыйык Жазмада Падышалыктын 1914-жылы асманда орнотулары көрсөтүлгөн. Мисалы, анда Машаяктын катышуусунун «белгиси» жана ошол убакта Шайтандын асмандан куулуп түшүп, жер бетинде азап-кайгы көбөйөрү тууралуу айтылган (Мт. 24:3—14; Аян 12:9, 12). Ошондой эле качан «башка элдерге белгиленген убакыт аяктап», Падышалык асманда бийлик жүргүзө баштамактыгы так көрсөтүлгөн. Пайгамбарлыктарга ылайык, бул окуялар 1914-жылы болмок (Лк. 21:24; Дан. 4:10—17) *.

10. Алдыда кайсы окуялар так белгиленген убакта болот?

10 Жакында Иса пайгамбар алдын ала айткан «улуу алаамат» болот. Андан кийин ал миң жыл башкарат. Ушу окуялардын да так белгиленген убакта болоруна күмөн санабасак болот. Иса пайгамбар жерге келгенге чейин эле, Жахаба ал окуялардын кайсы күнү, кайсы саатта болорун белгилеп койгон (Мт. 24:21, 36; Аян 20:6).

«УБАКЫТТЫ ПАЙДАЛАНА БИЛ»

11. «Акыркы убакта» жашап жатканыбызды билүү бизге кандай таасир этиши керек?

11 Падышалыктын башкара баштаганын жана «акыркы убакта» жашап жатканыбызды билгенибиз бизге кандай таасир этиши керек? (Дан. 12:4). Көптөр дүйнөдөгү абалдын начарлагандан начарлап баратканын көргөнү менен, мунун Ыйык Китептеги акыркы күндөргө байланыштуу пайгамбарлыктардын аткарылышы экенин аңдашпайт. Айрымдар бир күнү дүйнөнүн таш-талканы чыгат деп ойлосо, башкалары адамдар кандайдыр бир жол менен «тынчтык жана коопсуздук» орнотот деп күтүшөт (1 Тес. 5:3). Бизчи? Шайтандын дүйнөсүнүн акыркы сааттарында жашап жатканыбызды түшүнөбүзбү? Эгер түшүнсөк, калган убактыбызды «убакыт-мөөнөттөрдү» белгилеген Кудайга кызмат кылууга, башкаларга аны таанып-билүүгө жардам берүүгө жумшайбыз (2 Тим. 3:1). Ооба, убактыбызды акылдуулук менен пайдаланганыбыз абдан маанилүү. (Оку: Эфестиктер 5:15—17.)

12. Иса Машаяктын Нух пайгамбардын күндөрү жөнүндө айткандарынан эмнени биле алабыз?

12 Азгырыктарга толгон дүйнөдө «убакытты пайдалана билүү» оңой эмес. Иса Машаяк: «Нухтун күндөрүндө кандай болсо, адам Уулунун катышуусунун убагында да ошондой болот»,— деп эскерткен. Нухтун күндөрүндө кандай болгон? Кудай ага ошол дүйнөнүн акыры келерин, тактап айтканда, ыймансыз адамдарды Топон суу каптай турганын алдын ала ачып берген. «Адилдиктин кабарчысы» катары Нух пайгамбар замандаштарына Кудайдын ошол кабарын жарыялаган (Мт. 24:37; 2 Пет. 2:5). Бирок алар «ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен. Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин... ойлонушкан эмес». Ошондуктан Иса Машаяк жолдоочуларына: «Силер да даяр болгула, себеби адам Уулу силер күтпөгөн саатта келет»,— деп эскерткен (Мт. 24:38, 39, 44). Биз Нух пайгамбардын замандаштарындай эмес, Нух пайгамбардай болушубуз керек. Анда бизге даяр болууга эмне жардам берет?

13, 14. Жахаба жөнүндө эмнени эстеп жүрүү адам Уулунун келишин күтүп жатып Ага ишенимдүүлүк менен кызмат кылууга жардам берет?

13 Адам Уулу биз күтпөгөн убакта келсе да, Жахабанын өз ой-ниетин так өзү белгилеген убакта аткарарына эч күмөн санабасак болот. Ал убакыт дүйнөдөгү окуялардан, адамдардын мүдөө-максаттарынан көз каранды эмес. Кудай өзүнүн ой-ниетин аткаруу үчүн окуялардын убактысын, жүрүшүн өзгөртө алат. (Оку: Даниел 2:21.) Накыл сөздөр 21:1де: «Падышанын жүрөгү, суу агымдарындай, Жахабанын колунда. Ал аны каалаган жагына бурат»,— деп айтылат.

14 Жахаба эркин өз убагында аткарыш үчүн жердеги окуяларга таасир эте алат. Дүйнөдөгү көптөгөн орчундуу өзгөрүүлөр Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын, өзгөчө, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабардын дүйнө жүзүнө таралышына байланышкан пайгамбарлыктын аткарылышына шарт түздү. Маселен, Советтер Союзунун кулаганы жана анын натыйжасы жөнүндө ойлонуп көрөлү. Көз ачып-жумгуча саясатта ушундай чоң өзгөрүү болуп кетет деп эч ким деле ойлогон эместир. Бирок ошондой өзгөрүүлөрдүн натыйжасында мурун ишибизге тыюу салынган көптөгөн өлкөлөрдө да жакшы кабар жарыяланууда. Андыктан убактыбызды туура пайдаланып, «убакыт-мөөнөттөрдү» белгилеген Кудайга ишенимдүүлүк менен кызмат кыла берели.

ЖАХАБАНЫН ОЙ-НИЕТИ ӨЗ УБАГЫНДА ИШКЕ АШАРЫНА БЕКЕМ ИШЕН

15. Жахабанын уюмунда өзгөртүүлөр болгондо, ишенимибизди кантип көрсөтө алабыз?

15 Азыркы акыркы күндөрдө Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялай берүү үчүн Жахабанын ой-ниетинин өз убагында аткарыларына бекем ишенишибиз керек. Дүйнөдөгү абалдын өзгөрүшүнөн улам шакирт даярдоо ишине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынышы ыктымал. Андыктан жакшы кабар натыйжалуу таратылышы үчүн, Жахабанын уюму мезгил-мезгили менен өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн. Кудайдын Уулунун — жыйналыштын башчысынын — жетекчилигине баш ийсек жана берилгендик менен кызмат кылып, андай өзгөртүүлөрдү кош колдоп колдосок, «убакыт-мөөнөттөрдү» белгилеген Кудайга ишенерибизди көрсөтөбүз (Эф. 5:23).

16. Жахабанын өз убагында жардам берерине эмне үчүн шектенбесек болот?

16 Жахаба биздин «жардамга муктаж болгонубузда» жардам берерине эч шектенбей тиленишибизди каалайт (Евр. 4:16). Бул анын ар бирибизге мээримдүүлүк менен кам көрөрүн көрсөтүп турбайбы? (Мт. 6:8; 10:29—31). Андыктан ага бекем ишенерибизди көрсөтүп, жардам сурап үзгүлтүксүз тиленели, ошондой эле тиленүүбүзгө жана анын жетекчилигине ылайык иш кылалы. Мындан тышкары, ишенимдештерибиз тууралуу тиленүүнү да унутпайлы.

17, 18. а) Жакында Жахаба душмандарын эмне кылат? б) Кайсы ойго алданбашыбыз керек?

17 Азыр «ишенбей олку-солку» боло турган убак эмес. Тескерисинче, ишенимибизди бекемдей турган убак (Рим. 4:20). Анткени Шайтан жана анын таасири менен иш кылгандар Иса Машаяктын өзүнүн жолдоочуларына, анын ичинде бизге тапшырган ишине бөгөт коюуга далалат кылып жатышат (Мт. 28:19, 20). Шайтан бизге чабуул жасаса да, биз Жахабанын тирүү Кудай экенин жана ар кандай адамдардын, өзгөчө, ишенимдүүлөрдүн Куткаруучусу экенин билебиз. Ал «Өзүнө берилген адамдарды сыноодон кантип куткарууну... билет» (1 Тим. 4:10; 2 Пет. 2:9).

18 Жакында Жахаба азыркы ыймансыз дүйнөнү жок кылат. Ал күндүн качан келерин жана ага байланышкан башка нерселерди толук билбесек да, Машаяктын так белгиленген убакта Кудайдын душмандарын тындым кыларын жана Жахабанын эгедерлиги акталарын билебиз. Ошондуктан кайсы убакта жашап жатканыбызды көңүлдөн чыгарып койгонубуз кандай гана жаңылыштык болуп калар эле! «Дүйнө жаратылганда кандай болсо,.. баары ошол эле бойдон, эч нерсе өзгөргөн жок»,— деген ойго эч качан алданбайлы (1 Тес. 5:1; 2 Пет. 3:3, 4).

«КҮТ»

19, 20. Эмне үчүн Жахабаны күтүшүбүз керек?

19 Жахаба адамдарды жаратканда алардын түбөлүк жашап, ал жана анын кереметтүү жаратуулары жөнүндө чексиз билим ала беришин каалаган. Насаатчы 3:11де: «[Жахаба] баарын өз убагында сонун кылып жасаган. Чыныгы Кудай адамдардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салган, бирок алар анын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин эч качан аңдай алышпайт»,— деп жазылган.

20 Жахабанын адамзатка карата болгон ой-ниетин эч качан өзгөртпөгөнүнө кандай гана ыраазыбыз! (Мал. 3:6). Ал — «көлөкө өзгөргөндөй өзгөрө бербеген Кудай» (Жкп. 1:17). Адамдардын убакытты, мисалы, Жердин айланышы боюнча эсептегени Жахаба белгилеген убакыт-мөнөөттөргө таасир этпейт. Анткени Жахаба — «түбөлүктүктүн Падышасы» (1 Тим. 1:17). Андыктан куткаруучу Кудайыбызды күтөлү (Мик. 7:7). Жахабаны күткөндөрдүн баары, кайраттуу бололу, жүрөгүбүз бекем болсун! (Заб. 31:24).

[Шилтемелер]

[Изилдөө суроолору]

[19-беттеги сүрөт]

Даниел пайгамбар Кудай айткан пайгамбарлыктардын аткарыларына бекем ишенген

[21-беттеги сүрөт]

Жахабанын эркин аткаруу үчүн убакытты туура пайдаланып жатасыңбы?