Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акылдуу киши «жакшы жетекчилик» издейт

Акылдуу киши «жакшы жетекчилик» издейт

Акылдуу киши «жакшы жетекчилик» издейт

Жашоону деңиз аркылуу сапар тартууга салыштырууга болот. Бирок адамдардын акылмандыгы өмүр жолунда туура багыт табууга дайыма эле жардам бере бербейт. Тилекке каршы, көптөрдүн кемеси жашоонун долу толкундарына туруштук бере албай, кыйроого учураган (Заб. 107:23, 27). Эмне үчүн жогорудагыдай салыштыруу орундуу?

Байыркы убактарда деңиз менен саякаттоо тажрыйбаны талап кылган оор иштерден болгон. Ал өнөрдү көбүнчө көп жылдык тажрыйбасы бар кемечилерден, мисалы, рулду башкаргандардан үйрөнүшчү (Элч. 27:9—11). Рулду башкаргандардын ролу маанилүү экенин көрсөтүү үчүн илгерки убактагы сүрөтчүлөр көп учурда аларды башкалардан чоңураак кылып тартышчу. Деңиз аркылуу сапар тартардан мурун кемечилер жылдыздар, шамал жана башка ушу сыяктуу нерселер жөнүндө изилдей турган. Ыйык Китепте айрым кемечилердин «жөндөмдүү кишилер» болгону айтылат (Жез. 27:8).

Бүгүнкү күндө жашоодогу айрым көйгөйлөрдү чечүү байыркы убакта деңиз аркылуу жол жүргөндөгүдөй оор сезилиши мүмкүн. Андайда бизге эмне жардам берет?

«ЖАКШЫ ЖЕТЕКЧИЛИКТИ» КАНТИП ТАБУУГА БОЛОТ?

Жашоонун деңизде сапар тартууга салыштырыларын эске алып, Ыйык Китептеги: «Акылдуу адам угуп, көп нерсеге үйрөнөт, түшүнүгү бар киши пайдалуу кеңеш табат»,— деген сөздөрдүн маанисин карап чыгалы (Накыл 1:5, 6). Бул аятта «пайдалуу кеңеш» деп берилген сөз айкашы еврей тилинде «жакшы жетекчилик» деген да маанини туюнтат. Ал байыркы убактагы кеме башчысынын иш-аракетине карата колдонулуп, чебердик менен башкарууну, багыттоону билдирет.

Көп күч-аракетти талап кылса да, биз «жакшы жетекчилик» таап, жашоо деңизинде ийгиликтүү сапар тартууга үйрөнө алабыз. Ан үчүн, Накыл сөздөрдө айтылгандай, «акылмандык», «түшүнүк», «кыраакылык» менен иш кылуу зарыл (Накыл 1:2—6; 2:1—9). Ошондой эле Кудайдын жетекчилигин издегенибиз маанилүү, себеби ыймансыздардын жетекчилиги каргашага дуушар кылат (Накыл 12:5).

Андыктан Кудайдын Сөзүн казып изилдешибиз кажет. Анын аркасында Жахаба жана анын сапаттарын мыкты чагылдырган Иса Машаяк жөнүндө баа жеткис билим ала алабыз (Жкн. 14:9). Ошондой эле жыйналыш жолугушууларынан да көптөгөн даанышман кеңештерди угабыз. Андан сырткары, башкалардан, алардын ичинде ата-энебизден көп нерсеге үйрөнө алабыз (Накыл 23:22).

БААМЧЫЛ БОЛУУ ЖАНА ОЙЛОНУШТУРУУ

Каймана маанидеги албуут толкундар каптаганда, «жакшы жетекчиликке» өзгөчө муктаж болобуз. Эгер ошондой татаал жагдайларда эмне кыларыбызды билбей, өзүбүздү жоготуп койсок, натыйжасы кесепеттүү болушу мүмкүн (Жкп. 1:5, 6).

Кызыктуусу, «жакшы жетекчилик» деген сөз айкашы согуш жүргүзүүгө карата да колдонулат. Алсак, Ыйык Жазмадан: «Согушту жакшы жетекчилик астында [«жакшы стратегия менен», «Кайра иштетилген англис Ыйык Китеби»] жүргүз; кеңешчилердин көптүгү куткаруу алып келет»,— дегенди окуйбуз (Накыл 20:18; 24:6).

Аскер башчысы согушту кантип жүргүзүүнү кылдат ойлонуштургандай эле, биз да Жахаба менен болгон мамилебизге эмне доо кетириши мүмкүн экенин алдын ала ойлонгонубуз абзел (Накыл 22:3). Маселен, сен кайсы бир жумушка орношор-орношпосуңду же жумуш орду боюнча көтөрүлүүгө байланыштуу сунушту кабыл алар-албасыңды ойлонуп жатасың дейли. Албетте, чечим чыгарардан мурун эмгек акысы, жумушка барып келүүгө канча убакыт кетери жана башка нерселер жөнүндө ойлоноруң бышык. Бирок төмөнкү суроолордун үстүнөн ой жүгүртүп көргөнүң да акылдуулукка жатат: ал жумуш Ыйык Китептеги принциптерге карама-каршы келбейби? Жумуш убактысы тууралуу эмне айтууга болот? Мисалы, кезектешип иштөөгө туура келсе, рухий иштерге үзгүлтүксүз катыша аламбы? (Лк. 14:28—30).

Лоретта деген ишенимдешибиз жакшы жумушта иштечү. Алардын ишканасы башка жакка көчкөндө, жетекчилеринин бири ага жакшы жумуш ордун сунуштап: «Мындай мүмкүнчүлүк жашоодо бир эле жолу болот. Ал жакта Падышалык залы да бар экен»,— деген. Бирок Лоретта Жаратканга көбүрөөк кызмат кылыш үчүн жашоосун жөнөкөйлөткүсү келип жаткан эле. Ал сунушту кабыл алса, рухий иштерге аз эле убактысы каларын баамдаган. Ошондуктан жетекчиси анын эң баалуу жумушчусу экенин, аны жоготкусу келбей турганын айтса да, Лоретта жумушунан бошонгон. Азыр анын үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылып жатканына 20 жылдай болуп калды. Ал «жакшы жетекчиликке», тактап айтканда, Кудайдын Сөзүндөгү кеңештерге ылайык иш кылганынын аркасында гана ийгиликке жеткенине эч күмөн санабайт. Анын Жахаба менен болгон мамилеси мурдагыдан да бекемделген жана ал айрымдарга чындык жолуна түшүүгө жардам бере алган.

Үй-бүлөдө да «жакшы жетекчилик» керек. Анткени бала тарбиялоо — көп жылга созула турган жоопкерчилик, ошондой эле ата-эненин балдарынын рухий жана материалдык муктаждыктарына кам көрүүгө байланыштуу чыгарган чечимдери бүт үй-бүлөсүнүн келечегине таасир этет (Накыл 22:6). Андыктан Кудайга кызмат кылган ата-энелер төмөнкүдөй суроолордун үстүнөн ойлонуп көрсө болот: «Балдарыбыз чоңойгондо кезиге турган кыйынчылыктарды жеңе алышы үчүн, аларга жашообуз, сүйлөгөн сөзүбүз, үлгүбүз аркылуу Жахаба менен ынак мамиле өрчүткөнгө жардам берип жатабызбы? Ошондой эле жөнөкөй жашап, кызматты биринчи орунга коюу менен бактылуу боло аларын түшүнүүгө көмөк кылып жатабызбы?» (1 Тим. 6:6—10, 18, 19).

Бул дүйнөдөгү адамдар көбүнчө жакшы жашоону же коомдо жогорку абалды ээлөөнү максат кылышат. Бирок чыныгы ийгилик андай максаттардан көз каранды эмес. Муну жакшы түшүнгөндүктөн Сулайман падыша ыйык рухтун жетеги менен: «Чыныгы Кудайдан корккондордун жакшылык көрөрүн билем, анткени алар Андан коркуп жашашкан»,— деп жазган (Нас. 8:12). Анын сөздөрү Кудайдын Сөзүнө негизделген «жакшы жетекчиликти» издөө акылмандыкка жатарын тастыктап турат (2 Тим. 3:16, 17).

[30-беттеги сүрөт]

Рулду башкаргандардын ролун баса белгилеш үчүн көбүнчө аларды башкалардан чоңураак кылып тартышчу

[Булак жөнүндөгү маалымат]

Su concessione del Ministero per i Beni e le Attività Culturali. It is forbidden to reproduce or duplicate this image in any way or by any means.