Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба жакында эмне болорун ачып берет

Жахаба жакында эмне болорун ачып берет

Жахаба жакында эмне болорун ачып берет

«Жакында боло тургандарды кулдарына көрсөтүш үчүн Кудай [Иса Машаякка] ушул аянды берди» (АЯН 1:1).

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?

Айкелдин кайсы бөлүгү Англия-Америка дүйнөлүк державасын билдирет?

Элчи Жакан Англия-Америка дүйнөлүк державасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы байланышты кантип сүрөттөгөн?

Даниел пайгамбар менен элчи Жакан адамдардын бүт өкмөттөрү жок болорун кантип сүрөттөшкөн?

1, 2. а) Даниел пайгамбар менен элчи Жакандын пайгамбарлыктары эмне кылууга жардам берет? б) Жырткычтын алты башы эмнени билдирет?

ДАНИЕЛ пайгамбар менен элчи Жакандын пайгамбарлыктары дүйнөдө болуп жаткан жана келечекте боло турган көптөгөн окуялардын маанисин түшүнүүгө жардам берет. Элчи Жакандын жети баштуу жырткыч жөнүндөгү аянын, Даниел пайгамбардын он мүйүздүү коркунучтуу айбан жөнүндөгү билдирүүсүн жана чоң айкел жөнүндө айткандарын салыштыруудан эмнени билүүгө болот? Ал пайгамбарлыктарды айкын түшүнүү бизге эмне кылууга түрткү бериши керек?

2 Мурунку макалада элчи Жакандын жети баштуу жырткыч жөнүндөгү аянын карап чыкканбыз (Аян 13-бөл.). Жырткычтын алты башы Мисирди, Ашурду, Бабылды, Мадай-Персияны, Грецияны жана Римди билдирет. Алардын баары аялдын тукумун жек көрүшкөн (Башт. 3:15). Жырткычтын алтынчы башы Рим, элчи Жакан аянын жазгандан кийин, кылымдар бою дүйнөнү бийлеген саясий держава болуп келген. Бирок анын ордуна жетинчи баш бийликке келмек. Ал кайсы дүйнөлүк держава болмок жана аялдын тукумуна кандай мамиле кылмак?

УЛУУ БРИТАНИЯ МЕНЕН КОШМО ШТАТТАРДЫН КҮЧТӨНҮШҮ

3. Он мүйүздүү коркунучтуу айбан жана анын он мүйүзү эмнени билдирет?

3 Элчи Жакандын Аян 13-бөлүмдөгү жети баштуу жырткыч жөнүндөгү аяны менен Даниел пайгамбардын он мүйүздүү коркунучтуу айбан жөнүндөгү аянын салыштыруу менен ал жырткычтын жетинчи башы эмнени билдирерин биле алабыз *. (Оку: Даниел 7:7, 8, 23, 24.) Даниел пайгамбар көргөн айбан Рим дүйнөлүк державасын билдирет. (12, 13-беттердеги таблицаны карагыла.) Б.з. 5-кылымында Рим империясы майда падышалыктарга бөлүнө баштаган. Коркунучтуу айбандын он мүйүзү ошол империядан бөлүнүп чыккан падышалыктарды билдирет.

4, 5. а) Анча чоң эмес мүйүз эмне кылган? б) Жырткычтын жетинчи башы эмнени билдирет?

4 Аянда коркунучтуу айбандын төрт мүйүзү, атап айтканда, алар билдирген төрт падышалык өзгөчө баса белгиленген. Алардын бирөө — «анча чоң эмес» мүйүз — берки үчөөнү жулуп салган. Бул пайгамбарлык мурун Рим империясынын кичинекей эле бөлүгү болгон Улуу Британия канат жая баштаганда аткарылган. 17-кылымга чейин Улуу Британия салыштырмалуу күчтүү деле эмес өлкө болгон. Ал эми Рим империясынын башка үч бөлүгү: Испания, Нидерландия, Франция алда канча таасирдүү болушкан. Бирок кийинчерээк Улуу Британия ал падышалыктарды четинен жула баштаган, башкача айтканда, аларды жогорку абалынан ажыраткан. 18-кылымдын орто ченинде болсо ал дүйнөдөгү кубаттуу падышалыкка айлана баштаган. Анткен менен ал али жырткычтын жетинчи башы боло элек болчу.

5 Улуу Британия дүйнөгө үстөмдүк кыла баштаса да, анын Түндүк Америкадагы колониялары өзүнчө бөлүнүп, Кошмо Штаттарды түзүшкөн. Бирок Улуу Британия Кошмо Штаттардын күч алышына тоскоолдук кылган эмес, атүгүл өзүнүн аскер-деңиз күчтөрү менен аны коргоп турган. 1914-жылы Мырзабыздын күнү башталган убакта Улуу Британия тарыхтагы эң чоң держава, ал эми Кошмо Штаттар өнөр жайынын өнүгүшү боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкө болуп калган *. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда ал экөө абдан тыгыз кызматташып, Англия-Америка дүйнөлүк державасына айланган. Ошентип, ал держава жырткычтын жетинчи башы болгон. Ал аялдын тукумуна кандай мамиле кылган?

6. Жырткычтын жетинчи башы Кудайдын элине кандай мамиле кылган?

6 Мырзабыздын күнү башталгандан көп узабай, жырткычтын жетинчи башы Кудайдын элине — Машаяктын бир туугандарынын жердеги калдыгына — чабуул жасаган (Мт. 25:40). Иса Машаяк анын катышуусунун убагында тукумдун калдыгы жерде жигердүү иш-аракет кылмактыгын айткан (Мт. 24:45—47; Гал. 3:26—29). Англия-Америка дүйнөлүк державасы ошол ыйыктар менен согуш жүргүзгөн (Аян 13:3, 7). Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда ал Кудайдын элине кысым көрсөтүп, айрым адабияттарына тыюу салган жана ишенимдүү кул тобунун өкүлдөрүн түрмөгө камаган. Жырткычтын жетинчи башы кабар айтуу ишин каймана мааниде убактылуу өлтүрүп койгон. Жахаба муну алдын ала көрө билип, элчи Жаканга ачып берген. Ошондой эле ага тукумдун экинчи даражадагы бөлүгүнүн кайрадан кабар айтуу ишин уланта турганын айткан (Аян 11:3, 7—11). Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчыларынын тарыхы ошол окуялардын чынында эле болгонун айгинелеп турат.

АНГЛИЯ-АМЕРИКА ЖАНА АЙКЕЛДИН ТЕМИР МЕНЕН ЧОПОДОН ТУРГАН БУТ КЕТМЕНДЕРИ

7. Айкел менен жырткычтын жетинчи башынын ортосунда кандай байланыш бар?

7 Айкелдин бут кетмендери менен жырткычтын жетинчи башы бир эле нерсени — Англия-Америка дүйнөлүк державасын — билдирет. Улуу Британия Рим империясынан чыккан. Ал эми Кошмо Штаттар Улуу Британиядан чыккандыктан, аны да Рим империясынан чыккан деп айтууга болот. Ошондуктан айкелдин бут кетмендери жарым-жартылай темирден турат. Бирок анын курамында чопо да бар. (Оку: Даниел 2:41—43.) Айкелдин бут кетмендеринин ошондойчо сүрөттөлгөнү жырткычтын жетинчи башы, Англия-Америка дүйнөлүк державасы, доорон сүрө турган убакты билдирет. Чопо аралашкан темир чылк темирдей катуу болбогондой эле, Англия-Америка дүйнөлүк державасы өзү келип чыккан Рим державасындай күчтүү эмес. Кандайча?

8, 9. а) Жетинчи дүйнөлүк держава темирдей катуу экенин кантип көрсөтүп келген? б) Айкелдин бут кетмендериндеги чопо эмнени билдирет?

8 Жырткычтын жетинчи башы мезгил-мезгили менен өзүнүн темирдей катуу экенин көрсөтүп келген. Мисалы, ал өзүнүн күчүн Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жеткенде көрсөткөн *. Ал темирдей катуулугун андан кийин да көп жолу айгинелеген. Бирок темир башынан эле чопо менен аралашкан болчу.

9 Жахабанын кызматчылары көптөн бери айкелдин бут кетмендери эмнени билдирерин түшүнүүнү каалап келишкен. Даниел 2:41де темир менен чопонун аралашмасы көп эмес, бир эле «падышалык» катары сүрөттөлгөн. Ошондуктан чопо Англия-Америка дүйнөлүк державасынын аймагында жашаган жана анын айкелдин темир буттары катары сүрөттөлгөн Рим империясынан алсызыраак болушуна себеп болгон адамдарды же топторду билдирет. Даниелдин пайгамбарлыгынан чопонун «адамзаттын тукумун», атап айтканда, карапайым адамдарды билдирерин билүүгө болот (Дан. 2:43). Англия-Америка дүйнөлүк державасындагы адамдар жарандык укуктарды коргоо максатында өнөктүктөрдү өткөрүү менен, жумушчулардын таламын талашкан профсоюздарды жана көз карандысыздык үчүн күрөшкөн кыймылдарды уюштуруу менен анын темирдей бекем болушуна тоскоолдук кылып келишет. Мындан тышкары, анын аттуу-баштууларынын шайлоодон атаандаштарына салыштырмалуу кичине көбүрөөк добуш алып утуп чыкканы менен, элдин көбүнүн колдоосуна ээ болбогону, ошондой эле карама-каршы идеологиялардын көптүгү алардын күчүн алсыратып, мүдөө-максаттарын ишке ашырышына бөгөт болуп келет. Ырас, Даниел пайгамбардын: «Ал падышалык жарым-жартылай бекем, жарым-жартылай борпоң болот»,— деген сөздөрү аткарылууда (Дан. 2:42; 2 Тим. 3:1—3).

10, 11. а) Айкелдин «бут кетмендери» эмне болот? б) Айкелдин манжаларынын санына байланыштуу кандай жыйынтык чыгарууга болот?

10 Улуу Британия менен Кошмо Штаттар 21-кылымда да тыгыз кызматташып, дүйнөдөгү орчундуу маселелерде көбүнчө биргелешип иш жүргүзүүдө. Айкел менен жырткыч жөнүндөгү пайгамбарлыктардан Англия-Америка дүйнөлүк державасынан кийин башка дүйнөлүк держава болбой турганын билүүгө болот. Бул держава айкелдин темир буттарына салыштырылган Римден алсызыраак болсо да, өзүнөн өзү жок болбойт.

11 Айкелдин манжаларынын саны өзгөчө мааниге ээби? Башка аяндарында Даниел пайгамбар белгилүү бир сандарды, маселен, кайсы айбандын канча мүйүзү болгонун так айткан. Ал сандар чоң мааниге ээ болгон. Бирок Даниел пайгамбар айкелди сүрөттөгөндө анын канча манжасы бар экенин айткан эмес. Ошондуктан айкелдин колдору менен манжаларынын, буттарынын, бут кетмендеринин саны эч кандай мааниге ээ болбогондой эле, буттарынын манжаларынын саны да эч кандай мааниге ээ эмес. Пайгамбарлыкта манжалардын темир менен чоподон турганы гана баса белгиленген. Ушунун негизинде Кудайдын Падышалыгын билдирген «таш» чоң айкелдин бут кетмендерине тийип, аны талкалаганда, дүйнөнү Англия-Америка державасы бийлеп турган болот деп жыйынтык чыгара алабыз (Дан. 2:45).

АНГЛИЯ-АМЕРИКА ЖАНА ЭКИ МҮЙҮЗДҮҮ ЖЫРТКЫЧ

12, 13. Эки мүйүздүү жырткыч эмнени билдирет жана ал эмне кылган?

12 Англия-Америка дүйнөлүк державасы темир менен чопонун аралашмасы болсо да, Иса пайгамбардын элчи Жаканга берген аяндары ал державанын акыркы күндөрдө да маанилүү роль ойной берерин көрсөтүп турат. Кандайча? Элчи Жакан ажыдаардай сүйлөгөн эки мүйүздүү жырткыч жөнүндө аян көргөн. Ал жырткыч эмнени билдирет? Эки мүйүздүү болгонунан анын кош держава экенин билүүгө болот. Ал да Англия-Америка дүйнөлүк державасын билдирет, болгону эле, анын өзгөчө роль ойноорун көрсөтүп турат. (Оку: Аян 13:11—15.)

13 Эки мүйүздүү ал жырткыч адамдарга жети баштуу жырткычтын сөлөкөтүн жасоону буйруган. Элчи Жакан ал сөлөкөттүн мурун бар болуп, анан жок болмоктугун, бирок кайра пайда болмоктугун айткан. Дүйнөдөгү падышалыктарды бириктирип, алардын өкүлү катары иш жүргүзүшү үчүн, Улуу Британия менен Кошмо Штаттардын демилгеси менен пайда болгон бир уюм жөнүндө так ушуну айтууга болот *. Ал Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин пайда болуп, Улуттар Лигасы деп аталган. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда, жок болгон. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Кудайдын эли жети баштуу жырткычтын сөлөкөтүнүн, Аян китебиндеги пайгамбарлыкка ылайык, кайра пайда болорун жарыялаган. Чынында эле, ал Бириккен Улуттар Уюму катары кайра пайда болгон (Аян 17:8).

14. Жети баштуу жырткычтын сөлөкөтү кандай мааниде «сегизинчи падыша» деп аталган?

14 Элчи Жакан жети баштуу жырткычтын сөлөкөтүн «сегизинчи падыша» деп атаган. Кандай мааниде? Ал жети баштуу жырткычтын сегизинчи башы катары эмес, тек гана сөлөкөтү катары сүрөттөлгөн. Ал сөлөкөт, тактап айтканда, Бириккен Улуттар Уюму күчтү ага мүчө болгон элдерден, айрыкча, Англия-Америка дүйнөлүк державасынан алат (Аян 17:10, 11). Ал бүт дүйнө жүзүнө таасир эте турган иштерди кылууга бийлик алгандыктан «падыша» деп аталган.

ЖЫРТКЫЧТЫН СӨЛӨКӨТҮ СОЙКУНУ ЖОК КЫЛАТ

15, 16. Сойку эмнени билдирет жана бүгүнкү күндө анын абалы кандай?

15 Элчи Жакан кыпкызыл жырткычтын — жети баштуу жырткычтын сөлөкөтүнүн — үстүндө отурган сойку аял жөнүндө да айткан. Ал сойку «Улуу Бабыл» деп аталат (Аян 17:1—6). Ал бардык жалган диндерди, анын ичинде христиан дүйнөсүндөгү диндерди билдирет. Диний уюмдар жырткычтын сөлөкөтү болгон Улуттар Лигасына, андан кийин Бириккен Улуттар Уюмуна колдоо көрсөтүп, аны башкарып алууга аракет кылып келет.

16 Аянда Улуу Бабылдын «суулардын» үстүндө отурганы да сүрөттөлгөн. Ал суулар аны колдогон адамдарды билдирет. Бирок Улуу Бабыл Мырзабыздын күнүндө ал суулардын «соолуп калганына», башкача айтканда, адамдардын аны мурдагыдай колдобой калганына күбө болууда (Аян 16:12; 17:15). Мисалы, жырткычтын сөлөкөтү алгач пайда болгондо, Улуу Бабылдын таасирдүү бөлүгү болгон христиан дүйнөсүндөгү диндер Батыш өлкөлөрүндө зор бийликке ээ болчу. Бирок бүгүнкү тапта көптөр чиркөөлөрдү жана анда кызмат кылгандарды баалабай да, колдобой да калышты. Атүгүл көптөр диндин айынан уруш-жаңжал, кагылышуулар болуп жатат деп эсептешет. Ошондой эле Батышта коомчулукту диндин таасиринен арылтуу керек деген көз карашын кызуу кандуулук менен жактаган илим-билимдүү кишилердин саны барган сайын көбөйүүдө.

17. Жакында жалган дин эмне болот жана эмне үчүн?

17 Бирок жалган дин акырындык менен жок болбойт. Кудай бийликтегилердин жүрөгүнө бир ой салганга чейин, жалган дин аларга мурдагыдай эле күчтүү таасир этип, өзүнүн эркин аткартууга аракет кыла берет. (Оку: Аян 17:16, 17.) Жакында Жахаба Шайтандын дүйнөсүндөгү өкмөттөргө, тактап айтканда, Бириккен Улуттар Уюмун түзгөн өкмөттөргө ага кол салууга түрткү берет. Ошондо Улуу Бабыл аларга таасир эте албай калат жана бүт байлыгынан кол жууйт. Мындан ондогон жылдар мурун эле бул мүмкүн эместей көрүнгөн. Бирок азыр сойку кыпкызыл жырткычтын үстүндө түшүп кетейин деп араң отурат. Анткен менен ал отурган жеринен акырын жылмышып түшпөйт. Ал бир заматта кулап, ойрон болот (Аян 18:7, 8, 15—19).

ЖЫРТКЫЧТАР ЖОК КЫЛЫНАТ

18. а) Жырткыч эмне кылат жана анын натыйжасы кандай болот? б) Даниел 2:44тө Кудайдын Падышалыгынын кайсы өкмөттөрдү кыйратары жазылган? (17-беттеги кутучаны карагыла.)

18 Жалган дин жок кылынгандан кийин, жырткыч — Шайтандын саясий түзүлүшү — Кудайдын Падышалыгына чабуул коюуну көздөйт. Бирок жердеги падышалар асманга жете албай тургандыктан, Кудайдын Падышалыгын колдогон адамдарга заарын чачышат. Ошондо Кудай өзү алар менен согушат (Аян 16:13—16; 17:12—14). Даниел пайгамбар ошол акыркы согуш жөнүндө маанилүү бир пайгамбарлык айткан. (Оку: Даниел 2:44.) Ал согушта Аян 13:1де айтылган жети баштуу жырткыч, анын сөлөкөтү жана эки мүйүздүү жырткыч жок кылынат.

19. Эмнеден шектенбесек болот жана азыр эмне кыла турган убак?

19 Биз жырткычтын жетинчи башы бийлик кылып жаткан учурда жашап жатабыз. Жырткыч жок кылынганга чейин, анын дагы башка башы чыгары айтылбайт. Демек, жалган дин жок кылынганда, Англия-Америка дүйнөлүк державасы үстөмдүк кылып турган болот. Даниел пайгамбар менен элчи Жакандын пайгамбарлыктары майда-чүйдөсүнө чейин аткарылып келатат. Жалган диндин жок кылынарына жана Армагедон согушуна аз калганына эч шектенбесек болот. Жахаба мунун баарын күн мурун ачып берген. Бирок биз ошол пайгамбарлык сөздөргө кулак кагабызбы? (2 Пет. 1:19). Арийне, азыр Жахабанын тарабын ээлеп, Падышалыгын колдой турган убак! (Аян 14:6, 7).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Ыйык Китепте он деген сан көбүнчө толуктукту билдирет. Ошондуктан бул аяндагы он мүйүз Рим империясынан чыккан бардык падышалыктарды туюнтат.

^ 5-абз. Кош державанын курамындагы ал эки өлкө 18-кылымдан тартып эле бар болсо да, элчи Жакан ал державанын Мырзабыздын күнү башталганда пайда болорун айткан. Чынында эле, Аян китебиндеги аяндар «Мырзабыздын күнүндө» аткарылган (Аян 1:10). Кошмо Штаттар менен Улуу Британия Биринчи дүйнөлүк согуштан тартып бир дүйнөлүк держава катары иш жүргүзө баштаган.

^ 8-абз. Даниел пайгамбар: «Ал таң калыштуу [үрөй учурарлык] жол менен кыйратат»,— деп алдын ала айткандай эле, ал падышалык Экинчи дүйнөлүк согушта чоң бүлүк салган (Дан. 8:24). Алсак, Кошмо Штаттар дүйнөлүк кош державанын душманына эки атом бомбасын таштаганда, болуп көрбөгөндөй чоң, үрөй учурарлык кыйроо болгон.

^ 13-абз. «Аян. Туу чокусуна жакын калды!» (ор.) китебинин 240, 241, 253-беттерин карагыла.

[Изилдөө суроолору]

[17-беттеги кутуча]

«УШУЛ ПАДЫШАЛЫКТАРДЫН БААРЫНА» КАЙСЫ ПАДЫШАЛЫКТАР КИРЕТ?

Даниел 2:44тө Кудайдын Падышалыгынын «ушул падышалыктардын баарын талкалап», «жок кылары» айтылат. Бул аятта айкелдин ар кайсы бөлүктөрү катары сүрөттөлгөн падышалыктар жөнүндө гана айтылган.

Ал эми башка падышалыктар эмне болот? Бул суроого Аян китебиндеги пайгамбарлыктан жооп алууга болот. Анда «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө» «бүт дүйнөнүн падышаларынын» Ага каршы чогулары көрсөтүлгөн (Аян 16:14; 19:19—21). Демек, Армагедондо айкелдин бөлүктөрү катары сүрөттөлгөн падышалыктар эле эмес, дүйнөдөгү бүт падышалыктар кыйратылат.