Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Англия-Америка дүйнөлүк державасы качан Ыйык Китепте айтылган дүйнөлүк держава болгон?

▪ Небухаданасар падыша түшүндө көргөн чоң айкел тарыхтагы бардык дүйнөлүк державаларды билдирбейт (Дан. 2:31—45). Ал Даниел пайгамбардын убагынан тартып башкарган жана Кудайдын элине катуу каршылык көрсөткөн беш гана дүйнөлүк державаны билдирет.

Ал металл айкелдин кандайча сүрөттөлгөнүнөн Англия-Америка дүйнөлүк державасынын Римди басып ала турган эмес, андан чыга турган держава болмоктугу көрүнүп турат. Даниел пайгамбар айкелдин буту темирден экенин жана бут кетмендери менен манжаларында да темир бар экенин көргөн. (Айкелдин бут кетмендери менен манжалары чопо менен аралашкан темирден турган.) * Мындан Англия-Америка дүйнөлүк державасынын айкелдин темир буттарынан — Римден — чыкмактыгын билүүгө болот. Тарых чынында эле ушундай болгонун тастыктап турат. Учурунда Рим империясынын бир бөлүгү болгон Улуу Британия 1700-жылдардын аяк жагында күчтөнө баштаган. Кийинчерээк Америка Кошмо Штаттары да кубаттуу өлкөгө айланган. Анткен менен Ыйык Китепте пайгамбарлык кылынган жетинчи дүйнөлүк держава али пайда боло элек болчу. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Анткени ал убакта Улуу Британия менен Кошмо Штаттар бирге өзгөчө жол менен иш алпара элек болчу. Алар Биринчи дүйнөлүк согуштан тартып тыгыз кызматташа башташкан.

Ошого чейин эле «Падышалыктын уулдары», айрыкча, Кошмо Штаттарда жигердүү кабар айтып жатышкан; алардын башкы башкармалыгы Бруклинде (Нью-Йорк) жайгашкан (Мт. 13:36—43). Майланган бир туугандар Британияга баш ийген өлкөлөрдө да ынталуу кабар айтышкан. Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Британия менен Америка өз ара өзгөчө шериктештик түзүп, саясий душмандары менен биргелешип күрөшүшкөн. Ошондой эле согуштун айынан күч алган улутчулдуктан улам «аялдын» тукумуна киргендерге каршылык көрсөтүп, адабияттарына тыюу салышкан жана кабар айтуу ишин жетектегендерди түрмөгө камашкан (Аян 12:17).

Демек, ыйык китептик пайгамбарлыктан көрүнүп тургандай, жетинчи дүйнөлүк держава, 1700-жылдардын аягында Улуу Британия күчтүү империяга айлана баштаганда, пайда болгон эмес. Ал, «Мырзабыздын күнү» башталганда, пайда болгон *.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Темир менен аралашкан чопо темирдей болгон Англия-Америка дүйнөлүк державасынын карамагындагы адамдарды же топторду билдирет. Убакыттын өтүшү менен алар ал державанын күчтүү болушуна тоскоолдук кылышкан.

^ 6-абз. Бул — «Даниелдин пайгамбарлыгы» (ор.) китебинин 57-бетинин 24-абзацындагы жана 56, 139-беттериндеги таблицадагы маалыматтын ордуна берилген жаңы түшүндүрмө.

[19-беттеги сүрөт]

1918-жылы июнда «Күзөт мунарасы» коомунун башкы башкармалыгында кызмат кылган 8 бир тууган камалган