Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн Жахабанын эркин биринчи орунга коюшубуз керек?

Эмне үчүн Жахабанын эркин биринчи орунга коюшубуз керек?

Эмне үчүн Жахабанын эркин биринчи орунга коюшубуз керек?

«Оозум сенин адилдигиңди, куткарууңду күнү бою жар салат» (ЗАБ. 71:15).

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢ?

Нух, Муса, Жеремия пайгамбарлар жана элчи Пабыл эмне үчүн Жахабага кызмат кылууну биринчи орунга коюшкан?

Өмүрүңдү эмнеге арнаарыңды чечүүгө эмне жардам берет?

Эмне үчүн Жахабага кызмат кылууну жашооңдо биринчи орунга коюуга чечкиндүүсүң?

1, 2. а) Адамдын Кудайга өзүн арнаганы эмнени көрсөтөт? б) Нух, Муса, Жеремия пайгамбарлардын жана элчи Пабылдын үлгүсүн карап чыгуудан кандай пайда алабыз?

ӨЗҮҢДҮ Кудайга арнаганыңда жана чөмүлтүлгөнүңдө жашоодогу абдан олуттуу кадамды жасагансың. Мындайча айтканда, Кудайга: «Жахаба, менин Кожоюнум болуп, жашоомдун бардык тармагында мени жетектешиңди каалайм. Мен сенин кызматчыңмын. Ошондуктан убактымды, каражатымды, шык-жөндөмүмдү кандайча колдонушум керектигин жана жашоодо эмнени биринчи орунга коюшум керектигин сенин чечишиңди каалайм»,— дегенсиң.

2 Кудайга арналганыңда жалпы жонунан ушундай сөздөрдү камтыган убада бергенсиң. Ошондой чечим чыгарганың үчүн мактоого татыктуусуң, анткени бул туура жана акылдуу чечим болгон. Бирок Жахабаны Кожоюнуң катары кабыл алгандан кийин убактыңды кандай колдонушуң керек? Нух, Муса, Жеремия пайгамбарлардын жана элчи Пабылдын үлгүсү бул суроого жооп алууга жардам берет. Алардын ар бири Жахабага жан-дилден кызмат кылган. Биздин жагдай да алардыкына окшош. Андыктан алардын эмнени биринчи орунга коюуга байланыштуу чыгарган чечимдери бизге убактыбызды кандай колдонуп жатканыбызды текшерүүгө түрткү берет (Мт. 28:19, 20; 2 Тим. 3:1).

ТОПОН СУУГА ЧЕЙИН

3. Биздин күндөр Нух пайгамбардыкына эмнеси менен окшош?

3 Иса Машаяк Нух пайгамбардын күндөрү менен биздин күндөрдүн окшош жактарын айткан. «Нухтун күндөрүндө кандай болсо, адам Уулунун катышуусунун убагында да ошондой болот»,— деген ал. «Нух кемеге кирген күнгө чейин, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен. Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, алар ойлонушкан эмес» (Мт. 24:37—39). Бүгүн да адамдардын көбү кайсы убакта жашап жатканын көңүлгө алышпайт жана Кудайдын кызматчылары жарыялап жаткан эскертүүлөргө кулак кагышпайт. Кудайдын ыймансыздарды жоопко тартарын айтсаң, көптөрү шылдыңдап күлүшөт. Нух пайгамбарды да замандаштары шылдыңдаган (2 Пет. 3:3—7). Бирок аларга жек көрүндү болсо да, ал убактысын туура колдонгон. Кантип?

4. Нух пайгамбар Жахабадан тапшырма алгандан кийин убактысын кандай колдонгон жана эмне үчүн?

4 Кудай Нух пайгамбарга ыймансыздарды жок кыларын айтып, өзгөчө тапшырма берген. Ошондуктан ал, адамдар менен жан-жаныбарлар аман калышы үчүн, кеме курган (Башт. 6:13, 14, 22). Ошондой эле Кудайдын өкүмүн жарыялаган. Элчи Петир аны «адилдиктин кабарчысы» деп атаган. Бул анын башкаларга өздөрүнүн канчалык опурталдуу убакта жашап жатканын түшүнүүгө жардам бериш үчүн көп күч жумшаганын көрсөтүп турат. (Оку: 2 Петир 2:5.) Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсү өз кызыкчылыгын көздөп кайсы бир ишти баштаса, замандаштарынан ашып түшүүгө же байлыкка тунуп жашоого аракет кылса, акылдуулук кылышкан болот беле? Албетте, жок! Алдыда эмне болорун билгендиктен алар андай нерселерге алаксыган эмес.

МИСИР КАНЗААДАСЫНЫН ЧЕЧИМИ

5, 6. а) Муса пайгамбар алган билим, кыязы, аны эмнеге даярдоого багытталган? б) Эмне себептен Муса пайгамбар Мисирде ээ боло ала турган нерселеринен баш тарткан?

5 Эми Муса пайгамбардын үлгүсүнө токтололу. Аны фараондун кызы асырап алгандыктан, ал Мисир ак сарайында чоңоюп-өскөн. Ал канзаада катары жаш кезинен эле «мисирликтердин бүт акылмандыгына үйрөтүлгөн» (Элч. 7:22; Чыг. 2:9, 10). Кыязы, андай билим аны фараондун ак сарайында жогорку кызматты аткарууга даярдоого багытталган. Ал ошол убактагы эң эле кубаттуу державадагы көрүнүктүү инсан боло алмак жана мунун аркасында атак-даңкка көмүлүп, ырахатка батып жашамак. Муса пайгамбар ошол нерселерди көздөдү беле?

6 Кичинекей кезинде өз ата-энесинен таалим-тарбия алгандыктан ал Жахабанын анын ата-бабаларына: Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка кандай убада бергенин билген көрүнөт. Муса пайгамбар анын убадаларына ишенген. Андан тышкары, ал келечеги жана Жахабага болгон берилгендиги жөнүндө терең ой жүгүртсө керек. Мисир канзаадасы болууну же ысрайылдык кул болууну тандаш керек болгондо ал кандай чечим чыгарган? «Күнөөдөн убактылуу ырахат алгандан көрө, Кудайдын эли менен бирге кордук көрүүнү туура көргөн». (Оку: Еврейлер 11:24—26.) Кийинчерээк Жахабанын жетекчилигине баш ийип, бүт өмүрүн анын эркин аткарууга арнаган (Чыг. 3:2, 6—10). Эмне үчүн? Анткени Кудайдын убадаларына ишенген жана Мисирде кандай ийгиликке жетпесин, анын убактылуу эле болорун түшүнгөн. Чынында эле, ошондон көп өтпөй эле Кудай Мисир элин он жаза менен жазалаган. Биз, Кудайга өмүрүн арнагандар, Муса пайгамбардан эмнеге үйрөнө алабыз? Бул дүйнөдө мансапты же ырахатты көздөбөй, Жахабаны жана ага кызмат кылууну биринчи орунга коюшубуз керек.

ЖЕРЕМИЯ ПАЙГАМБАР АЛДЫДА ЭМНЕ БОЛОРУН БИЛГЕН

7. Жеремия пайгамбардын жагдайы биздикине эмнеси менен окшош?

7 Жахабага кызмат кылууну биринчи орунга койгондордун дагы бири — Жеремия пайгамбар. Жахаба аны пайгамбары кылып дайындап, ага чындыктан четтеген Иерусалим менен Жүйүт жерине чыгарган сот өкүмүн жарыялоону тапшырган. Жеремия пайгамбар кандайдыр бир мааниде ошол замандын «акыркы күндөрүндө» жашаган (Жер. 23:19, 20). Ал өзү жашаган дүйнөнүн ошол бойдон эле кала бербесин эң сонун билген.

8, 9. а) Эмне үчүн Барух ой жүгүртүүсүн өзгөртүшү керек болгон? б) Келечекке план түзгөндө эмнени көңүлүбүздүн борборунда сакташыбыз керек?

8 Жакында чоң өзгөрүү болоруна бекем ишенгени ага кандай таасир эткен? Ал күнү бүтүп бараткан дүйнөдөн бекем орун алууга аракет кылган эмес. Андай максатты көздөгөнү акылсыздыкка жатып калмак. Анткен менен бир учурда Жеремия пайгамбардын катчысы Барухтун ою өзгөрө баштаган. Ошондуктан Кудай ыйык руху аркылуу Жеремия пайгамбарга катчысына төмөнкү сөздөрдү айтууга түрткү берген: «Мына, мен курганымды талкалайм, тиккенимди жулуп таштайм. Бул жердин баарын ушинтем. Сен болсо чоң нерсени көксөп жатасың. Көксөбө. Мен ар бир адамдын башына алаамат түшүрөм... Ал эми сага, кайда барба, жаныңды олжо катары берем» (Жер. 45:4, 5).

9 Барух көксөгөн «чоң нерсе» эмне болгонун билбейбиз *. Бирок анын б.з.ч. 607-жылы бабылдыктар Иерусалимди талкалаганда жок боло турган нерсе болгону айкын. Мындан кандай сабак алсак болот? Жашоодо зарыл нерселерибиз болушу үчүн, кандайдыр бир пландарды түзүүгө туура келет (Накыл 6:6—11). Бирок убактылуу эле нерселерге өтө көп убактыбызды, күчүбүздү жумшаганыбыз акылмандыкка жатат беле? Ырас, Жахабанын уюму жаңы Падышалык залдарын, филиал имараттарын жана башка теократиялык жайларды курууну пландаштырып келет. Бирок андай иш-аракеттер Падышалыктын ишин алдыга жылдырууга багытталгандыктан келечекте да пайда алып келет. Ошо сыяктуу эле, Жахабанын бардык кызматчылары келечекке план түзгөндө Падышалыктын ишин көңүлүнүн борборунда сактаганы абзел. Сен да «биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана [Анын] адилдигин издеп» жатасыңбы? (Мт. 6:33).

«БААРЫН ТАШТАНДЫ ДЕП ЭСЕПТЕЙМ»

10, 11. а) Элчи Пабыл Машаяктын жолдоочусу болгонго чейин эмнеге умтулган? б) Эмне себептен ал максаттарын толугу менен өзгөрткөн?

10 Эми элчи Пабылдын үлгүсүн карап чыгалы. Машаяктын жолдоочусу болгонго чейин, элдин ою боюнча, ал көп нерсеге жете ала турган киши болгон. Ал өзүнүн күндөрүндөгү эң эле чыгаан окутуучулардын биринен жүйүттөрдүн мыйзамын окуган. Ошондой эле башкы дин кызматчынын ишенимине ээ болуп, маанилүү ишти аткарууга бийлик алган. Ал иудаизмде көптөгөн теңтуштарына караганда көбүрөөк ийгиликке жеткен (Элч. 9:1, 2; 22:3; 26:10; Гал. 1:13, 14). Анткен менен Жахабанын жүйүт элине батасын бербей калганын билгенде жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөн.

11 Элчи Пабыл жүйүт түзүлүшүндө жетсе боло турган мансаптын Жахабанын көз алдында эч кандай баага татыбай турганын түшүнгөн; ал түзүлүш жакында жок болмок (Мт. 24:2). Кудайдын ой-ниети жөнүндө билгендерин жана Иса Машаяктын жолдоочусу катары аткарган кызматын ушунчалык баалагандыктан ал атүгүл бир учурда маанилүү деп эсептеген нерселерин «таштанды» катары көрөрүн айткан. Ал иудаизмдеги максаттарынан баш тартып, жердеги калган өмүрүн жакшы кабар таратууга арнаган. (Оку: Филипиликтер 3:4—8, 15; Элч. 9:15.)

ЭМНЕНИ БИРИНЧИ ОРУНГА КОЮП ЖАТКАНЫҢДЫ ТЕКШЕР

12. Иса Машаяк чөмүлтүлгөндөн кийин эмнеге көңүл топтогон?

12 Нух, Муса, Жеремия пайгамбарлар, элчи Пабыл жана башка көптөгөн кишилер убактысынын, күчүнүн көбүн Кудайдын ишине арнашкан. Алар — биз үчүн мыкты үлгү. Албетте, Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынын ичинен эң эле мыкты үлгү көрсөткөнү — Иса Машаяк (1 Пет. 2:21). Чөмүлтүлгөндөн кийин ал жердеги жашоосун жакшы кабар жарыялоого, Жахабаны даңктоого арнаган. Ошондуктан анын жолун жолдоп, Жахабаны Кожоюну катары кабыл алгандардын баары Ага кызмат кылууну биринчи орунга коюшу керек. Сен ушинтип жатасыңбы? Канткенде Кудайга көбүрөөк кызмат кылып, ошол эле учурда башка жоопкерчиликтерди да аркалоого болот? (Оку: Забур 71:15; 145:2.)

13, 14. а) Кудайдын кызматчыларынын баары эмне жөнүндө ойлонуп көрүүгө чакырылат? б) Кудайдын кызматчысы эмнеден канааттануу ала алат?

13 Көп жылдан бери Жахабанын уюму мезгил-мезгили менен Машаяктын жолдоочуларын тиленип, пионер боло алар-албасы жөнүндө ой жүгүртүп көрүүгө үндөп келет. Жахабанын айрым ишенимдүү кызматчылары жагдай-шартынан улам кабар айтууга ай сайын 70 саат арнай алышпайт. Бирок алар буга капа болбошу керек (1 Тим. 5:8). Ал эми сенин жагдайың жөнүндө эмне айтууга болот? Пионердик кызмат сен үчүн чынында эле жете албай турган максатпы?

14 Артка кылчайып, ушул жылы Эскерүү кечеси болгон убакта канчалаган бир туугандардын кызматтан кубаныч алганы жөнүндө ой жүгүртүп көр. Март айында жарчылар кабар айтуу ишине 30 же 50 саат арнап, көмөкчү пионер боло алышты (Заб. 110:3). Миллиондогондор көмөкчү пионер болуп кызмат кылгандыктан, жыйналыштагылардын көңүлү толкуп-ташып, өзгөчө кубанычка бөлөнгөнү сезилип турду. Сен да бат-баттан көмөкчү пионер болуп, ошондой кубаныч алуу үчүн күн тартибиңди өзгөртө аласыңбы? Ошентсең, ар бир күндүн аягында зор канааттануу сезип, Жахабага: «Мен бүгүн сага кызмат кылууда колуман келгендин баарын кылдым»,— деп айта аласың.

15. Жаштар билим алууга байланыштуу кандай максатты көздөшү керек?

15 Эгер мектепти бүтүрөйүн деп жатсаң жана ден соолугуң жакшы болсо, ошондой эле жоопкерчиликтериң көп эмес болсо, балким, үзгүлтүксүз пионерлердин катарына кошулуу жөнүндө терең ойлонуп көрөттүрсүң. Ишенимдүү жана акылдуу кул тобу дайыма жаштарды өздөрүн багууга жана толук убакыт кызмат кылууга өбөлгө түзө турган билим алууга үндөп келет. Мугалимдериң жакшы ой менен эле сага жогорку билим алып, мансапты көздөгөнүң өзүңө эле жакшы болорун айтышы мүмкүн. Анткен менен алардын келечеги жок коомдук уюмдарга жана каржы системасына таянарын унутпа. Ал эми Жахабага көбүрөөк кызмат кылууга умтулсаң, Иса Машаяктын мыкты үлгүсүн туурап, түбөлүк пайда алып келе турган арзырлык максатты көздөгөн болосуң. Акылдуулук менен ушундай чечим чыгарганың бактылуу болушуңа өбөлгө түзөт, коргойт жана Жахабага арналганыңа ылайык жашоого чечкиндүү экениңди айгинелейт (Мт. 6:19—21; 1 Тим. 6:9—12).

16, 17. Жумушка жана кызматка байланыштуу өзүбүзгө кандай суроолорду берип көргөнүбүз дурус?

16 Бүгүнкү күндө көптөгөн бир туугандар үй-бүлөсүнүн зарыл муктаждыктарын канааттандыруу үчүн бир топ убакыт иштешет. Анткен менен айрымдар жумушка керектүүдөн да көп убакыт сарпташат (1 Тим. 6:8). Соода-сатык дүйнөсү бизге дүкөндөрдө жайнаган оокаттарын, жаңы чыккан ар бир буюмун сатып алмайын жашоо мүмкүн эмес деген ойго ишендириш үчүн эмнени гана кылбайт. Бирок Машаяктын чыныгы жолдоочулары эмнени биринчи орунга коюу керектигин чечүүдө Шайтандын дүйнөсүнүн көз карашына жетектелүүнү каалашпайт (1 Жкн. 2:15—17). Ардактуу эс алууга чыккандар жөнүндө эмне айтууга болот? Эгер алар Жахабанын эркин аткарууну биринчи орунга коюп, пионер болуп кызмат кылышса, убактысын эң туура колдонгон болушат.

17 Жахабанын кызматчыларынын баары өздөрүнө мындай суроолорду берип көргөнү дурус: жашоодо мен үчүн эмне баарынан маанилүү? Падышалыктын иштерин биринчи орунга коюп жатамбы? Иса Машаяктай болуп, жанымды аябай кызмат кыламбы? Машаяктын кеңешине кулак кагып, дайыма анын жолун жолдоп жатамбы? Падышалык тууралуу кабар айтуу ишине жана башка теократиялык иштерге көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн күн тартибимди өзгөртө аламбы? Учурда жагдай-шартымдан улам көбүрөөк кызмат кыла албасам да, жан аябас болууга умтулуп жатамбы?

«КААЛОО ДА, КҮЧ ДА БЕРЕТ»

18, 19. Эмне жөнүндө тиленсең болот жана эмне үчүн андай тиленүү Кудайга жагат?

18 Кудайдын элинин ынталуулугун көрүү абдан жагымдуу. Бирок айрымдар жагдай-шарты жол берсе да, пионер болууну каалабашы же пионер боло албайм деп ойлошу мүмкүн (Чыг. 4:10; Жер. 1:6). Андай бир туугандар эмне кылса болот? Ошол жөнүндө тиленгени орундуу болобу? Албетте. Элчи Пабыл ишенимдештерине Жахабанын аларга, «өзүнүн эркине ылайык иш кылышы» үчүн, «каалоо да, күч да берип, иш-аракет кылууга түрткү берерин» айткан (Флп. 2:13). Андыктан көбүрөөк кызмат кылууну анча каалабай жатсаң, Жахабадан каалоо да, жөндөмдүүлүк да сурап тилен (2 Пет. 3:9, 11).

19 Нух, Муса, Жеремия пайгамбарлар, элчи Пабыл жана Иса Машаяк — баары Кудайга берилген кишилерден болушкан. Алар эч нерсеге алаксыбай, убактысын, күчүн Кудайдын эскертүүлөрүн жарыялоого арнашкан. Азыркы дүйнөнүн акырына аябай аз калды. Андыктан биз, өмүрүн Кудайга арнагандар, Ыйык Китепте жазылган ал ишенимдүү кишилерден үлгү алуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек (Мт. 24:42; 2 Тим. 2:15). Ошондо Кудайдын жүрөгүн кубантып, андан мол бата алабыз! (Оку: Малаки 3:10.)

[Шилтеме]

^ 9-абз. «Кудайдын бизге Жеремия аркылуу айткан сөзү» деген китептин 104—106-беттерин кара.

[Изилдөө суроолору]

[21-беттеги сүрөт]

Нух пайгамбардын замандаштары анын эскертүүлөрүнө кулак кагышкан эмес

[24-беттеги сүрөт]

Үзгүлтүксүз пионерлердин катарына кошулуу жөнүндө олуттуу ойлонуп көрдүң беле?