Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабага баш ийип, эркиндикке ээ бол

Жахабага баш ийип, эркиндикке ээ бол

Жахабага баш ийип, эркиндикке ээ бол

«Эркиндикке чыгаруучу жеткилең мыйзамды кылдат изилде» (ЖКП. 1:25).

ТҮШҮНДҮРӨ АЛАСЫҢБЫ?

Кайсы мыйзам чындап эркин кылат жана ал мыйзамдан кимдер пайда алат?

Чындап эркин болушубуз үчүн эмне кылышыбыз керек?

Чындык жолунан чыкпагандардын баарын кандай эркиндик күтүп турат?

1, 2. а) Адамдардын эркиндиги эмне болууда? б) Жахабанын кызматчылары кандай эркиндикке чыгууга үмүттөнүшөт?

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ боюнча ач көздүк, мыйзамсыздык, зордук-зомбулук барган сайын күч алууда (2 Тим. 3:1—5). Ошондуктан өкмөттөр толтура мыйзамдарды чыгарып, тартиптин сакталышына катуу чараларды көрүп, көп жерлерге байкоо камераларын орнотууда. Айрым өлкөлөрдө тургундар коопсуз жашоо үчүн үйүнө сигнализация орнотушат, кошумча кулпуларды коюшат же үйүнүн тегерегин электр тогуна кошулган тосмолор менен курчашат. Көптөр кечинде көчөгө чыгуудан жана күндүзү болобу, кечкисинби, балдарын эшикте кароосуз калтыруудан коркушат. Ооба, барган сайын адамдардын эркиндиги чектелип баратат жана мындай жагдай жакшырчудай эмес.

2 Тээ Эйден багында Шайтан чыныгы эркиндикке жетүүнүн ачкычы Жахабадан көз карандысыз болуу экенин айткан. Бул кара өзгөйлүк менен айтылган карандай калп болгон! Чын-чынында, адамдар Жахаба койгон чектен чыгып, анын адеп-ахлак нормаларын канчалык көп бузса, ошончолук көп азап чегишет. Дүйнөдөгү абалдын начарлап баратканынан Жахабанын кызматчылары да кыйналышат. Анткен менен биз адамзаттын күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонгонун көрүүгө жана Ыйык Китепте айтылгандай, «Кудайдын уулдары катары даңктуу эркиндикке чыгарыбызга» үмүттөнөбүз (Рим. 8:21). Чынында, Жахаба кызматчыларын ошондой эркиндикке чыгууга азыртадан эле даярдап жатат. Кандай жол менен?

3. Жахаба кызматчыларына кандай мыйзам берген жана ага байланыштуу кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Бул суроонун жообу Ыйык Китепти жазууга катышкан шакирт Жакыптын: «Эркиндикке чыгаруучу жеткилең мыйзам»,— деген сөздөрүндө камтылган. (Оку: Жакып 1:25.) Адатта, адамдар мыйзамды эркин кылган эмес, чектеген нерсе катары көрүшөт. Анда «эркиндикке чыгаруучу жеткилең мыйзам» деген эмне? Ал бизди кандайча эркиндикке чыгарат?

ЭРКИНДИККЕ ЧЫГАРУУЧУ МЫЙЗАМ

4. «Эркиндикке чыгаруучу жеткилең мыйзам» деген эмне жана андан кимдер пайда алат?

4 «Эркиндикке чыгаруучу жеткилең мыйзам» деген Муса пайгамбар жазган Мыйзамды билдирбейт. Анткени ал Мыйзам адамдардын күнөөкөр экенин көрсөтүп турган жана Машаяк келгенде, анда айтылгандар аткарылган (Мт. 5:17; Гал. 3:19). Анда шакирт Жакып кайсы мыйзам жөнүндө сөз кылган? «Машаяктын мыйзамы» жөнүндө. Ал «ишенимди талап кылган мыйзам» жана «эркин элдин мыйзамы» деп да аталат (Гал. 6:2; Рим. 3:27; Жкп. 2:12). Демек, «жеткилең мыйзам» Жахаба бизден талап кылган нерселердин бардыгын камтыйт. Андан Машаяктын майланган жолдоочулары да, «башка койлор» да пайда алат (Жкн. 10:16).

5. Эмне үчүн эркиндикке чыгаруучу мыйзамды аткаруу оор эмес?

5 Көптөгөн өлкөлөрдүн мыйзам жыйнагынан айырмаланып, «жеткилең мыйзамды» түшүнүү да, аткаруу да кыйын эмес. Ал жөнөкөй осуяттарды, негизги принциптерди камтыйт (1 Жкн. 5:3). Иса пайгамбар: «Моюнтуругум ыңгайлуу, жүгүм жеңил»,— деген (Мт. 11:29, 30). Андан тышкары, «жеткилең мыйзамда» жазалардын узун тизмеги берилген эмес, себеби ал сүйүүгө негизделген жана таш лоокторго эмес, адамдардын акылы менен жүрөгүнө чегилип жазылган. (Оку: Еврейлер 8:6, 10.)

«ЖЕТКИЛЕҢ МЫЙЗАМ» БИЗДИ КАНДАЙЧА ЭРКИН КЫЛАТ?

6, 7. Жахабанын нормалары жөнүндө эмне айтууга болот жана «жеткилең мыйзам» кандайча бизди эркин кылат?

6 Жахаба койгон чектер адамдарга пайда алып келет, аларды коргойт. Маселен, анын энергия менен материяны жөнгө салган тартылуу мыйзамы сыяктуу физикалык мыйзамдарын алалы. Адамдар ал мыйзамдарга баш ийиши керектигине нааразы деле болушпайт. Тескерисинче, жаратылыш мыйзамдары алардын жыргалчылыгы үчүн абдан зарыл экенин түшүнгөндүктөн аларды баалашат. Ошо сыяктуу эле, Жахаба Машаяктын «жеткилең мыйзамында» камтылган адеп-ахлактык нормаларды жана башка талаптарды адамдардын пайдасы үчүн берген.

7 «Эркиндикке чыгаруучу жеткилең мыйзам» бизди коргогондон сырткары, туура каалоолорубузду өзүбүзгө зыян келтирбей жана башкалардын укугун, эркиндигин тебелебей канааттандырууга шарт түзөт. Ошондуктан чындап эркин болушубуз үчүн, тактап айтканда, каалаганыбызды кыла алышыбыз үчүн, жүрөгүбүздөгү каалоолорубуз туура болушу: Жахабага жагышы жана анын талаптарына ылайык келиши керек. Башка сөз менен айтканда, биз Жахаба жакшы көргөндү жакшы көрүүгө, ал жек көргөндү жек көрүүгө үйрөнүшүбүз кажет. Ал эми ошентүүгө эркиндикке чыгаруучу мыйзам жардам берет (Амос 5:15).

8, 9. Эркиндикке чыгаруучу мыйзамга бек кармангандар кандай пайда алышат? Мисал менен түшүндүр.

8 Жеткилеңсиз болгондуктан бизге туура эмес каалоолорубузду тизгиндөө оңой эмес. Ошентсе да эркиндикке чыгаруучу мыйзамга бек кармансак, эркиндиктин даамын атүгүл азыр да тата алабыз. Мисалга Жейди алалы. Ал тамеки чекчү. Ыйык Китепти изилдей баштаганда ал адатынын Кудайга жакпай турганын билген. Ошондо ага же денесинин каалоосуна жетеленүүнү, же Кудайга баш ийүүнү тандоого туура келген. Денеси никотинди талап кылып, кыйналса да, ал акылдуулук кылып, Кудайга кызмат кылууну чечкен. Жей жаман адатын жеңгенден кийин кандай сезимде болгон? «Өзүмдү ушунчалык эркин сезип, аябай кубандым»,— деген ал.

9 Жей дүйнөнүн эркиндиги «денеге мүнөздүү нерселерди ойлоого» түрткү берип, адамды күнөөнүн кулуна айлантарын, ал эми Жахабанын эркиндиги «рухка мүнөздүү нерселерди ойлоого» түрткү берип, адамды чындап эркин кыларын жана «өмүр менен тынчтык алып келерин» өз тажрыйбасынан түшүнгөн (Рим. 8:5, 6). Ал жаман адатынын кулчулугунан кантип бошонгон? Өз күчү менен эмес, Кудайдын жардамы менен. «Мен Ыйык Китепти үзбөй окуп-изилдечүмүн, Кудайдан ыйык рух сурап тиленчүмүн жана жыйналыштагыларга жардам сурап кайрылчумун. Алар дайыма мага сүйүү көрсөтүп, жөлөк-таяк болушчу»,— дейт Жей. Ушул нерселер бизге да чыныгы эркиндикке жетүүгө жардам берет. Кандайча?

КУДАЙДЫН СӨЗҮН КЫЛДАТ ИЗИЛДЕ

10. Кудайдын мыйзамын кылдат изилдөө деген эмнени билдирет?

10 Жакып 1:25те: «Ким эркиндикке чыгаруучу жеткилең мыйзамды кылдат изилдеп, ага ылайык жашаса,.. аткаруучу болот, ошондуктан бактылуу болот»,— делет. «Кылдат изилдөө» деп берилген грек сөзү бир нерсени жакшылап караш үчүн эңкейүү деген маанини туюнтат. Бул болсо бүт күч-аракетти жумшоону талап кылат. Ооба, эркиндикке чыгаруучу мыйзамдын акылыбыз менен жүрөгүбүзгө таасир этишин кааласак, Ыйык Китепти кылдат изилдешибиз жана окугандарыбыз жөнүндө тиленүү менен ой жүгүртүшүбүз керек (1 Тим. 4:15).

11, 12. а) Иса Машаяк дайыма чындыкка ылайык жашоо маанилүү экенин кантип баса белгилеген? б) Жогоруда көрсөтүлгөндөй, жаштар өзгөчө эмнеден сак болушу керек?

11 Андан сырткары, биз Кудайдын Сөзүнө ылайык жашап, дайыма чындык жолунда жүрүшүбүз зарыл. Иса Машаяк ага ишенген кишилерге ушу сыяктуу ойду айтып: «Эгерде менин сөздөрүм боюнча жашасаңар, анда чындап менин шакирттеримсиңер. Силер чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат»,— деген (Жкн. 8:31, 32). Бир эмгекке ылайык, бул жердеги «таанып-билүү» деген сөз «баалоо» деген да маанини туюнтат, анткени «кайсы бир нерсени таанып-билген киши үчүн ошол билген нерсеси баалуу же маанилүү болот». Демек, дайыма чындык жолунда жүргөндө гана аны толук мааниде «таанып-билген» болобуз. Ошондо «Кудайдын сөзү» бизге «таасир этип», асмандагы Атабыздын сапаттарын толугураак чагылдыра алышыбыз үчүн, кулк-мүнөзүбүздү калыптап жатат деп ишенимдүү түрдө айта алабыз (1 Тес. 2:13).

12 Андыктан: «Мен чындыкты таанып-билдимби? Дайыма ага ылайык жашаймбы? Же дагы эле дүйнө сунуштаган „эркиндикти“ эңсеп жатамбы?» — деп ойлонуп көр. Ата-энеси Жахабага кызмат кылган бир эже жаш кезин эскерип, мындай дейт: «Чындык жолунда чоңойсоң, Жахабанын бар экенине ишенесиң. Бирок мен аны чындап таанып-билген эмесмин. Ал жек көргөндү жек көрүүгө үйрөнгөн эмесмин. Кылган иштерим ага таасир этет деп эсептечү эмесмин. Башыма кыйынчылык түшкөндө, ага кайрылуу оюма да келчү эмес. Мен өз түшүнүгүмө гана таянчумун. Азыр ойлосом, акылсыздык кылчу экем, анткени эч нерсе билчү эмесмин». Бактыга жараша, кийинчерээк ал бир тууган аябай эле туура эмес ой жүгүртүп жатканын түшүнүп, чоң өзгөрүүлөрдү кылган. Атүгүл үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кыла баштаган.

ЫЙЫК РУХ ЭРКИН БОЛУУГА ЖАРДАМ БЕРЕТ

13. Кудайдын ыйык руху бизге эркин болууга кандайча жардам берет?

13 2 Корунттуктар 3:17ден: «Жахабанын руху бар жерде эркиндик бар»,— дегенди окуйбуз. Ыйык рух эркин болушубузга кандайча жардам берет? Мисалы, ал бизге эркин болушубузга өбөлгө түзө турган «сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамкайлык, боорукердик, жакшылык, ишеним, жумшактык, өзүн өзү кармай билүү» сыяктуу сапаттарды өрчүтүүгө көмөк кылат (Гал. 5:22, 23). Ал сапаттарсыз, айрыкча, сүйүүсүз бир да коомчулук чындап эркин боло албайт. Муну азыркы дүйнөдөгү абал тастыктап турат. Кызыктуусу, элчи Пабыл рухтун жемишине кирген сапаттарды санап өткөндөн кийин: «Буларга каршы эч кандай мыйзам жок»,— деп кошумчалаган. Ал эмнени айткысы келген? Ал сапаттардын өрчүшүн чектеген бир да мыйзам жок (Гал. 5:18). Жахаба биздин Машаяктыкындай сапаттарды улам көбүрөөк өрчүтүп, түбөлүктөн түбөлүккө чагылдыра беришибизди каалап жатса, андай мыйзамдын зарылдыгы барбы?

14. Дүйнөнүн руху ага жетектелгендерди кандай мааниде кулга айлантат?

14 Дүйнөнүн рухуна жетектелгендер жана денелик кумарларын каалашынча кандыргандар өздөрүн эркинбиз деп ойлошу мүмкүн. (Оку: 2 Петир 2:18, 19.) Бирок чынында иштин жөнү таптакыр башкача. Себеби алардын зыяндуу каалоолорун, жүрүм-турумун ооздукташ үчүн толгон токой эрежелер, жоболор талап кылынат. Элчи Пабыл мыйзамдын «адил адамдар үчүн эмес, мыйзамсыз, баш ийбес... адамдар үчүн» берилгенин айткан (1 Тим. 1:9, 10). Алар денесинин — ырайымсыз кожоюндун — «каалоолору боюнча жашагандыктан» күнөөнүн кулу болуп калышкан (Эф. 2:1—3). Курт-кумурскалар идиштеги балдын жытына тартылып барып, жабышып чыга албай калгандай эле, андай кишилер денесинин каалоолоруна жетеленип отуруп, күнөөнүн торуна түшүп калышат (Жкп. 1:14, 15).

ЖЫЙНАЛЫШТАГЫ ЭРКИНДИК

15, 16. Кудайдын элинин жыйналышында болгонубуз эмне үчүн зор сыймык жана биз кандай эркиндикке ээбиз?

15 Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышына сен өзүң каалагандыктан эле мүчө болуп калган эмессиң, сени Жахаба өзү алып келген (Жкн. 6:44). Эмне үчүн? Адил, Кудайдан корккон адам болгонуң үчүнбү? «Кайдан!» — дейттирсиң. Анда ал эмнеңди байкаган? Өзүнүн эркиндикке чыгаруучу мыйзамына жана жетекчилигине баш ийүүнү каалаган жүрөгүңдү. Жыйналыш аркылуу Жахаба жүрөгүңдү азыктандырган: өзүнүн Сөзү аркылуу окутуп-үйрөткөн, жалган диндин, ырым-жырымдардын кулчулугунан бошоткон жана Машаяктыкындай сапаттарды өрчүтүүгө үйрөткөн. (Оку: Эфестиктер 4:22—24.) Ошентип, сен «эркин эл» деп аталууга татыктуу дүйнөдөгү жападан жалгыз элге кошулгансың (Жкп. 2:12).

16 Ойлонуп көрсөң: Жахабаны бүт жүрөгү менен жакшы көргөндөрдүн арасында жүргөнүңдө коркосуңбу? Чочулап, эки жагыңды карай бересиңби? Падышалык залында пикир алышып жатканда, буюмдарың жоголуп кетпеши үчүн, бекем кармап аласыңбы? Албетте, жок! Тескерисинче, ал жактан өзүңдү коопсуз, эркин сезесиң. Ал эми Жахабага кызмат кылбаган кишилердин арасында өзүңдү ошондой сезесиңби? Айтыш кыйын. Белгилей кетчү нерсе, азыр биз Кудайдын элинин арасында ээ болуп жаткан эркиндик келечекте ээ боло турган эркиндиктин чети эле.

«КУДАЙДЫН УУЛДАРЫ КАТАРЫ ДАҢКТУУ ЭРКИНДИККЕ ЧЫГАБЫЗ»

17. Адамзаттын эркиндиги «Кудайдын уулдарынын даңкы ачык көрүнө турган убак» менен кандай байланышта?

17 Кудай өзүнүн жердеги кызматчыларына бере турган эркиндик тууралуу талкуулап жатып Пабыл: «Жаратылгандар Кудайдын уулдарынын даңкы ачык көрүнө турган убакты эңсеп күтүп жатат»,— деп жазган. Анан: «Алар өзүлөрү да жок болуу кулчулугунан бошонуп, Кудайдын уулдары катары даңктуу эркиндикке чыгарына үмүттөнүшөт»,— деп кошумчалаган (Рим. 8:19—21). «Жаратылгандар» жерде жашоого үмүттөнгөн жана Кудайдын ыйык рух менен майланган уулдарынын «даңкы ачык көрүнө турган убакта» бата ала турган адамдарды билдирет. Кудайдын асманда жашоого тирилген «уулдары» Машаяк менен бирге жерди жамандыктан тазалаганда жана «эбегейсиз көп адамдарды» жаңы дүйнөгө алып киргенде, алардын даңкы ачык көрүнө баштайт (Аян 7:9, 14).

18. Адамзат кандайча барган сайын көбүрөөк эркиндикке ээ боло берет?

18 Кун төлөп сатып алынган адамзат эркиндиктин жаңы түрүнө ээ болот: Шайтан менен жиндердин таасиринен арылат (Аян 20:1—3). Ошондо адамзат кандай гана жеңилдей түшөт! Андан кийин Машаяк менен бирге бийлик жүргүзө турган 144000 падыша жана дин кызматчы, Адам атадан өткөн күнөө менен жеткилеңсиздик толугу менен жоюлганга чейин, куткаруу курмандыгын адамзатты эркиндикке чыгаруу үчүн колдоно берет (Аян 5:9, 10). Ал эми адамдар ишенимдүүлүгүн сактап, сыноодон өткөндөн кийин Жахаба ниет кылган накта эркиндикке — «Кудайдын уулдары катары даңктуу эркиндикке» — ээ болушат. Ойлоп көрсөң, ошол убакта Кудайдын көз алдында туура деп эсептелген нерселерди аткара албай кыйналбайсың, себеби бүтүндөй организмиң жеткилең болот, ошондой эле Кудайдын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдыра аласың.

19. Чыныгы эркиндиктин жолунан чыкпаш үчүн эмне кыла беришибиз керек?

19 «Кудайдын уулдары катары даңктуу эркиндикке чыга» турган убакты эңсеп жатасыңбы? Эгер эңсеп жатсаң, бүт акылың, бүт жүрөгүң менен «эркиндикке чыгаруучу жеткилең мыйзамга» баш ие бер. Ыйык Жазманы кылдат изилде. Дайыма чындыкка ылайык жаша. Ыйык рух сурап тилен. Жыйналыш жолугушууларынан жана Жахаба камсыз кылып жаткан рухий тамактан толук пайда ал. Ошондой эле, Обо энеге окшоп, Шайтандын Кудайдын жолдору адамдын эркиндигин чектейт деген калпына алданып калба. Ибилис абдан куу. Бирок биз ага алданбай, чындык жолунда бекем тура алабыз, «себеби анын айла-амалдары бизге белгилүү». Муну эмки макалада талкуулайбыз (2 Кор. 2:11).

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Дагы деле дүйнө сунуштаган «эркиндикти» эңсеп жатамбы?

[9-беттеги сүрөт]

Дайыма чындыкка ылайык жашаймбы?