Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба мени эркин аткарууга үйрөттү

Жахаба мени эркин аткарууга үйрөттү

Өмүр баян

Жахаба мени эркин аткарууга үйрөттү

АЙТЫП БЕРГЕН: МАКС ЛЛОЙД

1955-жылы бир миссионер экөөбүз Түштүк Америкадагы Парагвайда кызмат кылып жүргөн элек. Бир жолу түн бир оокумда биз токтогон үйдү жаалданган топ курчап алып: «Биздин кудайыбыз — канкор кудай. Ал чет өлкөлүктөрдүн канын талап кылып жатат»,— деп кыйкыра баштады. Биз, чет өлкөлүктөр, кандайча ал жакка барып калган элек?

МЕН Австралияда туулуп-өскөм. Ошол жактан Жахаба мени өзүнүн эркин аткарууга үйрөтө баштаган. 1938-жылы атама Жахабага кызмат кылган бир аял «Душмандар» деген китеп бериптир. Атам менен апамдын ага чейин эле жергиликтүү диний жетекчиден көңүлү калып калган эле, анткени ал Ыйык Китептеги айрым билдирүүлөрдү уламыш деп эсептечү. Бир жылдай өткөндөн кийин, ата-энем Жахабага арналганын көрсөтүп чөмүлдү. Ошондон тартып Жахабанын эркин аткаруу бүт үй-бүлөбүз үчүн эң маанилүү иш болуп калды. Ата-энемден кийин менден 5 жаш улуу Лесли эжем чөмүлдү. Ал эми мен 1940-жылы 9 жашымда чөмүлдүм.

Экинчи дүйнөлүк согуш башталгандан көп өтпөй, Австралияда Жахабанын Күбөлөрүнө адабияттарын басып чыгарууга жана таратууга тыюу салынды. Ошондуктан эмнеге ишенеримди Ыйык Китепти гана колдонуп түшүндүрүп берүүгө кичинекейимен эле үйрөндүм. Эмне себептен желекке таазим кылбай турганымды же согуш үчүн жасалган иш-аракеттерди колдобой турганымды көрсөтүп берүү үчүн Ыйык Китебимди дайыма мектепке ала барчумун (Чыг. 20:4, 5; Мт. 4:10; Жкн. 17:16; 1 Жкн. 5:21).

Мектептегилердин көбү мени: «Немистердин тыңчысы» — деп, кошпой коюшчу. Ошол убактарда мектепте фильмдер көрсөтүлө турган. Фильм башталардан мурун, баары ордунан туруп, өлкөнүн улуттук гимнин ырдоого тийиш эле. Бирок мен ордуман турчу эмесмин. Ошондо 2-3 бала чачыман тартып тургузууга аракет кылчу. Ыйык Китептеги принциптерге карманганым үчүн акыры мектептен чыгарылдым. Бирок үйдөн кат аркылуу билим алууну уланта бердим.

КӨКСӨГӨН МАКСАТЫМА ЖЕТИШИМ

Алдыма 14 жашка чыкканда пионер болуп, толук убакыт кызмат кылам деген максат койгон болчумун. Ошондуктан ата-энем адегенде жумуш таап, иштешим керектигин айтканда, аябай көңүлүм чөктү. Алар жашаган жерим менен жеген тамагым үчүн төлөшүм керектигин жана 18ге чыкканда сөзсүз пионер болорумду айтышты. Ошондон улам тапкан акчам жөнүндө көп сүйлөшчүбүз. Ал акчаны кийин пионер болгондо керектеш үчүн сактап койгум келерин айтсам да, алар алып коюшчу.

Пионердик кызматты баштаар убакыт келип жеткенде, ата-энем жаныма отуруп, мен берген акчаны банкка чогултуп жүрүшкөнүн айтышты. Анан кийим-кечек жана пионер болгондо керектеле турган башка нерселерди сатып алышым үчүн, ал акчанын баарын кайра колума беришти. Алар мага башкаларга жүк болбой, өзүмө өзүм кам көрүшүм керектигин үйрөтүш үчүн ошентишиптир. Ойлоп көрсөм, алар мени абдан пайдалуу нерсеге үйрөтүшүптүр.

Лесли эжем экөөбүз бала кезде, пионерлер биздикине көп токтой турган, ошондуктан алар менен көп кызматташар элек. Дем алыш күндөрүбүздү үймө-үй, көчөдө кабар айтууга, ыйык китептик изилдөө өткөрүүгө арначубуз. Ал убакта жыйналыштагы жарчылардын максаты ай сайын 60 саат кабар айтуу болчу. Апам ал максатка дээрлик ар бир айда жетчү. Муну менен Лесли эжем экөөбүзгө сонун үлгү көрсөтчү.

ТАСМАНИЯДА ПИОНЕР БОЛУШУМ

Пионердик кызматты баштаганда алгач Австралияга караштуу Тасмания аралына дайындалып, ал жакта кызмат кылып жаткан эжем менен жездеме кошулдум. Бирок алар көп өтпөй эле Гилат мектебинин 15-классынан билим алганы кетишти. Мен аябай тартынчаак болчумун, анын үстүнө, үйдөн эч жакка чыга элек элем. Ошондуктан айрымдар мени ал жакта үч эле ай чыдайт деп ойлошкон. Бирок мен ал жакта калып, бир жылдын ичинде, 1950-жылы, шериктик кызматчысы, азыркы тил менен айтканда, аксакалдар кеңешинин координатору болуп дайындалдым. Кийинчерээк атайын пионер болуп дайындалдым; шеригим бир жаш бир тууган болду.

Экөөбүз жез кени иштетилген, бир да Жахабанын Күбөсү жок алыскы шаарчага дайындалдык. Ал жакка автобус менен кечке жуук жетип, ошол күнү эски мейманканага токтодук. Эртеси үймө-үй кабар айтып, тургундардан бөлмө берчүлөр бар-жогун сурап жүрдүк. Кеч кирип калганда, бир аял пресвитериан чиркөөсүнүн жанындагы чиркөө кызматчысынын үйү бош экенин, бирок анын өзү менен сүйлөшүп көрүшүбүз керектигин айтты. Ал киши бизди жылуу кабыл алып, үйүн жашап турганга берди. Күн сайын чиркөө кызматчысынын үйүнөн чыгып, кабар айтканы кетип баратканыбыз кызыктай көрүнчү.

Ал аймак аябай жемиштүү эле. Көптөр менен кызыктуу маек куруп, көп ыйык китептик изилдөө баштадык. Борбордогу чиркөө башчылары чиркөө кызматчысынын үйүндө Жахабанын Күбөлөрү жашап жатканын укканда андан бизди дароо үйүнөн чыгарышын талап кылышыптыр. Ошентип, дагы көчөдө калдык.

Эртеси саат үчтөргө чейин кабар айтып, андан кийин түнөк жай издей баштадык. Биз тапкан эң эле жакшы жай стадиондун отургучтары болду. Чемодандарыбызды ал жакка катып коюп, андан ары кабар айтканы кеттик. Күүгүм кирип бараткан эле. Бирок көчөнүн аягына чейин бир нече эле үй калгандыктан, аларга да кирип коёлу деп чечтик. Анан ошол үйлөрдүн биринде жашаган бир киши бизге огородунун арт жагындагы эки бөлмөлүү чакан үйүн сунуштап калса болобу!

КЫДЫРУУЧУЛУК ИШ ЖАНА ГИЛАТ

Ошол жакта кызмат кылганыма 8 айдай болуп калганда, Австралиядагы филиалдан кат келди. Бир туугандардын мага райондук көзөмөлчү болууну сунуштаганын окуп алып, нес болуп калдым, анткени 20 эле жашта болчумун. Ал кызмат боюнча 2 жума билим алгандан кийин жыйналыштарды бекемдеш үчүн кыдыра баштадым. Жыйналыштардагы бир туугандардын дээрлик баары менден улуу болушса да, мени жашсынтышчу эмес, тескерисинче, аткарып жаткан кызматымды абдан баалашчу.

Жыйналыштан жыйналышка барыш үчүн ар кандайча жол жүрүүгө туура келчү. Бир жума автобус, бир жума трамвай, андан кийинки жума машине менен жол жүрчүмүн же бир колума чемоданымды, экинчи колума кабарда көтөргөн сумкамды эптеп кармап, мотоциклге учкашып алчумун. Ишенимдештерибиздин үйүнө түнөгөн өзүнчө эле ырахат болчу. Бир жолу бир шериктик кызматчысы, үйү бүтө элек болсо да, менден аныкында жашоону өтүндү. Ошол жума бою жаткан жерим ванна болду, бирок экөөбүз тең аябай бекемделдик.

1953-жылы дагы бир күтүлбөгөн кубанычтуу окуя болду: Гилат мектебинин 22-классына чакырылдым. Буга бир чети кубансам, бир чети тынчсыздандым. Анткени эжем менен жездем 1950-жылы 30-июлда Гилат мектебин бүткөндөн кийин Пакистанга дайындалган болчу. Анан бир жылга жетпей эле эжем ооруп, ошол жакта каза болуп калган. Эми андан көп өтпөй эле менин да башка өлкөгө кетеримди укканда ата-энем кандай сезимде болот болду экен деп ойлонуп жаттым. Бирок алар: «Жахаба каякка жиберсе, ошол жакка бара бер»,— дешти. Ошол бойдон атамды көргөн жокмун: ал 1957-жылы каза болуп калды.

Мектепке чакырылгандан алгандан көп өтпөй башка австралиялык 5 бир тууган менен бирге кеме менен Нью-Йорк шаарына 6 жумалык сапарга аттандык. Жолдо карай Ыйык Китепти окуп-изилдеп, жүргүнчүлөргө кабар айтып бардык. Гилат мектеби өткөрүлчү Саут-Лансинг шаарына (Нью-Йорк штаты) барар алдында Янки стадионунда болгон эл аралык жыйынга катыштык. 1953-жылы июлда өткөрүлгөн ал жыйынга катышкандардын эң жогорку саны 165829га жетти!

Классыбыздагы 120 студент жердин ар кайсы бурчунан келиптир. Кимдин кайсы өлкөгө дайындалганы бүтүрүү аземинде гана айтылды. Анан ар бирибиз өзүбүз дайындалган өлкө жөнүндө билиш үчүн учкан тейден Гилат мектебинин китепканасына жөнөдүк. Мен дайындалган Парагвай саясий төңкөрүштөрү менен атагы чыккан өлкө экен. Ал жакка баргандан көп узабай, эртең менен жанымдагы миссионерлерден: «Түнүчүндө эмне „майрам“ болду?» — деп сурасам, алар жылмайып: «Бул — сенин биринчи төңкөрүшүң. Эшикти карасаң»,— дешти. Карасам — жайнаган аскерлер жүрүптүр.

ЭСТЕН КЕТКИС ОКУЯ

Бир жолу «Жаңы дүйнө коому иш-аракетте» деген тасманы көрсөтүш үчүн райондук көзөмөлчү менен алыс жакта жайгашкан жыйналыштарга жөнөдүк. Экөөбүз адегенде поезд, анан ат, андан ары ат араба, акырында өгүзгө чегилген араба менен баш-аягы 8-9 саат жол жүрдүк. Генератор менен проекторду алып алган болчубуз. Ал жакка жеткендин эртеси ар кайсы фермаларды кыдырып, баарын кечинде тасманы көрүп кетүүгө чакырдык. 15 чакты киши келди.

Тасманы койгонубузга 20 мүнөттөй болгондо, бизге тезинен үйгө киришибиз керектигин айтышты. Биз проекторду алып, шак эле үйгө кирип кеттик. Анан, жогоруда кеп кылганымдай, курал-жаракчан бир топ киши келип, аткылап: «Биздин кудайыбыз — канкор кудай. Ал чет өлкөлүктөрдүн канын талап кылып жатат»,— деп кыйкырып жатышты. Ал жакта эки эле чет өлкөлүк бар болчу; алардын бири мен элем. Тасманы көргөнү келгендер сүрмө топту үйгө киргизбей коюшту. Бирок алар түнкү үчтөрдө кайра келип, аткылап, эртеси шаарга кетип бараткан жериңерден кармайбыз деп коркутуп кетишти.

Ошондуктан эки бир тууган полиция кызматкери менен байланышты. Түш ооп калганда, ал бизди шаарчага алып кетиш үчүн эки ат жетелеп келди. Жолдон бадалдар же дарактар жыш өскөн жерге жакындаган сайын, ал алдыга түшүп, тапанчасын сунуп, айлана-тегеректи кылдат текшерип жатты. Ошол окуядан улам аттын жакшы унаа экенин түшүнүп, кийинчерээк бир ат сатып алдым.

КӨБҮРӨӨК МИССИОНЕРЛЕРДИН КЕЛИШИ

Диний жетекчилердин тынымсыз каршылык көрсөткөнүнө карабай, кабар айтуу иши ийгиликтүү жүрүп жатты. 1955-жылы 5 жаңы миссионер келди. Алардын арасында Гилат мектебинин 25-классын бүтүргөн Элси Свенсон деген канадалык жаш бир тууган да бар болчу. Ал башка шаарчага дайындалгыча биз менен чогуу филиалда жашап турду. Ата-энеси чындык жолуна түшпөсө да жана ага көп деле жардам көрсөтүшпөсө да, ал бүт өмүрүн Жахабага кызмат кылууга арнаптыр. 1957-жылы 31-декабрда экөөбүз баш кошуп, Парагвайдын түштүгүндөгү миссионерлер үйүндө жашай баштадык.

Үйүбүздөн суу чыкчу эмес; сууну короодогу кудуктан ташып келчүбүз. Үйдө душ да, даараткана да, кир жуугуч машине да, атүгүл муздаткыч да жок болчу. Бат бузула турган азык-түлүктү күн сайын сатып алар элек. Бирок жөнөкөй жашагандыктан жана жыйналыштагы бир туугандар менен ынак болгондуктан, ошол күндөр үй-бүлөлүк жашообуздагы эң бактылуу күндөрүбүз болду десем жаңылышпайм.

1963-жылы апамды көргөнү Австралияга бардык. Уулу менен 10 жылдан бери эми көрүшүп жатканына аябай толкунданып кеткендиктенби, апамдын жүрөгү кармап калды. Кайра Парагвайга кете турган күнүбүз жакындаганда жашообуздагы эң оор чечимдердин бирин чыгарышыбыз керек болду. «Бирөө жарым кам көрөр деп, ооруканада жаткан апамды калтырып, жакшы көргөн кызматыбызды улантыш үчүн Парагвайга кайра барышыбыз керекпи?» — деп ойлондук. Көп жолу тиленгенден кийин Элси экөөбүз апамдын жанында калууну чечтик. Апам 1966-жылы каза болгонго чейин, ага да кам көрүп, толук убактагы кызматыбызды да уланта бердик.

Австралияда көп сыймыктуу жоопкерчиликтерди аркаладым, мисалы, бир топ жыл райондук жана облустук көзөмөлчү болуп кызмат кылдым, ошондой эле аксакалдар үчүн уюшулган Падышалык кызмат мектебинде сабак бердим. Анан жашообузда дагы бир өзгөрүү болду: мен Австралиядагы филиалдын алгачкы комитетинин мүчөсү болуп дайындалдым. Ал эми жаңы филиалды куруу иштери башталганда, курулуш комитетинин төрагасы болуп дайындалдым. Көптөгөн тажрыйбалуу, иштерман бир туугандардын жардамы менен кооз филиал курулду.

Кийин өлкөдөгү кабар айтуу ишин көзөмөлдөгөн кызмат бөлүмүнө дайындалдым. Андан сырткары, зоналык көзөмөлчү катары дүйнө жүзүндөгү башка филиалдарды кыдырып, бир туугандарга дем-күч берип, көмөк көрсөтүү сыймыгына ээ болдум. Айрым өлкөлөргө барганда Жахабага болгон берилгендигин сактаганы үчүн бир нече, атүгүл ондогон жылдар бою түрмөлөрдө, концлагерлерде отурган бир туугандар менен жолугушуу мен үчүн өзгөчө бекемдээрлик болду.

УЧУРДАГЫ ДАЙЫНДООБУЗ

2001-жылы зоналык сапардан кийин узак жол жүрүп, чарчап келсек, Бруклинге (Нью-Йорк) чакыруу каты келиптир. Ал катта бир туугандар мага Кошмо Штаттардагы жаңы уюшулган Филиалдын комитетине мүчө болууну сунуш кылышыптыр. Элси экөөбүз ал тууралуу тиленип, ой жүгүрткөндөн кийин аны кубаныч менен кабыл алдык. Ошентип, 11 жылдан ашуун убактан бери Бруклинде кызмат кылып жатабыз.

Жахаба эмнени сурабасын, баарын кылууга дилгир жан шеригим болгонуна абдан сүйүнөм. Элси экөөбүз тең азыр 80ден ашып калдык, бирок ден соолугубуз салыштырмалуу жакшы. Биз Жахабадан түбөлүктөн түбөлүккө билим ала турган жана анын эркин дайыма аткаргандар мол бата ала турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

[19-беттеги сүрөт]

Бир жума автобус, бир жума трамвай, андан кийинки жума машине менен жол жүрчүмүн же бир колума чемоданымды, экинчи колума кабарда көтөргөн сумкамды эптеп кармап, мотоциклге учкашып алчумун

[21-беттеги сүрөт]

Жахабадан түбөлүктөн түбөлүккө билим ала турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатабыз

[18-беттеги сүрөт]

Солдо: Австралияда райондук көзөмөлчү болуп жүргөндө Оңдо: ата-энем менен

[20-беттеги сүрөт]

Баш кошкон күнү, 1957-жыл 31-декабрь