Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба үй-бүлөсүн бириктирет

Жахаба үй-бүлөсүн бириктирет

Жахаба үй-бүлөсүн бириктирет

«Силерден суранам: ...рух берген биримдикти сактоого... умтулгула» (ЭФ. 4:1, 3).

ЭМНЕ ДЕП ТҮШҮНДҮРӨТ ЭЛЕҢЕР?

Кудайдын «иш алып баруусунун» максаты эмне?

Канткенде «рух берген биримдикти сактай» алабыз?

Бири-бирибизге «кайрымдуу... болууга» эмне жардам берет?

1, 2. Жахабанын жерге жана адамзатка байланыштуу ой-ниети кандай?

ҮЙ-БҮЛӨ. Бул сөздү укканда оюңарга шак эле эмне келет? Жылуу-жумшак мамилеби? Бакытпы? Чогуу-чаран бир максатка умтулуубу? Өркүндөп-өсүүгө, үйрөнүп-билүүгө, ой бөлүшүүгө өбөлгө түзгөн коопсуз жайбы? Жакшы үй-бүлөдөн болсоңор, оюңарга дароо эле ушулар келиши мүмкүн. Үй-бүлөнү Жахаба негиздеген (Эф. 3:14, 15). Ал асмандагы жана жердеги жаратууларынын баарынын бир үй-бүлө катары биримдикте, бири-бирине ишенип, коопсуз жашашын ниет кылган.

2 Тилекке каршы, Адам ата менен Обо эне күнөө кетиргенден кийин, адамзат Кудайдын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болбой калган. Бирок бул Жахабанын ой-ниетинин жүзөгө ашышына бөгөт болгон эмес. Ал келечекте жер бетиндеги Бейишти Адам ата менен Обо эненин урпактарына толтурат (Башт. 1:28; Ыш. 45:18). Ошол ой-ниети аткарылышы үчүн, ал бардык чараларды көргөн. Бул тууралуу Ыйык Жазмадагы Эфестиктер китебинен көп нерсе биле алабыз. Ал китептин негизги темасы — биримдик. Келгиле, андагы айрым аяттарга токтолуп, канткенде Жахабанын бардык жаратууларын бириктирүүгө байланышкан ой-ниетине ылайык иш кыла аларыбызды карап көрөлү.

КУДАЙДЫН «ИШ АЛЫП БАРУУСУ» ЖАНА АНЫН МАКСАТЫ

3. Эфестиктер 1:10до айтылгандай, Кудай кандайча «иш алып бара» баштаган жана анын биринчи баскычы качан башталган?

3 Жахабанын иштери менен ой-ниети дайыма бири-бирине шайкеш келет. Ошондуктан «белгиленген мезгилдердин соңунда» ал «иш алып бара» баштаган, тактап айтканда, асмандагы жана жердеги аң-сезимдүү жаратууларынын баарын бириктирүүгө чара көрө баштаган. (Оку: Эфестиктер 1:8—10.) Анын иш алып баруусу эки баскычтан турат. Биринчи баскычында Кудай майлангандарды асманда Машаяктын башчылыгы астында жашоого даярдайт. Бул б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында, Жахаба Машаяк менен асманда бийлик кыла тургандарды чогулта баштаганда, башталган (Элч. 2:1—4). Майлангандар Машаяктын куткаруу курмандыгына болгон ишениминин негизинде түбөлүк өмүр сүрүү үчүн адил деп жарыяланганын жана Кудайдын аларды «балдары» катары асырап алганын түшүнүшөт (Рим. 3:23, 24; 5:1; 8:15—17).

4, 5. Кудай «иш алып баруусунун» экинчи баскычында эмне кылат?

4 Кудай «иш алып баруусунун» экинчи баскычында Машаяктын Падышалыгынын бийлиги астында бейишке айланган жерде жашай тургандарды даярдайт. «Эбегейсиз көп адамдар» алардын алгачкылары болот (Аян 7:9, 13—17; 21:1—5). Машаяктын Миң жылдык башкаруусунда ар кайсы доордо жашаган, маданияты, тек-жайы ар кандай миллиарддаган адамдар тирилип, аларга кошулат (Аян 20:12, 13). Ошондо биримдигибизди далилдегенге кандай сонун мүмкүнчүлүгүбүз болот! Миң жылдыктын аягында «жердегилер» акыркы жолу сыналат. Ошол сыноодо ишенимдүүлүгүн далилдегендерди Кудай жердеги балдары катары асырап алат (Рим. 8:21; Аян 20:7, 8).

5 Бүгүнкү күндө Кудай эки топту тең: майлангандарды асманда, ал эми башка койлорду бейишке айланган жерде жашоого даярдап жатат. Бирок канткенде ар бирибиз Кудайдын «иш алып баруусуна» ылайык иш кыла алабыз?

«РУХ БЕРГЕН БИРИМДИКТИ САКТАГЫЛА»

6. Ыйык Жазмада Кудайдын кызматчыларынын чогулуп турушу керектиги кандайча көрсөтүлгөн?

6 Ыйык Жазмада Кудайдын кызматчыларынын сөздүн түз маанисинде чогулуп турушу керектиги айтылган (1 Кор. 14:23; Евр. 10:24, 25). Бирок биримдүү болуу, базарга же спорт аянтына барган кишилердей болуп, бир жерде чогуу болууну эле билдирбейт. Чыныгы биримдик өз ичине андан да көптү камтыйт. Андай биримдикке жетүү үчүн Жахабанын көрсөтмөлөрүнө кулак кагышыбыз жана ыйык рухунун жетегине даярдуулук менен баш ийишибиз зарыл.

7. «Рух берген биримдикти сактоо» эмнени билдирет?

7 Ооба, Жахаба Иса Машаяктын куткаруу курмандыгынын негизинде майлангандарды уулдары катары, ал эми башка койлорду достору катары адил деп жарыялайт. Ошентсе да биз бул дүйнөдө жашап жаткандыктан, ортобузда пикир келишпестиктердин боло берери турган иш (Рим. 5:9; Жкп. 2:23). Болбосо Кудай бири-бирибизге «көтөрүмдүү болууга» байланыштуу кеңеш бермек эмес. Анда канткенде ишенимдештерибиз менен биримдикте боло алабыз? «Дайыма момун, жумшак» болушубуз талап. Андан тышкары, элчи Пабыл бизди «рух берген биримдикти сактоого жана тынчтыкта жашоого умтулууга» чакырган. (Оку: Эфестиктер 4:1—3.) Бул Кудайдын ыйык рухуна баш ийип, анын жемишин өрчүтүүнү камтыйт. Ал эми анын жемиши, дайыма бөлүп-жарган дененин иштеринен айырмаланып, адамдардын ортосундагы жараканы бүтөйт.

8. «Күнөөгө баткан дененин иштери» кандай мааниде биримдикке доо кетирет?

8 «Күнөөгө баткан дененин иштери» кандайча биримдикке доо кетирерин карап көрөлү. (Оку: Галатиялыктар 5:19—21.) Бузуктук адамды Жахабадан жана жыйналыштан ажыратат, ал эми ойноштук балдарды ата-энесинен, бейкүнөө жубайды өмүрлүк жарынан бөлүп, азапка салат. Ыпыластык таза эмес иш кылууну билдирет. Эки нерсенин бири таза эмес болсо, алар бири-бирине жакшы чапталбагандай эле, таза эмес иштерди кылган киши Кудай жана анын эли менен биримдикте боло албайт. Уятсыз жүрүм-турум Кудайдын адил мыйзамдарын таптакыр баркка албагандыкты көрсөтөт. Күнөөгө баткан дененин башка иштери да адамдарды бири-биринен жана Кудайдан ажыратат. Мындай иштерди Кудай жек көрөт.

9. «Рух берген биримдикти сактоого» бүт күчүбүздү жумшап жаткан-жатпаганыбызды кантип текшере алабыз?

9 Андыктан ар бирибиз өзүбүзгө төмөнкү суроолорду берип көрүшүбүз кажет: «„Рух берген биримдикти сактоого жана тынчтыкта жашоого“ канчалык аракет кылам? Бир туугандар менен болгон мамилемде көйгөй пайда болгондо, эмне кылам? Досторумдун арасынан мени колдой тургандарды табыш үчүн ал тууралуу баарына эле айта беремби? Бир тууганым менен элдешүүгө өзүм аракет кылбастан, ал көйгөйдү аксакалдардын чечип беришин күтөмбү? Кимдир бирөөнүн мага нааразычылыгы бар болсо, ал тууралуу кеп козгобошу үчүн, андан кача беремби?» Эгер ошентсек, Кудайдын баарын кайрадан Машаяктын башчылыгы астында бириктирүүгө байланышкан ой-ниетине шайкеш иш кылган болот белек?

10, 11. а) Бир туугандарыбыз менен тынчтыкта болгонубуз канчалык маанилүү? б) Арабызда тынчтык өкүм сүрүшүнө жана рухий жактан гүлдөп-өсүшүбүзгө эмне өбөлгө түзөт?

10 Иса пайгамбар: «Курмандык жайына курмандык алып келгениңде, ал жерден бир тууганыңдын сага нааразычылыгы бар экенин эстесең, курмандыгыңды ошол жерге калтыргын да, барып, адегенде бир тууганың менен элдеш, ошондон кийин гана курмандыгыңды чал. Сага каршы арызданган адам менен... элдеш»,— деген (Мт. 5:23—25). Шакирт Жакып: «Адилдиктин жемишин бере турган үрөн тынчтыкка умтулгандардын арасында тынчтык бар жерде себилет»,— деп жазган (Жкп. 3:17, 18). Ошондуктан тынчтыкты сактабасак, адил боло албайбыз.

11 Мисал үчүн, эсептөөлөрдөн көрүнгөндөй, согуш болуп өткөн айрым өлкөлөрдө, эгер адамдар талаасында миналар болуп калат деп коркпосо, 35 пайызга көбүрөөк жер иштетилмек. Мина жарылганда, дыйкандар жерлерин таштап кетишет, айыл-кыштактарда жумуш токтойт, ошонун айынан шаарларда азык-түлүк жетишсиз болуп калат. Анын сыңарындай, башкалар менен ынтымакта болууга тоскоолдук кылган сапаттарыбыздан арылбасак, рухий жактан өсө албайбыз. Ал эми кечирүүгө даяр болсок жана башкалардын камын ойлосок, өзүбүздүн да, алардын да рухий жактан гүлдөп-өсүшүнө шарт түзөбүз.

12. Аксакалдар биримдикте болушубузга кантип жардам беришет?

12 «Адам түрүндөгү белектер» да биримдикке чоң салым кошушат. Алар бизге «ишеним жагынан биримдикке» жетүүгө жардам бериш үчүн берилген (Эф. 4:8, 13). Аксакалдардын биз менен ийиндеш туруп ыйык кызмат кылганы жана Кудайдын Сөзүнүн негизинде баамчылдык, түшүнүү менен кеңеш бергени бизге жаңы табиятты кийүүгө жардам берет (Эф. 4:22—24). Алар кеңеш бергенде, Жахабанын аларды колдонуп, силерди Уулу башкара турган жаңы дүйнөдө жашоого даярдап жатканын унутпагыла. Ал эми силер, аксакалдар, башкаларды оңдоп-түзөгөндө ошол максатты эсиңерде сактайсыңарбы? (Гал. 6:1).

«БИРИ-БИРИҢЕРГЕ КАЙРЫМДУУ... БОЛГУЛА»

13. Эфестиктер 4:25—32-аяттардагы кеңешти колдонбосок, натыйжасы кандай болот?

13 Эфестиктер 4:25—29-аяттарда эмнелерден качышыбыз керектиги айтылган. Аларга жалган айтуу, ачуулануу, жалкоолонуу, ошондой эле пайдалуу, бекемдей турган сөздөрдү эмес, чириген сөздөрдү сүйлөө кирет. Эгер адам ошол кеңешти этибарга албаса, Кудайдын рухун капалантат, себеби ыйык рух биримдикти шарттаган күч болуп эсептелет (Эф. 4:30). Тынчтык, биримдик болушу үчүн, элчи Пабылдын төмөнкү кеңешин да колдонуу абдан маанилүү: «Ар кандай жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн, ошондой эле бардык зыяндуу нерселерден арылгыла. Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула. Кудай силерди Машаяк аркылуу айкөлдүк менен кечиргендей, силер да бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле» (Эф. 4:31, 32).

14. а) «Кайрымдуу... болгула» деген сөздөр эмнени көрсөтүп турат? б) Бизге «кайрымдуу болууга» эмне жардам берет?

14 «Кайрымдуу... болгула» деген сөздөр ал сапатты жетиштүү деңгээлде өрчүтө элек болушубуз жана бул жагынан дагы да жакшырышыбыз зарыл болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Ошондуктан башкалардын кызыкчылыгын өзүбүздүкүнөн жогору койгонубуз кандай гана маанилүү! (Флп. 2:4). Балким, кээде башкаларды күлдүрө турган же өзүбүздү акылдуу кылып көрсөтө турган сөздөрдү айткыбыз келеттир, бирок ал кайрымдуулукка же алардын сезимдерин эске алгандыкка жатабы? Ушул нерселер тууралуу алдын ала ой жүгүртүү бизге «кайрымдуу болууга» көмөк кылат.

ҮЙ-БҮЛӨДӨ СҮЙҮҮГӨ ЖАНА УРМАТТООГО ҮЙРӨНГҮЛӨ

15. Эфестиктер 5:28 күйөөлөргө Машаякты тууроого кандайча жардам берет?

15 Ыйык Китепте Машаяктын жыйналышка кылган мамилеси күйөө менен аялдын ортосундагы мамилеге салыштырылат. Бул күйөөнүн аялына жетекчилик кылып, кам көрүшү, аны сүйүшү керектигин, ал эми аялдын күйөөсүнө баш ийиши керектигин түшүнүүгө жардам берет (Эф. 5:22—33). Элчи Пабыл: «Ошол сыяктуу эле, күйөөлөр аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн эркек өзүн сүйөт»,— деп жазган. Ал «ошол сыяктуу эле» деген сөздөр менен эмнени айткысы келген? (Эф. 5:28). Андан мурунку аяттарда ал Машаяктын «жыйналышты сүйүп, ал үчүн өмүрүн бергенин», «аны Кудайдын сөзүнүн суусу менен жууп-тазалаганын» айткан. Ооба, Кудайдын кайрадан бардыгын Машаяктын бийлиги астында бириктирүүгө болгон ой-ниетине ылайык иш кылыш үчүн үй-бүлө башчысы үйүндөгүлөрүнө Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүүгө жардам бериши керек.

16. Ата-энелер Кудай тапшырган жоопкерчиликтерин жакшы аткарса, жыйынтыгы кандай болот?

16 Ата-энелер Кудайдын аларга балдарына кам көрүү жоопкерчилигин артканын эсинен чыгарбашы кажет. Өкүнүчтүүсү, азыркы учурда дүйнөдө көптөр «жакындарын сүйүшпөйт» (2 Тим. 3:1, 3). Канчалаган аталар өз милдеттерин аткарбагандыктан, балдары өзүн бактысыз сезип, кыйналып келет. Элчи Пабыл аталарга: «Балдарыңарды кыжырдантпагыла, тескерисинче, Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып, аларды анын акыл-насааты менен тарбиялагыла»,— деген кеңеш берген (Эф. 6:4). Балдар сүйүү өрчүтүүгө, бийликке баш ийүүгө эң алгач каяктан үйрөнөт? Үй-бүлөдөн эмеспи? Ошол нерселерди балдарына жакшылап үйрөткөн ата-энелер Жахабанын иш алып баруусуна шайкеш иш кылган болушат. Ата-энелер балдарына кыйкырып, кемсинтерлик сөздөрдү айтпастан, ачуусун тизгиндеп, аларга мээримин төксө, аларды башкаларды сүйүүгө жана бийликти урматтоого эң сонун үйрөтө алышат. Бул балдарды Кудайдын жаңы дүйнөсүндө жашоого даярдайт.

17. Ибилиске каршы туруу үчүн эмне кылышыбыз керек?

17 Эң биринчи болуп ааламдагы тынчтыкты бузган Ибилистин бизге Кудайдын эркин аткарууга катуу каршылык көрсөтөрүн унутпашыбыз керек. Жубайлар ажырашканда, аял менен эркек никеге турбай чогуу жашаганда жана адамдар бир жыныстагылардын никелешүүсүн боло жүргөн нерседей көрүшкөндө, анын көздөгөнү ишке ашкан болот. Бирок биз азыркы учурда көптөр туура көргөн көз карашка карманбайбыз, алардын жүрүм-турумун туурабайбыз. Биз Иса Машаяктын үлгүсүнө карманабыз (Эф. 4:17—21). Ошондуктан Ибилис менен анын жиндерине каршы туруш үчүн «Кудай берген бардык курал-жарактар менен куралданууга» чакырылабыз. (Оку: Эфестиктер 6:10—13.)

«СҮЙҮҮ ЖОЛУНДА ЖҮРГҮЛӨ»

18. Биримдигибиздин ачкычы эмне?

18 Биздин биримдигибиздин ачкычы — сүйүү. Ооба, «бир Кудайыбызды», «бир Мырзабызды» жана бири-бирибизди чын жүрөктөн сүйсөк, «рух берген биримдикти сактоого жана тынчтыкта жашоого» чечкиндүү болобуз (Эф. 4:3—6). Мырзабыз Иса Кудайга кайрылып, андай сүйүү тууралуу мындай деп тиленген: «Мен алар үчүн эле эмес, алардын сөзү аркылуу мага ишене тургандар үчүн да суранам. Ошентип, алардын бардыгы бир болсун. Ата, сен мени менен, мен сени менен биримдикте болгондой эле, алар да экөөбүз менен биримдикте болушсун... Сен мага кандай сүйүү көрсөтсөң, алар да башкаларга ошондой сүйүү көрсөтүшү үчүн жана алар менен биримдикте болушум үчүн, сенин атыңды аларга ачып бердим, дагы да ачып берем» (Жкн. 17:20, 21, 26).

19. Эмне кылууга чечкиндүүсүңөр?

19 Эгер жеткилеңсиздигибизден улам кайсы бир терс сапатыбызды жеңе албай кыйналып жатсак, сүйүү бизге забурчудай болуп: «Ысмыңдан коркушум үчүн, жүрөгүмдү бир бүтүн кыл»,— деп тиленүүгө түрткү бериши керек (Заб. 86:11). Эмесе, бизди мээримдүү Атабыздан жана ага жаккан адамдардан алыстатууга умтулган Ибилиске каршы турууга чечкиндүү бололу. Ошондой эле Кудайдын сүйүктүү балдары катары аны тууроого жана үй-бүлөбүздө болобу, кызматта болобу же жыйналыштабы, дайыма «сүйүү жолунда жүрүүгө» бүт күчүбүздү жумшай берели (Эф. 5:1, 2).

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Курмандыгын курмандык жайына таштап, бир тууганы менен элдешкени баратат

[31-беттеги сүрөт]

Ата-энелер, балдарыңарды урмат көрсөтүүгө үйрөткүлө