Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ким үрөйүмдү учурмак эле?»

«Ким үрөйүмдү учурмак эле?»

«Ким үрөйүмдү учурмак эле?»

«Мага каршы согуш ачышса да, Ага таянам» (ЗАБ. 27:3).

БУЛ АЯТТАРГА ЫЛАЙЫК, САГА КАЙРАТТУУ БОЛУУГА ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

Забур 27:1

Забур 27:4

Забур 27:11

1. 27-забурдан кайсы суроолорго жооп алабыз?

ДҮЙНӨДӨГҮ абал начарлагандан начарлап баратканына карабай, эмне үчүн биздин кабар айтуу ишибиз алга илгерилөөдө? Көптөр экономикалык кыйынчылыктан улам тынчсызданып жатса да, эмне себептен биз ал ишке көп убактыбызды, күчүбүздү арнап жатабыз? Башкалар эртеңки күнүн ойлоп, коркуп жаткан учурда бизге кайраттуу болууга эмне жардам берет? 27-забурдан, Дөөтү падышанын ыйык рухтун жетеги менен жазган ырынан, ушул суроолорго жооп алабыз.

2. Үрөйү учкан киши кандай абалда болот, бирок биз эмнеге бекем ишене алабыз?

2 Дөөтү падыша ал ырын: «Жахаба — менин жарыгым, куткаруучум, кимден коркмок элем? Жахаба — өмүрүмдүн чеби, ким үрөйүмдү учурмак эле?» — деген сөздөр менен баштаган (Заб. 27:1). Бир нерседен жөн эле корккон кишиден айырмаланып, үрөйү учкан кишинин кайраты качып, эч нерсе кыла албай калат. Бирок Жахабага таянгандардын эч кимден, эч нерседен үрөйү учпайт (1 Пет. 3:14). Ооба, эгер Жахабаны чебибиз катары көрсөк, «жамандыктан коркпой, коопсуз жашайбыз» (Накыл 1:33; 3:25). Эмне үчүн минтип айтууга болот?

«ЖАХАБА — МЕНИН ЖАРЫГЫМ, КУТКАРУУЧУМ»

3. Жахаба кандай мааниде жарыгыбыз жана биз эмне кылышыбыз керек?

3 «Жахаба — менин жарыгым» деген метафора анын адамдарды түркөйлүктөн жана рухий караңгылыктан алып чыгарын көрсөтүп турат (Заб. 27:1). Кадимки жарык жолубуздагы коркунуч туудурган же тоскоолдук кылган нерселерди көрүүгө жардам берет, бирок аларды жолубуздан алып салбайт. Алардын айынан зыян тартып калбаш үчүн көргөндөрүбүздү эске алып, акылдуулук менен иш кылышыбыз керек. Анын сыңарындай, Жахаба бизге дүйнөдөгү окуялардын маанисин ачып берет, андагы кооптуу нерселер тууралуу эскертет, ошондой эле Ыйык Китеп аркылуу бизге бардык учурда жардам бере турган кеңештерди берет. Бирок пайда алыш үчүн аларды иш жүзүндө колдонушубуз керек. Эгер ошентсек, душмандары менен устаттарынан акылдуу болгон забурчуга окшоп, акылдуу болобуз (Заб. 119:98, 99, 130).

4. а) Эмне себептен Дөөтү падыша ишенимдүү түрдө: «Жахаба — менин... куткаруучум»,— деп айта алган? б) Жакында Жахаба бизди эмнеден куткарат?

4 Дөөтү падышанын Забур 27:1деги сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, кыязы, ал Жахаба куткарган учурларын дайыма эсинде сактап жүргөн. Мисалы, Жахаба аны «арстан менен аюудан куткарган», ошондой эле алп Голиатты жеңүүгө жардам берген. Кийинчерээк Шабул падыша аны бир нече жолу найза менен саюуга далалат кылганда да, Жахаба өмүрүн сактап калган (1 Шем. 17:37, 49, 50; 18:11, 12; 19:10). Андыктан ал ишенимдүү түрдө: «Жахаба — менин... куткаруучум»,— деп айта алган. Жахаба Дөөтү падышаны куткаргандай эле, жакында бардык кызматчыларын куткарат. Эмнеден? Жакындап келаткан «улуу алааматтан» (Аян 7:14; 2 Пет. 2:9).

ЖАХАБА ЖАРДАМ БЕРГЕН АР БИР УЧУРДУ ЭСТЕП ЖҮР

5, 6. а) Өткөндү эстеп жүрүү кайраттуу болууга кандайча жардам берет? б) Жахабанын өз кызматчыларына жардам берип келгени жөнүндө ой жүгүртүү сени кандайча кайраттандырат?

5 Забур 27:2, 3тө кайраттуу болууга жардам бере турган маанилүү нерсе тууралуу жазылган. (Аяттарды оку.) Ал аяттардан көрүнүп тургандай, Дөөтү пайгамбар Жахаба куткарган учурларын ар дайым көңүлүндө сактап жүргөн (1 Шем. 17:34—37). Бул ага башына түшкөн оор сыноолорду көтөрүп кетүүгө жардам берген. Сен да Жахаба куткарган учурларыңды эстеп, кайрат байлайсыңбы? Маселен, жүрөгүңдү өйүгөн кайсы бир көйгөйүң тууралуу жалындуу тиленгениңде Жахабанын аны көтөрүп кетүүгө акылмандык, күч бергенин сездиң беле? Же кубанычтуу кызмат кылууга тоскоолдук кылган кыйынчылыгыңды чечип бергенин, же кызмат кылууга эшикти кенен ачканын эстей аласыңбы? (1 Кор. 16:9). Ошондой учурларды эстегенде кандай сезимде болосуң? Жахабанын мурункудан да оор кыйынчылыктарды жеңүүгө же көтөрүүгө күч берерине болгон ишенимиң бекемделбейби? (Рим. 5:3—5).

6 Эгер кайсы бир күчтүү өкмөт Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун жок кылууну көздөсөчү? Биздин күндөрдө көптөр ошентүүгө далалат кылып келишти, бирок алардын иш-аракетинен эч майнап чыккан жок. Ырас, Жахабанын өз элине буга чейин кантип жардам берип келгени жөнүндө ой жүгүртүү бизге келечекке ишенимдүү кароого көмөк кылат (Дан. 3:28).

ТАЗА СЫЙЫНУУНУ ЖОГОРУ БААЛА

7, 8. а) Забур 27:4кө ылайык, Дөөтү падыша Жахабадан эмнени сураган? б) Жахабанын улуу рухий ибадатканасы деген эмне жана биз ал жерде кантип сыйынабыз?

7 Кайраттуу болууга жардам бере турган дагы бир маанилүү нерсе — таза сыйынууга болгон сүйүү. (Оку: Забур 27:4.) Дөөтү падышанын күндөрүндө Жахабанын үйү болуп ыйык чатыр эсептелген. Кийинчерээк Дөөтү падыша, уулу Сулайман Жахабага арнап ибадаткана курушу үчүн, баарын даярдап берген. Анткен менен бир канча кылым өткөндөн кийин, Иса Машаяк Жахабага жаккандай сыйынуу үчүн ошол ибадатканага баруунун зарылдыгы болбой каларын айткан (Жкн. 4:21—23). Элчи Пабыл еврейлерге жазган катынын 8—10-бөлүмдөрүндө Иса Машаяк б.з. 29-жылы чөмүлтүлүп, өзүн Жахабанын эркин аткарууга арнагандан тартып, Жахабанын улуу рухий ибадатканасы пайда болгонун айткан (Евр. 10:10). Ал улуу рухий ибадаткана — Жахабанын Иса Машаяктын куткаруу курмандыгына болгон ишенимибиз аркылуу Ага жаккандай жол менен сыйынышыбыз үчүн караштырган чарасы. Биз ал ибадатканада кантип сыйынабыз? «Таза жүрөк, толук ишеним менен» тиленебиз, эл алдында үмүтүбүз жөнүндө олку-солку болбой жарыялайбыз, ошондой эле жыйналыш жолугушууларында, үй-бүлө менен сыйынуу кечинде башкаларга көңүл бөлүп, жакшы иштерди кылууга түрткү беребиз, кайраттандырабыз (Евр. 10:22—25). Таза сыйынууну жогору баалаганыбыз бизге азыркы оор күндөрдө дем-күч берет.

8 Төгөрөктүн төрт бурчунда Жахабанын ишенимдүү кызматчылары кызматка көбүрөөк убактысын бөлүүдө, жаңы тил үйрөнүүдө жана Падышалыктын жарчыларына болгон муктаждык чоң жерлерге көчүп барууда. Бул алардын, забурчуга окшоп, Жахабадан бир эле нерсени — анын сонун сапаттарынан ырахат алууну жана эч нерсеге карабай, ыйык кызматты аткара берүүнү — сурап жатышканын көрсөтүп турат. (Оку: Забур 27:6.)

КУДАЙДЫН ЖАРДАМЫНА ТАЯН

9, 10. Забур 27:10догу сөздөр бизди эмнеге ынандырат?

9 Дөөтү пайгамбар Жахабага таянарын: «Мени ата-энем таштап кетсе да, Жахаба кабыл алат»,— деген күчтүү сөздөр менен баса белгилеген (Заб. 27:10). 1 Шемуел 22-бөлүмдөн аны ата-энеси таштап кетпегенин биле алабыз. Бирок бүгүнкү күндө үй-бүлөсү же жакындары баш тартып кеткендер аз эмес. Анткен менен алардын арасынан көптөр Кудайдын кызматчыларынын жыйналышынан калканыч таап, алардын сүйүүсүн, жардамын сезүүдө.

10 Эгер Жахаба кызматчыларын, аларды жакындары таштап кеткенде, колдоого даяр болсо, анда аларды башка кыйынчылыктарда кантип колдобой койсун? Мисалы, үй-бүлөбүздү кантип багабыз деп түпөйүлдөнүп жатсак, Жахабанын жардам берерине эч шектенбесек болот (Евр. 13:5, 6). Ал берилген кызматчыларынын ар биринин жагдай-шартын, эмнеге муктаж экенин эң сонун билет.

11. Жахабага таянганыбыз башкаларга кандай таасир этет? Мисал келтир.

11 Либерияда жашаган Викторияны мисалга алалы. Ал чөмүлтүлөйүн деп жатканда, аны менен жашап жүргөн киши аны үч баласы менен таштап кетет. Үй-жайсыз, жумушсуз болсо да, Виктория рухий жактан ийгилик жасай берет. Ал чөмүлгөндөн кийин, 13 жашар кызы акчага толгон капчык таап алат. Азгырылбаш үчүн, алар акчаны санабай эле коюну чечишет. Анын ордуна, капчыгын жоготкон аскер кызматкери менен дароо байланышышат. Ага жолукканда, ал эгер бардык адамдар Жахабанын Күбөлөрүндөй чынчыл болсо, дүйнөдөгү абал бир топ жакшырып, тынчтык өкүм сүрмөктүгүн айтат. Виктория ага Ыйык Китептен Жахабанын жаңы дүйнөнү орнотууну убада кылганын көрсөтүп берет. Ал киши Викториянын чынчылдыгына аябай таасирленгендиктен ага табылган капчыгынан бир топ акча берет. Ооба, Жахабанын кызматчылары Анын кам көрөрүнө толук ишенгендиктен дайыма чынчылдык менен иш кылышат. Ошондуктан алар башкаларга чынчылдыгы менен жакшы таанымал.

12. Материалдык жактан жабыр тартканыбызга карабай, Жахабага кызмат кыла берүү менен эмнени көрсөтөбүз? Мисал келтир.

12 Сьерра-Леонеде жашаган чөмүлтүлбөгөн жарчы Томастын да башынан өткөн окуяга токтолуп, анын кандай сезимде болгонун элестетип көрөлү. Ал орто мектепте мугалим болуп иштей баштаган. Бирок жумушка орношууга байланыштуу документтер бүткөнгө чейин, дээрлик бир жылдай айлык албай иштеген. Эмгек акысын алыш үчүн ал акыркы шартты аткарышы, атап айтканда, мектептин жетекчиси — дин кызматчы — менен сүйлөшүшү керек болчу. Дин кызматчы ага Жахабанын Күбөлөрүнүн ишенген нерселери мектептегилердикине карама-каршы келерин, ошондуктан же жумушун же динин тандашы керектигин айткан. Томас жумушунан жана дээрлик бир жылдык айлыгынан баш тарткан. Бирок көп өтпөй радио жана уюлдук телефон оңдоп иштей турган башка жумуш тапкан. Ушул жана башка окуялар көрсөтүп тургандай, биз, дүйнөдөгү көптөгөн адамдардан айырмаланып, жокчулуктан коркпойбуз. Анткени бардык нерсени жараткан жана өзүнүн элин ар дайым коргоп келген Кудайыбыздын бизге кам көрөрүнө бекем ишенебиз.

13. Эмне үчүн жакыр өлкөлөрдө кабар айтуу иши өркүндөп жатат?

13 Көптөгөн жакыр өлкөлөрдө Падышалыктын жарчылары кызматка абдан көп убактысын жумшап жатышат. Эмне үчүн? Бир филиал мындай деп жазган: «Биздин өлкөдө Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон көп кишилердин жумушу жок, ошондуктан изилдөөгө бир күндүн ичинде көп убакыт бөлө алышат. Бир туугандар да кабар айтууга көбүрөөк катыша алышат. Биздин аймактагыларга, өзгөчө, жашоо шарты абдан начар жерлерде жашагандарга акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды далилдөөнүн зарылдыгы деле жок: алар муну ырастаган кыйынчылыктарды өз көзү менен көрүп жатышат». Ар бир жарчы орто эсеп менен үчтөн көп ыйык китептик изилдөө өткөргөн жерде 12 жылдан ашык убакыттан бери кызмат кылып келаткан бир миссионер: «Жарчылардын көбү жөнөкөй жашагандыктан жана алаксыта турган нерселери аз болгондуктан, кабар айтууга, ыйык китептик изилдөө өткөрүүгө көбүрөөк убактысын бөлө алышат»,— деп жазган.

14. Кудай эбегейсиз көп адамдарды кандай жолдор менен коргойт?

14 Жахаба элин топ катары түзмө-түз да, рухий жактан да коргоорун, жардам берерин, куткарарын убада кылган жана биз ага толугу менен ишенебиз (Заб. 37:28; 91:1—3). «Улуу алааматтан» аман өтө тургандардын саны эбегейсиз көп болот (Аян 7:9, 14). Ошондуктан Кудайдын аларды бул дүйнөнүн акырында топ катары коргоп, жок болуп кетишине жол бербей турганы айдан ачык. Кудай аларды кыйынчылыктарды көтөрүүгө жана аны менен болгон мамилесин сактоого зарыл нерселердин баары менен камсыз кылат. Ал өз элин «улуу алааматтын» акыркы баскычында да коргойт.

«МЕНИ ӨЗ ЖОЛУҢАН ЧЫКПООГО ҮЙРӨТ, ОО, ЖАХАБА»

15, 16. Кудайдын көрсөтмөлөрүнө баш ийсек, кандай пайда алабыз? Мисал менен бышыкта.

15 Мындан ары да кайраттуу болушубуз үчүн Кудайдын бизди өз жолунда жүрүүгө үйрөтүшүнө муктажбыз. Бул Дөөтү пайгамбардын: «Мени өз жолуңан чыкпоого үйрөт, оо, Жахаба, чынчылдык жолунда алып жүр, душмандарыман корго»,— деген өтүнүчүнөн көрүнүп турат (Заб. 27:11). Эгер Жахабанын уюмунун Ыйык Китептин негизинде берген көрсөтмөлөрүнө олуттуу көңүл буруп, аларды дароо колдонсок, ошол өтүнүчкө ылайык иш кылган болобуз. Мисалы, көптөр жөнөкөй жашоого байланыштуу берилген кеңешке ылайык иш кылып, карыздарынан кутулгандыктан жана кереги жок нерселерин саткандыктан азыркы каатчылык убакта анын үзүрүн көрүп жатышат. Азыр аларга кара жанын карч уруп иштөөнүн зарылдыгы жок болгондуктан, көбүрөөк убактысын кызматка арноодо. Андыктан ар бирибиздин: «Атүгүл кайсы бир нерседен баш тартууга туура келсе да, Ыйык Китептен, ишенимдүү жана акылдуу кул чыгарган адабияттардан окугандарымды дароо колдономбу?» — деп ойлонуп көргөнүбүз маанилүү (Мт. 24:45).

16 Эгер Жахабанын көрсөтмөлөрүнө баш ийип, чынчылдык жолунан чыкпасак, эч нерседен коркпойбуз. Кошмо Штаттарда үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылган бир ишенимдешибиз жетекчисинен өзүнө жана үй-бүлөсүнө толук убакыт кызмат кылууга шарт түзгөн жумушка которушун суранган. Бирок жетекчиси ага, жогорку билимге ээ болмоюнча, эч качан андай жумушта иштей албасын айткан. Эгер ушундай жагдайга кабылсаң, жогорку билим албай, толук убакыт кызматты тандаганыңа өкүнөт белең? Эки жумадан кийин ал жетекчи жумушунан бошоп, ордуна башка киши келген. Ал ишенимдешибизден максаттары жөнүндө сураган. Бир тууганыбыз жубайы экөөнүн Жахабанын Күбөсү экенин, ага толук убакыт кызмат кылышарын жана ал кызматын уланткысы келишерин айтып бүткүчө эле, жетекчиси мындай деген: «Сиздин башкалардан айырмаланып турарыңызды байкагам. Атам өлүм алдында жатканда, эки ишенимдешиңер күн сайын келип, ага Ыйык Китеп окуп беришчү. Ошондо өзүмө, Жахабанын Күбөлөрүнө жардам берүүгө мүмкүнчүлүгүм болуп калса, сөзсүз жардам берем деп сөз бергем». Эртеси эле ал ага так мурунку жетекчиси бербей койгон жумуш ордун берген. Арийне, Падышалыктын ишин жашообузда биринчи орунга койсок, Жахаба бизди жашоого зарыл нерселер менен камсыз кылам деген убадасын аткарат (Мт. 6:33).

ИШЕНИМ МЕНЕН ҮМҮТТҮН МААНИЛҮҮЛҮГҮ

17. Келечекке ишенимдүү кароого бизге эмне жардам берет?

17 Дөөтү падыша андан ары ишеним менен үмүттүн канчалык маанилүү экенин баса белгилеп: «Тирүүлөрдүн арасынан Жахабанын жакшылыгын көрөрүмө ишенбесем, эмне болмокмун?» — деп айткан (Заб. 27:13). Чынында эле Кудай берген үмүтүбүз болбосо жана 27-забурда жазылган нерселерди билбесек, жашообуз кандай болот эле? Андыктан Армагедон жакындаган сайын, Жахабадан күч-кубат беришин, куткарышын сурап, бекем ишеним менен тилене берели. (Оку: Забур 27:14.)

[Изилдөө суроолору]

[22-беттеги сүрөт]

Дөөтү падышага Жахаба куткарган учурларын эстеп жүргөнү күч берген

[25-беттеги сүрөт]

Каатчылык учурларды көбүрөөк кызмат кылуу үчүн колдоносуңбу?