Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кыялым орундалды»

«Кыялым орундалды»

«Кыялым орундалды»

15 жыл мурун Эмилия үзгүлтүксүз пионер болчу. Бирок ага ал кызматын токтотууга туура келген. Акыркы жылдары ошол бактылуу күндөрү жөнүндө көп ойлонгондуктан кайрадан пионер болгусу келе баштаган.

Анткен менен Эмилиянын жумушу көп убактысын алчу. Ушундан улам аябай капаланчу. Бир жолу чогуу иштегендеринин көзүнчө ал: «Азыраак иштесем кана!» — деп үшкүрүнгөн. Муну жетекчисинин кулагы чалып калып, андан: «Чын эле азыраак иштегиң келип жатабы?» — деп сураган. Эмилия ошондой экенин айткан. Бирок ан үчүн ал компаниянын деректиринен уруксат алышы керек эле, анткени ал жерде иштегендердин баарынан толук убакыт иштөө талап кылынчу. Ошондуктан бир тууганыбыз деректири менен жолугууга даярданып, Жахабадан толкунданбай, кайраттуу болууга жардам беришин сураган.

Деректирине киргенде Эмилия андан сылык-сыпаа, бирок чечкиндүү түрдө азыраак иштөөгө уруксат беришин суранган. Ал убактысын башкаларга жардам берүүгө арнай турганын түшүндүрүп, мындай деген: «Мен Жахабанын Күбөсүмүн жана башкаларга Кудай жөнүндө билүүгө жардам берем. Бүгүнкү күндө көптөрдөн ыйман кетти. Алар адеп-ахлактыкка байланыштуу айкын принцип-нормаларга муктаж. Ал эми Ыйык Китептеги мен айтып жүргөн акылман кеңештер аларга зор пайда алып келет. Мен жумуштан кийинки иштеримдин жумушумдун сапатына терс таасир этишин каалабайм, бирок башкаларга жардам берүүгө көбүрөөк убакыт бөлгүм да келет. Ошон үчүн азыраак иштегим келип жатат».

Деректири Эмилияны кунт коюп угуп, бир учурда өзү да кайрымдуулук иштерин уюштурууну ойлонгонун айткан. Анан: «Келтирген себептериңди угуп отуруп, өтүнүчүңдү орундатпасам болбойт го деп жатам. Бирок ошого жараша айлыгың да азаярын билесиңби?» — деген. Эмилия билерин, зарыл болсо, жашоосун жөнөкөйлөтөрүн айткан. Анан: «Менин эң чоң максатым — башкаларга пайда алып келе турган иштерди кылуу»,— деп кошумчалаган. Ошондо деректири: «Убактысын башкаларга чын жүрөктөн арнагандарга аябай суктанам!» — деген.

Буга чейин ал компаниядагы бир да жумушчуга азыраак иштегенге уруксат берилген эмес болчу. Ал эми Эмилия азыр жумасына 4 эле күн иштейт. Бирок айлык акысы жогорулатылгандыктан, ал дээрлик мурдагыдай эле алат. Мындай күтүлбөгөн өзгөрүүгө Эмилия аябай таң калган. Ал: «Кыялым орундалып, кайрадан үзгүлтүксүз пионер болдум!» — дейт.

Сен да пионердик кызматты башташ үчүн же кайрадан улантыш үчүн жагдай-шартыңды өзгөртүү жөнүндө ойлонуп көрдүң беле?

[32-беттеги сүрөт]

Деректири: «Убактысын башкаларга чын жүрөктөн арнагандарга аябай суктанам!» — деген