Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эркиндикке чыгара турган Кудайга кызмат кыл

Эркиндикке чыгара турган Кудайга кызмат кыл

Эркиндикке чыгара турган Кудайга кызмат кыл

«Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес» (1 ЖКН. 5:3).

ЖООП БЕРЕ АЛАСЫҢБЫ?

Шайтан Кудайдын мыйзамдарын аткаруу оор дегенге ишендирүүгө кантип аракет кылып келет?

Дос тандоодо эмне үчүн өтө сак болушубуз керек?

Эркиндикке чыгара турган Кудайга берилгендигибизди сактоого эмне жардам берет?

1. Жахаба эркиндикке кандай карайт жана бул Адам ата менен Обо энеге кылган мамилесинен кандайча көрүнүп турат?

ЖАХАБА КУДАЙ гана чексиз эркиндикке ээ. Бирок ал эркиндигин эч качан кыянат колдонбойт, ошондой эле кызматчыларынын ар бир ишине майда-чүйдөсүнө чейин кийлигишип, алардын эркиндигин өтө эле чектей бербейт. Тескерисинче, аларга өз алдынча чечим чыгарууга жана бардык туура каалоолорун канааттандырууга эркиндик берет. Мисалы, ал Адам ата менен Обо энеге бир эле нерсеге — «жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен» жегенге — тыюу салган (Башт. 2:17). Жараткандын эркин аткарууда алар кандай зор эркиндикке ээ болушкан!

2. Эмне үчүн түпкү ата-энебиз Кудай берген эркиндигинен айрылып калган?

2 Эмне үчүн Кудай түпкү ата-энебизге ошончолук чоң эркиндик берген? Анткени аларды өзүнө окшош кылып жараткан жана аларга абийир берген. Ошондой эле Жаратканына болгон сүйүүсү аларга туура жолдо жүрүүгө түрткү берет деп күткөн (Башт. 1:27; Рим. 2:15). Өкүнүчтүүсү, Адам ата менен Обо эне аларга өмүр берген кереметтүү Кудайга жана ал берген эркиндикке ыраазы болушкан эмес. Анын ордуна, Шайтан сунуштаган «эркиндикке» ээ болууну, башкача айтканда, укуктуу болушпаса да, эмне туура, эмне туура эмес экенин өздөрү чечүүнү каалашкан. Бирок алар көбүрөөк эркиндикке ээ болбой эле, өздөрүн да, болочок урпактарын да күнөөнүн кулуна айлантып, анын каргашалуу кесепетине дуушар кылышкан (Рим. 5:12).

3, 4. Шайтан бизди Жахабанын талаптары жөнүндө кандай жалган ойго ишендиргиси келет?

3 Эгер Шайтан эки жеткилең кишини жана көп сандаган периштелерди Кудайдын эгедерлигин четке кагууга азгыра алган болсо, анда бизди да азгыра алары күмөнсүз. Анын айла-амалдары дээрлик өзгөргөн жок. Ал бизди Кудайдын талаптарын аткаруу оор, алар жашоодон кубаныч, канааттануу алууга тоскоолдук кылат дегенге ишендиргиси келет (1 Жкн. 5:3). Эгер ошентип ой жүгүрткөн адамдар менен көп болсок, биз да алардай ой жүгүртө башташыбыз мүмкүн. «Мен, айрыкча, башкалардан айырмалангым келбегендиктен жаман чөйрөнүн таасирине алдырып койгом»,— дейт мурун бузуктук кылган 24 жаштагы бир ишенимдешибиз. Балким, сен да ошондой кысымга дуушар болгондурсуң.

4 Тилекке каршы, кээде жыйналыштын ичинде да башкаларга терс таасир эткендер болушу мүмкүн. «Мен Жахабага кызмат кылбагандар менен сүйлөшүп жүргөн айрым жаштарды билчүмүн,— дейт бир жаш Күбө.— Алар менен көп убакыт өткөргөндүктөн бара-бара аларга окшошо баштадым. Натыйжада Кудай менен болгон мамилем солгундап, жыйналыш жолугушууларынан эч кандай деле кубаныч албай, кызматка эптеп эле катышып калдым. Бул алардан оолак болушум керектигин көрсөткөн белги болду. Ошондуктан алар менен болгон мамилемди үздүм». Чөйрөңдөгүлөрдүн сага канчалык күчтүү таасир этерин түшүнөсүңбү? Ыйык Китептен бул жагынан сабак болорлук бир окуяны карап көрөлү (Рим. 15:4).

АЛАРДЫН ЖҮРӨГҮН «УУРДАП» АЛГАН

5, 6. Абышалом башкаларды кантип алдаган жана анын ойлогон ою оңунан чыкканбы?

5 Ыйык Китепте башкаларга терс таасир эткен көптөгөн кишилер жөнүндө жазылган. Алардын бири — Дөөтү падышанын уулу Абышалом. Ал аябай сулуу, келбеттүү болгон. Бирок убакыттын өтүшү менен ал, Шайтанга окшоп, атак-даңкка ээ болууну самап, башкарууга укугу жок болсо да, атасынын тагын ээлеп алууга далалат кыла баштаган *. Көздөгөнүн ишке ашыруу үчүн Абышалом куулук менен ысрайылдыктарды Дөөтү падышанын алар менен иши жок деген ойго ишендирип, өзүн болсо элдин камын ойлогон киши кылып көрсөтүүгө аракет кылган. Ооба, ал, Ибилис Эйден багында кандай иш кылса, так ошондой иш кылган: өзүн күйүмдүү, элдин жыргалчылыгын көздөгөн киши кылып көрсөткөн, ал эми атасына кара санатайлык менен жалаа жапкан (2 Шем. 15:1—5).

6 Абышаломдун арам ою оңунан чыкканбы? Кандайдыр бир мааниде чыккан деп айтсак болот. Себеби Ыйык Китепте: «[Абышалом] алардын жүрөгүн уурдай берди»,— делет (2 Шем. 15:6, шилт.). Анткен менен текебердиги акыр-аягы анын түбүнө жеткен. Ал өзү да, анын тилине кирген миңдеген кишилер да өлүмгө дуушар болгон (2 Шем. 18:7, 14—17).

7. Абышалом жөнүндөгү билдирүүдөн кандай сабак алсак болот? (14-беттеги сүрөттү кара.)

7 Эмне үчүн ысрайылдыктар Абышаломго оңой эле алданып калышкан? Балким, алар ал убада кылган нерселерге жетүүнү каалагандыр же анын сырткы көрүнүшүнө таасирленгендир. Кандай болбосун, алар Жахабага жана ал дайындаган падышага болгон берилгендигин сакташкан эмес. Бүгүнкү тапта да Шайтан Жахабанын кызматчыларынын жүрөгүн «уурдаш» үчүн «Абышаломдорду» колдонот. Алар: «Жахабанын талаптары эркиндигиңди өтө эле чектеп салат. Ага кызмат кылбагандарды карасаң, жыргап эле жүрүшөт!» — деши мүмкүн. Андай сөздөрдүн аркасында жаткан калпты баамдап, Кудайга болгон ишенимдүүлүгүңдү сактайсыңбы? Жахабанын «жеткилең мыйзамы» — Машаяктын мыйзамы — гана чыныгы эркиндикке ээ кыларына толук ишенесиңби? (Жкп. 1:25). Эгер ишенсең, ал мыйзамды жогору баала жана Кудай берген эркиндигиңди ага жаккандай колдон. (Оку: 1 Петир 2:16.)

8. Жашоодон алынган кайсы мисалдар Жахабанын нормаларын бузгандар бактылуу болуп кетпесин көрсөтүп турат?

8 Бөтөнчө, жаштар — Шайтандын бутасы. Азыр 30дан ашып калган бир ишенимдешибиз өспүрүм кези тууралуу: «Мен Жахабанын адеп-ахлак нормалары мени коргобой эле, эркиндигимди чектейт деп эсептечүмүн»,— деп эскерет. Натыйжада ал бузуктук кылган. Бирок ошондон улам бактылуу болуп кеткен эмес. «Көп жыл бою өзүмдү аябай күнөөлүү сезип, кылган ишиме өкүнүп жүрдүм»,— дейт ал. Ал эми бир эже өспүрүм кези жөнүндө эскерип: «Бузуктукка баргандан кийин жан дүйнөң муздап, аңгырап бош калгандай эле болосуң. Андан бери 19 жыл өтсө да, ошол кылган ишим көкөйүмөн кетпей келет»,— дейт. Дагы бир эже: «Кылган ишимдин аябай жакшы көргөн адамдарымды азапка салганын ойлоп, санаа тартып, жан дүйнөм сыздап, рухий жактан алсырап кеттим. Жахабанын ырайымынан ажырагандан жаман нерсе жок»,— деп ой бөлүшөт. Шайтан күнөөнүн ушу сыяктуу кесепеттери жөнүндө ойлонушуңду каалабайт.

9. а) Жахабага жана анын мыйзам-принциптерине кандай караарыбызды текшерүүгө кайсы суроолор жардам берет? б) Кудайды жакшы билүү эмне үчүн маанилүү?

9 Чындык жолундагы көптөгөн жаштардын, атүгүл чоңдордун туура эмес каалоолорго жетеленүүнүн кесепети канчалык жүрөк сыздатарлык болорун өз тажрыйбасынан түшүнүп жатканы кандай гана кейиштүү! (Гал. 6:7, 8). Ошондуктан: «Шайтандын мени тузакка түшүрүү максатында колдонгон айла-амалдарын баамдап жатамбы? Жахабаны мага дайыма чындыкты айткан, мага жакшылык гана каалаган эң жакын Досум катары көрөмбү? Анын мени бактылуу кыла турган жакшы нерселерди менден эч убакта жашырбай турганына толук ишенемби?» — деп ойлонуп көр. (Оку: Ышая 48:17, 18.) Ушул суроолорго чын жүрөктөн «ооба» деп жооп берүү үчүн Жахаба жөнүндө үстүртөн эмес, терең билим алышың керек. Аны жакшы билишиң жана анын Ыйык Китептеги мыйзам-принциптерди эркиндигиңди чектеш үчүн эмес, сени жакшы көргөндүктөн бергенин түшүнүшүң кажет (Заб. 25:14).

АКЫЛДУУ, ТИЛ АЛЧААК ЖҮРӨК СУРА

10. Эмне үчүн Сулайман падышанын жаш кезинде калтырган үлгүсүн тууроого умтулушубуз керек?

10 Сулайман падыша жаш кезинде момундук менен: «Мен али жашмын, менин эч кандай тажрыйбам жок»,— деп тиленгенден кийин Кудайдан акылдуу, тил алчаак жүрөк сураган (1 Пад. 3:7—9, 12). Жахаба анын чын жүрөктөн айткан өтүнүчүн орундаткан. Эгер сен да акылдуу жүрөк сурасаң, жашсыңбы, карысыңбы, Жахаба тилегениңди берет. Албетте, ал сага түшүнүктү, акылмандыкты керемет жолу менен бербейт дечи. Бирок эгер анын Сөзүн ынтызарлык менен изилдесең, ыйык рух сурап тиленсең жана жыйналыш жолугушуулары аркылуу берилген билимге, жетекчиликке ылайык иш кылсаң, ал сени акылмандыкка ээ кылат (Жкп. 1:5). Арийне, ушул чаралар аркылуу Жахаба өзүнүн атүгүл жаш кызматчыларын да анын сөзүн баркка албагандардын баарынан, бул дүйнөдөгү «даанышмандар менен акылдуулардан» да акылдуу кылат. (Лк. 10:21; оку: Забур 119:98—100.)

11—13. а) Забур 26:4тө, Накыл сөздөр 13:20да жана 1 Корунттуктар 15:33тө кандай маанилүү ойлор камтылган? б) Бул аяттардагы принциптерди кантип колдонсоң болот?

11 Жахабаны жакшы таанып-билиш үчүн Ыйык Китепти изилдөө жана окуп-билгендерибиз тууралуу ой жүгүртүү маанилүү. Муну тереңирээк түшүнүү үчүн ар биринде дос тандоого байланыштуу баалуу принцип камтылган төмөнкү аяттарга токтололу: «Жалганчылар менен бирге отурган эмесмин, өздөрүнүн ким экенин жашыргандарга кошулган эмесмин» (Заб. 26:4). «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот, ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат» (Накыл 13:20). «Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат» (1 Кор. 15:33).

12 Бул аяттарда биз үчүн кандай маанилүү ойлор камтылган? 1) Жахаба досторду акылдуулук менен тандашыбызды каалайт. Ал бизди өзүбүзгө жана аны менен болгон мамилебизге зыян келтире турган нерселерден коргогусу келет. 2) Чөйрөбүз бизге же жакшы, же жаман таасир этет. Муну эч ким тана албайт. Жогорудагы аяттардын кандай жазылганынан Жахабанын жүрөгүбүздү козгогусу келип жатканы көрүнүп турат. Кандайча? Көңүл бурсаң, ал аяттардын бири да: «...кылбашың керек»,— дегендей буйрук катары жазылган эмес. Тескерисинче, чындыкты камтыган ырастоо катары жазылган. Мындайча айтканда, Жахаба бизге: «Бул сөздөр — чындык. Аларга кулак кагасыңбы? Жүрөгүңдүн түпкүрүндө эмне жатат?» — деп айтууда.

13 Ал үч аятта талашсыз чындык жазылгандыктан, алар азыр да күчүн жоготкон жок жана ар кандай жагдайларда колдонорлук. Маселен, төмөнкү суроолордун үстүнөн ойлонуп көр: «өздөрүнүн ким экенин жашыргандардан» кантип оолак боло алам? Кандай жагдайларда ошондой адамдарга кезигишим мүмкүн? (Накыл 3:32; 6:12). Жахаба менин жакын мамиледе болушумду каалаган «акылдуулар» кимдер? Ал эми алыс болушумду каалаган «акылсыздарчы»? (Заб. 111:10; 112:1; Накыл 1:7). Жаман чөйрөгө аралаша турган болсом, кайсы «жакшы адаттарым» бузулат? Жаман чөйрө дүйнөдө эле болобу? (2 Пет. 2:1—3). Бул суроолорго эмне деп жооп берет элең?

14. Үй-бүлө менен сыйынуу кечиңердин сапатын кантип жакшырта аласыңар?

14 Жогорудагы аяттардын негизинде ой жүгүрткөнүңдөй эле, өзүңө жана үй-бүлөңө тиешелүү маселелерге карата Кудайдын көз карашын билиш үчүн башка аяттар тууралуу да ой жүгүртүп көрүүгө эмне үчүн болбосун? * Ата-энелер, үй-бүлө менен сыйынуу кечинде ушу сыяктуу дагы кайсы темаларды талкууласаңар болорун ойлонуп көргүлө. Аларды талкуулап жатканда максатыңар үй-бүлөңөрдүн ар бир мүчөсүнө Кудайдын мыйзам-принциптери анын бизге болгон зор сүйүүсүн айгинелеп турарын тереңирээк түшүнүүгө жардам берүү экенин унутпагыла (Заб. 119:72). Ырас, ушундай изилдөөнүн аркасында Жахаба менен жана бири-бириңер менен болгон мамилеңердин бекемделери шексиз.

15. Жүрөгүң акылдуу, тил алчаакпы же жокпу, кантип аныктай аласың?

15 Жүрөгүң акылдуу, тил алчаакпы же жокпу, кантип аныктай аласың? Мунун бир жолу — ой жүгүртүүңдү байыркы убактагы Дөөтү падыша сыяктуу ишенимдүү кишилердин ой жүгүртүүсү менен салыштыруу. Дөөтү падыша: «Оо, Кудайым, сенин эркиңди аткаруудан ырахат алам, мыйзамың менин жүрөгүмдө»,— деп жазган (Заб. 40:8). Ал эми 119-забурду жазган киши: «Мыйзамыңды кандай гана жакшы көрөм! Ал тууралуу эртеден кечке ой жүгүртөм»,— деген (Заб. 119:97). Андай сүйүү өзүнөн өзү өрчүбөйт. Ан үчүн Ыйык Китепти терең изилдешибиз, тиленишибиз, ой жүгүртүшүбүз керек. Ошондой эле Кудайдын принцип-нормаларына кармануунун аркасында мол бата алып жатканыбызды көрүү да андай сүйүүнүн өрчүшүнө өбөлгө түзөт (Заб. 34:8).

КУДАЙ БЕРГЕН ЭРКИНДИГИҢ ҮЧҮН КҮРӨШ!

16. Чыныгы эркиндик үчүн күрөштө жеңишке жетүү үчүн эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

16 Тарых бою адамдар эркиндик үчүн далай эле согушуп келишти. Анда Кудай берген эркиндигиң үчүн рухий мааниде күрөшкөнүң канчалык маанилүү! Сага Шайтан эле эмес, дүйнө менен анын уулуу руху да душман экенин унутпа. Ошондой эле сага өзүңдүн жеткилеңсиздигиң, анын ичинде митаам жүрөгүң менен да күрөшүүгө туура келет (Жер. 17:9; Эф. 2:3). Бирок Жахабанын жардамы менен жеңишке жете аласың. Андан да маанилүүсү, кичинекей болобу же чоңбу, ар бир жеңиштин, кеминде, эки жакшы натыйжасы болот. Биринчиден, Жахабанын жүрөгүн сүйүнтөсүң (Накыл 27:11). Экинчиден, Кудайдын «эркиндикке чыгаруучу жеткилең мыйзамы» боюнча жашоо өзүңө эле пайда алып келерин көргөн сайын, түбөлүк өмүргө алып баруучу «кууш жолдон» чыкпоого ого бетер чечкиндүү болосуң. Ал эми убагы келгенде, Жахабанын өзүнүн берилген кызматчыларына бере турган алда канча зор эркиндикке ээ болосуң (Жкп. 1:25; Мт. 7:13, 14).

17. Эмне үчүн кемчилик-каталарыңдан улам кайгыга чөгүп кетпешиң керек жана Жахаба сага кантип жардам берет?

17 Албетте, кээде баарыбыз эле жаңылып, жаза басып алабыз (Нас. 7:20). Андайда өзүңдү эч нерсеге жараксыз сезип, кайгыга чөгүп кетпе. Каймана тил менен айтканда, мүдүрүлүп кетсең, кайра тур да, жолуңду уланта бер. Зарыл болсо, аксакалдардан жардам сурагандан тартынба. Шакирт Жакып: «Ишеним менен айтылган тиленүү оорулууну айыктырат жана Жахаба аны тургузат. Эгерде күнөө кылган болсо, күнөөсү кечирилет»,— деп жазган (Жкп. 5:15). Ооба, Кудайдын чексиз ырайымдуу экенин жана жүрөгүңдөн жакшы нерсени көргөндүктөн сени жыйналышка өзү алып келгенин унутпа. (Оку: Забур 103:8, 9.) Ага бүт жүрөгүң менен кызмат кыла берсең, ал сени эч убакта таштабайт (1 Жылн. 28:9).

18. Канткенде Иса пайгамбардын Жакан 17:15те жазылган тиленүүсүнө ылайык иш кыла алабыз?

18 Иса пайгамбар жердеги жашоосунун акыркы түнүндө 11 ишенимдүү элчиси менен тиленип жатып: «Аларды... кара өзгөйдөн коргошуңду өтүнөм»,— деген эстен кеткис сөздөрдү айткан (Жкн. 17:15). Ал ошол учурда элчилерине кам көргөндөй эле, бүгүнкү күндө да бардык жолдоочуларына кам көрөт. Ошондуктан азыркы коогалаңдуу күндөрдө Жахабанын анын тиленүүсүнө жооп кылып, бизди коргой турганына эч шектенбесек болот. «[Жахаба] — кынтыксыз жүргөндөр үчүн калкан,.. ишенимдүү кызматчыларынын жолун коргойт» (Накыл 2:7, 8). Албетте, ар дайым кынтыксыз жүрүү оңойго турбайт, бирок бул — түбөлүк өмүргө, чыныгы эркиндикке ээ болуунун жалгыз жолу (Рим. 8:21). Андыктан эч кимге сени ушул жолдон буруп кетишине жол бербе!

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Кудай Дөөтү падышага анын тагын мурастай турган «тукум» жөнүндөгү убадасын Абышалом төрөлгөндөн кийин берген. Ошондуктан Абышаломдун Жахабанын аны Дөөтү падышадан кийин такка отура турган падыша кылып тандабаганын билгени күмөнсүз (2 Шем. 3:3; 7:12, 13).

^ 14-абз. Мисалы, элчи Пабыл сүйүүнү сүрөттөгөн 1 Корунттуктар 13:4—8 жана Кудайдын мыйзамдарына баш ийүү мол батага ээ кыларын көрсөткөн Забур 19:7—11-аяттарды талкууласаңар болот.

[Изилдөө суроолору]

[14-беттеги сүрөт]

Бүгүнкү күндөгү «Абышаломдорду» кантип аныктай алабыз жана кантип алардан оолак боло алабыз?