Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ибилистин тузактарынан сак бол!

Ибилистин тузактарынан сак бол!

Ибилистин тузактарынан сак бол!

«[Ибилистин тузагынан] бошонушат» (2 ТИМ. 2:26).

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢ?

Башкаларды сындаганга жакын болсок, эмне кылышыбыз керек?

Пилат жана Петир менен болгон окуялардан коркуу сезимине, кысымга алдырбоого байланыштуу кандай сабак алсак болот?

Өзүңдү өтө эле күнөөлүү сезе бербөөгө эмне жардам берет?

1, 2. Бул макалада Ибилистин кайсы тузактарын карайбыз?

ИБИЛИС Жахаба Кудайдын кызматчыларын аңдып жүрөт. Бирок анын максаты сөзсүз эле аларды өлтүрүү эмес. Олжосун өлтүргөн аңчыдан айырмаланып, ал аңдыган жемин тирүүлөй колго түшүрүп, аны өзү каалагандай колдонууну көздөйт. (Оку: 2 Тиметей 2:24—26.)

2 Жемин тирүүлөй кармаш үчүн аңчы тузактын ар кандай түрүн колдонот. Мисалы, ал жаныбарды кылтакка түшүрүү максатында аны ачык жерге чыгарууга аракет кылат. Же аны капысынан колго түшүрүү үчүн жашыруун жерге капкан коёт. Ибилис да Кудайдын кызматчыларын тирүүлөй кармаш үчүн ушу сыяктуу тузактарды колдонот. Ага жем болбош үчүн сак болушубуз жана жакын жерде анын тузагы турганынан кабар берген белгилерге көңүл бурушубуз керек. Бул макалада биз Ибилистин Кудайдын айрым кызматчыларын кармаш үчүн колдонгон тузактарынын үчөөнү жана аларга түшпөгөнгө эмне жардам берерин карайбыз. Алар: 1) башкаларды сындоо, 2) коркунучка жана кысымга алдыруу, 3) өзүн өтө эле күнөөлүү сезүү. Кийинки макалада болсо Шайтандын дагы эки тузагы жөнүндө талкуулайбыз.

ТИЛИҢ МЕНЕН ОТ КОЮУДАН КАЧ

3, 4. Тилибизди тизгиндебесек, натыйжасы кандай болушу мүмкүн? Мисал келтир.

3 Аңчы кээде жан-жаныбарларды жашынып жаткан жеринен үркүтүп, качып баратканда кармаш үчүн от коёт. Каймана мааниде Шайтан да Кудайдын элинин жыйналышына от коюну каалайт. Эгер ою ишке ашса, жыйналыштын мүчөлөрүн коопсуз жайдан алып чыгып, чеңгелине түшүргөн болот. Кантип өзүбүз билбей эле ага көздөгөнүнө жетүүгө жардам берип, тузагына түшүп калышыбыз мүмкүн?

4 Шакирт Жакып тилди отко салыштырган. (Оку: Жакып 3:6—8.) Эгер тилибизди тизгиндебесек, жыйналышка өрт коюшубуз мүмкүн. Кандайча ушундай болуп калышы мүмкүн? Мындай жагдайды элестетип көрөлү: жыйналыш жолугушуусунан бир эженин үзгүлтүксүз пионер болуп дайындалганы кулактандырылат. Жолугушуудан кийин эки бир тууган ошол кулактандыруу тууралуу сүйлөшүшөт. Алардын бири кубанып жатканын, ал бир туугандын ийгиликтүү кызмат кылышына тилектеш экенин айтат. Экинчиси болсо анын ниетине шектенип, жыйналышта башкаларга көрүнүш үчүн эле пионер болгонун айтат. Ушул эки бир туугандын кайсынысы менен дос болгуң келет эле? Алардын кимиси тили менен жыйналышка от коюп жатканын баамдоо кыйын деле эмес.

5. Тилибиз менен от койбош үчүн өзүбүздү кантип текшерип көрүшүбүз керек?

5 Канткенде тилибиз менен от коюудан кача алабыз? Иса пайгамбар: «Адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт»,— деген (Мт. 12:34). Демек, эң алды жүрөгүбүздү изилдешибиз керек. Жүрөгүбүзгө башкалардын кадыр-баркын түшүргөн сөздөрдү айтууга түрткү бере турган сезимдерди уялатпоого аракет кылабызбы? Алсак, ишенимдешибиздин кайсы бир сыймыктуу жоопкерчиликке дайындалганын укканда анын ниетинин таза экенине эч күмөн санабайбызбы же аны өз кызыкчылыгын көздөп жатат деп ойлойбузбу? Эгер башкаларды сындаганга жакын болсок, Ибилистин да Кудайдын ишенимдүү кызматчысы Аюптун ниетине шек санаганын эстегенибиз абзел (Аюп 1:9—11). Кайсы бир ишенимдешибиздин ниетине шек санагандан көрө, өзүбүздүн эмне үчүн аны сындап жатканыбызды текшерип көргөнүбүз оң. Мисалы: «Ал тууралуу ошентип ойлошума негиз барбы? Же мага акыркы күндөрдө дүйнөдө көптөрдүн башкаларга терс көз карашта болгону таасир этип жатабы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус (2 Тим. 3:1—4).

6, 7. а) Башкаларды сындашыбызга эмнелер себеп болушу мүмкүн? б) Кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутса, эмне кылышыбыз керек?

6 Дагы эмнеден улам башкаларды сындашыбыз мүмкүн? Буга өзүбүздүн жетишкендиктерибизди башкалардыкынан артыгыраак кылып көрсөткүбүз келгени себеп болушу мүмкүн. Мындайча айтканда, өзүбүздү узунураак кылып көрсөтүш үчүн башкаларды ылдый басышыбыз ыктымал. Же кайсы бир жакшы ишти кыла албай калганыбызды акташ үчүн ошентишибиз мүмкүн. Ага текебердик себеп болобу же көрө албастыкпы, же өзүбүздү ишенимсиз сезгенибизби, натыйжасы каргашалуу болушу ыктымал.

7 Кээде кимдир бирөөнү туура эле сындап жатам деп ойлошубуз мүмкүн. Балким, ал көңүлүбүздү ооруткан сөздөрдү айткандыр. Бирок ошондой болгон күндө да, ал жөнүндө жаман сөздөрдү айтканыбыз туура болбой калмак. Ошентсек, күйүп жаткан отко май чачып, Кудайдын эмес, Ибилистин эркин аткарган болмокпуз (2 Тим. 2:26). Андай учурда Иса пайгамбардан үлгү алганыбыз оң. Башкалар аны кордогондо, ал «эч кимди кордогон эмес», «тескерисинче, өзүн адилеттүү Сотко тапшырган» (1 Пет. 2:21—23). Ал Жахабанын баарын өзү туура көргөн убакта өзү туура көргөн жол менен чечерине толук ишенген. Биз да, ага окшоп, Кудайга ишеним артышыбыз керек. Эгер тилибизди башкаларды айыктыруу үчүн колдонсок, жыйналышыбызда тынчтык өкүм сүрүшүнө салым кошобуз. (Оку: Эфестиктер 4:1—3.)

КОРКУНУЧКА, КЫСЫМГА АЛДЫРЫП, КЫЛТАККА ТҮШҮП КАЛБА

8, 9. Эмне үчүн Пилат Иса Машаякты өлүм жазасына тарткан?

8 Кылтакка түшкөн жаныбар эркин кыймылдай албай калат. Анын сыңарындай, коркуу сезимине жана кысымга алдырган киши кандайдыр бир деңгээлде эркин боло албай калат. (Оку: Накыл сөздөр 29:25.) Ошондой кылтакка түшүп калган таптакыр эки башка киши менен болгон окуяны, ошондой эле алардан кандай сабак алсак болорун карап көрөлү.

9 Алардын бири Рим башкаруучусу Понтий Пилат Иса Машаяктын күнөөлүү эмес экенин билген жана сыягы, ага жамандык кылгысы келген эмес. Ал Машаяктын «өлүм жазасына тартылгыдай эч кандай күнөө жасабаганын» айткан. Анткен менен аны өлүм жазасына тартууга буйрук берген. Эмне үчүн? Себеби элдин кысымына алдырып койгон (Лк. 23:15, 21—25). Иса Машаякка каршы болгондор өздөрү каалаганды ишке ашырыш үчүн: «Эгер аны бошотсоң, падышага дос эмессиң» — деп кыйкырып, Пилатты кысымга алышкан (Жкн. 19:12). Пилат Машаяк тарапты ээлесе, кызмат ордунан, балким, өмүрүнөн ажырап калам деп корксо керек. Ошондуктан кысымга алдырып, Ибилистин эркин аткарган.

10. Эмне үчүн Петир Машаякты билбейм деп танып койгон?

10 Ал эми элчи Петир Иса пайгамбардын жакын досторунан болгон. Ал анын Машаяк экенин элге жарыялагандан корккон эмес (Мт. 16:16). Иса Машаяктын көп шакирттери анын сөздөрүнүн маанисин түшүнбөй, андан баш тартып кетишкенде, Петир анткен эмес (Жкн. 6:66—69). Ошондой эле душмандар Машаякты кармаганы келгенде, Петир кылычын сууруп чыгып, аны коргоого аракет кылган (Жкн. 18:10, 11). Бирок кийинчерээк коркунучка алдырып, Иса Машаякты билбейм деп танып койгон. Ал кыска убакытка адамдан коркуу сезимине жеңдирип, мындайча айтканда, кылтакка түшүп, кайраттуулук менен иш кыла албай калган (Мт. 26:74, 75).

11. Кандай терс таасирлерге каршы турушубуз керек?

11 Кудайдын кызматчылары катары биз, ага жакпаган иштерди кылууга кысым көрсөтүлгөндө, бекем турушубуз керек. Жумуш берүүчүбүз же башкалар бизди калп айтууга же жыныстык адеп-ахлаксыздык кылууга мажбурлашы мүмкүн. Ал эми окуучуларга же студенттерге чогуу окугандары экзамендерде куулук-шумдук кылууга, порнография көрүүгө, тамеки чегүүгө, баңгизат колдонууга, ичимдик ичүүгө же жыныстык адеп-ахлаксыздык кылууга кысым көрсөтүшү ыктымал. Эгер алардан коркуп же кысымга алдырып, Жахабага жакпаган иштерди кылсак, кылтакка түшкөн болобуз. Мындан качууга эмне жардам берет?

12. Пилат менен Петирден кандай сабак алсак болот?

12 Пилат жана Петир менен болгон окуялардан кандай сабак алсак болорун карап көрөлү. Пилат Иса Машаяк жөнүндө көп деле билген эмес. Бирок анын күнөөсүз экенин, ошондой эле жөнөкөй киши эмес экенин билген. Анткен менен анда момундук, чыныгы Кудайга болгон сүйүү жок болгон. Ал эми Петир Кудайды сүйгөн, ошондой эле Кудай менен Иса Машаяк жөнүндө чындыкты билген. Бирок ал кээде өзү жөнүндө жогору ойдо болгон, адамдан корккон жана кысымга алдырган. Алсак, Машаякты душмандары кармап кетердин алдында, ал: «Баары баш тартса да, мен баш тартпайм!» — деп мактанган (Мр. 14:29). Эгер ал: «Жахаба мен тарапта, ошондуктан коркпойм. Пенде мага эмне кыла алат?» — деп ырдаган забурчуга окшоп, Кудайга таянса, алдыдагы сыноолорду көтөрүп кетүүгө даяр болмок (Заб. 118:6). Иса пайгамбар жердеги өмүрүнүн акыркы түнүндө Петирди жана дагы башка эки элчисин алып, Гетсемани багын аралай ичкери барган. Ошондо Петир менен берки эки элчи сергек турбай, уктап калышкан. Иса пайгамбар аларды ойготуп: «Азгырыкка алдырбаш үчүн сергек болгула, тиленгиле»,— деген (Мр. 14:38). Бирок Петир дагы уктап калган жана кийинчерээк коркунучка, кысымга алдырып койгон.

13. Жаман иш кылууга кысым көрсөтүлгөндө каршы туруу үчүн эмне кылышыбыз керек?

13 Жогорудагы окуялардан көрүнүп тургандай, кысымга каршы туруу үчүн так билим алышыбыз, момун болушубуз, өзүбүз жөнүндө жогору ойдо болбошубуз, Жахабаны сүйүшүбүз, ошондой эле адамдардан эмес, Жахабадан коркушубуз маанилүү. Эгер ишенимибиз так билимге негизделсе, ишенген нерселерибиз жөнүндө башкаларга кайраттуулук менен айта алабыз. Бул кысымга каршы турууга, адамдан коркуу сезимин жеңүүгө көмөк кылат. Албетте, биз өзүбүздү өтө эле күчтүү элестетип албашыбыз керек. Анын ордуна, момун болуп, кысымга туруштук берүү үчүн Кудайдын жардамына муктаж экенибизди түшүнүшүбүз, андан ыйык рух сурашыбыз зарыл. Ошондой эле аны сүйгөндүктөн анын ысмын ыйык тутуп, нормаларына бекем карманууга умтулушубуз керек. Андан сырткары, кысымга каршы турууга алдын ала даярданышыбыз кажет. Мисалы, күн мурун даярдануу, тиленүү балдарыбызга, курбулары жаман иш кылууга азгырганда, акылдуулук менен иш кылганга жардам берет (2 Кор. 13:7) *.

ӨЗҮҢДҮ ӨТӨ КҮНӨӨЛҮҮ СЕЗИП, ШАЙТАНГА ЖЕМ БОЛУП КАЛБА

14. Шайтан мурунку каталарыбыздан улам эмне деп ойлошубузду каалайт?

14 Кээде аңчы жаныбарды кармаш үчүн ал көп өтчү жерге оор дөңгөчтү же ташты асып, жолго жип тартып коёт. Жаныбар байкабай жипке тийип кеткенде, аны дөңгөч же таш басып калат. Өзүбүздү өтө эле күнөөлүү сезе берүүнү ошондой оор нерсеге салыштырууга болот. Эгер мурунку каталарыбызды эстей берсек, өзүбүздү «таш-талканыбыз» чыккандай сезишибиз мүмкүн. (Оку: Забур 38:3—5, 8.) Шайтан биздин Жахабанын ырайымына татыксызмын, анын талаптарына эч качан жооп бере албайм деп ойлошубузду каалайт.

15, 16. Өзүңдү өтө эле күнөөлүү сезип, Шайтанга жем болуудан кантип кача аласың?

15 Бизди ушундай оор нерсе басып калып, Шайтанга жем болбошубуз үчүн, эмне кылсак болот? Эгер олуттуу күнөө кетирген болсоң, Жахаба менен болгон мамилеңди калыбына келтирүүгө дароо күч-аракет жумша. Аксакалдарга кайрылып, жардам сура (Жкп. 5:14—16). Оңолуш үчүн колуңдан келгендин баарын кыл (2 Кор. 7:11). Эгер кандайдыр бир жаза берилсе, көңүлүңдү чөгөрбө. Анткени бул Жахабанын сени сүйөрүн көрсөтөт (Евр. 12:6). Ошондой эле кайрадан ошол күнөөгө алып бара турган иштерди кылбоого чечкиндүү бол. Кылган ишиң үчүн өкүнүп, жаман жолдон бурулгандан кийин Машаяктын куткаруу курмандыгы күнөөлөрүңдү жууй аларына бекем ишен (1 Жкн. 4:9, 14).

16 Айрымдар күнөөлөрү кечирилгенден кийин деле өздөрүн күнөөлүү сезе беришет. Эгер сен да ошентсең, Жахабанын Петир менен башка элчилерди, алар анын сүйүктүү Уулун колдоого абдан муктаж болуп турганда таштап кетишсе да, кечиргенин эсте. Ошондой эле Корунттагы бир кызматчысы төбө чачты тик тургузган адеп-ахлаксыздык кылганы үчүн жыйналыштан чыгарылып, бирок кийин өкүнгөндө, Жахаба аны кечирген (1 Кор. 5:1—5; 2 Кор. 2:6—8). Ыйык Китепте Кудайдын аябагандай олуттуу күнөө кетиргендерди өкүнгөнү үчүн кечиргендиги жөнүндө көп айтылат (2 Жылн. 33:2, 10—13; 1 Кор. 6:9—11).

17. Машаяктын курмандыгы кандай күчкө ээ?

17 Эгер чындап өкүнсөң жана Жахабанын ырайым кыларына бекем ишенсең, ал сени кечирип, мурунку каталарыңды унутат. Машаяктын куткаруу курмандыгы күнөөлөрүмдү жууй албайт деп эч качан ойлобо. Антип ойлоо Шайтандын тузагына түшүп калганга барабар болмок. Ибилис сени эмнеге ишендиргиси келбесин, Машаяктын курмандыгы өкүнгөн адамдардын баарынын күнөөсүн жууй алат (Накыл 24:16). Кунга болгон ишенимиң үстүңдөгү оор жүктөн арылууга — өзүңдү өтө эле күнөөлүү сезбөөгө — көмөк кылат жана Кудайга бүт жүрөгүң, бүт акылың, бүт жаның менен кызмат кылууга күч берет (Мт. 22:37).

ШАЙТАНДЫН АЙЛА-АМАЛДАРЫ БИЗГЕ БЕЛГИЛҮҮ

18. Канткенде Ибилистин тузактарына түшпөйбүз?

18 Шайтан үчүн анын кайсы тузагына түшөрүбүз маанилүү эмес; анын көздөгөнү — бизди колго түшүрүү. Шайтандын айла-амалдары бизге белгилүү болгондуктан, анын тузактарынан кача алабыз (2 Кор. 2:10, 11). Кыйынчылыктар менен күрөшүүдө Кудайдан акылмандык сурасак, Ибилистин капканына түшпөйбүз. Шакирт Жакып: «Эгер кимдир бирөөңөргө акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен, жемелебей берген Кудайдан сурасын, ошондо ага берилет»,— деп жазган (Жкп. 1:5). Тиленүүбүзгө ылайык иш кылыш үчүн Кудайдын Сөзүн үзгүлтүксүз изилдеп, андан билгендерибизди иш жүзүндө колдонушубуз керек. Ишенимдүү жана акылдуу кул чыгарган адабияттар бизге Ибилис койгон тузактарды көрө билүүгө жана алардан алыс болууга жардам берет.

19, 20. Эмне үчүн жамандыкты жек көрүшүбүз керек?

19 Тиленүү, Ыйык Китепти изилдөө бизге жакшы иштерди сүйүүгө түрткү берет. Бирок жамандыкты жек көрүүгө үйрөнгөнүбүз да маанилүү (Заб. 97:10). Дененин каалоолоруна жетеленүүнүн кесепети кандай болору жөнүндө ой жүгүртүү андан качууга жардам берет (Жкп. 1:14, 15). Эгер жамандыкты жек көрүп, жакшы нерсени чындап сүйүүгө үйрөнсөк, Шайтан койгон жемге азгырылбайбыз, тескерисинче, андан жийиркенебиз.

20 Кудайдын бизге, Шайтанга жем болбошубуз үчүн, жардам берип жатканына кандай гана ыраазыбыз! Ал бизди ыйык руху, Сөзү жана уюму аркылуу «кара өзгөйдөн сактап» келет (Мт. 6:13). Кийинки макалада Шайтандын Кудайдын кызматчыларын тирүүлөй колго түшүрүш үчүн колдонгон дагы эки тузагынан кантип качсак болорун талкуулайбыз.

[Шилтеме]

^ 13-абз. Ата-энелердин балдары менен «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китептин 2-томунун 132, 133-беттериндеги «Теңтуштарым кысым көрсөткөндө» деген схеманы талкуулаганы пайдалуу. Аны үй-бүлө менен сыйынуу кечинде талкууласа болот.

[Изилдөө суроолору]

[21-беттеги сүрөт]

Тилибизди тизгиндебесек, жыйналышка от коюшубуз мүмкүн

[24-беттеги сүрөт]

Өзүңдү өтө эле күнөөлүү сезе бербесең, оор жүктөн арылган болосуң