Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кыдыруучулар менен бирге саякаттоо

Кыдыруучулар менен бирге саякаттоо

Биздин архивден

Кыдыруучулар менен бирге саякаттоо

«МЕН эч качан үймө-үй кабар айта албайм!» Бейтааныш адамдарга кабар айтыш керектигин билгенде Ыйык Китепти жаңыдан изилдей баштаган канча деген кызыгуучулар ушинтип айтышат. Бирок башында бул сөздөрдү кыдыруучулук ишти аткарган, башкаларга Ыйык Китептеги чындыкты окуткан тажрыйбалуу бир баяндамачы айткан.

«Сион күзөт мунарасынын» көп окурмандары чиркөөдөн чыккандан кийин өздөрүндөй болуп Ыйык Китептеги чындыкка суусагандар менен пикир алышууну эңсешкен. Ошондуктан журналда алар өздөрүнүкүндөй баа жеткис ишенимге ээ адамдарды издеп-таап, алар менен Ыйык Китепти изилдөө үчүн дайыма чогулуп турууга чакырылган. 1894-жылдардан тартып Күзөт Мунарасы Коому топтордун өтүнүчү боюнча кыдыруучу өкүлдөрүн жибере баштаган. Ал кызматка жумшак, Ыйык Китепти жакшы билген, жакшы сүйлөп, жакшы окуткан жана кунга бекем ишенген тажрыйбалуу, күжүрмөн бир туугандар тандалышкан. Алар топтор менен, адатта, 1-2 эле күн болушкан. Көптөгөн Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр кабар айтуу кызматына биринчи жолу кыдыруучулардын жалпыга арналган баяндамасына чакыруу баракчасын таратканда катышкан. Кийинчерээк Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болгон Хьюго Ример бир тууган бир мектепте баяндама сүйлөгөндөн кийин кызыккандардын суроолоруна түн жарымдан оогонго чейин жооп бериптир. Ал чарчаса да, жүрөгү кубанычка толуп, жолугушуу сонун өткөнүн айткан.

«Күзөт мунарасында» айтылгандай, кыдыруучулардын «негизги максаты» Жахабанын ишенимдүү кызматчыларына үйлөрдө өткөрүлгөн жолугушуулар аркылуу дем-күч берүү эле. Ал үйлөргө тегерек четтеги аймактарда жашаган Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр баяндама укканы жана суроо-жооп иретиндеги талкууга катышканы келишчү. Ошондон тартып меймандостук көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлө баштаган. Мод Абот бир тууган анда кичинекей кыз болчу экен. Ал эртең мененки баяндамага катышканын, андан соң баары бакчадагы узун столго тамакка отурганын эскерип, мындай дейт: «Дасторконго укмуш даамдуу тамак-аш: чочконун эти, тооктун куурулган эти, нандын түрү, таттуу токочтор жайнап калды! Ар бирибиз жей алышыбызча жедик, анан саат экилерде кийинки баяндамага чогулдук. Бирок бир аздан кийин баарыбыз уйкусурай баштадык». Көп жыл кыдыруучу болуп кызмат кылган Бенжемин Бартон бир тууган бир жолу: «Эгер алдыма коюлган мол тамак-аштын баарын жей берсем, качан эле өмүрүм менен кош айтышмакмын»,— деген экен. Кийинчерээк Бруклиндеги башкы башкармалык кат аркылуу жакшы ниет менен эле түркүн тамак жасаган эже-карындаштарга кыдыруучулар үчүн «күнүмдүк, жөнөкөй эле» тамактарды жасаганы жана «жакшы эс алууга» шарт түзгөнү жакшыраак болорун кеңеш кылган.

Кыдыруучулар чебер окутушчу жана темасын кызыктуу кылып ачып бериш үчүн карталарды, макеттерди, айтор, колунда бар нерселердин баарын мыкты колдонушчу. Мисалы, Р. Г. Барбер бир тууган баяндамаларына «дайыма татымалдарды кошо турган». Атадай болгон Уолтер Торн бир тууган так эле «байыркы уруу башчыларындай» сүйлөчү. Ал эми Шилд Тутжиян бир тууган бир жолу Форд Модель Эй деген машинеде кетип баратып, күтүлбөгөн жерден шопурга: «Токтот!» — деп кыйкырган. Анан машинеден секирип түшүп, талаа гүлдөрүнөн терип келип, жанындагыларга берген. Ал ошол гүлдөрдү колдонуп, аларды эч даярдыксыз эле Жахабанын жаратылышы жөнүндө маанилүү нерселерге окуткан.

Кыдыруучулук иш көп кыйынчылыктар менен коштоло турган. Ошондуктан, өзгөчө, орто жаштагы же андан ашып калган бир туугандар үчүн аны аткаруу кыйыныраак болчу. Бирок айрымдары үчүн баарынан чоң сыноо ал иштин максатынын өзгөрүшү болгон. Эми алардан үймө-үй кабар айтуу ишинде жетекчиликти колго алуу күтүлгөн. 1924-жылдын 15-мартындагы «Күзөт мунарасында» Иса Машаяктын чыныгы жолдоочуларынын «негизги жоопкерчиликтеринин» бири «падышалык жөнүндө күбөлөндүрүү экени» жана «кыдыруучулардын ошол максатта жөнөтүлөрү» айтылган.

Айрым кыдыруучулар ошол өзгөрүүгө нааразы болушкан көрүнөт, анткени алар кызматын таштап кетишкен, кээ бирлери атүгүл өздөрүнүн топторун түзүп алышкан. Робби Д. Эдкинс бир тууган баяндаманы мыкты окуган бир кыдыруучунун: «Мен секичеде туруп кабар айтканды эле билем. Мен эч качан үймө-үй кабар айта албайм!» — деп туталанганын эскерген. Анан: «Аны кийин 1924-жылы Колумбус шаарында (Огайо штаты) өткөн жыйындан көрдүм. Тегерегинде жадырап-жайнаган миңдеген бир туугандар жүрсө да, ал байкуштай болуп, бир кичинекей бактын түбүндө жалгыз туруптур. Ошондон кийин аны такыр көргөн жокмун. Көп өтпөй эле ал уюмдан кетип калыптыр»,— деп кошумчалаган. Ошондой эле ал көп бир туугандардын «китептерди машинелерине жыргап ташып жатканын» да айткан. Мындан алардын үймө-үй кабар айтууга ынтызар болгону көрүнүп турат (Элч. 20:20, 21).

Көп кыдыруучулар үймө-үй кабар айтуу жөнүндө ойлогондо өздөрү окуткан бир туугандардай эле тынчсызданышкан. Ошентсе да кызматка аябай ынталуу катышышкан. Немисче сүйлөгөн Максвелл Г. Френд (Фрешел) деген кыдыруучу үймө-үй кабар айтууга байланыштуу: «Кыдыруучулук иштин ушул бөлүгүнөн улам сапарыбыз кызыктуу, кубанычтуу болчу»,— деп жазган. Ал эми Жон А. Бонет деген кыдыруучу жалпысынан бир туугандардын баары Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишине басым жасалганын кош колдоп колдошконун айткан. Анын айтканына караганда, ишенимдештерибиздин басымдуу бөлүгү «согушта алдыңкы катарда болууну аябай каалашкан».

Көп жылдар бою ишенимдүү кыдыруучулар ишенимдештерине абдан жакшы таасир этип келишкен. «Кичинекей болсом да, кыдыруучулардын кызматы канчалык баалуу, канчалык пайдалуу экенин түшүнчүмүн,— деген көп жыл бою Жахабага кызмат кылган Норман Ларсон бир тууган.— Алар менин туура жолдо бекем тамырлашыма көп салым кошушкан». Жан аябас кыдыруучу көзөмөлчүлөр азыркыга дейре ишенимдештерине: «Биз үймө-үй кабар айта алабыз!» — деп ишенимдүү түрдө айтууга жардам берип келишет.

[32-беттеги кыстырма]

Кыдыруучу келгенде, өзүнчө эле той болчу!

[31-беттеги сүрөт]

Бенжемин Бартон бир тууган 1905-жылы 170тей топту кыдырган

[32-беттеги сүрөт]

Уолтер Ж. Торн Машаяктыкындай сапаттарды чагылдырган, атадай мээримдүү кыдыруучу болгондуктан, аны ата деп коюшчу

[32-беттеги сүрөт]

Ж. Э. Браун бир тууган 1902-жылдары кыдыруучу катары Ямайкадагы 14 чакан топту бекемдөөгө жиберилген

[32-беттеги сүрөт]

Кыдыруучулар бир туугандарга ишенимин бекемдөөгө, биримдигин чыңдоого жана уюм менен тыгыз кызматташууга жардам берген