Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Силер менен болом»

«Силер менен болом»

«Силер менен болом»

«Көптөр изилдеп, чыныгы билим көбөйөт» (ДАН. 12:4).

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢ?

Биздин күндөрдө адамдар «чыныгы билимди» кантип табышкан?

Кандайча «көптөр» чыныгы билимге ээ болгон?

Так билим кандай жолдор менен «көбөйгөн»?

1, 2. а) Иса Машаяктын бүгүнкү күндө жолдоочуларын колдоп жатканын жана келечекте да колдой турганын кайдан билебиз? б) Даниел 12:4кө ылайык, Кудайдын Сөзүн кылдат изилдөөнүн натыйжасы кандай болмок?

БЕЙИШТЕ жашап жатканыңды элестетсең. Күн сайын эртең менен турганда өзүңдү аябай жакшы сезип, жаңы күндү жакшы маанай менен баштайсың. Эч жериң оорубайт. Жаныңды кыйнап келген дартыңдын баарынан арылгансың. Көрүү, угуу, жыт билүү, туюу, даам билүү органдарыңдын баары жеткилең түрдө иштейт. Күчүң ашып-ташып турат, кылган ишиңден дайыма ырахат аласың, сени жанындай жакшы көргөн көп досторуң бар, эч нерседен кам санабайсың. Булар Кудайдын Падышалыгы жер бетин башкарган убакта ала турган баталардын айрымдары гана. Ошол убакта Кудай дайындаган Падыша — Иса Машаяк — өзүнө баш ийгендерге батасын төгүп, Жахаба жөнүндө билим берет.

2 Ишенимдүү кызматчылары келечекте дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлө турган билим берүү ишине катышканда, Жахаба Кудай алар менен болуп, аларды колдойт. Чынында, Кудай менен анын Уулу ишенимдүү кызматчыларына башкаларды окутууга дайыма жардам берип келет. Иса Машаяк асманга кетер алдында ишенимдүү шакирттерин: «Силер менен болом»,— деп ынандырган. (Оку: Матай 28:19, 20.) Анын ошол убадасына болгон ишенимибизди бекемдеш үчүн 2 500 жылдан ашуун убакыт мурун Даниел пайгамбар байыркы Бабылда ыйык рухтун жетеги менен жазган бир пайгамбарлыкты талкуулап чыгалы. Биз жашап жаткан «акыркы убак» тууралуу ал: «Көптөр изилдеп, чыныгы билим көбөйөт»,— деп жазган (Дан. 12:4). Бул пайгамбарлыктан көрүнүп тургандай, Кудайдын Сөзүн кылдат изилдегендер зор батага — анда камтылган чыныгы, так билимге — ээ болушмак. Ошондой эле «чыныгы билимге» алардан башка дагы көптөр ээ болмок жана ал билим көбөйүп, дүйнөнүн булуң-бурчуна чейин жетмек. Бул пайгамбарлыктын кантип аткарылып келатканын карап чыгуу менен Иса Машаяктын бүгүнкү күндө жолдоочуларын колдоп жатканына жана Жахабанын өзүнүн бүт убадаларын аткарууга кудуреттүү экенине ынанабыз.

«ЧЫНЫГЫ БИЛИМДИН» ТАБЫЛЫШЫ

3. Элчилердин көзү өткөндөн кийин, «чыныгы билим» эмне болгон?

3 Элчилердин көзү өткөндөн кийин, алдын ала айтылгандай, чындыктан четтөөчүлүк пайда болуп, күзгү сары токойго тийген өрттөй жайылып кеткен (Элч. 20:28—30; 2 Тес. 2:1—3). Ошондон кийин бир канча кылым бою «чыныгы билим» көмүскөдө калып, ага Ыйык Китеп жөнүндө эч нерсе билбегендер эле эмес, атүгүл Машаяктын жолдоочулары атангандар да ээ болгон эмес. Христиан дүйнөсүнүн жетекчилери Ыйык Жазмага ишенебиз дешкени менен, диний калпты — Кудайга тил тийгизген «жиндердин окууларын» — таратышкан (1 Тим. 4:1). Ошентип, адамзаттын басымдуу бөлүгү рухий караңгылыкта калган. Чындыктан четтегендердин окууларына Кудай — Троица, жан өлбөйт, айрымдардын жаны тозок отунда түбөлүккө кыйналат деген окуулар кирген.

4. 1870-жылдары Машаяктын жолдоочуларынын тобу «чыныгы билимди» кантип издей башташкан?

4 Бирок 1870-жылдары, «акыркы күндөрдүн» башталарына 40 жылдай калганда, Пенсильванияда (АКШ) Машаяктын чыныгы жолдоочуларынын чакан тобу чогулуп, «чыныгы билимди» табыш үчүн Ыйык Китепти кылдат изилдей башташкан (2 Тим. 3:1). Алар өздөрүн Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр деп аташкан. Алар Иса Машаяк кеп кылган, чыныгы билимди таба албай турган «даанышмандар менен акылдуулардан» болушкан эмес (Мт. 11:25). Тескерисинче, Кудайдын эркин аткарууну чын ниеттен каалаган момун кишилерден болушкан. Алар Ыйык Жазманы кунт коюп изилдешкен, окугандары тууралуу терең ой жүгүртүшкөн, талкуулашкан, Кудайдан жетекчилик сурашкан. Ошондой эле аяттарды салыштырышкан жана Ыйык Китепти аларга окшоп кылдат изилдегендердин жазгандарын изилдешкен. Ошентип, акырындык менен алар кылымдар бою айкын болбой келген чыныгы билимди табышкан.

5. «Байыркы теология» деген аталыштагы китепчелер кандай максатта басылып чыккан?

5 Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр окуп-изилдөөнүн аркасында көп нерсени билишкенине абдан кубанышса да, ошондон улам текеберденип кетишкен эмес, ошондой эле жаңы нерсени таптык деп ойлошкон эмес (1 Кор. 8:1). Тескерисинче, окурмандарга Ыйык Китепке мурда эле жазылып коюлган чындыкты жеткирүү максатында «Байыркы теология» деген аталыштагы бир нече китепче басып чыгарышкан. Мисалы, ал китепчелердин биринчиси Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга «адамдардын жалган каада-салттарынан бошонуп, байыркы убакта Мырзабыз менен элчилер окуткан Кудай жөнүндөгү чындыкты толугу менен кабыл алууга жардам берүүгө» арналган («Байыркы теология», №1, 1889-ж., апрель, 32-б.).

6, 7. а) 1870-жылдардан бери эмнелер ачылып берилди? б) Ыйык Китептен эмне жөнүндө билгенде өзгөчө кубангансың?

6 Андан бери 100 жылдан ашуун убакыт өттү. Ошол убакыт аралыгында чыныгы билимдин эмне деген кенчин таптык! * Ыйык Китепте камтылган ал билимдер тажатма же теологдор талкуулаша турган татаал түшүнүктөр эмес. Тескерисинче, аларды билүүнүн аркасында биз эркиндикке чыгып, жүрөгүбүз кубанычка, жашообуз маңызга толду жана жаркын келечекке болгон үмүткө ээ болдук. Ошондой эле аларды изилдөө менен мээримдүү Кудайыбыз Жахабанын сапаттары, ой-ниети жөнүндө жана Иса Машаяктын ролу, анын эмне үчүн жерге келгени, эмне себептен өлгөнү, азыр эмне кылып жатканы тууралуу билдик. Андан сырткары, Кудайдын эмне себептен азап-кайгыга жол берип жатканын, адамдардын эмне үчүн өлөрүн, кантип тиленишибиз керектигин жана чындап бактылуу болуу үчүн эмне кылуу зарыл экенин түшүндүк.

7 Биз азыр бир топ кылымдардан бери «жашыруун сыр» болуп келген жана акыркы убакта аткарылып жаткан пайгамбарлыктардын маанисин түшүнөбүз (Дан. 12:9). Аларга Ыйык Жазмада, өзгөчө, Инжилдер менен Аян китебинде жазылган пайгамбарлыктар кирет. Жахаба бизге атүгүл көзүбүз менен көрө албаган окуяларды: Иса Машаяктын такка отурганын, асманда согуш болгонун жана Шайтандын жерге куулуп түшкөнүн ачып берди (Аян 12:7—12). Ошондой эле Кудай өз көзүбүз менен көрүп жаткан окуялардын да маанисин аңдоого, тактап айтканда, согуштардын, жер титирөөлөрдүн, жугуштуу оорулардын, ачарчылыктын эмне үчүн күч алып баратканын, ыймансыздардын биз жашап жаткан күндөрдү ого бетер оорлоткон иштерди эмне себептен кылып жатканын түшүнүүгө жардам берди (2 Тим. 3:1—5; Лк. 21:10, 11).

8. Бизге чындыкты «көрүүгө», «угууга» ким жардам берип жатат?

8 Иса Машаяк шакирттерине: «Силер көрүп жаткан нерселерди көргөндөр бактылуу. Силерге айтып коёюн, көптөгөн пайгамбарлар менен падышалар силер көрүп жатканды көргүсү келген, бирок көрүшкөн эмес; силер угуп жатканды уккусу келген, бирок угушкан эмес»,— деген. Биз, чынында эле, бактылуубуз (Лк. 10:23, 24). Бизге ошол нерселерди «көрүүгө», «угууга» Жахаба Кудай жардам берип жатканын түшүнөбүз. Өзүнүн кызматчыларына «жардамчыны» — ыйык рухун — жиберип, «чындыкты толук түшүнүүгө» көмөк кылып жатканы үчүн Кудайга кандай гана ыраазыбыз! (Оку: Жакан 16:7, 13.) Андыктан «чыныгы билимди» дайыма жогору баалап, аны башкалар менен бөлүшүүгө чын дилден аракет кыла берели!

«КӨПТӨРДҮН» «ЧЫНЫГЫ БИЛИМГЕ» ЭЭ БОЛУШУ

9. «Күзөт мунарасынын» 1881-жылдын апрелиндеги санына кандай чакырык жарыяланган?

9 1881-жылы апрелде «Күзөт мунарасына», ал журналдын биринчи саны чыккандан эки жылга жетпеген убакыт өткөндөн кийин, 1000 жарчы керектиги жарыяланган. Анда мындай деп жазылган: «Күнүнө бир жарым саатын же андан көбүрөөк убактысын толугу менен Теңирибиздин ишине арнай ала тургандарды... буга чакырабыз: мүмкүнчүлүгүңөргө жараша адабият таратуучу же жакшы кабардын жарчысы катары чоң-кичине шаарларды аралап, Машаяктын жүрөгү таза жолдоочуларын издегиле. Алардын көптөрү Кудайга кызмат кылууда ынталуу болсо да, так билими жок; аларга Атабыздын ырайымынын молдугун, сөзүнүн кооздугун көрүүгө жардам бергиле».

10. Көптөр толук убакыт кызмат кыла турган жарчылар керектиги жөнүндөгү чакырыкка кандай жооп кайтарышкан?

10 Жогорудагы чакырыктан көрүнүп тургандай, Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр Машаяктын чыныгы жолдоочуларынын эң негизги иши жакшы кабарды жарыялоо экенин түшүнүшкөн. Ал кезде Ыйык Китепти Изилдөөчүлөрдүн жолугушууларына бир нече эле жүз киши катышкандыктан, толук убакыт кызмат кыла турган 1000 жарчынын чыгары айрымдарга мүмкүн эместей сезилген. Бирок китепчени же журналды окугандан кийин көптөр чындыкты тапканын түшүнүп, жогорудагы чакырыкка ылайык иш кылышкан. Алсак, 1882-жылы Лондондогу (Англия) бир киши Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр чыгарган китепчени жана «Күзөт мунарасынын» бир санын окуган соң: «Кудай аткарылышын каалаган ыйык ишке катышуу үчүн мага кантип жана эмне жөнүндө кабар айтуу керектигин үйрөткүлөчү»,— деп жазган.

11, 12. а) Адабият таратуучулардын максаты биздикине эмнеси менен окшош болгон? б) Адабият таратуучулар жаңы «класстарды», башкача айтканда, жыйналыштарды кантип уюштурушкан?

11 1885-жылы 300гө жакын Ыйык Китепти Изилдөөчү адабият таратуучу болуп кызмат кылган. Толук убакыт кызмат кылган ал жарчылар да, бизге окшоп, Машаяктын шакирттерин даярдоону максат кылышкан. Бирок алардын ыкмалары башкачараак болгон. Бүгүн биз, адатта, Ыйык Китепти бир учурда бир эле киши менен изилдейбиз. Анан аны жыйналыш жолугушууларына чакырабыз. Ал эми мурун адабият таратуучулар адегенде китептерди таратып кетишчү. Анан кайра барып, кызыккандардын баарын чогултуп, Ыйык Жазманы топ болуп изилдешчү. Алар Ыйык Китепти ар бир киши менен өзүнчө изилдебей, алардан «класстарды», азыркы тил менен айтканда, жыйналыштарды түзүшчү.

12 Маселен, 1907-жылы адабият таратуучулардын бир тобу бир шаарды кыдырып, мурун «Миң жылдыктын таңкы жарыгы» («Жазманы изилдөө» деп да аталган) деген китепти алгандарды издешкен. Ошол тууралуу «Күзөт мунарасында» мындай делген: «Кызыккандар алардын биринин үйүнө чакан топ болуп чогулушту. Анан адабият таратуучулардын бири аларга жекшемби күнү эртеден кечке Кудайдын адамзатка болгон ой-ниетин түшүндүрүп берди. Кийинки жекшембиде болсо аларды дайыма жолугушуу өткөрүп турууга үндөдү». Ал эми 1911-жылы бир туугандар шакирт даярдоо ыкмасын өзгөртүшкөн. 58 атайын кыдыруучу кызматчы Кошмо Штаттар менен Канаданы кыдырып, жалпыга арналган баяндама сүйлөшкөн. Анан баяндаманы уккандардын ичинен кызыккандардын аты-жөнүн, дарегин алып, аларды менчик үйлөргө чогултушкан. Ошентип, жаңы «класстарды» уюштурушкан. 1914-жылы дүйнө жүзү боюнча Ыйык Китепти Изилдөөчүлөрдүн жыйналыштарынын саны 1200гө жеткен.

13. «Чыныгы билимдин» кеңири таралып жатканы сени эмне үчүн таасирлентет?

13 Азыркы тапта дүйнө жүзүндө 109400дөй жыйналыш бар жана 895800 бир тууган пионер болуп кызмат кылууда. Жалпы жонунан сегиз миллионго жакын киши «чыныгы билимди» кабыл алып, жашоосунда колдонуп жатат. (Оку: Ышая 60:22.) * Иса Машаяктын өзүнүн шакирттери жөнүндө алдын ала айткандарын эске алганда, муну керемет деп айтууга болот. Ал жолдоочуларынын анын ысмы үчүн «баарына жек көрүндү болорун», куугунтукталарын, түрмөгө камаларын, атүгүл өлтүрүлөрүн айткан (Лк. 21:12—17). Шайтандын, жиндердин жана адамдардын каршылыктарына карабай, Жахабанын эли шакирт даярдоо тапшырмасын укмуштуудай ийгиликтүү аткарып жатат. Алар тоолорду, ээн жерлерди, шаарларды, алыскы айыл-кыштактарды кыдырып, тропикалык жунглиден тартып кычыраган тундрага чейин, кыскасын айтканда, «дүйнө жүзү боюнча» кабар таратышууда (Мт. 24:14). Эгер Кудай колдобосо, алар мунун бирин да кыла алышмак эмес.

«ЧЫНЫГЫ БИЛИМДИН» «КӨБӨЙҮШҮ»

14. «Чыныгы билим» басма сөз аркылуу кандайча кеңири таралууда?

14 Ооба, көптөгөн жарчылар жакшы кабарды ынталуу тараткандыктан, «чыныгы билим» көбөйүүдө. Ошондой эле анын көбөйүшүндө басма сөздүн да ролу чоң. 1879-жылы июлда Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр «Күзөт мунарасынын» биринчи санын чыгарган. Ал «Сион күзөт мунарасы жана Машаяктын катышуусунун жарчысы» деп аталган. Ал журнал бир коммерциялык фирма тарабынан англис тилинде 6000 нускада жарык көргөн. Анын редактору болуп 27 жаштагы Чарлз Тейз Рассел тандалган, ал эми башка жетилген беш бир тууган ал журналга макалаларды жазып турушкан. Азыр болсо «Күзөт мунарасы» 195 тилде чыгат. Ал дүйнөгө эң эле кеңири таралган журнал болуп эсептелет жана анын ар бир саны 42182000 нускада чыгат. Ал эми экинчи орунда аны менен бирге чыгуучу «Ойгонгула!» журналы турат. Ал 84 тилде 41042000 нускада жарык көрөт. Мындан сырткары, жыл сайын 100 миллионго жакын китеп жана Ыйык Китеп басылып чыгат.

15. Адабияттарды басуу ишибиз эмненин негизинде каржыланат?

15 Ушундай зор ишибиз ыктыярдуу тартуулар менен каржыланат. (Оку: Матай 10:8.) Адабият басып чыгаруу тармагында иштеп, басма станокторунун, кагаздын, боёктун жана башка материалдардын баасын билгендерди ушунун өзү эле таң калтырат. Бейтелдеги басмаканага керектүү нерселерди сатып келүүгө дайындалган бир ишенимдешибиз мындай деп ой бөлүшөт: «Биздин басмаканага келген ишкер кишилер аябагандай көп адабият басып чыгара турган алдыңкы технологиялар ыктыярдуу тартуулар менен каржыланарын билгенде айран таң калышат. Ошондой эле аларды Бейтелде көптөгөн жаштардын кубанычтуу кызмат кылып жатышканы абдан таасирлентет».

ЖЕР КУДАЙ ЖӨНҮНДӨГҮ БИЛИМГЕ ТОЛОТ

16. Жахаба эмне үчүн «чыныгы билимди» көбөйтүүдө?

16 Жахаба «ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалагандыктан» «чыныгы билимди» көбөйтүүдө (1 Тим. 2:3, 4). Ал адамдардын чындыкты таанып-билип, ага туура сыйынышын, анын батасын алышын каалайт. Жахаба «чыныгы билимди» көбөйтүү менен ишенимдүү майлангандарды чогултуп келет. Ошондой эле ал «ар бир элден, уруудан, улуттан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн» жана жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнгөн «эбегейсиз көп адамдарды» да чогултууда (Аян 7:9).

17. Таза сыйынуунун кеңири кулач жайышы эмнени далилдеп турат?

17 Таза сыйынуунун акыркы 130 жылдын ичинде кеңири кулач жайганы Жахаба Кудай менен ал дайындаган Падыша Иса Машаяктын жердеги ишенимдүү кызматчылары менен болуп, аларды жетектеп, коргоп, уюштуруп, билим берип келгенин далилдеп турат. Бул Жахабанын келечекке байланышкан убадаларынын да сөзсүз аткарыларын тастыктап турат. Келечекте «деңиз сууга толгондой, жер Жахаба жөнүндөгү билимге толот» (Ыш. 11:9). Ошондо адамзатка эмне деген баталар төгүлөт!

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Бул тууралуу «Жахабанын Күбөлөрү — ишенимин иш жүзүндө көрсөткөндөр. 1-бөлүк: Караңгылыктан чыгуу» жана «Жахабанын Күбөлөрү — ишенимин иш жүзүндө көрсөткөндөр. 2-бөлүк: Жарык жаркырасын» деген тасмалардан көбүрөөк билүүгө болот.

^ 13-абз. Кара: «Ышаянын пайгамбарлыгы — бүт адамзат үчүн жарык», 2-т., 320-б.; «Күзөт мунарасы», 2002-ж., 1-июль, 29-б., 16-абз.

[Изилдөө суроолору]

[6-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр Кудайдын эркин аткарууну чын дилден каалаган момун кишилерден болушкан

[7-беттеги сүрөт]

Жахаба ал жөнүндөгү «чыныгы билимдин» таралышына кошкон салымыңды жогору баалайт