Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Шайтанга жем болуп калба!

Шайтанга жем болуп калба!

Шайтанга жем болуп калба!

«Ибилистин айла-амалдарына каршы тургула» (ЭФ. 6:11).

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢ?

Дүнүйөкорлуктун тузагына түшпөш үчүн эмне кылышыбыз керек?

Үй-бүлөлүү бир туугандарга ойноштуктун аңына түшпөөгө эмне жардам берет?

Дүнүйөкорлукка жана жыныстык адеп-ахлаксыздыкка каршы туруу эмне үчүн акылдуулукка жатат деп ойлойсуң?

1, 2. а) Шайтан эмне үчүн майлангандарды жана «башка койлорду» жек көрөт? б) Бул макалада Шайтандын кайсы тузактары талкууланат?

ШАЙТАН ИБИЛИС адамдарды, өзгөчө, Жахаба Кудайдын кызматчыларын жек көрөт. Ал майлангандардын калдыгына каршы согуш жүргүзүүдө (Аян 12:17). Кудайдын ишеними күчтүү майланган кызматчылары учурда кабар айтуу ишин жетектеп, Шайтандын бул дүйнөнү башкарып жатканын ачыкка чыгарып жатышат. Шайтан майлангандарга көмөктөшкөн жана жер бетинде түбөлүк жашай турган «башка койлорду» да жек көрөт; ал өзү түбөлүк жашоо мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп калган (Жкн. 10:16). Ошондуктан анын каары кайнап жатат. Келечекте асманда жашоого үмүттөнөбүзбү же жердеби, Шайтан эч кимибиздин жыргалчылыгыбызды ойлобойт. Анын максаты — бизди колго түшүрүү (1 Пет. 5:8).

2 Шайтан максатына жетүү үчүн ар кандай тузактарды коюп келет. Ал ишенбегендердин акылын сокур кылып койгондуктан, алар жакшы кабарды кабыл алышпайт жана анын тузактарын байкашпайт. Бирок Шайтан атүгүл Падышалык жөнүндөгү кабарды кабыл алгандарды да тузакка түшүрүүдө (2 Кор. 4:3, 4). Өткөн макалада Шайтандын үч тузагынан: 1) башкаларды сындоодон, 2) коркунучка жана кысымга алдыруудан, ошондой эле 3) өзүн өтө эле күнөөлүү сезүүдөн кантип кача аларыбызды караганбыз. Келгиле, эми анын дагы башка эки тузагына түшпөш үчүн, тактап айтканда, дүнүйөкорлукка жана ойноштукка азгырылбаш үчүн эмне кылышыбыз керектигин карап көрөлү.

ДҮНҮЙӨКОРЛУК — МУУНТА ТУРГАН КЫЛТАК

3, 4. Бул дүйнөнүн түйшүгү кантип дүнүйөкорлукка түртүшү мүмкүн?

3 Иса пайгамбар бир мисалында тикенектин арасына түшкөн үрөн жөнүндө сөз кылган. Ал кимдир бирөөнүн сөздү угушу, бирок «бул дүйнөнүн түйшүгүнө, алдама байлыкка берилип кетип», «сөздүн басылып калышына жол бергендиктен... жемишсиз болуп калышы» мүмкүн экенин айткан (Мт. 13:22). Ооба, дүнүйөкорлук — душманыбыз Шайтан колдонгон тузактардын бири.

4 Сөздүн басылып калышына эки нерсе себеп болот. Биринчиси — «бул дүйнөнүн түйшүгү». Азыркы «өзгөчө оор мезгилде» бизди көп нерсе тынчсыздандырышы мүмкүн (2 Тим. 3:1). Кымбатчылык, жумушсуздук күчөгөндүктөн, балким, бирине тартсаң, экинчисине жетпей кыйналып жаткандырсың. Ошондой эле эртеңки күндү ойлоп: «Кийин карып, иштебей калганда жетиштүү акчам болобу?» — деп сарсанаа болушуң мүмкүн. Айрымдар акчам көп болсо, эч нерседен кам санабай жашайм деп, баюуну көздөп кетишкен.

5. Байлык кандайча алдап коюшу мүмкүн?

5 Иса пайгамбар сөздүн басылып калышына «алдама байлык» да себеп болорун айткан. Чынында эле, алдама байлык жана түйшүктөнүү сөздү басып салышы мүмкүн. Ырас, Ыйык Китепте акчанын коргой турганы айтылат (Нас. 7:12). Анткен менен байлыкка умтулуу акылдуулукка жатпайт. Көптөр өз тажрыйбасынан ынангандай, адам байлык топтоого канчалык көп күч коротсо, байлык аны ошончолук бийлеп алат. Айрымдар атүгүл анын кулу болуп калышкан (Мт. 6:24).

6, 7. а) Жумушуңдагы кандай жагдай байлыкка умтулушуңа себеп болушу мүмкүн? б) Көбүрөөк иштөө сунушталганда, Кудайдын кызматчысы эмне жөнүндө ойлонушу керек?

6 Баюуга болгон каалоо билинбей эле өрчүп кетиши мүмкүн. Төмөндөгү жагдайды элестетип көрсөң. Жумуш берүүчүң сага келип: «Менде жакшы жаңылык бар! Биздин ишкана чоң контракт түздү. Демек, кийинки айларда адаттагыдан көбүрөөк иштегенге туура келет. Бирок ошого жараша жакшы төлөп берем»,— дейт. Андайда эмне кылат элең? Албетте, үй-бүлөгө материалдык жактан кам көрүү — олуттуу милдет. Бирок бул жалгыз эле милдетиң эмес (1 Тим. 5:8). Эске алышың керек болгон башка да нерселер бар. Маселен, канча убакыт кошумча иштегенге туура келет? Жумушуң рухий иштерге, алсак, жыйналыш жолугушууларына барууга, үй-бүлө менен сыйынуу кечин өткөрүүгө тоскоолдук кылбайбы?

7 Чечим чыгарып жатканда биринчи кезекте эмнени ойлойсуң? Кошумча иштегениңдин капчыгыңды канчалык калың кыларынбы же Кудай менен болгон мамилеңе кандай таасир этеринби? Көбүрөөк акча табам деп отуруп, Падышалыктын кызыкчылыктарын экинчи орунга коюп калбайсыңбы? Дүнүйөкорлуктан улам өзүңдүн жана үй-бүлөңдүн Жахаба менен болгон мамилесине салкын мамиле кылып калбайсыңбы? Эгер азыркы учурда жагдайың ушундай болсо, дүнүйөкорлук муунтуп салбашы үчүн, эмне кылсаң болот? (Оку: 1 Тиметей 6:9, 10.)

8. Ыйык Китептеги кайсы окуялар кандай жашоо өткөрүп жатканыбызды текшерүүгө жардам берет?

8 Дүнүйөкорлуктун кылтагына илинип калбаш үчүн кандай жашоо өткөрүп жатканыңды мезгил-мезгили менен текшерип тур. Кылган иштери менен рухий нерселерди баалабай турганын көрсөткөн Эйсапка окшоп калба (Башт. 25:34; Евр. 12:16). Ошондой эле бүт мал-мүлкүн сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берүүгө жана Машаяктын жолун жолдоого чакырылган бай кишиге окшоп калба. Ал Иса Машаяктын чакырыгын кабыл алган эмес. Анын ордуна, «капа болуп кетип калган», «анткени мал-мүлкү абдан көп эле» (Мт. 19:21, 22). Байлыктын торуна түшүп калгандыктан ал киши эң чоң сыймыктан, тарыхтагы эң улуу адамдын жолун жолдоо сыймыгынан, айрылып калган. Андыктан Иса Машаяктын шакирти болуу артыкчылыгынан айрылып калуудан сак бол.

9, 10. Ыйык Китепте материалдык нерселер жөнүндө эмне делет?

9 Материалдык нерселерди ойлоп ашыкча тынчсызданбаш үчүн Иса пайгамбардын төмөнкү кеңешине кулак какканың маанилүү: «„Эмне жейбиз?“, „эмне ичебиз?“ же „эмне киебиз?“ деп эч качан тынчсызданбагыла. Мунун баарын ойлоп дүйнөнүн адамдары түйшүк тартышат. Ал эми силердин мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет» (Мт. 6:31, 32; Лк. 21:34, 35).

10 Алдама байлыктын тузагына түшүп калбаш үчүн Ыйык Китепти жазууга катышкан Агурдукундай көз караш өрчүтүүгө умтул. Ал: «Мени жакыр да, бай да кыла көрбө. Ырыскымды бере көр»,— деп тиленген (Накыл 30:8). Ооба, Агур акчанын коргой турган да, алдай турган да күчкө ээ экенин жакшы түшүнгөн. Бул дүйнөнүн түйшүгү да, алдама байлык да рухий жактан өлүмгө дуушар кылышы мүмкүн экенин унутпа. Материалдык нерселерге ашыкча тынчсыздана берүү убактыбызды, күчүбүздү алып, Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюуга болгон каалообузду басаңдатышы же такыр эле өчүрүп салышы мүмкүн. Андыктан Шайтандын тузагынан, дүнүйөкордуктан, алыс бол. (Оку: Еврейлер 13:5.)

ОЙНОШТУК — БИЛИНБЕГЕН АҢ

11, 12. Кудайдын кызматчысы иштеген жеринен ойноштуктун аңына кантип түшүп калышы мүмкүн?

11 Чоң жаныбарга аңчылык кылгандар ал жаныбар көп өтө турган жерге аң казып, үстүн байкалбагыдай кылып чырпыктар менен жаап, топурак себелеп коюшат. Шайтандын эң күчтүү азгырыктарынын бири ошондой аңга салыштырылат. Ал — жыныстык адеп-ахлаксыздык (Накыл 22:14; 23:27). Кудайдын кээ бир кызматчылары адеп-ахлаксыз ишке алып бара турган жагдайлардан качпагандыктан ошондой аңга түшүп калышкан. Айрым үй-бүлөлүү ишенимдештер да жубайынан башка бирөө менен ынак болуп кетип, аны менен ойноштук кылган учурлар кездешет.

12 Адам кимдир бирөөгө карата орунсуз сезимдерди иштеген жеринен өрчүтүп алышы мүмкүн. Бир изилдөөгө ылайык, ойноштук кылган аялдардын жарымынан көбү жана ойноштукка барган эркектердин дээрлик 4төн 3ү чогуу иштеген киши менен ойноштук кылган. Сага да иштеген жериңен карама-каршы жыныстагы адамдар менен мамилелешүүгө туура келеби? Эгер ошондой болсо, алар менен болгон мамилең жөнүндө эмне айтууга болот? Мамилеңер жумуш менен эле чектелеби же андан да жакыныраакпы? Мисалы, ишенимдеш эже карама-каршы жыныстагы адам менен бир нече жолу ар кандай темада сүйлөшкөндөн кийин ага сырларын, атүгүл жолдошу менен болгон кыйынчылыктарын да айта башташы мүмкүн. Ал эми чогуу иштеген аял менен достук мамиле өрчүтүп алган эркек бир тууган: «Ал менин көз карашымды сыйлайт. Мен сүйлөп жатканда, кунт коюп угат. Мени аябай баалайт. Аялым мага ушундай мамиле кылса гана!» — деп ойлонушу мүмкүн. Ушундай жагдайга кабылган бир туугандардын оңой эле ойноштуктун аңына түшүп кетиши мүмкүн экенине кошулат чыгарсың.

13. Кандайча жыйналыштан карама-каршы жыныстагы адамдардын ортосунда орунсуз ынак мамиле өрчүп кетиши мүмкүн?

13 Жыйналыштан да карама-каршы жыныстагы адамдардын ортосунда орунсуз ынак мамиле өрчүп кетиши ыктымал. Төмөндөгү жашоодон алынган окуяга токтололу. Даниел менен жубайы Сара * үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылышкан. Өзү айткандай, Даниел «эч качан жок дебеген аксакал» болчу. Ал ага сунуш кылынган жоопкерчиликтердин баарын аткарууга макул боло берчү. Ошондой эле беш жигит менен Ыйык Китепти изилдечү. Кийин алардын үчөө чөмүлтүлгөн. Алар жаңы чөмүлтүлгөндүктөн жардамга, көңүл бурууга муктаж болушкан. Даниел жыйналыштагы милдеттеринен бошобой калганда, көбүнчө аларга Сара жардам бере турган. Сара өзү да көңүл бурууга муктаж болчу. Ага Даниелдин ошол кызыгуучулары көңүл бурушчу. Ошентип, Шайтандын өлүмгө дуушар кылуучу тузагы коюлган. «Аларга жардам берем деп жубайым бир нече айдын ичинде рухий жактан алсырап, эмоциялык жактан аябай кыйналып кетти,— дейт Даниел.— Анын үстүнө, мен да ага көп көңүл бура албай жүрдүм. Бул аябай кесепеттүү болду. Аялым алардын бирөөсү менен ойноштук кылды. Ойлосом, ал көз алдымда эле рухий жактан алсырап кетиптир. Мен болсо жыйналыштагы милдеттериме алаксып жатып, аны байкабай да калыптырмын». Сен мындай каргашадан кантип кача аласың?

14, 15. Кудайдын үй-бүлөлүү кызматчыларына ойноштуктун аңына түшпөөгө эмне жардам берет?

14 Жубайың же өзүң ойноштуктун аңына түшүп калбашың үчүн өмүрлүк жарыңа берилгендик көрсөтүү деген эмне экендиги жөнүндө терең ой жүгүрт. Иса пайгамбар: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деген (Мт. 19:6). Эч качан теократиялык жоопкерчиликтериңди жубайыңан да маанилүүрөөк деп ойлобо. Ошондой эле анча маанилүү эмес иштердин айынан жубайыңа көңүл бурбай коюу нике түйүнүңөрдүн бошоп баратканынан кабар бериши мүмкүн экенин жана бул азгырыктарга, атүгүл олуттуу күнөөгө түртүп коюшу мүмкүн экенин эсиңден чыгарба.

15 Эгер аксакал болсоң, Кудайдын отору жөнүндө эмне айтууга болот? Элчи Петир: «Кудайдын өзүңөргө тапшырылган оторун кайтаргыла; аргасыздан эмес, даярдуулук менен, арам жол менен пайда көрүш үчүн эмес, чын көңүлдөн... кайтаргыла»,— деген (1 Пет. 5:2, 3). Албетте, жыйналыштагы бир туугандарга кам көрүшүң керек. Бирок койчу катары милдетимди аткарам деп, күйөө катары милдетиңди аткарбай калба. Өмүрлүк жарың үйдө «ачка» отурса, жыйналышты тамактандырууга бүт көңүлүңдү бурганың эч кандай мааниге ээ болбой калмак, атүгүл абдан кооптуу болмок. «Жоопкерчиликтериңди аткарам деп, эч качан өз үй-бүлөңө карабай калба»,— дейт жогоруда айтылган Даниел.

16, 17. а) Үй-бүлөлүү бир туугандар жубайынан башка бирөө менен жакын мамиледе болууну каалабай турганын кантип көрсөтө алышат? б) Биздин адабияттардагы ойноштуктан качууга жардам бере турган кеңештерден айтып бер.

16 «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарында Кудайдын үй-бүлөлүү кызматчыларына ойноштуктун аңына түшпөгөнгө жардам берген эң сонун кеңештер чыгып турат. Алсак, 2006-жылдын 1-октябрындагы «Күзөт мунарасында» мындай кеңеш берилген: «Иштеген жериңде жакын мамилелердин өрчүшүнө өбөлгө түзө турган жагдайлардан сактан. Мисалы, жумушта башка жыныстагы адам менен чогуу иштөө азгырыкка дуушар кылышы ыктымал. Никелүү адам катары жубайыңдан башка бирөө менен жакын мамиледе болууну каалабаарың сүйлөгөн сөзүңдөн, жүрүм-турумуңдан ачык көрүнүп турууга тийиш. Кудайдын берилген кызматчысы болгондуктан, албетте, тийишип же адеп-ахлак нормаларына ылайык келбеген кийим жана сырткы көрүнүшүң менен өзүңө ашыкча көңүл бурдурууну каалабайсың... Иштеген жериңде өмүрлүк жарыңдын, балдарыңдын сүрөтү болсо, бул өзүңө жана башкаларга үйбүлөңдү баалаарыңды эскертип турат. Кимдир бирөөнүн азгыруучу сунуштарын колдобоого, атүгүл андайга жол бербөөгө чечкиндүү бол».

17 «Ойгонгула!» журналынын 2009-жылдын апрель—июнь айларындагы санына чыккан «Никедеги берилгендик чынында эмнени билдирет?» деген макалада жарыңан башка бирөө менен жыныстык мамиледе болуп жатканыңды элестетүү кооптуу экени эскертилген. Макалада айтылгандай, ал жөнүндө ойлонуу ойноштук кылууга түртүшү мүмкүн (Жкп. 1:14, 15). Эгер өмүрлүк жарың бар болсо, мезгил-мезгили менен андай макалаларды чогуу окуп турганыңар жакшы. Никени Жахаба Кудай өзү негиздеген жана ал ыйык. Жарың менен никеңер тууралуу сүйлөшүп турганың ыйык нерселерди баалаарыңды далилдейт (Башт. 2:21—24).

18, 19. а) Ойноштуктун кесепети кандай болот? б) Никеде берилгендик сактоо кандай баталарга ээ кылат?

18 Кимдир бирөө менен орунсуз ынак мамиледе болууга азгырылып жатсаң, бузуктуктун жана ойноштуктун канчалык кесепеттүү экени жөнүндө ой жүгүрт (Накыл 7:22, 23; Гал. 6:7). Адеп-ахлаксыздык кылган киши Жахабаны капалантат жана жарынын да, өзүнүн да жүрөгүн жаралайт. (Оку: Малаки 2:13, 14.) Жүрүм-турумун таза сактаган адамдар ала турган баталар жөнүндө да ойлон. Андай адамдар түбөлүк жашоого эле үмүттөнбөстөн, азыр да таза абийирге ээ болуп, эң сонун жашоо өткөрүшөт. (Оку: Накыл сөздөр 3:1, 2.)

19 Забурчу Кудайдын мыйзамы жөнүндө: «Мыйзамыңды жакшы көргөндөрдүн тынчтыгы мол, аларды эч нерсе мүдүрүлтпөйт»,— деп ырдаган (Заб. 119:165). Андыктан азыркы ыймансыз дүйнөдө чындыкты сүйүп, кандай жашап жатканыңа жакшылап көңүл буруп, «акылсыздардай эмес, акылдуулардай жаша» (Эф. 5:15, 16). Биз бараткан жол Шайтандын Кудайдын кызматчыларын кармаш үчүн койгон тузактарына жык толгон. Бирок бизде өзүбүздү коргоо үчүн көптөгөн каражаттар бар. Жахаба бизди Шайтанга «каршы турууга» жана анын «оттуу жебелерин өчүрүүгө» эмне зарыл болсо, ошонун бардыгы менен камсыз кылган (Эф. 6:11, 16).

[Шилтеме]

^ 13-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[Изилдөө суроолору]

[26-беттеги сүрөт]

Дүнүйөкорлук адамды рухий жактан муунтуп салышы мүмкүн. Ал сени да муунтуп салбасын

[29-беттеги сүрөт]

Тийишсең же бирөөнүн тийишкенин четке какпасаң, ойноштукка барышың мүмкүн