Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңдеби?

Эсиңдеби?

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңбы?

Шымшондун чачы ага күч бергенби?

Жок. Шымшондун чачы анын назир катары Жахаба менен өзгөчө мамиледе экенин көрсөткөн белги болгон. Делила анын чачын кырктырганда, анын ошол мамилесине доо кеткен (15.4. 9-б.).

Кадимки жүрөккө салыштырганда, кайсы үч нерсе каймана жүрөгүбүзгө оң таасир этет?

1) Азыктандыруу. Кадимки жүрөгүбүздү пайдалуу заттар менен камсыз кылып турушубуз керек болгондой эле, каймана жүрөгүбүздү пайдалуу рухий азыктар менен жетиштүү өлчөмдө азыктандырышыбыз зарыл. 2) Көнүгүү. Кызматка жигердүү катышуу менен каймана жүрөгүбүздү жакшы абалда сактай алабыз. 3) Чөйрө. Бизге чындап кам көргөн ишенимдештерибиз менен мамилелешүүнүн аркасында стрессти азайтабыз (15.4. 16-б.).

Жубайлардын бири ишенимсиздик кылгандан кийин, аларга кайрадан бири-бирине мурункудай ишенгенге эмне жардам берет?

Алар 1) бири-бирине дайыма чындыкты айтышы, 2) биргелешип иш кылышы, 3) эски адаттардан арылып, жакшы адаттарды өрчүтүшү жана 4) кек сактабай, ортосундагы жараканы бүтөөгө умтулушу кажет (1.5. 12—15-б.).

Сөөк коюуда сөз сүйлөгөндө эмне үчүн Забур 116:15ти маркумга карата колдонбош керек?

Ал аятта: «Ишенимдүү кызматчыларынын өлүмү Жахабанын көз алдында кымбат»,— делет. Бул сөздөр, эгер Кудай бардык ишенимдүү кызматчыларынын өлүшүнө жол берип койсо, бул ал үчүн өтө эле кымбатка турмактыгын билдирет. Ошондуктан ал алардын топ катары жок болуп кетишине жол бербейт (15.5. 22-б.).

Адабият таратуучулар деген кимдер болгон?

1931-жылга чейин азыркы «пионер» деген терминдин ордуна «адабият таратуучу» деген термин колдонулуп келген (15.5. 31-б.).

Ыйык Китептин адам баласы жазган жөнөкөй эле китеп эмес экенин эмнелер далилдейт?

Ыйык Китептеги көп пайгамбарлыктар аткарылган. Анда уламыш эмес, тарыхый жана илимий жактан так маалыматтар камтылат. Андагы китептер бири-бирине карама-каршы келбейт. Анда жазылгандар бүгүн да колдонорлук (1.6. 4—8-б.).

Даниел 2:44төгү «ушул падышалыктардын баары» кайсы падышалыктарды билдирет?

Алар Даниел пайгамбар чечмелеп берген металл айкелдин ар кайсы бөлүктөрү катары сүрөттөлгөн падышалыктарды, тактап айтканда, өкмөттөрдү билдирет (15.6. 17-б.).

Англия-Америка дүйнөлүк державасы качан ыйык китептик пайгамбарлыкта айтылган жетинчи дүйнөлүк держава болгон?

Ал дүйнөлүк кош держава, Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Улуу Британия менен Америка Кошмо Штаттары биргелешип өзгөчө жол менен иш алып бара баштаганда, пайда болгон (15.6. 19-б.).

Кудай кандайча өкүнгөн күнөөкөрдүн күнөөлөрүн кечирет жана унутат?

Жахаба анын ырайымына ээ болгондор жөнүндө: «Мен алардын кылмышын кечирем, күнөөсүн экинчи эстебейм»,— деген (Жер. 31:34). Ал күнөөлөрүбүздү кундун негизинде кечирет. Анан кечиргенден кийин аларды унутат. Бул анын бизди кайрадан жазалаш үчүн күнөөлөрүбүздү эстебей турганын билдирет (1.7. 18-б.).

Ыйык Китепте жазылган кереметтердин болгонуна эмне үчүн ишенсек болот?

Алар көбүнчө жашыруун эмес, эл алдында жасалган. Алар адамдарды таасирленткидей өзгөчө жол менен эмес, жөнөкөй эле жол менен жасалган. Ошондой эле адамдарды эмес, Кудайды даңкташ үчүн жасалган. Ар кыл кереметтер кылынган жана ошол учурдагы каршылаштар да алардын болгонун танган эмес. Ошондуктан ал кереметтердин чынында эле болгонуна толук ишенсек болот (1.8. 7, 8-б.).