Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бул дүйнөнүн акыры кантип келет?

Бул дүйнөнүн акыры кантип келет?

«Ал күн силерге күтүлбөгөн жерден келгидей, силер уурулардай болуп караңгыда жүргөн жоксуңар» (1 ТЕС. 5:4).

1. Бизге сергек болууга жана сыноолорду көтөрүп кетүүгө эмне жардам берет?

ЖАКЫНДА жер жүзүн солкулдаткан окуялар болот! Муну Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылышы тастыктап турат, ошондуктан сергек болушубуз керек. Сергек болууга бизге эмне жардам берет? Элчи Пабыл көзүбүздү «көрүнбөгөн нерселерге багыттоого» үндөгөн. Ооба, Жахаба келечекте бизге сыйлык берерин, тактап айтканда, асманда же жерде түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берерин унутпашыбыз керек. Контексттен көрүнүп тургандай, Пабыл ал сөздөрдү ишенимдештерине Кудайга берилгендик менен кызмат кылуунун натыйжасы кандай жакшы болору жөнүндө ойлонууга түрткү берүү үчүн жазган. Ал жөнүндө ой жүгүртүү аларга сыноолорду, куугунтуктарды көтөрүп кетүүгө да жардам бермек (2 Кор. 4:8, 9, 16—18; 5:7).

2. а) Үмүтүбүздү бекем сакташ үчүн эмне кылышыбыз керек? б) Ушул жана кийинки макалада эмнелерди талкуулайбыз?

2 Пабылдын кеңешинен маанилүү бир нерсени биле алабыз: үмүтүбүздү бекем сакташ үчүн көрүнгөн нерселер менен гана чектелбей, «көрүнө» элек окуяларга да көңүл бурушубуз керек (Евр. 11:1; 12:1, 2). Андыктан, келгиле, келечекте боло турган жана түбөлүк өмүргө болгон үмүтүбүз менен тыгыз байланышы бар он окуяны карап чыгалы *.

БУЛ ДҮЙНӨ СОҢУНА ЧЫГАР АЛДЫНДА КАНДАЙ ОКУЯЛАР БОЛОТ?

3. а) 1 Тесалоникалыктар 5:2, 3кө ылайык, алдыда кандай окуя болот? б) Саясий жетекчилер эмне кылышат жана аларга кимдер кошулушу мүмкүн?

3 Келечекте боло турган окуялардын бири жөнүндө элчи Пабылдын тесалоникалыктарга жазган катынан билүүгө болот. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 5:2, 3.) Ал «Жахабанын күнү» жөнүндө жазган. Бул жерде айтылган «Жахабанын күнү» жалган диндин жок кылынышы менен башталып, Армагедон согушу менен аяктай турган убакыт аралыгын билдирет. Бирок Жахабанын күнү башталардын алдында дүйнөнүн аттуу-баштуулары: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп айтышат. Ал бир же бир нече жолу жарыяланышы мүмкүн. Элдер чоң көйгөйлөрдүн айрымдарын чечкени турабыз деп ойлошу ыктымал. Ал эми диний жетекчилер жөнүндө эмне десе болот? Алар да дүйнөнүн бөлүгү болгондуктан саясий жетекчилерге кошулуп кетиши мүмкүн (Аян 17:1, 2). Ошентүү менен алар байыркы Жүйүттөгү жалган пайгамбарларды туураган болушат. Жахаба алар жөнүндө: «Тынчтык жок болсо да: „Тынчтык! Тынчтык!“ — деп [жатышат]»,— деген (Жер. 6:14; 23:16, 17).

4. Көпчүлүктөн айырмаланып, биз эмнени түшүнөбүз?

4 «Тынчтык жана коопсуздук!» деп кимдер айтпасын, ал Жахабанын күнү башталарына аз калганынан кабар берет. Ошондуктан Пабыл: «Бир туугандар, ал күн силерге күтүлбөгөн жерден келгидей, силер уурулардай болуп караңгыда жүргөн жоксуңар. Анткени баарыңар жарыктын... уулдарысыңар»,— деп айткан (1 Тес. 5:4, 5). Көпчүлүктөн айырмаланып, биз болуп жаткан окуялардын маани-маңызын түшүнөбүз. «Тынчтык жана коопсуздук!» деп айтууга байланыштуу пайгамбарлык кандайча аткарылат? Аны убакыт көрсөтөт. Андыктан дайыма «сергек жана сак бололу» (1 Тес. 5:6; Сеп. 3:8).

ЖАҢЫЛЫШ ОЙЛОГОН «КАНЫША»

5. а) «Улуу алаамат» кантип башталат? б) Кайсы «каныша» аман калам деп жаңылыш ойлоп алат?

5 Андан кийин эмне болот? Пабыл: «„Тынчтык жана коопсуздук!“ деп айтып жатышканда, алардын кыйратылуусу... капысынан келет»,— деген. Капысынан боло турган кыйратылуунун биринчи баскычында «сойку» катары белгилүү болгон «Улуу Бабылга», жалган диндин дүйнөлүк империясына, чабуул жасалат (Аян 17:5, 6, 15). Бардык жалган диндерге, анын ичинде христиан дүйнөсүнө жасалган чабуул «улуу алааматтын» башталганын билдирет (Мт. 24:21; 2 Тес. 2:8). Көптөр үчүн бул күтүлбөгөн окуя болот. Эмне үчүн? Себеби ага чейин жогоруда айтылган сойку өзүн «канышадай» көрүп, «эч качан кайгы тартпайм» деп ойлойт. Бирок ал аман калам деп жаңылыш ойлоп алганын түшүнүүгө мажбур болот. Ал «бир күндүн ичинде» болгондогудай бир заматта жок кылынат (Аян 18:7, 8).

6. Жалган динди ким жок кылат?

6 Кудайдын Сөзүндө сойкуга «он мүйүзү бар кыпкызыл жырткычтын» кол салары айтылат. Аян китебин изилдөөнүн аркасында ал жырткычтын Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) билдирерин түшүнүүгө болот. Ал жырткычтын «он мүйүзү» аны колдогон бардык саясий күчтөрдү билдирет * (Аян 17:3, 5, 11, 12). Анын кол салуусу сойкуну канчалык жабыркатат? БУУга кирген элдер сойкуну талап-тоношот, бетин ачышат, «этин жеп, өзүн өрттөп жиберишет». Ооба, анын сөөгү сөпөт болот. (Оку: Аян 17:16.)

7. «Жырткычтын» чабуулу эмне болуп башталат?

7 Ыйык Китепте ал чабуулдун эмне болуп башталары да көрсөтүлөт. Кудай кандайдыр бир жол менен саясий башкаруучулардын жүрөгүнө «өзүнүн оюн аткарууга», атап айтканда, сойкуну жок кылууга ой салат (Аян 17:17). Дин согуш отун тутантып, дүйнөдөгү көптөгөн көйгөйлөргө себепкер болуп келгендиктен, элдер аны жок кылуу менен өздөрүнүн улуттук кызыкчылыгын көздөп жатабыз деп ойлошу мүмкүн. Ырас, динге каршы чыкканда алар өздөрүнүн «бир оюн» аткарып жатабыз деп ойлошот. Бирок, чынында, Кудай аларды жалган динди жок кылуу үчүн өзүнүн куралы катары колдонгон болот. Ошентип, күтүлбөгөн жерден Шайтандын түзүлүшүнүн бир бөлүгү экинчисине каршы чыгат жана Шайтандын ага бөгөт коюуга кудурети жетпейт (Мт. 12:25, 26).

КУДАЙДЫН ЭЛИНЕ КОЛ САЛЫНЫШЫ

8. «Магок жеринен чыккан Гоктун» кол салуусу дегенди кандай түшүнүүгө болот?

8 Жалган дин жок кылынгандан кийин, Кудайдын эли «дубалы... жок», «коопсуз жашап» жаткан болот (Жез. 38:11, 14). Кудайга сыйынып жаткан, бир караганда, коргоочусу жоктой сезилген ал элди эмне күтүп турат? Кыязы, «көптөгөн элдер» аларга каршы чыгышат. Кудайдын Сөзүндө ал окуя «Магок жеринен чыккан Гоктун» кол салышы катары сүрөттөлөт. (Оку: Жезекиел 38:2, 15, 16.) Биз анын кол салуусуна кандай карашыбыз керек?

9. а) Кудайдын кызматчылары биринчи кезекте эмнени каалашат? б) Ишенимибизди бекемдеш үчүн эмне кылышыбыз керек?

9 Кудайдын элине чабуул жасала турганын алдын ала билсек да, буга өтө эле тынчсыздана бербейбиз. Биз биринчи кезекте куткарылып калууну эмес, Жахабанын ысмынын ыйыкталышын жана эгедерлигинин акталышын каалайбыз. Жахаба элдерге 60тан ашуун жолу: «Менин Жахаба экенимди билесиңер»,— деген (Жез. 6:7). Андыктан биз Жезекиелдин пайгамбарлыгынын ошол маанилүү бөлүгүнүн аткарылышын көрүүгө куштарбыз. Ошондой эле Жахабанын «Өзүнө берилген адамдарды сыноодон кантип куткарууну... билерине» бекем ишенебиз (2 Пет. 2:9). Ошону менен бирге, алдыдагы бардык сыноолордо Жахабанын алдында кынтыксыздыгыбызды сакташ үчүн ишенимибизди бекемдөөгө бүт күчүбүздү жумшайбыз. Ан үчүн эмне кылышыбыз керек? Тиленишибиз, Кудайдын Сөзүн изилдешибиз, окугандарыбыздын үстүнөн ой жүгүртүшүбүз жана башкаларга жакшы кабар айтышыбыз кажет. Ошентүү менен түбөлүк өмүр сүрүүгө болгон үмүтүбүздү «кеме казыктай» бекем сактайбыз (Евр. 6:19; Заб. 25:21).

ЭЛДЕР ЖАХАБАНЫН КИМ ЭКЕНИН БИЛҮҮГӨ АРГАСЫЗ БОЛУШАТ

10, 11. Армагедон согушу качан башталат жана ошондо эмне болот?

10 Жахабанын элине кол салынганда, жүрөк титиреткен кандай окуя болот? Ошондо Жахаба Иса Машаяк менен асман аскерлерин жиберип, өз элине болушат (Аян 19:11—16). Ал окуя «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган согуш» — Армагедон согушу — деп аталат (Аян 16:14, 16).

11 Ал согуш жөнүндө Жахаба Жезекиел пайгамбар аркылуу мындай деген: «Мен Гокко каршы бүт тоолуу аймагым боюнча кылыч чакырам,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Ар биринин кылычы бир тууганына каршы көтөрүлөт». Ооба, Шайтандын тарабындагылар дүрбөлөңгө түшүп, бири-бирин өлтүрө башташат. Ошентип, Шайтандын бүтүндөй түзүлүшү кымгуут түшөт. «[Гокко] да, аскерлерине да, жанындагы көптөгөн элдерге да... от менен күкүрт жаадырам»,— деген Жахаба (Жез. 38:21, 22). Анын жыйынтыгы кандай болот?

12. Элдер эмне кылууга аргасыз болушат?

12 Элдер аларды Жахаба жазалап жатканын түшүнүүгө аргасыз болушат. Анан алар, ысрайылдыктарды Кызыл деңизге чейин кууп барган байыркы мисирликтердей болуп: «Жахаба алар үчүн... согушуп жатат»,— деп кыйкырышы мүмкүн (Чыг. 14:25). Арийне, ошондо элдер Жахабанын ким экенин билүүгө мажбур болушат. (Оку: Жезекиел 38:23.) Ал окуялардын башталышына канчалык аз калды?

БАШКА ДҮЙНӨЛҮК ДЕРЖАВА ЧЫКПАЙТ

13. Даниел пайгамбар сүрөттөгөн айкелдин бешинчи бөлүгү жөнүндө эмне билебиз?

13 Даниел китебиндеги бир пайгамбарлык бизге кайсы убакта жашап жатканыбызды түшүнүүгө жардам берет. Даниел пайгамбар ар кандай металлдан турган адам түрүндөгү айкел жөнүндө жазган (Дан. 2:28, 31—33). Ал айкел Кудайдын элине байыркы учурда жана биздин күндөрдө чоң таасир эткен, биринин аркасынан бири келген дүйнөлүк державаларды билдирет. Алар: Бабыл, Мадай-Персия, Греция, Рим жана акыркысы биздин учурдагы дүйнөлүк держава. Даниелдин пайгамбарлыгын изилдөөнүн аркасында ал акыркы дүйнөлүк державанын айкелдин бут кетмени жана манжалары катары сүрөттөлгөнүн билебиз. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Улуу Британия менен Кошмо Штаттар өзгөчө жол менен кызматташышкан. Ооба, Даниел пайгамбар сүрөттөгөн айкелдин бешинчи бөлүгү — Англия-Америка дүйнөлүк державасы. Айкелдин бут кетмени — анын акыркы бөлүгү. Бул андан кийин эч бир дүйнөлүк держава чыкпай турганын көрсөтүп турат. Ал эми анын бут кетмени менен манжаларынын темирден жана чоподон турганы Англия-Америка дүйнөлүк державасынын алсыз абалын сүрөттөп турат.

14. Армагедон кайсы дүйнөлүк держава доорон сүрүп турганда келет?

14 Ошол эле пайгамбарлыктан көрүнүп тургандай, чоң таш катары сүрөттөлгөн Кудайдын Падышалыгы 1914-жылы Жахабанын эгедерлигин билдирген тоодон бөлүнгөн. Азыр ал айкелдин бут кетменин көздөй тездик менен учуп келатат. Армагедондо айкелдин бут кетмени менен калган бөлүктөрүнүн таш-талканы чыгат. (Оку: Даниел 2:44, 45.) Демек, Армагедон Англия-Америка дүйнөлүк державасы доорон сүрүп турган убакта келет. Бул пайгамбарлыктын толугу менен аткарылышына күбө болуу кандай гана жүрөк толкутарлык болот! * Ал эми Шайтан жөнүндө эмне айтууга болот? Жахаба аны эмне кылат?

КУДАЙДЫН БАШКЫ ДУШМАНЫ ЭМНЕ БОЛОТ?

15. Армагедондон кийин, Шайтан менен анын жин-перилери эмне болот?

15 Адегенде, Шайтан жер үстүндөгү уюмунун кантип толугу менен жок кылынганын көрөт. Анан анын өзүнө да кезек келип жетет. Ошондо эмне болору Жакандын аянында жазылган. (Оку: Аян 20:1—3.) Иса Машаяк — колунда түпсүз туңгуюктун ачкычы бар периште — Шайтан менен анын жин-перилерин кармап, түпсүз туңгуюкка ыргытып, миң жылга камап коёт (Лк. 8:30, 31; 1 Жкн. 3:8). Ал жыландын башынын жанчылышынын биринчи баскычы болот * (Башт. 3:15).

16. Шайтандын «түпсүз туңгуюкка» ыргытылышы эмнени билдирет?

16 Шайтан жана анын жин-перилери ыргытыла турган «түпсүз туңгуюк» эмнени билдирет? Элчи Жакан колдонгон ависос деген грек сөзү «өтө, аябагандай терең» деген маанини туюнтат. Аны «түпсүз» жана «чексиз боштук» деп да которууга болот. Демек, «түпсүз туңгуюк» Жахаба жана колунда ал туңгуюктун ачкычы бар периштеден башка эч ким бара албай турган жайды билдирет. Ал жакта Шайтан өлгөндөгүдөй абалда болот, ошондуктан «элдерди адаштыра» албайт. Ошентип, «арылдаган арстандын» жаагы жап болот! (1 Пет. 5:8).

БЕЙКУТ ЗАМАН ОРНОГОНГО ЧЕЙИНКИ ОКУЯЛАР

17, 18. а) Кайсы «көрүнбөгөн» окуяларды карап чыктык? б) Ошол окуялардан кийин кандай заман болот?

17 Ырас, жакында жүрөк солкулдаткан маанилүү окуялар болот. Биз «Тынчтык жана коопсуздук!» деп кандайча айтыларын көрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Андан соң Улуу Бабылдын жок кылынышына, Магок жеринен чыккан Гоктун кол салышына, Армагедон согушуна күбө болобуз. Анан Шайтан менен анын жин-перилери түпсүз туңгуюкка ыргытылат. Ошол окуялардан соң, жамандык толугу менен жок кылынып, Машаяктын Миң жылдык башкаруусу башталат. Ошентип, «мол тынчтык» өкүм сүргөн жаңы заманга киребиз (Заб. 37:10, 11).

18 Биз жогоруда карап чыккан беш окуядан сырткары, көзүбүздү багытташыбыз керек болгон башка да «көрүнбөгөн нерселер» бар. Алар тууралуу эмки макалада талкууланат.

^ 2-абз. Ал он окуя ушул жана кийинки макалада талкууланат.

^ 6-абз. «Аян. Туу чокусуна жакын калды!» (ор.) китебинин 251—258-беттерин карагыла.

^ 14-абз. Даниел 2:44төгү «ушул падышалыктардын баарын талкалайт» деген сөздөр айкелдин ар кайсы бөлүгү катары сүрөттөлгөн падышалыктарга, тактап айтканда, дүйнөлүк державаларга карата айтылган. Бирок Ыйык Китептеги башка пайгамбарлыкта «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө» «бүт дүйнөнүн падышаларынын» Жахабага каршы чыгары айтылган (Аян 16:14; 19:19—21). Ошондуктан Армагедондо айкелдин бөлүктөрү катары сүрөттөлгөн падышалыктар эле эмес, дүйнө жүзүндөгү падышалыктардын баары жок кылынат.

^ 15-абз. Миң жылдын аягында Шайтан менен анын жин-перилери «оттуу жана күкүрттүү көлгө ыргытылганда», жыландын башы толугу менен жанчылат (Аян 20:7—10; Мт. 25:41).