Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кандай маанай көрсөтүп жатасың?

Кандай маанай көрсөтүп жатасың?

«Мырзабыз Иса Машаяк жакшы маанай көрсөтүп жаткан силерге ырайымын төгө берсин» (ФЛМ. 25).

1. Ишенимдештерине кат жазганда элчи Пабыл эмнени көп баса белгилеген?

ИШЕНИМДЕШТЕРИНЕ жазган каттарында элчи Пабыл жыйналыштагылардын Кудай менен Иса Машаякка жаккыдай маанай көрсөтүп жатышканына үмүттөнөрүн көп баса белгилеген. Мисалы, галатиялыктарга: «Бир туугандар, жакшы маанай көрсөтүп жаткан силерге Мырзабыз Иса Машаяк ырайымын төгө берсин. Оомийн»,— деп жазган (Гал. 6:18). Ал «жакшы маанай» деген сөздөр менен эмнени айткысы келген?

2, 3. а) Элчи Пабыл «маанай» деген сөздү кээде кандай мааниде колдонгон? б) Маанайыбызга байланыштуу өзүбүзгө кандай суроолорду берип көрүшүбүз кажет?

2 Элчи Пабыл колдонгон «маанай» деген сөз бул жерде кандай сүйлөп, кандай иштерди кыларыбызга таасир эте турган күчтү билдирет. Алсак, кимдир бирөө сылык-сыпаа, камкор, жумшак, берешен же кечиримдүү болушу мүмкүн. Ыйык Китепте «токтоо жана жумшак рухтун», тактап айтканда, маанайдын жакшы экени айтылат (1 Пет. 3:4, шилт.). Ал эми башка бирөө какшыкчыл, дүнүйөкор, таарынчаак же өз билгенин жасагысы келген адам болушу мүмкүн. Андан да жаманы, айрымдар адеп-ахлаксыздыкты жакшы көрүшү, эч кимге баш ийгиси келбеши, атүгүл козголоңчул болушу ыктымал.

3 Ошентип, Пабыл «Мырзабыз жакшы маанай көрсөтүп жаткан сени менен болсун» деген сыяктуу сөздөр менен ишенимдештерин Кудайдын эркине ылайык келген маанай көрсөтүүгө, Машаяктыкындай сапаттарды чагылдырууга үндөгөн. (2 Тим. 4:22; оку: Колосалыктар 3:9—12.) Андыктан өзүбүздөн: «Мен кандай маанай көрсөтүп жатам? Кудайга жаккыдай маанай көрсөтүш үчүн дагы кайсы жагынан жакшырышым керек? Канткенде жыйналышта жакшы маанай өкүм сүрүшүнө көбүрөөк салым кошо алам?» — деп сурап көрүшүбүз кажет. Маселен, гүлзардагы ар бир гүл анын көркүнө көрк кошуп турат. Биз да «гүлдөй» болуп, жыйналыштын көркүнө көрк кошуп жатабызбы? Ар бирибиз ошого умтулушубуз керек. Анда эмесе, канткенде Кудайга жаккыдай маанай көрсөтө аларыбызды карап көрөлү.

ДҮЙНӨНҮН РУХУНАН КАЧ

4. «Дүйнөнүн руху» деген эмне?

4 Ыйык Жазмада: «Биз дүйнөнүн рухун эмес, Кудайдан келген рухту алганбыз»,— деп айтылат (1 Кор. 2:12). «Дүйнөнүн руху» деген эмне? Ал — Эфестиктер 2:2де айтылган рух. Ал жерде мындай делет: «Бир кезде силер бул дүйнө түзүлүшүнө мүнөздүү жол менен жүрчүсүңөр; абанын — азыр тил албаган адамдарга таасир этип жаткан рухтун — бийлигин колдонгон башкаруучунун эрки боюнча жашачусуңар». Бул аяттагы «аба» дүйнөдөгү адамдардын рухун, башкача айтканда, маанайын билдирет. Ал бизди кадимки аба сыяктуу курчап турат. Ал бүт жерде бар. Мисалы, бүгүнкү күндө абдан көп адамдар «өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем», «өз укуктарың үчүн күрөшүшүң керек» деген көз карашка карманышат. Алар — Шайтандын дүйнөсүндөгү «тил албаган адамдар».

5. Ысрайылда айрымдар кантип жаман маанай көрсөтүшкөн?

5 Бирок мындай маанайдагы адамдар байыртан эле болуп келген. Алсак, Муса пайгамбардын күндөрүндө Корак Ысрайыл жыйналышында жетекчиликти колго алгандарга каршы чыккан. Ал, өзгөчө, дин кызматчы болуп кызмат кылган Арун менен анын уулдарына каршы болгон. Балким, Корак алардын кемчилик-каталарын көргөндүр. Же Муса пайгамбарды сыймыктуу жоопкерчиликтерди өзүнүн туугандарына ыйгарып, тууганчылык кылып жатат деп ойлогондур. Кандай болбосун, ал жагдайга пенделик көз караш менен карай баштаган жана Жахаба дайындаган кишилерди урматтаган эмес. Ошондуктан аларга: «Жетишет силердики!.. Эмне үчүн силер өзүңөрдү Жахабанын жыйналышынан жогору коёсуңар?» — деген (Сан. 16:3). Датан менен Абырам да Муса пайгамбарга: «Бизге төрө болгуң барбы?» — деп нааразы болушкан. Ошондой эле Муса пайгамбар чакыртканда, алар текебердене: «Барбайбыз!» — деп коюшкан (Сан. 16:12—14). Алардын маанайынын Жахабага жакпаганы айдан ачык. Ал ошол козголоңчулардын баарына тиешесин берген (Сан. 16:28—35).

6. 1-кылымда айрымдар кандайча жаман маанай чагылдырышкан жана ага эмне себеп болушу мүмкүн?

6 1-кылымда да жыйналыштагы «бийлиги барларды урматтабай», аларды сындагандар болгон (Жүй. 8). Алар, кыязы, өздөрүнүн ээлеген абалына ыраазы болбой, башкаларды дайындалган бир туугандарга, Кудай берген милдеттерин чын жүрөктөн аткарып жаткандарга, каршы чыгууга тукурушкан. (Оку: 3 Жакан 9, 10.)

7. Жыйналышта эмнеден сак болушубуз керек?

7 Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышында мындай маанай болбошу керек. Андыктан ар бирибиз бул жагынан сак болушубуз зарыл. Албетте, Муса пайгамбардын жана элчи Жакандын күндөрүндөй эле, бүгүнкү күндө да жыйналыштагы аксакалдар жеткилең эмес. Ошондуктан кээде алар жеке бизге таасир эте тургандай ката кетириши мүмкүн. Эгер ошондой болуп калса, бул дүйнөнүн рухун чагылдырып, «адилеттүүлүктү» талап кылганыбыз же «Бул бир тууганды бирдеме кылбаса болбойт!» — дегенибиз туура эмес болуп калмак. Жахаба анча-мынча каталарга көз жуумп коюуну туура көрүшү мүмкүн. Биздин да ошенткенибиз дурус. Тилекке каршы, олуттуу күнөө кылгандардын кээ бирлери аксакалдардын кайсы бир жагын жактырбагандыктан, аксакалдар жардам берейин деп чакырганда, барбай коюшат. Бирок мындай кылуу доктурдун кайсы бир жагы жакпагандыктан эле дарылануудан баш тарткан бейтаптын иш-аракетине окшоп калат.

8. Жыйналышта жетекчиликти колго алгандарга карата туура көз карашта болууга кайсы аяттар жардам берет?

8 Мындай маанайдан качыш үчүн Ыйык Китепте Иса Машаяктын «оң колунда жети жылдыз бар экени» айтылганын эстен чыгарбашыбыз керек. Ал «жылдыздар» майланган көзөмөлчүлөрдү жана кеңири мааниде жыйналыштагы бардык көзөмөлчүлөрдү билдирет. Иса Машаяк колундагы «жылдыздарды» өзү каалагандай жетектей алат (Аян 1:16, 20). Демек, ал жыйналыштын Башчысы катары аксакалдар кеңештерин толугу менен көзөмөлдөп турат. Эгер кайсы бир аксакал бир нерсени туура эмес кылып жатса, «көздөрү оттун жалынындай» болгон Иса Машаяк аны көз жаздымында калтырбайт жана өз учурунда өзү туура көргөн жол менен чара көрөт (Аян 1:14). Ага чейин биз ыйык рух тарабынан дайындалгандардын баарын урматтай беребиз. Анткени элчи Пабыл мындай кеңеш берген: «Араңарда жетекчиликти колго алгандарга тил алып, баш ийгиле. Себеби алар силер үчүн жооп бере тургандар катары жаныңарга күндүр-түндүр кам көрүшөт. Алар үшкүрүнбөй, кубаныч менен кам көрүшү үчүн, баш ийгиле, болбосо өзүңөр эле зыян тартасыңар» (Евр. 13:17).

9. а) Кеңеш берилгенде, Машаяктын жолдоочусунун маанайы кандайча сыналышы мүмкүн? б) Кеңеш берилгенде, эмне кылганыбыз жакшы?

9 Кеңеш берилгенде же жыйналыштагы сыймыктуу жоопкерчилигинен ажыратылганда да Машаяктын жолдоочусунун маанайы сыналышы мүмкүн. Мисалы, аксакалдар бир жаш бир тууганга зордук-зомбулук камтылган видео оюндарын ойногону үчүн сылыктык менен кеңеш беришкен. Өкүнүчтүүсү, ал берилген кеңешти жакшы кабыл алган эмес жана Ыйык Китептеги талаптарга жооп бербей калгандыктан кызмат жардамчысы болбой калган (Заб. 11:5; 1 Тим. 3:8—10). Анан ал аксакалдардын чечимине каршы экенин элдин баарына айта берген жана аксакалдарды жамандап филиалга бир нече жолу кат жазган, атүгүл башкаларды да филиалга кат жазууга үндөгөн. Бирок туура эмес ишибизди актоого аракет кылганыбыз жыйналыштын тынчтыгына доо кетиргенден башка эч кандай пайда алып келбейт. Андан көрө, берилген кеңештин өзүбүз байкабай жүргөн алсыз жагыбызды көргөнгө жардам берерин түшүнүп, момундук менен кабыл алганыбыз алда канча жакшы эмеспи. (Оку: Жеремиянын ыйы 3:28, 29.)

10. а) Жакып 3:16—18-аяттардан туура маанай менен туура эмес маанай жөнүндө эмне биле алабыз? б) «Жогорудан келген акылмандыкка» ылайык иш кылуунун натыйжасы кандай болот?

10 Жакып 3:16—18-аяттар жыйналышта кандай маанай көрсөткөнүбүз туура болорун, ал эми кандай маанай көрсөткөнүбүз туура эмес болорун билүүгө жардам берет. Ал аяттарда мындай делет: «Көрө албастык жана тажаалдык каерде болсо, баш аламандык менен жамандыктын баары ошол жерде болот. Ал эми жогорудан келген акылмандык баарынан мурда таза, андан кийин тынчтыкты сүйгөн, эстүү, баш ийүүгө даяр, кайрымдуулук менен жакшы жемиштерге бай, калыс, эки жүздүү эмес. Адилдиктин жемишин бере турган үрөн тынчтыкка умтулгандардын арасында тынчтык бар жерде себилет». Эгер «жогорудан келген акылмандыкка» ылайык иш кылсак, Кудайга жаккан сапаттарды чагылдырып, бир туугандардын арасында жакшы маанай өкүм сүрүшүнө салым кошобуз.

ЖЫЙНАЛЫШТАГЫЛАРГА УРМАТ КӨРСӨТ

11. а) Туура маанай сактоо эмнеден качууга жардам берет? б) Дөөтү пайгамбардан эмнеге үйрөнө алабыз?

11 Биз Жахабанын аксакалдарды өзүнүн «жыйналышын кайтарууга» дайындаганын эстен чыгарбашыбыз керек (Элч. 20:28; 1 Пет. 5:2). Андыктан аксакалбызбы же жокпу, Кудайдын тартибин урматтаганыбыз акылдуулукка жатат. Туура маанай сактоо жыйналышта чоң жоопкерчиликтерге ээ болууну эле көксөп калбоого жардам берет. Ысрайылдын падышасы Шабул Дөөтүгө тагымды тарттырып жиберем деп корккондуктан ага «шектүү карап калган» (1 Шем. 18:9). Ал жаман маанай өрчүтүп алгандыктан атүгүл аны өлтүрүүнү көздөгөн. Шабулдай болуп, ээлеген абалыбызды ойлоп өтө эле тынчсыздана бергендин ордуна, Дөөтү пайгамбардан үлгү алганыбыз кандай жакшы. Жашоосунда далай жолу адилетсиздикке кабылганына карабай, ал Кудай бийлик берген кишилерди дайыма урматтаган. (Оку: 1 Шемуел 26:23.)

12. Канткенде жыйналыштын биримдигине өбөлгө түзөбүз?

12 Баарыбыздын көз карашыбыз дайыма эле бирдей боло бербегендиктен, кээде жыйналыштагылар, жадагалса көзөмөлчүлөр да бири-бирин кыжырдантышы мүмкүн. Андай учурда Ыйык Китептеги: «Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла... Акылдуусунбагыла»,— деген кеңеш жардам берет (Рим. 12:10, 16). Өзүбүздүн оюбузду туура деп таңуулай бергендин ордуна, жагдайды чечүүнүн көбүнчө бир нече туура жолу болорун эске алганыбыз оң. Эгер башкалардын көз карашын түшүнүүгө аракет кылсак, жыйналыштын биримдигине өбөлгө түзөбүз (Флп. 4:5).

13. Өз оюбузду айткандан кийин эмне кылышыбыз керек жана буга байланыштуу Ыйык Китепте кандай окуя жазылган?

13 Бул жыйналышта кайсы бир нерсени өзгөртүү керек экенин байкасак, оюбузду айткан туура эмес экенин билдиреби? Жок. Алсак, 1-кылымда көп талаш-тартышты туудурган бир маселе көтөрүлгөн. Ошондо бир туугандар Пабыл менен Барнабаны «жана башка бир туугандарды ушул маселе боюнча Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдарга жиберүүнү чечишкен» (Элч. 15:2). Ал бир туугандардын ошол маселеге жана аны кантип чечүүгө байланыштуу ар биринин өзүнүн ою болгону шексиз. Бирок алар, ар бири өзүнүн оюн айтып, ыйык рухтун жетеги менен чечим чыгарылгандан кийин деле өзүнүкүн таңуулай берген эмес. Чыгарылган чечим кат аркылуу жыйналыштарга жеткенде, бир туугандар «бекемдээрлик сөздөрдөн чоң кубаныч алып», «ишеними бекемделген» (Элч. 15:31; 16:4, 5). Анын сыңарындай, биз да кайсы бир маселени жооптуу бир туугандарга билдиргенден кийин алардын аны кылдат карап чыгарына толук ишенсек болот.

БАШКАЛАР МЕНЕН МАМИЛЕЛЕШҮҮДӨ ЖАКШЫ МААНАЙ КӨРСӨТ

14. Башкалар менен мамилелешүүдө кантип жакшы маанай көрсөтсөк болот?

14 Башкалар менен мамилелешүүдө жакшы маанай көрсөтүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Алсак, кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутканда, аны кечире билсек, көп жакшылык кыла алабыз. Кудайдын Сөзүндө: «Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле. Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да айкөлдүк менен кечиргиле»,— деп айтылат (Кол. 3:13). Бул аяттагы «кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да» деген сөздөр кээде башкаларга кыжырданууга олуттуу себеп болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Бирок биз башкалардын ката-кемчиликтерине өтө эле көңүл бура бергендин жана жыйналыштын тынчтыгын бузгандын ордуна, Жахабага окшоп, аларды айкөлдүк менен кечирип, биримдикте кызмат кыла берүүгө умтулабыз.

15. а) Кечиримдүү болуу жагынан Аюп пайгамбардан кандай үлгү алсак болот? б) Тиленүү кандайча жакшы маанай көрсөтүүгө жардам берет?

15 Кечиримдүү болуу жагынан Аюп пайгамбардан үлгү алсак болот. Үч досу аны соороткондун ордуна көптөгөн жүрөк ооруткан сөздөрдү айтышкан. Ошого карабай Аюп пайгамбар аларды кечирген. Ага эмне жардам берген? «Аюп достору үчүн тиленген» (Аюп 16:2; 42:10). Башкалар үчүн тиленүү аларга болгон көз карашыбызды өзгөртүшү мүмкүн. Бардык бир туугандарыбыз үчүн тиленсек, аларга карата Машаяктыкындай сезимдерди өрчүтөбүз (Жкн. 13:34, 35). Ишенимдештерибиз үчүн тиленгенден тышкары, Кудайдан ыйык рух сурашыбыз керек (Лк. 11:13). Ыйык рух бизге башкалар менен мамилелешүүдө Машаяктыкындай сапаттарды чагылдырууга жардам берет. (Оку: Галатиялыктар 5:22, 23.)

КУДАЙДЫН УЮМУНДА ЖАКШЫ МААНАЙ ӨКҮМ СҮРҮШҮНӨ САЛЫМ КОШ

16, 17. Сен кандай маанай көрсөтүүгө чечкиндүүсүң?

16 Ар бирибиз жыйналышта жакшы маанай өкүм сүрүшүнө салым кошууну максат кылып алсак, натыйжасы кандай гана сонун болот! Бул макаланы изилдеп чыккандан кийин, балким, жакшы маанай көрсөтүп, башкаларды бекемдеш үчүн дагы кайсы жагынан жакшырышың керектигин байкагандырсың. Эгер ошондой болсо, Кудайдын Сөзүнүн жардамы менен өзүңдү текшерип көр (Евр. 4:12). Элчи Пабыл жыйналыштагыларга дайыма жакшы таасир этүүгө умтулгандыктан: «Абийирим таза, бирок ушундан улам эле адил болуп калбайм, анткени мага баа берип, соттой турган — Жахаба өзү»,— деген (1 Кор. 4:4).

17 Өзүбүздү же ээлеген абалыбызды эле ойлой бербей, «жогорудан келген акылмандыкка» ылайык иш кылсак, жыйналышта жакшы маанай өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзөбүз. Кечиримдүү болуп, башкалар тууралуу жакшы ойдо болуунун аркасында ишенимдештерибиз менен ынтымакта болобуз (Флп. 4:8). Эгер ушул макалада айтылган кеңештерге ылайык иш кылсак, маанайыбыздын Жахаба менен Иса Машаякка жагарына толук ишенсек болот (Флм. 25).