Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алардын молчулугу башкалардын кем-карчын толуктаган

Алардын молчулугу башкалардын кем-карчын толуктаган

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 49-жылы «жыйналыштын тиреги деп эсептелген» Петир, Жакып жана Жакандар элчи Пабыл менен анын кызматташы Барнабага бир иш тапшырышат. Ал экөө башка элдерге кабар айтуу менен бирге жакыр турган ишенимдештерине да кам көрүшү керек болчу (Гал. 2:9, 10). Алар муну кантип кылышкан?

Элчи Пабылдын каттарынан анын бул ишке кандай караганын билүүгө болот. Алсак, ал Корунттагы ишенимдештерине мындай деп жазган: «Ыйыктарга чогултулуучу жардам тууралуу айта турган болсом, Галатиядагы жыйналыштарга берген көрсөтмөмө ылайык иш кылсаңар болот. Акчаны мен барганда чогулта баштабашыңар үчүн, ар бириңер акчаңарды жуманын биринчи күнүндө мүмкүнчүлүгүңөргө жараша бөлүп коюп жүргүлө. Мен силерге барганда өзүңөр катыңарда сунуш кылган кишилерди Иерусалимге жөнөтөм, алар силердин чогулткан тартууңарды жеткиришет» (1 Кор. 16:1—3).

Корунттуктарга жазган экинчи катында ал тартуулар кандай максатта чогултулушу керектигин дагы бир жолу белгилеп: «Тең бөлүштүрүүнүн аркасында азыр силердин молчулугуңар башкалардын кем-карчын толукташын каалайм»,— деп жазган (2 Кор. 8:12—15).

Элчи Пабыл б.з. 56-жылы Римдеги ишенимдештерине кат жазган убакта жардам катары жөнөтүлө турган тартуулар чогултулуп бүтүп калган болчу. Ал римдиктерге: «Азыр ыйыктарга кызмат кылуу үчүн Иерусалимге барганы жатам. Анткени Македония менен Ахаядагылар колунда болгон нерселеринен Иерусалимдеги ыйыктардын арасындагы жакырлар үчүн чын ниеттен тартуу чогултуп беришти»,— деген (Рим. 15:25, 26). Ошондон көп өтпөй ал өзүнө тапшырылган ишти аткарган. Себеби ал Иерусалимге келип, камакка алынгандан кийин Рим башкаруучусу Феликске: «Бул жакка өз элиме жардам катары акча жеткирип, курмандык чалыш үчүн келгем»,— деп айткан (Элч. 24:17).

1-кылымдагы ишенимдештерибиздин кандай маанай көрсөткөнү элчи Пабылдын македониялыктар жөнүндө айткан сөзүнөн айкын көрүнүп турат. Ал: «Алар... өздөрүнүн тартуулары менен... кызмат кылууга мүмкүнчүлүк беришибизди бизден көптөн-көп өтүнүштү»,— деген. Ал корунттуктарды македониялыктардан үлгү алууга чакырып: «Ар бир адам кыйылып же аргасыздан эмес, жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша иш кылсын, анткени Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт»,— деп жазган. Бир туугандарга берешен болууга эмне түрткү берген? Алар ыйыктардын «кем-карчын ашыгы менен толуктагандан тышкары, Кудайга көп ыраазычылык айтылышын» каалашкан (2 Кор. 8:4; 9:7, 12). Биз да ошого умтулушубуз керек. Жахаба Кудай мындай берешендикке сөзсүз батасын берет жана анын батасы байытат (Накыл 10:22).

Бүткүл дүйнөлүк ишке тартуу кылуунун айрым жолдору

Элчи Пабылдын убагындагыдай эле, азыркы учурда да көптөр белгилүү бир суммада акча «бөлүп коюп», жыйналышка барганда «Падышалыктын бүткүл дүйнөлүк иши үчүн тартуулар» деген жазуусу бар кутучага салып турушат (1 Кор. 16:2). Жыйналыштар ал кутучага түшкөн ыктыярдуу тартууларды ай сайын Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү филиалына жөнөтүп турушат. Тартууңарды өзүңөр жашаган өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрү колдонгон юридикалык жакка түзмө-түз жөнөтсөңөр да болот. Ал юридикалык жактын кандай аталарын билүү үчүн жергиликтүү филиал менен байланышкыла. Филиалдын дарегин www.pr418.com веб-сайтынан таба аласыңар. Төмөндө кандай тартууларды жыйналыш аркылуу эмес, өзүңөр жөнөтсөңөр болору көрсөтүлдү:

ТАРТУУ КЫЛУУНУН АЙРЫМ ЖОЛДОРУ

  • Акча, зер буюмдары же дагы башка баалуу буюмдарды тартуу кылуу.
  • Андайда тартуу менен бирге анын тартуу экенин тастыктаган кыскача кат жиберүү зарыл.

Бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишин колдоонун акча же баалуу буюмдарыбызды тартуу кылуудан башка да жолдору бар. Төмөндө алардын айрымдары көрсөтүлдү. Тартуу кылуунун кайсы жолун тандабагыла, силер жашаган өлкөдө анын кайсы жолу колдонуларын билүү үчүн адегенде жергиликтүү филиал менен байланышкыла. Ар кайсы өлкөнүн талаптары жана салык мыйзамдары ар башка болгондуктан, тартуу кылуунун эң жакшы жолун тандоо үчүн тажрыйбалуу адистер менен кеңешип көрүү маанилүү.

Банк эсептери. Адам, жергиликтүү банктын талаптарына ылайык, банк эсептерин, депозиттик сертификаттарын же жеке пенсия эсептерин Жахабанын Күбөлөрү колдонгон юридикалык жакка өткөрүп берсе болот же аларды көзү өтүп кеткенден кийин колдонууга укук бере алат.

Акциялар жана баалуу кагаздар. Акциялардын жана баалуу кагаздардын ээси аларды Жахабанын Күбөлөрү колдонгон юридикалык жакка тартуу катары же көзү өткөндөн кийин ага өтө тургандай кылып бере алат.

Кыймылсыз мүлк. Сатууга жарактуу кыймылсыз мүлктү Жахабанын Күбөлөрү колдонгон юридикалык жакка тартуу катары берсе болот же көзү тирүү кезинде мүлкүн колдонууга болгон укугу сакталып, көзү өткөндөн кийин юридикалык жакка өтө тургандай кылып тартуу кылса болот.

Керээз кат. Жахабанын Күбөлөрү колдонгон юридикалык жакка мүлктү же акча-каражатты мыйзамдуу түрдө бекитилген керээз кат аркылуу мурас катары калтырса болот. Бул салык төлөөнү талап кылышы мүмкүн.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Кыргызстандагы же силер жашаган өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына кат жүзүндө же телефон аркылуу кайрылсаңар болот.