Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын кечиримдүүлүгүнөн кандай пайда ала аласың?

Жахабанын кечиримдүүлүгүнөн кандай пайда ала аласың?

«Жахаба — кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган,.. жаңылыштыкты, кылмышты, күнөөнү кечире турган... Кудай» (ЧЫГ. 34:6, 7).

1, 2. а) Жахаба ысрайыл элине кандай Кудай экенин көрсөткөн? б) Бул макаладан кайсы суроого жооп алабыз?

НЕКЕМИЯ пайгамбардын күндөрүндө лебилердин эл алдында Жахаба Кудайга айткан сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, алардын ата-бабалары анын осуяттарын четке кагып келишкен. Бирок Жахаба «кечиримдүү, ырайымдуу, кайрымдуу, ачууланганга шашпаган», мээримдүүлүгү чексиз Кудай экенин кайра-кайра далилдей берген. Ал Некемия пайгамбардын күндөрүндө кулчулуктан мекенине кайтып барган ысрайылдыктарга да мээримдүүлүк көрсөтө берген (Нек. 9:16, 17).

2 Ар бирибиз өзүбүзгө: «Жахабанын кечиримдүүлүгү жеке мага кандай пайда алып келет?» — деген суроо берип көргөнүбүз дурус. Бул суроого жооп алуу үчүн Жахабанын Дөөтү менен Менаше падышаларга кандай мамиле кылганын жана алардын анын кечиримдүүлүгүнөн кандай пайда алышканын карап көрөлү.

ДӨӨТҮ ПАДЫШАНЫН КЫҢЫР ИШТЕРИ

3—5. Дөөтү падыша кандай олуттуу күнөөлөрдү кетирген?

3 Дөөтү падыша Кудайдан корккон киши болсо да, олуттуу күнөөлөрдү кетирген. Алардын экөө Урий менен анын жубайы Батшебага каршы жасалган. Мунун залакасы өзүнө да, тигилерге да тийген. Бирок Жахабанын Дөөтү падышаны ашкерелегенинен анын кечиримдүүлүгү жөнүндө көп нерсени билүүгө болот. Анда эмесе, ошол окуяга кененирээк токтолуп көрөлү.

4 Дөөтү падыша Амон уулдарынын борбор калаасы Раббаны курчап алууга ысрайыл аскерин жиберет. Ал шаар Иордан дарыясынын аркы өйүзүндө Иерусалимден чыгышка карай 80 кмдей алыс жайгашкан болчу. Ал ортодо Дөөтү падыша Иерусалимдеги ак сарайынын үстүндө сейилдеп жүрүп, күйөөсү майданга кеткен Батшеба деген аялдын жуунуп жатканын көрүп калат. Ошондо  ал кумарына жетеленип, аны ак сарайына алдырат да, аны менен ойноштук кылат (2 Шем. 11:1—4).

5 Батшебанын боюна бүтүп калганын билгенде Дөөтү падыша анын жолдошу Урийди аялы менен жатсын деген ниетте Иерусалимге алдыртат. Бирок падышанын көндүргөнүнө карабай, Урий үйүнө барбай коёт. Андыктан падыша аскер башчысына жашыруун кат жөнөтүп, аны «катуу салгылаш болуп жаткан жерге» жалгыз калтырып кетүүнү буйрук кылат. Анын ойлогону ишке ашып, көп өтпөй Урий согушта курман болот (2 Шем. 11:12—17). Ошентип, Дөөтү падыша ойноштук кылгандан сырткары, бейкүнөө адамдын да канын төгөт.

ДӨӨТҮ ПАДЫША КӨЗ КАРАШЫН ӨЗГӨРТКӨН

6. Дөөтү падыша күнөө кетиргенде, Жахаба Кудай эмне кылган жана бул ал жөнүндө эмнени айтып турат?

6 Албетте, Жахаба бардыгын көрүп турган. Эч нерсе анын көз жаздымында калбайт (Накыл 15:3). Дөөтү падыша ошондон кийин Батшебага үйлөнсө да, анын «кылганы Жахабанын көз алдында жаман иш» болгон (2 Шем. 11:27). Дөөтү падыша олуттуу күнөөлөрдү кетиргенде, Кудай эмне кылган? Ал ага өзүнүн пайгамбары Натанды жөнөткөн. Кечиримдүү Кудай болгондуктан Жахаба, кыязы, ага ырайым кылуунун жолун издеген. Бул жүрөгүңдү козгобойбу? Жахаба аны өкүнүүгө мажбурлаган эмес, тек гана Натан пайгамбар аркылуу ага күнөөсүнүн канчалык олуттуу экенин көрсөткөн окуя айттырган. (Оку: 2 Шемуел 12:1—4.) Ошол оор жагдайды ошондой жол менен чечүү кандай гана натыйжалуу болгон!

7. Дөөтү падыша Натан пайгамбар айтып берген окуяны укканда кандай сезимде болгон?

7 Натан пайгамбар айтып берген окуя Дөөтү падышанын адилеттүүлүгүн ойготкон. Ал ошол окуяда айтылган бай кишиге ачууланып, Натан пайгамбарга: «Жахаба тирүү, ал киши өлүшү керек!» — деген. Ошондой эле адилетсиздикке кабылган кишиге жоготкон нерсесин төлөп бериши керектигин айткан. Ошондо Натай пайгамбар ага: «Ошол киши сенсиң!» — деп, жүрөгүн үшүткөн сөздөрдү айткан. Анан ошондой иш кылганы үчүн үйүнөн «кылыч» кетпей турганын, үй-бүлөсүнө мүшкүл түшөрүн жана эл алдында маскара болорун айткан. Ошондо Дөөтү падыша кылган ишинин канчалык олуттуу күнөө экенин түшүнүп, жүрөгү сыздай: «Мен Жахабага каршы күнөө кылдым»,— деген (2 Шем. 12:5—14).

ДӨӨТҮ ПАДЫШАНЫН ТИЛЕНИШИ ЖАНА КУДАЙДЫН КЕЧИРИШИ

8, 9. 51-забурдан Дөөтү падышанын ички сезимдери жөнүндө эмнени биле алабыз жана бул Жахаба жөнүндө эмнени ачып берет?

8 Дөөтү падышанын ошол окуядан кийин жазган ырынан анын жан дүйнөсү канчалык сыздаганы көрүнүп турат. 51-забурда анын жүрөк козгогон жалынычы жазылган. Андан анын каталарын мойнуна алып эле койбостон, күнөөлөрү үчүн чын жүрөктөн өкүнгөнүн көрө алабыз. Ал биринчи кезекте Кудай менен болгон мамилесин ойлоп тынчсызданган. «Өзүңө каршы, бир өзүңө каршы күнөө кылдым»,— деген ал. Ошондой эле Жахабага: «Оо, Кудайым, мага таза жүрөк сал, ичиме жаңы, туруктуу рух сал... Куткарууң менен мени кайрадан сүйүнт, тилиңди алууга дилгир кыл»,— деп жалбарган (Заб. 51:1—4, 7—12). Сен да каталарың жөнүндө Жахабага ачык айтып, жалынып-жалбарасыңбы?

9 Жахаба Дөөтү падышаны күнөөлөрүнүн каргашалуу кесепеттеринен арылткан эмес. Ал алардын азабын өмүрү өткөнчө тарткан. Бирок Жахаба анын өкүнгөнүн — жүрөгүнүн жараланганын, кыйналганын — көрүп, аны кечирген. (Оку: Забур 32:5; Заб. 51:17.) Кудуреттүү Кудай күнөө кылган адамдын ниетин, оюн көрүп турат. Ал Дөөтү  падыша менен Батшебаны ойноштук кылганы үчүн ысрайыл элине берилген Мыйзамдын негизинде адамдардын соту аркылуу өлүм жазасына тартпастан, ырайым кылып, ал ишти өзү караган (Леб. 20:10). Кудай атүгүл алардын уулу Сулайманды Ысрайылдын кийинки падышасы кылып дайындаган (1 Жылн. 22:9, 10).

10. а) Жахабанын Дөөтү падышаны кечиргенине эмне себеп болушу мүмкүн? б) Жахаба бизди кечириши үчүн, эмне кылышыбыз керек?

10 Балким, Дөөтү Шабулга ырайым кылганы үчүн да Жахаба ага ырайым кылгандыр (1 Шем. 24:4—7). Иса пайгамбар айткандай, башкаларга кандай мамиле кылсак, Жахаба бизге да ошондой мамиле кылат. «Айыпталбашыңар үчүн, мындан ары эч кимди айыптабагыла. Себеби башкаларды кандай айыптасаңар, өзүңөр да ошондой айыпталасыңар. Башкаларга кандай мамиле кылсаңар, силерге да ошондой мамиле кылышат»,— деген ал (Мт. 7:1, 2). Жахабанын биздин күнөөлөрүбүздү, атүгүл ойноштук кылуу, киши өлтүрүү сыяктуу олуттуу күнөөлөрүбүздү да кечирерин билүү кандай гана сооротот! Бирок ан үчүн башкаларды кечире билишибиз, күнөөлөрүбүздү мойнубузга алышыбыз жана жаман иштерибизге болгон көз карашыбызды өзгөртүшүбүз керек. Күнөөкөр чын жүрөктөн өкүнгөндө, ага «Жахабадан жандандыра турган убактар келет». (Оку: Элчилер 3:19.)

МЕНАШЕ КҮНӨӨНҮН САЗЫНА БАТКАН, БИРОК ӨКҮНГӨН

11. Менаше падыша Жахабанын көз алдында кандай жаман иштерди кылган?

11 Жахабанын канчалык кечиримдүү экенин көрсөткөн Ыйык Китептеги дагы бир билдирүүгө токтололу. Дөөтү падыша такка келгенден 360 жылдай өткөндөн кийин, Менаше Жүйүткө падыша болуп дайындалат. Ал 55 жылга созулган башкаруусунда төбө чачты тик тургузган иштерди кылган жана Жахаба аны жийиркеничтүү иштери үчүн жоопко тарткан. Башка күнөөлөрүн кошпогондо, Менаше Баалга арнап курмандык жайларын тургузган, «асмандагы нерселердин баарына табынган», уулдарын отко салган жана спиритизмди жайылткан. Ооба, ал «Жахабанын көз алдында көп жаман иштерди кылып, аны каарданткан» (2 Жылн. 33:1—6).

12. Менаше кандайча Жахабага кайрылып келген?

12 Акыр-аягы, ал Бабылга туткундалып кетип, зынданга салынган. Ал жерден, сыягы, Муса пайгамбардын ысрайыл элине айткан: «Ошол күндөрдүн акырында ушул сөздөрдүн баары аткарылып, катуу кыйналганыңда, Жахаба Кудайыңа кайрылып келип, анын айткандарына кулак  саласың»,— деген сөздөрүн эстесе керек (Мыйз. 4:30). Менаше Жахабага кайрылып келген. Кандайча? Ал «Кудайынын алдында толук моюн сунуп», андан тиленген (21-беттеги сүрөттө көрсөтүлдү) (2 Жылн. 33:12, 13). Анын эмне деп тиленгени белгисиз. Балким, ал Дөөтү падышанын 51-забурдагы сөздөрүнө окшош сөздөрдү айткандыр. Кандай болбосун, анын жүрөгү толугу менен өзгөргөн.

13. Жахаба Менашени эмне үчүн кечирген?

13 Менашенин тиленүүсүнө Жахаба кандай жооп кайтарган? «Кудай анын тиленүүсүн, ырайым кылышын сурап өтүнгөнүн уккан». Менаше, Дөөтү падышадай болуп, Жахабанын алдында күнөөлөрүнүн канчалык олуттуу экенин мойнуна алып, чын жүрөктөн өкүнгөн. Мына ошондуктан Кудай аны кечирип, Иерусалимдеги тактысына кайра отургузган. «Ошондо Менаше Жахабанын чыныгы Кудай экенин түшүнгөн» (2 Жылн. 33:13). Ырайымдуу Кудайыбыздын чын дилден өкүнгөндөрдү кечирерин тастыктаган бул билдирүү бизди кандай гана сооротот!

Жахабанын кечиримдүүлүгүнүн аркасында Менаше кайра Иерусалимде такка отурган

ЖАХАБА БААРЫН ЭЛЕ КЕЧИРЕ БЕРЕБИ?

14. Жахабанын күнөөкөрлөрдү кечирери эмнеден көз каранды?

14 Албетте, бүгүнкү күндө Кудайдын бардык эле кызматчылары Дөөтү менен Менаше падышаныкындай олуттуу күнөө кетирбейт. Бирок Жахабанын ошол эки падышаны кечиргенинен анын чындап өкүнгөн кишинин өтө олуттуу күнөөлөрүн да кечирүүгө даяр экенин билебиз.

15. Жахаба бардык эле адамдардын күнөөсүн кечире бербесин кайдан билебиз?

15 Албетте, бул Жахабанын бардык адамдардын күнөөсүн кечире берерин билдирбейт. Муну айкыныраак түшүнүш үчүн, келгиле, Дөөтү менен Менаше падышалардын көз карашы Ысрайыл менен Жүйүт элинин көз карашынан кандай айырмаланганын карап көрөлү. Кудай Натан пайгамбарды Дөөтү падышага жиберип, ага көз карашын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бергенде, ал аны ыраазычылык менен кабыл  алган. Менаше да катуу кыйналганда Кудайдан чын дилден кечирим сураган. Бирок Ысрайыл менен Жүйүттүн тургундары көпчүлүк учурда өкүнүшкөн эмес. Андыктан Жахаба аларды кечирген эмес. Анын ордуна, пайгамбарларын кайра-кайра жиберип, аларды баш ийбестиги үчүн айыптаган. (Оку: Некемия 9:30.) Атүгүл алар Бабыл туткунунан кайтып келгенден кийин да, Жахаба аларга дин кызматчы Эзра жана Малаки пайгамбар сыяктуу ишенимдүү кызматчыларын жиберип турган. Эл Жахабанын эркине ылайык иш кылганда зор кубанычка бөлөнгөн (Нек. 12:43—47).

16. а) Ысрайыл элинин өкүнбөгөнүнүн кесепети кандай болгон? б) Байыркы ысрайылдыктардын тукумдары кандай мүмкүнчүлүккө ээ боло алышат?

16 Иса Машаяк жерге келип, жеткилең өмүрүн куткаруу курмандыгы катары бергенден кийин, Жахаба ысрайылдыктардын малдан чалган курмандыктарын кабыл албай калган (1 Жкн. 4:9, 10). Жерде жүргөндө Иса пайгамбар Атасынын Иерусалимге карата кандай ойдо экенин көрсөтүп, мындай деген: «Оо, Иерусалим, пайгамбарларды өлтүрүп, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим! Тоок жөжөлөрүн канатынын астына чогулткандай, мен да сенин балдарыңды канча ирет чогулткум келди! Бирок силер каалаган жоксуңар. Мына, үйүңөр кароосуз калтырылат!» (Мт. 23:37, 38). Ошентип, күнөөлүү, өкүнбөгөн эл рухий Ысрайыл менен алмаштырылган (Мт. 21:43; Гал. 6:16). Ал эми ысрайылдыктардын тукумдары жөнүндө эмне айтууга болот? Алар Кудайга жана Иса Машаяктын куткаруу курмандыгына ишенишсе, Кудайдын кечиримдүүлүгүнөн жана ырайымдуулугунан пайда ала алышат. Күнөөлөрү үчүн өкүнбөй көзү өтүп кеткен адамдар да жамандыктан тазаланган жерге тирилишкенде ошондой мүмкүнчүлүккө ээ болушат (Жкн. 5:28, 29; Элч. 24:15).

ЖАХАБАНЫН КЕЧИРИМДҮҮЛҮГҮНӨН ПАЙДА АЛУУ

17, 18. Жахаба бизди кечириши үчүн, эмне кылышыбыз керек?

17 Жахабанын кечиримдүүлүгүнө кандай жооп кайтарышыбыз керек? Дөөтү менен Менаше падышалардай иш кылганыбыз маанилүү. Күнөөлүү экенибизди моюнга алышыбыз, күнөөлөрүбүз үчүн өкүнүшүбүз, Жахабадан кечирим сурап жалбарышыбыз жана жүрөгүбүздү тазартышын сурашыбыз талап (Заб. 51:10). Эгер олуттуу күнөө кетирген болсок, аксакалдарга жардам сурап кайрылышыбыз зарыл (Жкп. 5:14, 15). Жагдай-шартыбыз кандай болбосун, Жахабанын Муса пайгамбарга өзүнүн «кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү менен чындыгы чексиз,.. адамдын миңинчи тукумуна чейин мээримдүүлүк көрсөтө турган жана жаңылыштыкты, кылмышты, күнөөнү кечире турган» Кудай экенин айтканын унутпашыбыз керек. Бул бизди сооротот. Анткени Жахаба азыр да ошондой Кудай (Чыг. 34:6, 7).

18 Жахаба күчтүү салыштырууну колдонуп, өкүнгөн ысрайылдыктарга «ачык кызыл» так сымал күнөөлөрүн «кардай» аппак кыларын, башкача айтканда, биротоло кечирерин убада кылган. (Оку: Ышая 1:18.) Жахабанын кечиримдүүлүгү бизге кандай пайда алып келет? Анын ырайымына ыраазы болуп, чын жүрөктөн өкүнсөк, күнөөлөрүбүз, каталарыбыз толугу менен кечирилет.

19. Кийинки макалада кайсы суроолорду карайбыз?

19 Күнөөлөрүбүздү кечирип жаткан Жахаба Кудайдан үлгү алып, башкаларды кечире билүүгө эмне жардам берет? Олуттуу күнөө кетирип, бирок чын жүрөктөн өкүнгөндөргө карата терс көз карашта болуудан кантип кача алабыз? Эмки макала бизге дайыма «жакшылык кылган» жана «кечирүүгө даяр» Жахаба Кудайыбызга көбүрөөк окшош болуш үчүн жүрөгүбүздү текшергенге жардам берет (Заб. 86:5).