Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 Биздин архивден

Ал «тарыхтагы эң эле сонун кабар» болгон

Ал «тарыхтагы эң эле сонун кабар» болгон

«БУЛАР эмне кылганга?» — деп сурайт Жорж Найш Саскатун шаарындагы (Саскачеван провинциясы, Канада) кампада жыйылган 18 метрлик устундарды көрсөтүп. Ага устундардын Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда сигнал берүүчү мунара куруш үчүн колдонулгандыгын айтышат. Кийинчерээк Найш бир тууган: «Ошондо мага ал устундардан радио мунара курсак болот го деген ой келди. Ошентип, теократиялык радиостанция куруу идеясы пайда болгон»,— деген. Туура бир жыл өткөндөн кийин, 1924-жылы, жакшы кабар «CHUC» радиостанциясы аркылуу бериле баштаган. Ал Канададагы диний темадагы уктурууларды берген радиостанциялардын биринчилеринен болгон.

1) Эдмонтондогу (Альберта) радиостанция 2) Торонтодо (Онтарио) бир тууганыбыз радио өткөргүчтү жөнгө салууда

Аянты дээрлик Европаныкындай болгон Канада радио аркылуу кабар айтууга абдан ыңгайлуу өлкө эле. «Радио уктурууларыбыз аркылуу биз бетме-бет сүйлөшө албаган көптөгөн адамдарга чындыкты жеткире алдык,— деген Саскатундагы станцияда иштеген Флоренс Жонсон.— Ал учурда радио жаңы эле чыккандыктан, элдер радиодон эмне уктурулса, баарын угууга куштар болушчу». Ал эми 1926-жылы Ыйык Китепти Изилдөөчүлөрдүн (Жахабанын Күбөлөрү мурун ушинтип аталышчу) радиостанциялары Канаданын 4 шаарында иштеп жаткан *.

3) Саскатундагы (Саскачеван) «CHUC» студиясы

Ошол радио уктуруулардын мазмуну кандай эле? Жергиликтүү жыйналыштагы ырчылар музыкалык аспаптардын, атүгүл чакан оркестрдин коштоосунда ырдап беришчү. Эң негизгиси, бир туугандар баяндамаларды айтышчу жана Ыйык Китептин негизинде талкуу жүргүзүшчү. Ошол талкууларга катышкан Эми Жонс деген бир тууган мындай деп эскерген: «Кабарда жүрүп үй ээлери менен таанышканымда, кээде: „Аа, мен сиздин үнүңүздү радиодон уккам“,— деп калышчу».

«Телефон чалгандар... көп болгондуктан, жооп берип жетишпей жаттык»

Жаңы Шотландия провинциясынын Галифакс шаарында Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр ага чейин колдонула элек жаңы ыкманы колдоно башташкан. Тактап айтканда, угуучуларга радиостанцияга телефон чалып, Ыйык Китепке байланыштуу суроолорду берүүгө шарт түзүлгөн. Бир ишенимдешибиз мындай деп жазган: «Мунун натыйжасы аябагандай сонун болду. Телефон  чалгандар ушунча көп болгондуктан, жооп берип жетишпей жаттык».

Ыйык Китепти Изилдөөчүлөрдүн айткан кабарына, элчи Пабылдын убагындагыдай эле, ар ким ар кандай жооп кайтарган (Элч. 17:1—5). Айрымдар жакшы кабарды жакшы угушкан. Алсак, Хектор Маршал радиодон Ыйык Китепти Изилдөөчүлөрдүн «Жазманы изилдөө» деген китептин негизинде изилдөө өткөрүшөрүн укканда аталган китептин 6 томун тең заказ кылган. Ал кийинчерээк: «Китептер мага чиркөөдөгү жекшемби күнкү сабакты өткөргөнгө жардам берет деп ойлогом»,— деп жазган. Бирок ал 1-томду окуп бүтүп калган учурда чиркөөсүн таштоону чечкен. Ал жигердүү кабарчы болуп, 1998-жылы көз жумганга чейин Жахабага ишенимдүү кызмат кылган. Жаңы Шотландия провинциясынын чыгышында «Падышалык — дүйнөгө үмүт» деген баяндама радио аркылуу айтылгандын эртеси Колонел Ж. А. Макдональд деген киши жергиликтүү бир ишенимдешибизге: «Кейп-Бретон аралындагы элдер кечээ дүйнөнүн бул бөлүгүндө айтылган тарыхтагы эң эле сонун кабарды угушту»,— деген.

Бирок бул чиркөө кызматчыларына жаккан эмес. Галифакстагы айрым католиктер Ыйык Китепти Изилдөөчүлөрдүн программаларын уктурган радиостанцияны талкалап салабыз деп коркутушкан. Диний жетекчилердин тукуругу менен 1928-жылы бийликтегилер Ыйык Китепти Изилдөөчүлөрдүн радиостанциясына уктурууга укук берилбей турганын шашылыш кулактандырышкан. Ошондо бир туугандар андай адилетсиз иш-аракетке каршы экенин билдирип, «Эфирге ким ээлик кылат?» деген баракча таратышкан. Бирок өкмөт башындагылар Ыйык Китепти Изилдөөчүлөргө радиодон уктурууга уруксат беришкен эмес.

Бул Канададагы Жахабанын кызматчыларынан турган чакан топтун ындынын өчүргөнбү? «Башында душмандар чоң жеңишке жеткендей сезилген,— деген Изабел Рейнрайт.— Бирок мен эгер Жахаба радио аркылуу кабар айтыла беришин кааласа, буга жол бермек эместигин билгем. Жол бергенине караганда, Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялоо үчүн башка, андан да жакшы ыкмага өтүшүбүз керек болгон чыгар». Кабар таратуу үчүн бир эле радиого таянбастан, Канададагы Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр үймө-үй кыдырып кабар айта башташкан. Анткен менен радиостанция өз убагында «тарыхтагы эң эле сонун кабардын» таралышына абдан чоң салым кошкон. (Канададагы биздин архивден.)

^ абз. 4 Радио аркылуу кабар айтуу үчүн Канададагы бир туугандар коммерциялык радиостанциялардан да эфир убактысын сатып алышчу.