Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Күзөт мунарасынын» жөнөкөйлөтүлгөн саны эмне үчүн чыгарылган?

«Күзөт мунарасынын» жөнөкөйлөтүлгөн саны эмне үчүн чыгарылган?

ОНДОГОН жылдардан бери «Күзөт мунарасы» журналына Ыйык Китепке негизделген жана дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдар жогору баалап, чоң пайда алган маалыматтар чыгып келет. Ал эми 2011-жылдын июль айында англис тилинде бул журналдын жөнөкөйлөтүлгөн саны биринчи жолу жарык көргөн. Анда: «Журналдын бул санын бир жыл басып чыгарып көрөбүз. Эгер көпчүлүккө пайда алып келе турган болсо, андан ары да басып чыгара беребиз»,— делген.

Ал санды мындан ары да басып чыгара берүүнү чечкенибизди билдирүүгө кубанычтабыз. Андан тышкары, убакыттын өтүшү менен ал француз, португал жана испан тилдеринде да чыгат.

ЭМНЕ ҮЧҮН ЖОГОРУ БААЛАШАТ?

Жөнөкөйлөтүлгөн санын алгандан кийин Тынч океандын түштүгүндөгү айрым ишенимдештерибиз: «Бир туугандар „Күзөт мунарасын“ эми толук түшүнө башташты»,— деп билдиришкен. Дагы бир катта: «Мурун түшүнбөгөн сөздөрдүн маанисин сөздүктөн кароого, сөз айкаштарын түшүндүрүп берүүгө кетирген убактыбызды азыр аяттардын маанисин жана алардын макала менен кандай байланышы бар экенин түшүнүүгө жумшайбыз»,— делген.

Кошмо Штаттардагы бир колледжди бүтүргөн бир эже мындай деген: «18 жыл бою илим-билимдүү кишилердин тилинде сүйлөп, жазып жүрүп, өтө эле татаалдаштырып сүйлөгөнгө, ой жүгүрткөнгө көнүп калыптырмын. Бул жагынан чоң өзгөрүү жасашым керек экенин түшүндүм». Учурда жигердүү кызмат кылып жаткан ал ишенимдешибиз: «„Күзөт мунарасынын“ жөнөкөйлөтүлгөн саны чоң жардам болду. Анын жазуу стили ойлорду кантип жөнөкөй берсе болорун түшүнүүгө жакшы көмөк кылып жатат»,— деп жазган.

Ал эми 1972-жылы чөмүлгөн англиялык бир эже мындай деген: «Анын биринчи санын окуганда Жахаба жаныма отуруп, мени кучактап, журналды мени менен чогуу окугандай сезилген. Мындайча айтканда, атасы баласына жатар алдында жомок окуп бергендей болгон».

Чөмүлгөнүнө 40 жылдан ашкан, Кошмо Штаттардагы Бейтелде кызмат кылган бир эже жөнөкөйлөтүлгөн саны кээде ага жаңы нерселерди түшүнүүгө жардам берерин айткан. Алсак, 2011-жылдын 15-сентябрындагы санындагы «Айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү» деген кутучада Еврейлер 12:1деги «күбөлөрдүн чоң булуту» деген сөздөрдүн мааниси түшүндүрүлүп, алардын «эсеп жеткис көп болгону» айтылган. Ал: «Бул мага аятты тереңирээк түшүнүүгө жардам берди»,— дейт. Жума сайын өткөрүлө турган жолугушуу тууралуу ал мындай деп кошумчалаган: «Атүгүл кичинекей бала жооп берип жатканда жөнөкөйлөтүлгөн санынан түзмө-түз окуп берсе да, анын сөздөрү көпчүлүк кармап отурган кадимки „Күзөт мунарасындагыдан“ айырмаланып турат. Ошондуктан анын жооптору жыйналыштагылар үчүн кызыктуу болот».

Бейтелде кызмат кылган дагы бир эже: «Жыйналыштагы кичинекей балдардын жоопторун угууга абдан куштармын. „Күзөт мунарасынын“ жөнөкөйтүлгөн саны аларга ойлорун ынанымдуу айтууга шарт түзүүдө. Алардын жоопторун уккан сайын кадимкидей бекемделем»,— деген.

1984-жылы чөмүлгөн эже мындай деген: «„Күзөт мунарасынын“ бул саны мен үчүн чыккандай сезилет. Окугандарымды абдан оңой түшүнөм. Азыр жыйналыштан „Күзөт мунарасы“ изилденип жатканда эч тартынбай жооп бере алам».

АТА-ЭНЕЛЕР ҮЧҮН БАА ЖЕТКИС КУРАЛ

7 жашар баланын энеси: «Мурун „Күзөт мунарасына“ даярданып жатканда уулума сүйлөмдөрдү түшүндүрүп бергенге көп убакыт кетчү, аягында чарчап да калчубуз»,— дейт. Жөнөкөйлөтүлгөн саны ага кандай жардам берүүдө? Ал мындай дейт: «Баламдын абзацтарды окуп, окугандарынын маанисин түшүнүп жатканын көрүп аябай таң калам. Сөздөр окуганга жеңил, сүйлөмдөр кыска болгондуктан, балам окугандан коркпой калды. Ал жыйналыштан жооп бергенге менин жардамымсыз эле даярдана баштады. Ошондой эле макала изилденип жатканда аягына чейин эч нерсеге алаксыбай отуруп калды».

9 жашар кыздын энесинен келген катта мындай делет: «Мурун биз кызыбызга жооп даярдаганга жардам берчүбүз. Азыр ал өзү эле даярдайт. Ага маалыматты майдалап түшүндүрүп бергенге анда-санда эле убакыт кетирбесек, дээрлик кетирбейбиз. Азыр макалалар ал түшүнө алгыдай жеңил жазылгандыктан, кызыбыз „Күзөт мунарасын“ изилдөөгө жигердүү катышат».

БАЛДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Көптөгөн балдар «Күзөт мунарасынын» жөнөкөйлөтүлгөн саны алар үчүн караштырылгандай көрүшөт. 12 жаштагы Ребекка: «Бул санды мындан ары да чыгарып тургулачы»,— деп суранган. Ал: «„Айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү“ деген кутуча мага абдан жагат. Ал балдар үчүн абдан түшүнүктүү жазылат»,— деп оюн айткан.

7 жашар Николетт да ошондой эле ойдо. Ал: «Мага „Күзөт мунарасын“ түшүнүү кыйын болчу. Бирок азыр өзүм эле көбүрөөк жооп бере алам»,— дейт. 9 жаштагы Эмма: «Бул мага жана 6 жашар бөбөгүмө чоң жардам берет. Биз алда канча жакшы түшүнүп калдык! Силерге чоң ыракмат!» — деп жазган.

Ооба, «Күзөт мунарасынын» түшүнүктүү сөздөр менен жөнөкөй сүйлөмдөр колдонулган саны көптөргө пайда алып келип, муктаждыктарын канааттандырууда. Ал 1879-жылдан бери баа жеткис курал болуп келаткан «Күзөт мунарасынын» негизги саны менен бирге мындан ары да чыга бермекчи.