Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашоодо чыныгы ийгиликке жет

Жашоодо чыныгы ийгиликке жет

«Ийгиликке жетесиң, акылмандуулук менен иш кыласың» (ЖАШ. 1:8).

1, 2. а) Көптөр ийгилик деп эмнени түшүнүшөт? б) Эмнени ийгилик деп эсептээриңди кантип билсең болот?

ИЙГИЛИК деген эмне? Адамдарга ушул суроону берсең, ар кандай жооп угасың. Мисалы, көптөр ийгилик деп баюуну, кайсы бир иште же билим алууда чоң жетишкендиктерге жетүүнү түшүнүшөт. Башкалар үй-бүлөсү, достору же чогуу иштешкендери менен жакшы мамиледе болууну ийгилик деп эсептешет. Кудайга кызмат кылгандар болсо ийгиликти жыйналыштагы сыймыктуу жоопкерчиликтер же кызматтагы жетишкендиктер менен байланыштырышы мүмкүн.

2 Эмнени ийгилик деп эсептээриңди билүү үчүн өзүң суктанган, урматтап-сыйлаган, башкача айтканда, ийгиликке жетти деп ойлогон адамдардын аттарын жаз. Алардын эмнесине суктанасың? Алар бай же атактуубу? Көпчүлүккө таанымалбы? Бул суроолорго берген жообуң жүрөгүңдө эмне жатканын айгинелейт жана ошол нерсе чыгарган чечимдериңе, мүдөө-максаттарыңа таасир этет (Лк. 6:45).

3. а) Жашыя ийгиликке жетиш үчүн эмне кылышы керек эле? б) Азыр эмнени карап чыгабыз?

3 Биз үчүн баарынан мурда Жахаба бизди ийгиликке жетти деп эсептейби же жокпу, ошол маанилүү, себеби өмүрүбүз анын жактыруусунан көз каранды. Жахаба Жашыяга оор милдетти, ысрайылдыктарды Өзү убада кылган жерге алып барууну, тапшырганда Мыйзамды күнү-түнү окушу жана анда жазылгандарды так аткарышы керектигин айткан. Анан аны: «Ошондо ийгиликке жетесиң, акылмандуулук менен иш кыласың»,— деп ынандырган (Жаш. 1:7, 8). Чынында эле, Жашыя ийгиликке жеткен. Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Ийгилик жөнүндөгү түшүнүгүбүз Кудайдын көз карашына ылайык келер-келбесин кантип билсек болот? Ан үчүн, келгиле, Ыйык Китепте айтылган эки кишинин жашоосун карап көрөлү.

СУЛАЙМАН ПАДЫША ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКЕНБИ?

4. Сулайман падыша ийгиликке жеткен деп эмне үчүн айтууга болот?

4 Сулайман падыша көп жагынан албан ийгиликтерге жеткен. Эмне үчүн? Себеби ал көп жылдар бою Жахабадан коркуп, ага баш ийип жашаган, ошондуктан Жахаба ага батасын мол төккөн. Кудай андан эмнени каалаарын сураганда, ал ысрайыл элин жетектеш үчүн акылмандык сураган. Ошондо Кудай ага акылмандык да, байлык да берген. (Оку: 1 Падышалар 3:10—14.) Натыйжада Сулайман падыша «Чыгышта жашагандар менен мисирликтердин баарынан алда канча акылдуу» болгон жана «айланада жашаган элдердин баарына атагы чыккан» (1 Пад. 4:30, 31). Анын байлыгы жөнүндө сөз кыла турган болсок, башкасын кошпогондо, жыл сайын ага 25 тоннадай алтын, азыркы баа менен алганда, 1 миллиарддан ашуун АКШ доллары түшүп турган (2 Жылн. 9:13). Ал башка элдер менен карым-катнаш түзө билген, куруу жана соода-сатык ишин мыкты жүргүзгөн киши болгон. Ооба, ал Жахабанын алдында туура иштерди кылып жүргөндө көп ийгиликке жеткен (2 Жылн. 9:22—24).

5. Сулайман падыша Кудайдын көз алдында ийгиликке жеткендер жөнүндө кандай жыйынтыкка келген?

5 Сулайман падышанын Насаатчы китебинде жазгандарынан көрүнүп тургандай, ал байлык же атак-даңк адамды ийгиликке жеткирип, бактылуу кылат деп ойлогон эмес. Ал: «Мен буларды түшүндүм: адамдын кубанып, жакшылык кылып өмүр сүргөнүнөн өтөрү жок экен, ар бир адам ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүшү керек экен. Бул — Кудайдын белеги»,— деп жазган (Нас. 3:12, 13). Ошондой эле андай нерселерден Кудай менен жакшы мамиледе болгондор гана чындап кубаныч ала аларын түшүнгөн. Ал: «Бардык айтылгандардын корутундусу бул: чыныгы Кудайдан корк, анын осуяттарын аткар. Анткени адамдан талап кылынгандын баары — ушул»,— деп таамай айткан (Нас. 12:13).

6. Сулайман падышанын жашоосунан чыныгы ийгиликке байланыштуу эмнени түшүнө алабыз?

6 Сулайман падыша көп жылдар бою Кудайдан коркуп жашаган. Ал жөнүндө Ыйык Китептен: «Сулайман Жахабаны абдан жакшы көргөндүктөн атасы Дөөтүнүн көрсөтмөлөрү менен жүрдү»,— дегенди окуйбуз (1 Пад. 3:3). Бул чыныгы ийгилик эмеспи? Кудайдын жетеги менен ал таза сыйынууга арналган зор ибадаткана курган жана Ыйык Жазмадагы айрым китептерди жазган. Албетте, бизден андай иштерди кылуу күтүлбөйт. Ошентсе да Сулайман падышанын Кудайга ишенимдүү кызмат кылган кездеги үлгүсү бизге чыныгы ийгилик деген эмне экенин жакшы түшүнүүгө жана ага жетүүгө жардам берет. Буга байланыштуу анын Кудайдын жетеги менен айткан сөздөрүн унутпаганыбыз абзел. Ал бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар ийгиликтин белгиси катары көргөн нерселерге: байлыкка, акылмандыкка, атак-даңкка жана бийликке умтулуу куру бекер экенин жазган. Ооба, андай нерселерге умтулуу «шамалды кууп жетүүгө умтулганга» тете. Байлыкты сүйгөн кишилердин эч качан байлыкка тойбой турганын байкаган чыгарсың. Алар көп учурда байлыгыман айрылып калбасам экен деп тынчсызданышат. Анын үстүнө, алардын байлыгы бир күнү башка бирөөгө калат. (Оку: Насаатчы 2:8—11, 17; 5:10—12.)

7, 8. Сулайман падыша кандайча Кудайга ишенимдүү болбой калган жана анын жыйынтыгы кандай болгон?

7 Убакыттын өтүшү менен Сулайман падыша Кудайга ишенимдүү болбой калган. Ыйык Китепте: «Сулайман карыганда, аялдары анын жүрөгүн башка кудайларга буруп кетишти. Ошентип, ал Жахаба Кудайына атасы Дөөтүгө окшоп бүт жүрөгү менен берилген жок. Сулайман... Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды»,— делет (1 Пад. 11:4—6).

8 Ошондуктан Жахаба ага каарданып: «Менин келишимимди бузуп, сага берген көрсөтмөлөрүмдү аткарбай койгонуң үчүн, падышалыкты сенден тартып алып, кызматчыңа берем»,— деген (1 Пад. 11:11). Кандай өкүнүчтүү! Сулайман падыша көп жагынан ийгиликке жетсе да, убакыттын өтүшү менен Жахабанын жүрөгүн ооруткан. Ал жашоодогу эң негизги нерсени аткарбай калган, тактап айтканда, Кудайга баштагыдай ишенимдүү болбой калган. Ар бирибиз: «Сулайман падышанын жашоосунан сабак алып, Кудайдын көз алдында ийгиликтүү болууга умтуламбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус.

ЧЫНЫГЫ ИЙГИЛИК

9. Дүйнөнүн көз карашы боюнча, элчи Пабыл ийгиликке жеткенби? Түшүндүр.

9 Элчи Пабылдын жашоосу Сулайман падышаныкынан кыйла айырмаланган. Мисалы, ал пилдин сөөгүнөн жасалган тактыда отурган эмес, падышалар менен бир дасторкондон тамактанган эмес. Тескерисинче, анын ачка болгон, суусаган, суукка тоңгон, жылаңач калган учурлары болгон (2 Кор. 11:24—27). Исаны Машаяк катары кабыл алгандан тартып ал жүйүттөрдүн динин туткандардын арасында эч кандай кадыр-баркка ээ болбой калган. Атүгүл жүйүт диний жетекчилерге жек көрүндү болгон. Ошондой эле камакка алынган, камчы, таяк менен сабалган, таш бараңга алынган. Ал өзүнүн жана башка ишенимдештеринин кордолгонун, куугунтукталганын, ак жеринен караланганын айткан. Ошондой эле: «Дүйнө бизди азыркыга чейин таштанды, акыр-чикир деп эсептейт»,— деп жазган (1 Кор. 4:11—13).

10. Эмне себептен Пабыл ийгиликтүү жашоодон баш тарткан деп айтууга болот?

10 Пабыл жаш кезинде Шабыл деген ат менен белгилүү болчу. Ал, көпчүлүктүн көз карашы боюнча, келечеги кең жаштардан болгон. Кыязы, көрүнүктүү үй-бүлөдө чоңойгондуктан ал Гамалеил деген атактуу мугалимден билим алган. Кийин ал: «Жүйүт дининде элимдин арасындагы өзүм теңдүүлөрдүн көпчүлүгүнө караганда көбүрөөк ийгиликке жеткем»,— деген (Гал. 1:14). Ал еврей, грек тилдеринде эркин сүйлөгөн жана Рим жараны катары көптөр эңсеген артыкчылыктарга, укуктарга ээ болгон. Эгер андан ары да бул дүйнөдө ийгиликке жетүүгө умтула берсе, сыягы, эл арасында зоболосу көтөрүлүп, байлыкка тунуп жашамак. Бирок ал башкаларга, балким, айрым туугандарына да жеткен акылсыздыктай сезилген чечим чыгарып, башка жолду тандап алган. Эмне үчүн?

11. Пабыл эмнени жогору баалап, эмнени көздөгөн жана эмне үчүн?

11 Пабыл Жахабаны сүйгөн жана ага жагууну байлыктан да, адамдардын арасында көрүнүктүү абалга ээ болуудан да артык көргөн. Ал чындыкты так таанып-билгендиктен кунду, ошондой эле кызматын жана асманда жашоого болгон үмүтүн жогору баалаган. Бул нерселерди дүйнөдөгү адамдардын көбү этибарга алышпайт. Пабыл чечилиши керек болгон бир маселе бар экенин, тактап айтканда, Шайтандын адамдарды Кудайдан баш тарттырып кетем деп айтканын түшүнгөн (Аюп 1:9—11; 2:3—5). Башына кандай сыноо түшпөсүн, ал Кудайга ишенимдүү бойдон калууга, таза сыйынууну жактоого чечкиндүү болгон. Дүйнөдө эч ким деле мындай максатты көздөө ийгиликке жеткирет деп эсептебейт.

12. Эмне үчүн Кудайга таянасың?

12 Сен да элчи Пабылдыкындай максатты көздөйсүңбү? Дайыма Кудайга ишенимдүү болуу оңойго турбаса да, мунун Жахабага жагарын, анын батасына ээ кыларын жана адамды чыныгы ийгиликке жеткирерин билебиз (Накыл 10:22). Бул бизге азыр пайда алып келгенден тышкары, келечекте да Кудайдын батасына ээ кылат. (Оку: Марк 10:29, 30.) Ошондуктан «өзгөрүлмө байлыкка эмес, ырахаттанып жашашыбыз үчүн, баарын мол берген Кудайга таянышыбыз» керек. Биз «чыныгы жашоого бекем карманыш үчүн, келечекке жакшы негиз боло турган жана жок болбой турган кенч жыйнайбыз» (1 Тим. 6:17—19). Ооба, мындан жүздөгөн, атүгүл миңдеген же андан да көп жылдар өткөндөн кийин да, артка кылчая карап: «Мен эң туура жолду тандагам!» — деп айта алабыз.

БАЙЛЫГЫҢ КАЯКТА?

13. Иса пайгамбар байлык топтоого байланыштуу кандай кеңеш берген?

13 Иса пайгамбар байлык жөнүндө мындай деген: «Жер үстүнө байлык жыйнаганыңарды токтоткула. Жерде аны күбө жейт, дат басат, уурулар кирип, уурдап кетишет. Анын ордуна, байлыкты асманга топтогула. Ал жакта аны күбө жебейт, дат баспайт, уурулар кирип, уурдап кетишпейт. Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот» (Мт. 6:19—21).

14. Жердеги байлыкка умтулуу эмне үчүн акылсыздык?

14 Адамдын жердеги байлыгына акчадан башка нерселер да кириши мүмкүн. Кандайдыр бир мааниде, ага Сулайман падыша жазган жана адамдар ийгиликтин ачкычы деп эсептеген нерселер: көрүнүктүү абал, атак-даңк жана бийлик кирет. Сулайман падыша Насаатчы китебинде жазган ойду — бул дүйнөдө жогору бааланган нерселер түбөлүктүү эмес экенин — Иса пайгамбар да баса белгилеген. Өзүң байкап эле жүргөндөй, мындай нерселер бүгүн бар, эртең жок. Профессор Ф. Дэйл Брунер бул тууралуу мындай деп жазган: «Атак-даңктын убактылуу экенин баары билет. Өткөн ишембидеги баатыр — эртеңки мусапыр. Быйылкы молчулук — эмдиги жылкы жокчулук... [Иса] адам баласын сүйгөн. Ал аларды көз ирмемде жок болчу даңк менен кошо келчү көңүл кайттыктан алыс болууга үндөгөн. Даңк убактылуу гана. Иса шакирттеринин көңүл кайтты болушун каалаган эмес. „Дүйнө күн сайын кимдир бирөөнү өзүнүн чокусунда отурган жеринен кулатат“». Бүгүнкү күндө бул сөздөргө көптөр кошулса да, алардын канчасы Иса пайгамбардын кеңешине ылайык жашашат? Сен анын кеңешине ылайык жашайсыңбы?

15. Биз кандай ийгиликке жетүүгө умтулушубуз керек?

15 Айрым диний жетекчилер ийгиликке умтулуу туура эмес, эгер андай каалоо болсо, дароо басып салуу керек деп окутушат. Бирок Иса пайгамбар ийгиликке жетүү үчүн күч-аракет жумшоо туура эмес деп айткан эмес. Ал шакирттерин күч-аракетин туура нукка бурууга, атап айтканда, асманга эч качан жок болбой турган байлык топтоого үндөгөн. Ооба, биздин эң негизги каалообуз Жахабанын көз алдында ийгиликке жетүү болушу керек. Иса пайгамбардын жогорудагы сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, эмнеге умтуларыбызды өзүбүз чечебиз. Бирок эмнеге умтулганыбыздан жүрөгүбүздө эмне жатканы, эмнени баалаарыбыз айкын болот.

16. Эмнеге толук ишенсек болот?

16 Эгер Жахаба Кудайга жагууну чын жүрөктөн кааласак, ал бизди зарыл нерселер менен камсыз кыларына эч шектенбесек болот. Бирок кээде ал биздин, элчи Пабылдай болуп, ачка болушубузга же суусашыбызга жол бериши мүмкүн (1 Кор. 4:11). Анткен менен Иса Машаяктын сөздөрүнө толук ишенсек болот. Ал мындай деген: «„Эмне жейбиз?“, „эмне ичебиз?“ же „эмне киебиз?“ деп эч качан тынчсызданбагыла. Мунун баарын ойлоп дүйнөнүн адамдары түйшүк тартышат. Ал эми силердин мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет. Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издегиле, ошондо силерге мунун баары берилет» (Мт. 6:31—33).

КУДАЙДЫН КӨЗ АЛДЫНДА ИЙГИЛИККЕ ЖЕТ

17, 18. а) Чыныгы ийгилик эмнеден көз каранды? б) Эмнеден көз каранды эмес?

17 Эгер жыйынтыктай турган болсок, чыныгы ийгилигибиз бул дүйнөнүн көз карашы боюнча кайсы бир жетишкендиктерге жеткенибиз же ээлеген абалыбыз боюнча аныкталбайт. Ошондой эле чыныгы ийгилик жыйналыштагы сыймыктуу жоопкерчиликтерибиз менен да өлчөнбөйт. Анткен менен андай батага ээ болгонубуз чыныгы ийгиликке жетүүгө өбөлгө түзө турган нерседен, башкача айтканда, Кудайга баш ийип, ага ишенимдүү болгонубуздан көз каранды. Кудай: «Үй башкаруучуларынан... ишенимдүүлүк талап кылынат»,— деп айткан (1 Кор. 4:2). Андыктан акырына чейин ишенимдүү болгонубуз зарыл. Иса Машаяк: «Ким акырына чейин чыдаса, ал куткарылат»,— деген (Мт. 10:22). Куткарылганыбыз ийгиликке жеткенибиздин айкын далили болоруна кошуласыңбы?

18 Жогоруда айтылгандар тууралуу ой жүгүртүү менен Кудайга ишенимдүү болуу атак-даңктан, билимден, акчадан, коомдо ээлеген абалыбыздан көз каранды эмес экенин биле аласың. Ошондой эле ал акылдуу, таланттуу же жөндөмдүү болгонубуздан да көз каранды эмес. Кандай жагдайга кабылбайлы, Кудайга ишенимдүү бойдон кала алабыз. 1-кылымда Кудайдын элинин арасында байлар да, кедейлер да болгон. Элчи Пабылдын байларды «жакшылык кылууга», «жакшы иштерге бай,.. берешен болууга», «өздөрүндөгү нерселерди башкалар менен бөлүшө билүүгө» үндөгөнү жөндүү болгон. Ырас, байлар да, кедейлер да «чыныгы жашоого бекем кармана» алышкан (1 Тим. 6:17—19). Анын кеңеши бүгүнкү күнгө да тиешелүү. Баарыбызда бирдей мүмкүнчүлүк, бирдей жоопкерчилик бар: ар бирибиз аягына чейин ишенимдүү жана «жакшы иштерге бай болушубуз» керек. Эгер ошентсек, Жаратканыбыздын алдында ийгиликке жетип, ага жагарыбызды билгендиктен кубаныч алабыз (Накыл 27:11).

19. Чыныгы ийгилик эмне экенин билгенден кийин эмне кылууну чечтиң?

19 Жагдай-шартыңды толугу менен өзгөртө албасаң да, ага болгон көз карашыңды өзгөртө аласың. Кандай жагдайга кабылба, Кудайга ишенимдүү болууга умтул. Бул бүт күч-аракетиңди жумшоого татыйт. Жахаба сага азыр да, келечекте да батасын мол төгөрүнө бекем ишен. Иса пайгамбардын өзүнүн майланган жолдоочуларына: «Өмүрүңдүн акырына чейин ишенимдүү бол, ошондо сага өмүр таажысын берем»,— деп айтканын эч качан эсиңден чыгарба (Аян 2:10). Акырына чейин ишенимдүү болуу — чыныгы ийгилик!