Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дайыма «убактылуу тургундар катары жашайлы»

Дайыма «убактылуу тургундар катары жашайлы»

«Бул дүйнөдө келгиндер жана убактылуу тургундар катары жашап жаткан... силерди... дененин каалоолорунан качууга үндөйм» (1 ПЕТ. 2:11).

1, 2. Элчи Петир «тандалгандар» деп кимдер жөнүндө айткан жана аларды эмне үчүн «убактылуу тургундар» деп атаган?

ИСА МАШАЯК асманга көтөрүлгөндөн 30 жылдай өткөндөн кийин, элчи Петир «Понт, Галатия, Кападокия, Азия жана Битиния аймактарына чачырап кетип, ал жерлерде убактылуу жашап жаткан тандалгандарга» кат жазган (1 Пет. 1:1). Ал «тандалгандар» деп, өзүнө окшоп, асманда Машаяк менен бирге башкарыш үчүн ыйык рух менен майланган жана «жаңыдан төрөлүп», тирүү үмүткө ээ болгон ишенимдештери жөнүндө айткан. (Оку: 1 Петир 1:3, 4.) Ал аларды эмне үчүн «келгиндер жана убактылуу тургундар» деп атаган? (1 Пет. 2:11). Азыр дүйнө жүзү боюнча жигердүү кызмат кылып жаткан Күбөлөрдүн 650дөйүнүн 1и гана майланган катары символдордон ооз тийип жатса, Петирдин сөздөрүнүн бизге кандай тиешеси бар?

2 «Убактылуу тургундар» деген сөздөрдүн 1-кылымдагы майлангандарга карата колдонулганы орундуу болгон. Майлангандардын биздин күндөрдөгү калдыгы жөнүндө айта турган болсок, алар жерде убактылуу гана жашашат. Өзү да «кичине отордун» мүчөсү болгон элчи Пабыл: «Биз болсо асман жарандарыбыз. Ал жактан куткаруучунун, Мырзабыз Иса Машаяктын, келишин чыдамсыздык менен күтүп жатабыз»,— деп жазган (Лк. 12:32; Флп. 3:20). Алар «асман жарандары» болгондуктан, өлгөндө жердеги жашоосун калтырып, асманга кетишет да, өлбөстүккө ээ болушат. (Оку: Филипиликтер 1:21—23.) Ошондуктан майлангандар Шайтандын бийлиги астындагы жерде сөздүн түз маанисинде «убактылуу тургундар» катары жашап жатышат.

3. «Башка койлорго» байланыштуу кандай суроо туулат?

3 Ал эми «башка койлор» жөнүндө эмне айтууга болот? (Жкн. 10:16). Алар, Ыйык Китепке ылайык, жерде түбөлүк жашоого үмүттөнүшпөйбү? Албетте, жер алардын түбөлүк үйү болот. Бирок аларды да кандайдыр бир мааниде «убактылуу тургундар» дешке болот. Кандай мааниде?

«ЖАРАТЫЛГАНДЫН БААРЫ... ОНТОП» ЖАТАТ

4. Бийлик башындагылар эмнени жоё алышпайт?

4 Шайтандын каардуу дүйнөсү жок болмоюнча, бүт адамзат, анын ичинде Кудайдын кызматчылары да Шайтандын Жахаба Кудайга каршы чыгарган козголоңунун кесепеттерин тарта беришет. Римдиктер 8:22де: «Биз жаратылгандын баары ушул убакка чейин онтоп, кыйналып жатканын билебиз»,— делет. Бийлик башындагылар, окумуштуулар, элдин жыргалчылыгы үчүн күрөшкөндөр чын жүрөктөн аракет кылышса да, азап-кайгыны жоё алышпайт.

5. 1914-жылдан бери миллиондогондор эмне кылууну чечишти жана эмне үчүн?

5 1914-жылдан бери миллиондогондор Кудай дайындаган Падышага, Иса Машаякка, чын дилден баш ийүүнү чечишти. Алар Шайтандын дүйнөсүнө таандык болууну каалашпайт жана анын дүйнөсүн колдошпойт. Анын ордуна, бүт өмүрүн, колунда болгон нерселерин Кудайдын Падышалыгын колдоого, анын иштерин аткарууга арнашат (Рим. 14:7, 8).

6. Жахабанын Күбөлөрү кандай мааниде келгиндер?

6 Жахабанын Күбөлөрү 200дөн ашуун өлкөдө мамлекеттин мыйзамдарына баш ийген жарандар катары белгилүү. Анткен менен алар, кайсы өлкөдө болбосун, келгиндер катары жашашат. Алар саясий жана коомдук иштерде толугу менен бейтараптуулукту сакташат, ошондой эле азыртадан эле өздөрүн Кудай орното турган жаңы дүйнөнүн жарандары катары көрүшөт. Алар акырына тездик менен жакындап бараткан азыркы бири кем дүйнөдө убактылуу тургундар катары гана жашап жатышканына сүйүнүшөт.

7. Кудайдын кызматчылары эмненин түбөлүктүү тургундары болушат жана кандайча?

7 Жакында Иса Машаяк бийлигин колдонуп, Шайтандын каардуу дүйнөсүн тыптыйпыл кылат. Анын жеткилең өкмөтү жер бетинен күнөө менен азап-кайгыны, ошондой эле Жахабанын адилеттүү эгедерлигине каршы чыккандардын баарын жок кылат. Ал эми Кудайдын ишенимдүү кызматчылары жер бетиндеги Бейиштин түбөлүктүү тургундары болушат. (Оку: Аян 21:1—5.) Анан жаратылгандын баары толук мааниде «жок болуу кулчулугунан бошонуп, Кудайдын уулдары катары даңктуу эркиндикке чыгат» (Рим. 8:21).

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНАН ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

8, 9. Элчи Петир: «Дененин каалоолорунан качкыла»,— дегенде эмнени айткысы келген?

8 Элчи Петир Кудайдын кызматчыларынан эмне талап кылынарын түшүндүрүп: «Бул дүйнөдө келгиндер жана убактылуу тургундар катары жашап жаткан сүйүктүү бир туугандарым, силерди жаныңарга каршы күрөшкөн дененин каалоолорунан качууга үндөйм»,— деген (1 Пет. 2:11). Анын бул кеңеши башында майлангандарга берилсе да, Машаяктын башка койлоруна да тиешелүү.

9 Айрым каалоолорубуздун, эгер Жараткан туура көргөн жол менен канааттандырылса, эч кандай деле жаман жери жок. Чынында, алар жашоодон ыракат алууга шарт түзөт. Алсак, баарыбыз эле даамдуу тамак-аш жегибиз, жан сергитерлик иштерге катышкыбыз жана жакшы пикир алышкыбыз келет. Булар табигый каалоолор болуп эсептелет. Атүгүл жубайлардын жыныстык мамиледен ыракат алгысы келгени да орундуу (1 Кор. 7:3—5). Элчи Петир «дененин каалоолору» деп жаныбызга каршы күрөшкөн каалоолор жөнүндө айткан. Ал сөздөрдүн эмнени билдирери айкыныраак болушу үчүн, Ыйык Китептин айрым котормолорунда алар «дене кумарлары» («Үмүт нуру» котормосу), «күнөөлүү каалоолор» («Эл аралык жаңы котормо») деп берилген. Ырас, Жахабанын ой-ниетине каршы келген жана аны менен болгон мамилебизге терс таасир эте турган каалоолорубуздун баарын тыйышыбыз керек. Болбосо жаныбызды сактап калууга болгон үмүтүбүз таш кабышы мүмкүн.

10. Шайтан Кудайдын кызматчыларын өзүнүн дүйнөсүнө таандык кылыш үчүн кандай ыкмаларды колдонот?

10 Шайтандын максаты — Кудайдын кызматчыларынын бул дүйнөдө «убактылуу тургундар» катары жашоого болгон чечкиндүүлүгүн солгундатуу. Шайтан дүнүйөкорлуктун арбап ала турган, адеп-ахлаксыздыктын азгыра турган, көрүнүктүү абалдын өзүнө тарта турган, биринчиликтин көздү кычыштыра турган, улутчулдуктун жүрөктү бийлеп ала турган күчүн колдонуп, адамдарды тузакка түшүрүүгө умтулат. Биз анын мындай тузактарын баамдай билишибиз керек. Дененин андай туура эмес каалоолорун чечкиндүү түрдө четке кагуу менен Шайтандын дүйнөсүнө таандык болгубуз келбей турганын ачык көрсөтөбүз, ошондой эле анда убактылуу гана жашап жатканыбызды далилдейбиз. Биз Кудайдын адилдик өкүм сүрө турган жаңы дүйнөсүнүн түбөлүктүү тургуну болууну каалайбыз жана ошого жетүүгө бүт күчүбүздү жумшайбыз.

ЖАКШЫ ЖҮРҮМ-ТУРУМ

11, 12. Бөтөн жерликтерге башкалар кээде кандай карашат жана Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө эмне дешке болот?

11 Петир 12-аятта Машаяктын «убактылуу тургундар катары жашап жаткан» жолдоочуларынан дагы эмне талап кылынарын түшүндүргөн. Ал: «Башка элдердин арасында жүрүм-турумуңар мындан ары да үлгүлүү болсун. Алар силерди жамандык кылуучулар деп айыпташканда, жакшы иштериңерди көрүп, Кудай текшерген күнү Аны даңкташат»,— деген. Бөтөн жерде убактылуу жашап жаткандар кээде сынга алынат. Жергиликтүү элден айырмаланышканы үчүн эле аларды кээ бирөөлөр жамандык кылып жаткандай көрүшү мүмкүн. Алардын сүйлөгөнү, кыймыл-аракети, кийингени, атүгүл көрүнүшү айырмаланып турушу ыктымал. Бирок жакшы иштерди кылышканда, башкача айтканда, жүрүм-туруму үлгүлүү болгондо, алар жөнүндө айтылган жаман сөздөрдүн баары негизсиз экени айкын болот.

12 Анын сыңарындай, Жахабанын Күбөлөрү да көптөрдөн кайсы бир жагынан, мисалы, пикир алышканы же көңүл ачуунун кандай түрүн тандаганы менен айырмаланып турушат. Алардын кийими, сырткы көрүнүшү көп учурда башкалардыкына окшобойт. Ушундай айырмачылыктардан улам алар жөнүндө туура эмес маалымат алгандар аларды, мындайча айтканда, жамандык кылуучулар деп айыпташат. Анткен менен башкалар аларды жакшы жүрүм-туруму үчүн макташы мүмкүн.

13, 14. Кандайча «адамдын акылдуу экени адил иштеринен көрүнөт»? Мисал келтир.

13 Ооба, жакшы жүрүм-турум негизсиз айыпты жокко чыгара алат. Адамзат тарыхында жалгыз гана Иса пайгамбар Кудайга баш ийүү жагынан эч кынтыксыз болгон. Бирок атүгүл ага да жалган айып тагылган. Айрымдар аны «сугалак, шарапты жакшы көргөн киши, салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөрдүн досу» дешкен. Бирок анын Кудайга кызмат кылууда көрсөткөн акылмандыгы ага коюлган айыптардын баарын төгүнгө чыгарган. Ал: «Адамдын акылдуу экени адил иштеринен көрүнөт»,— деген (Мт. 11:19). Бүгүн да ошондой. Маселен, Германиянын Зельтерс шаарында жайгашкан Бейтелде кызмат кылган бир туугандарды айланасындагы айрым кишилер кызыктай адамдар катары көрүшөт. Бирок ошол аймактын мэри: «Бул жерде кызмат кылган Күбөлөрдүн жашоосу башкалардыкынан айырмаланат, бирок алар эч качан башка тургундардын тынчын алышпайт» — деп, алар жөнүндө жакшы ойдо экенин айткан.

14 Жакында эле Москвадагы Жахабанын Күбөлөрү тууралуу да жакшы пикир айтылган. Аларга бир катар жалган жалаа жабылган болчу. Бирок 2010-жылы июнда Франциянын Страсбург шаарында жайгашкан Адам укуктары боюнча Европа соту мындай токтом кабыл алган: «Сот [Москва бийлигинин] арыз ээлеринин дин тутуу жана чогулуу эркиндигин бузганы туура эмес болгон деп тапты. Мамлекеттик соттор арызданган жамааттын күнөөлүү экенине „тийиштүү жана жетиштүү“ далилдерди келтире алган жок». Мисалы, алар Жахабанын Күбөлөрү үй-бүлөлөрдү бузат, башкаларды өз өмүрүн кыюуга түртөт же медициналык жардам алуудан баш тартат деген сөздөрүн далилдей алышкан эмес. Андыктан, аталган Сот белгилегендей, «мамлекеттик мыйзамдын бир тараптуулугунан улам мамлекеттик соттордун чыгарган чечими өтө катаал болгон жана мыйзам-ченемдүү максаттардын бирине да төп келген эмес».

ТИЙИШТҮҮ ТҮРДӨ БАШ ИЙҮҮ

15. Дүйнө жүзүндөгү Кудайдын кызматчылары Ыйык Китептеги кайсы принципке ылайык иш кылышат?

15 Москвадагы, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү элчи Петир айткан кийинки талапты да аткарууда. Ал: «Мырзабыз үчүн бийлик башындагылардын баарына баш ийгиле: жогорку абалды ээлеген падышага болобу же... башкаруучуларга болобу, баарына баш ийгиле»,— деген (1 Пет. 2:13, 14). Ооба, Кудайдын кызматчылары бул ыймансыз дүйнөгө таандык болушпаса да, элчи Пабыл кеңеш кылгандай, «Кудай белгилеген орундарды ээлеп турган» бийликтерге баш ийишет. (Оку: Римдиктер 13:1, 5—7.)

16, 17. а) Бийликтегилерге каршы эмес экенибизди эмне көрсөтүп турат? б) Айрым саясатчылар эмнени моюнга алышат?

16 Жахабанын Күбөлөрү бул дүйнөдө «убактылуу тургундар» катары жашашса да, бул алардын өкмөткө каршы экенин билдирбейт. Алар башкалардын саясий же коомдук иштерине каршы болушпайт же аларды сындашпайт. Кээ бир диндегилерден айырмаланып, Жахабанын Күбөлөрү саясатка кийлигишпейт жана эч качан жогорку бийликтегилерге саясатка байланыштуу сунуштарын айтууга умтулушпайт. Ошондуктан алар элдин тынчтыгын бузат же өкмөткө коркунуч туудурат деген айыптар таптакыр чындыкка коошпойт!

17 Алар, Петирдин «падышага урмат көрсөткүлө» деген кеңешине ылайык, бийликтегилерге баш ийип, алардын ээлеген абалын сыйлаарын көрсөтүшөт (1 Пет. 2:17). Кээде бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрүнөн эч кам санабай эле койсо болорун айтышат. Алсак, мурун Германиядагы Бранденбург шаарындагы министрлер кеңешинин, ал эми кийинчерээк Германия парламентинин мүчөсү болгон Штеффен Райхе мындай деген: «Лагерлердеги жана абактардагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жүрүм-туруму абдан суктантарлык болгон, тактап айтканда, алар ССтин кысымына карабай туруктуулугунан жазышкан эмес жана түрмөдөгү башка кишилерге боорукердик менен мамиле кылышкан. Бул, өткөн убактагыдай эле, бүгүн да демократиялык укуктук мамлекеттин мындан ары да бар болуп турушу үчүн абдан зарыл. Чет өлкөлүктөргө жана саясий, идеологиялык көз карашы айырмалангандарга ырайымсыз мамиле кылуу күч алып баратканын эске алганда, өлкөбүздүн ар бир жараны үчүн ошондой сапаттар аба менен суудай керек».

СҮЙҮҮ КӨРСӨТҮҮ

18. а) Бардык бир туугандарды сүйөрүбүз эмне үчүн таң калыштуу эмес? б) Жахабанын Күбөсү эмес айрым кишилер эмнени байкашкан?

18 Элчи Петир: «Бир туугандарыңардын баарын сүйгүлө, Кудайдан корккула»,— деп жазган (1 Пет. 2:17). Жахабанын Күбөлөрү Кудайга жакпай калуудан коркушат. Бул аларга анын эркин аткарууга түрткү берет. Алар, өздөрүнө окшоп, Жахабанын эркин аткарууну каалаган дүйнө жүзүндөгү ишенимдештери менен эриш-аркак кызмат кылуудан кубаныч алышат. Андыктан алардын бир туугандарынын баарын сүйгөнү таң калыштуу эмес. Өзүмчүлдүк өкүм сүргөн азыркы дүйнөдө мындай сүйүү абдан сейрек кездешкендиктен, Жахабанын Күбөсү эместер кээде буга таң калышат. Мисалы, Америкалык туристтик агенттик менен иштешкен бир экскурсовод айым 2009-жылы Германияда өткөн эл аралык жыйында бир туугандардын башка өлкөдөн келген делегаттарга көрсөткөн сүйүүсүн жана жардамын көрүп, аябай таң калган. Ал канча жылдан бери экскурсовод болуп иштеп келатса да, мындайды эч качан көрбөгөнүн айткан. Кийинчерээк бир ишенимдешибиз: «Анын биз жөнүндө айткан ар бир сөзүнөн ушунчалык таң калып, ушунчалык таасирленип жатканы айкын көрүнүп турду»,— деп эскерген. Сен да өзүң катышкан жыйындан башкалардын Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө ушу сыяктуу сөздөрдү айтканына күбө болдуң беле?

19. Биз эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек жана эмне үчүн?

19 Жахабанын Күбөлөрү жогоруда саналып өткөн жана башка жолдор менен Шайтандын дүйнөсүндө чындап эле «убактылуу тургундар» катары жашап жатышканын көрсөтүшүүдө. Алар аягына чейин ушунусунан жазбоого чечкиндүү. Ошондой эле жакында Кудайдын адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөсүнүн түбөлүктүү тургундары болоруна үмүттөнүшөт жана аларда буга үмүттөнүүгө толук негиз бар. Сен да ошол убакты чыдамсыздык менен күтүп жатасыңбы?