Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Убактылуу тургундар» Кудайга биримдикте сыйынууда

«Убактылуу тургундар» Кудайга биримдикте сыйынууда

«Бөтөн жерликтер дыйканыңар, жүзүмчүңөр болот. Силерди болсо Жахабанын дин кызматчылары деп аташат» (ЫШ. 61:5, 6).

1. Айрымдар «бөтөн жерликтерге» кандай карашат, бирок бул эмне үчүн туура эмес?

МУРУНКУ макалада айтылгандай, айрымдар бөтөн жерликтерди жактырышпайт, атүгүл жек көрүшөт. Бирок башка улуттагыларды төмөн көрүү аларды урматтабагандыкка жана маанилүү чындыкты четке каккандыкка жатат. «Адамзат расалары» деген китепте: «Ыйык Китепте айтылгандай эле, бардык расадагы адамдар — бир туугандар»,— делет. Бир туугандар көбүнчө бири-биринен абдан айырмаланышат, бирок баары бир деле алар — бир туугандар.

2, 3. Жахаба бөтөн жерликтерге кандай карайт?

2 Кайсы жерде жашабайлы, арабызда сөзсүз бөтөн жерликтер болот. Мыйзам келишиминин негизинде Жахаба Кудай менен өзгөчө мамиледе болгон байыркы ысрайыл элинин арасында да бөтөн жерликтер болгон. Алардын укуктары кандайдыр бир деңгээлде чектелген болчу, бирок ысрайылдыктардан аларга урмат-сый менен, адилеттүү мамиле кылуу талап кылынган. Бүгүнкү күндө биз да ошентишибиз керек. Машаяктын чыныгы жолдоочулары бет карамалык жана бейкалыстык кылбашы кажет. Эмне үчүн? Элчи Петир: «Мен Кудайдын бет карама эмес экенин эми чындап түшүндүм. Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагарын түшүндүм»,— деген (Элч. 10:34, 35).

3 Байыркы ысрайыл элиндеги бөтөн жерликтер ысрайылдыктар менен чогуу жашоодон пайда алышкан. Анткени элчи Пабыл кийинчерээк: «Кудай жүйүттөрдүн эле Кудайыбы? Ал башка элдердин да Кудайы эмеспи? Ооба, башка элдердин да Кудайы»,— деп жазгандай, Жахаба алардын да Кудайы болгон (Рим. 3:29; Жоел 2:32).

4. Эмне үчүн «Кудайдын Ысрайылында» эч ким бөтөн жерлик деп эсептелбейт?

4 Жахаба Машаяктын майланган жолдоочуларынын жыйналышы менен жаңы келишим түзгөндө, ысрайыл эли аны менен өзгөчө мамиледе болбой калган. Анын ордуна Машаяктын майланган жолдоочуларынын жыйналышы «Кудайдын Ысрайылы» деп аталып калган (Гал. 6:16). Пабыл түшүндүргөндөй, ал жаңы элде «грек да, жүйүт да, сүннөткө отургузулуу да, отургузулбоо да, бөтөн жерлик да, скиф да, кул да, эркин адам жок; Машаяк — бардыгы жана бардыгында» (Кол. 3:11). Ошондой мааниде Машаяктын майланган жолдоочуларынын жыйналышында эч ким бөтөн жерлик деп эсептелбейт.

5, 6. а) Ышая 61:5, 6га байланыштуу кандай суроо туулушу мүмкүн? б) Ышая пайгамбар айткан «Жахабанын дин кызматчылары» жана «бөтөн жерликтер» кимдер? в) Ал эки топтун кандай жалпылыгы бар?

5 Бирок айрымдарды Ышая 61-бөлүмдө жазылган Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышына байланыштуу аткарылган пайгамбарлык ойлондурушу мүмкүн. Анткени 6-аятта «Жахабанын дин кызматчылары» боло тургандар жөнүндө, ал эми 5-аятта алар менен ийиндеш кызмат кыла турган «бөтөн жерликтер» жөнүндө айтылган. Муну кандай түшүнүүгө болот?

6 Ал аяттагы «Жахабанын дин кызматчылары» «биринчи тирилүүгө» катыша турган жана «Кудай менен Машаяктын дин кызматчылары болуп, Машаяк менен 1000 жыл падышалык кыла» турган майлангандарды билдирет (Аян 20:6). Ал эми Машаяктын көптөгөн ишенимдүү жолдоочулары жерде түбөлүк жашоого үмүттөнүшөт. Асманда кызмат кыла тургандар менен тыгыз кызматташса да, алар каймана сөз менен айтканда, бөтөн жерликтер болуп эсептелишет. Алар «дыйкандар» жана «жүзүмчүлөр» катары «Жахабанын дин кызматчылары» менен кызматташып, аларды кубаныч менен колдошууда. Ооба, алар рухий талааны иштетип, тактап айтканда, адамдарга кабар айтып, чындыкты таанып-билүүгө көмөк кылып, майлангандарга Кудайды даңктоого жардам беришүүдө. Чынында эле, майлангандар да, «башка койлор» да Кудайга түбөлүккө кызмат кылгысы келген ак ниет адамдарды таап, аларга сүйүү менен кам көрүшүүдө (Жкн. 10:16).

ЫБРАЙЫМ СЫЯКТУУ УБАКТЫЛУУ ТУРГУНДАР

7. Машаяктын жолдоочулары эмнеси менен Кудайдын байыркы учурдагы Ыбрайым пайгамбар сыяктуу ишенимдүү кызматчыларына окшош?

7 Мурунку макалада айтылгандай, Иса Машаяктын жолдоочулары Шайтандын каардуу дүйнөсүндө бөтөн жерликтер же убактылуу тургундар болуп эсептелишет. Бул жагынан алар байыркы учурдагы Ыбрайым пайгамбар сыяктуу ишенимдүү кызматчыларга окшош. Ыйык Китепте Кудайдын ал кызматчыларынын «ал жерде убактылуу жашаган бөтөн жерликтер» болгону айтылат (Евр. 11:13). Келечекте асманда жашоого үмүттөнөбүзбү же жердеби, Ыбрайым пайгамбардай болуп, Жахаба менен ынак мамиледе боло алабыз. Шакирт Жакып Ыбрайым пайгамбардын Жахабага ишенгендиктен адил деп эсептелгенин жана Жахабанын досу деп аталып калганын жазган (Жкп. 2:23).

8. Ыбрайым пайгамбарга кандай убада берилген жана ал ага кандай караган?

8 Кудай Ыбрайым пайгамбар менен анын урпактары аркылуу бир эле эл эмес, жер жүзүндөгү бардык адамдар бата аларын убада кылган. (Оку: Башталыш 22:15—18.) Ал убада алыскы келечекте аткарыла турган болсо да, Ыбрайым пайгамбар анын аткарыларына эч шектенген эмес. Ал үй-бүлөсү менен жүз жыл бою ар кайсы жерге көчүп-конуп жашаган жана Жахаба менен болгон достугун бекем сактаган.

9, 10. а) Ыбрайым пайгамбарды кантип туурасак болот? б) Башкаларга кайсы чакырыкты жарыялай алабыз?

9 Үмүтү жүзөгө ашышы үчүн, канча убакыт күтүүгө туура келерин билбесе да, Ыбрайым пайгамбар Жахабага болгон сүйүүсүн суутпай, ага берилгендик менен кызмат кыла берген. Ал кайсы бир элдин арасына тамыр жайып, туруктуу тургун катары жашоону көздөгөн эмес (Евр. 11:14, 15). Андан үлгү алып, жөнөкөй жашаганыбыз, мал-мүлк топтоону, мансапты, коомдо ээлеген абалыбызды ойлоп ашыкча тынчсызданбаганыбыз канчалык маанилүү! Жакында жок боло турган дүйнөдө «эл катары» жашоого умтулуунун зарылдыгы барбы? Убактылуу нерселерге көңүлүбүздү байлаганыбыз туура болот беле? Ыбрайым пайгамбардай болуп, биз алда канча жакшы нерсени күтүп жатабыз жана үмүтүбүздүн ишке ашышын күтүүдө чыдамдуулук көрсөтөбүз. (Оку: Римдиктер 8:25.)

10 Жахаба дагы деле бардык элдерди Ыбрайымдын тукуму аркылуу бата алууга чакырууда. Жахабанын майланган дин кызматчылары жана «бөтөн жерликтер», тактап айтканда, башка койлор ал чакырыкты дүйнө жүзү боюнча 600дөн ашуун тилде жарыялоодо.

УЛУТТУК ЧЕК АРАЛАРДЫ ЖОЮУ

11. Сулайман падыша бардык улуттагы адамдардын эмне кыларын айткан?

11 Сулайман падыша б.з.ч. 1026-жылы ибадаткананы арноо аземинде Жахабага кайрылып, төмөнкүдөй жүрөк толкутарлык сөздөрдү айткан: «Эгер ысрайыл элиңен болбогон бөтөн жерлик бирөө сенин ысмың үчүн алыскы жерден келип, ушул үйдү карап тиленсе (анткени алар сенин улуу ысмың менен сунулган күчтүү колуң жөнүндө угушат), жер бетиндеги бардык элдер сенин ысмыңды билип, сенден ысрайыл элиң корккондой коркушу үчүн,.. сен асмандан, өзүң жашаган жайдан ошол бөтөн жерликтин өтүнүчүн угуп, баарын аткара көр» (1 Пад. 8:41—43). Муну менен ал, Жахабанын Ыбрайым пайгамбарга берген убадасына ылайык, бардык улуттагы адамдардын Аны даңктай турганын айткан.

12. Эмне себептен айрымдар Жахабанын Күбөлөрүн бөтөн жерлик кишилердей көрүшү мүмкүн?

12 Бөтөн жерлик деп биз, адатта, өз мекенинен башка жерге барган же ал жакта жашаган кишини түшүнөбүз. Жахабанын Күбөлөрү азыркы дүйнөдө бөтөн жерликтер сыяктуу жашашат. Алар асмандагы өкмөттү, Кудайдын Машаяк башкарган Падышалыгын, гана колдошот. Ошондуктан алар, айрымдар алардын кылганын туура көрбөсө да, саясий маселелерде бейтараптуулук сакташат.

13. а) Эмне себептен «бөтөн жерлик» деген түшүнүк көп учурда адамдардын көз карашына байланыштуу болот? б) Жахаба эң башында бөтөн жерликтер болушун каалады беле? Түшүндүргүлө.

13 Бөтөн жерлик кишилер адатта өзүлөрүнүн чакан тобуна мүнөздүү өзгөчөлүктөрү менен, алсак, тили, үрп-адаттары, кебетеси, кийген кийими менен жергиликтүү тургундардан айырмаланып турушат. Анткен менен алардын башка бардык улуттагы адамдар менен болгон окшоштуктары андай айырмачылыктардан алда канча маанилүү. Демек, адам жергиликтүү тургундардан кайсы бир жагынан айырмалангандыктан эле бөтөн жерлик киши катары каралып калат. Эгер андай айырмачылыктарга маани бербегенге үйрөнсөк, биз үчүн «бөтөн жерлик» деген сөз маанисин жоготот. Эгер бүт дүйнө жүзүндөгү адамдар бир эле өкмөткө баш ийип жашаса, эч ким бөтөн жерлик болмок эмес. Жахаба эң башында бүт адамзаттын бир эле башкарууга, өзүнүн башкаруусуна, баш ийип жашаган бир үй-бүлө болушун каалаган. Жер шарындагы бардык элдердин ушундай биримдикте жашашы мүмкүнбү?

14, 15. Жахабанын Күбөлөрү топ катары эмнеге үйрөнүшкөн?

14 Өзүмчүлдүк, улутчулдук күч алган дүйнөдө бардык улуттагыларга жакшы мамиле кылган адамдарды көрүү кандай гана жагымдуу! Бирок бейкалыс пикирди жеңүү оңой болбошу мүмкүн. Америкадагы «Си-эн-эн» деген телеканалдын негиздөөчүсү Тед Турнер ар кайсы улуттагы көптөгөн таланттуу адамдар менен иштешкени жөнүндө сөз кылып, мындай деген: «Алар менен иштешүү мага зор таасир калтырды. Мен чет өлкөдөн келгендердин „бөтөн жерликтер“ эмес, жер шарынын мага окшогон эле тургундары экенин түшүнө баштадым. Анан „бөтөн жерлик“ деген сөздү адамды басынткан сөз катары көрүп, аны „Си-эн-эндин“ ичинде эфирде да, офисте башкалар менен сүйлөшкөндө да колдонбоого байланыштуу эреже чыгардым. Анын ордуна „эл аралык“ деген сөздүн колдонулушун туура көрдүм».

15 Дүйнө жүзү боюнча топ катары Жахабанын Күбөлөрү гана Кудайдын ой жүгүртүүсүн кабыл алышкан. Бардык нерсеге Жахаба карагандай караганга үйрөнүп жаткандыктан алар акылында жана жүрөгүндө улуттук чек араларды жоюшкан. Алар башка улуттагыларды ишеничтүү эмес адамдар катары көрбөй, алардан шек санабай же аларды жек көрбөй, тескерисинче, алардын ар кыл өзгөчөлүктөрүн, жөндөмдүүлүктөрүн баалаганга үйрөнүшкөн. Ушул жетишкендик жөнүндө жана анын жеке сага башкалар менен мамилелешүүдө кандай пайда алып келип жатканы жөнүндө ой жүгүртүп көрдүң беле?

«БӨТӨН ЖЕРЛИК» ЖОК ДҮЙНӨ

16, 17. Аян 16:16 жана Даниел 2:44 аткарылгандан кийин, жашооң кандай болот деп ойлойсуң?

16 Жакында бардык элдер Кудайдын бийлигине каршы согушат. «Еврейче Армагедон деп аталган» ошол акыркы согушта алар Иса Машаяк жана анын асмандагы аскери менен беттешет (Аян 16:14, 16; 19:11—16). Мындан 2500 жылдан ашуун убакыт мурун Даниел пайгамбар ыйык рухтун жетеги менен Кудайдын ой-ниетине каршы болгон өкмөттөрдүн эмне болору жөнүндө мындай деген: «Ошол падышалардын күндөрүндө асман Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот. Ал Падышалык бир да элге өткөрүлүп берилбейт. Ал ушул падышалыктардын баарын талкалайт, жок кылат, өзү болсо түбөлүк турат» (Дан. 2:44).

17 Бул пайгамбарлык аткарылгандан кийин жашооң кандай сонун болорун элестетсең! Ошондо адамдар белгилеген жана ар бир кишини кандайдыр бир мааниде «бөтөн жерлик» кылган чек аралар болбойт. Сырткы көрүнүшүбүз жана башка жактарыбыз менен бири-бирибизден айырмаланганыбыз тек гана Кудайдын жаратууларынын ар түрдүүлүгүн көрсөтөт. Мындай кереметтүү келечек ар бирибизге Жаратканыбыз Жахаба Кудайды бүт күчүбүз менен мактап-даңктоого түрткү бериши керек.

Адамдар белгилеген чек аралар жана «бөтөн жерлик» деген түшүнүк болбой турган заманды чыдамсыздык менен күтүп жатасыңбы?

18. «Бөтөн жерлик» деген түшүнүк жоюларын эмне көрсөтүп турат?

18 Андай чоң өзгөрүүнүн болору жөн эле куру кыялбы? Албетте, жок! Ага ишенүүгө толук негиз бар. Жахабанын Күбөлөрү бири-биринин кайсы улуттан экенине анча деле маани бербегендиктен, атүгүл азыртадан эле алардын арасында «бөтөн жерлик» жок. Мисалы, Падышалык жөнүндө жакшы кабар айтуу ишин натыйжалуу жүргүзүү үчүн жана аны көзөмөлдөө оңоюраак болушу үчүн, жакында эле бир нече чакан филиал бириктирилди (Мт. 24:14). Филиалдар бириктирилгенде, эгер мыйзамга каршы келбесе, улуттук чек араларга маани берилген жок. Бул Иса Машаяктын Жахаба дайындаган Башкаруучу катары адамдардын чек араларын жоюп жатканын жана жакында «акыркы жеңишке жетерин» далилдеп турат (Аян 6:2).

19. Чындыктын таза тили аркылуу эмне мүмкүн болууда?

19 Ар кайсы улуттан болгондуктан жана ар башка тилде сүйлөгөндүктөн Жахабанын Күбөлөрү чындыктын таза тилинде сүйлөгөнгө аракет кылышат. Ошондуктан алардын биримдигинин түйүнү эч качан жанбайт. (Оку: Сепания 3:9.) Ыркы кеткен дүйнөдө жашап жатышса да, алар эл аралык үй-бүлө катары биримдиги менен айырмаланып турушат. Бирок бул келечектеги «бөтөн жерлик» болбой турган дүйнөдөгү жашоонун учкай элеси гана. Ошол учурда адамдардын баары макаланын башында айтылган китептеги: «Бардык расадагы адамдар — бир туугандар»,— деген сөздөрдүн калетсиздигине өз тажрыйбасынан ынанып, кубанычка бөлөнөт («Адамзат расалары»).