Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңдеби?

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңбы?

Тилибиз менен от коюудан кантип кача алабыз?

Ан үчүн жүрөгүбүздү изилдешибиз керек. Кайсы бир ишенимдешибиздин ниетине шек санагандан көрө, өзүбүздүн эмне үчүн аны сындап жатканыбызды текшерип көргөнүбүз оң эмеспи? Андан жакшыраак көрүнүш үчүн эле аны сындап жаткан жокпузбу? Сынчыл болуу курчуп турган жагдайды ого бетер курчутат (15.8. 21-б.).

Кудайдын аялзатына болгон көз карашы Мыйзамда кандайча чагылдырылган?

Ысрайыл элиндеги аялдар бир топ эле эркин болушкан жана билим ала алышкан. Аларга урмат-сый менен мамиле кылуу талап кылынган, укуктары корголгон (1.9. 5—7-б.).

Жахабанын күнүнүн жакындашы менен, алдыда кандай окуялар болот?

«Тынчтык жана коопсуздук!» — деп жарыяланат. Элдер «Улуу Бабылга» кол салып, аны жок кылат. Кудайдын элине кол салынат. Армагедон согушу болот. Шайтан менен жин-перилери туңгуюкка ыргытылат (15.9. 4-б.).

Дүйнөнүн акыры качан келерин билбегенибиздин кандай пайдасы бар?

Анын кайсы күнү, кайсы саатта келерин так билбегенибиз ниетибиздин кандай экенин көрсөтүүгө, Жахабанын жүрөгүн кубантууга мүмкүнчүлүк берет. Өз кызыкчылыгыбызды көздөбөгөнгө, Кудайга жана анын Сөзүнө көбүрөөк таянууга түрткү берет. Ошондой эле азыркы кыйынчылыктарыбыздын аркасында такшалууга, ишенимибизди бекемдөөгө өбөлгө түзөт (15.9. 24, 25-б.).

Тозокко ишенген киши менен сүйлөшкөндө Башталыш 3:19ду кантип колдонсок болот?

Ал аятта Адам ата өлгөндө тозокко түшөрү эмес, топуракка айланары айтылганын баса белгилесек болот (1.10. 13-б.).

Аян 1:16, 20да айтылган Исанын оң колундагы «жети жылдыз» эмнени билдирет?

Алар ыйык рух менен майланган көзөмөлчүлөрдү жана кеңири мааниде жыйналыштагы бардык көзөмөлчүлөрдү билдирет (15.10. 14-б.).

Үй-бүлө карызынан кутулуу үчүн эмне кылса болот?

Жубайлар карызы жөнүндө ачык, бирок жумшактык менен сүйлөшүшү керек. Бул аларга киреше-чыгашасын эсептөөгө жардам берет. Алар кирешесин көбөйтө же чыгашасын азайта алышабы? Алар карыздарын кандай тартип менен төлөөрүн чечип алышы керек. Балким, насыя бергендерден үстөктү азайтууну же төлөө мөөнөтүн узартууну суранышаттыр. Бирок баары алар күткөндөй болбошу мүмкүн экенин эске алышы жана акчаны биринчи орунга коюп албашы кажет (1 Тим. 6:8) (1.11. 19—21-б.).

Ышая 50:4, 5те айтылгандай, Иса Машаяк кантип момундук көрсөткөн?

Бул аяттарда Кудайдан үйрөнгөн жана андан «тескери бурулуп кетпеген» бирөө жөнүндө айтылат. Кудайдын Уулу момун болуп, Атасынын айткандарын бүт дитин коюп уккан жана анын күнөөлүү адамзатка момундук менен мамиле кылганына көңүл буруп, андан билим алууга дилгир болгон (15.11. 11-б.).

Эстониянын эскерүү почта маркасы Жахабанын Күбөлөрүнүн кынтыксыздыгын кандайча айгинелеп турат?

2007-жылы Эстониянын Улуттук почта кызматы Сталиндин эстониялыктарды тукум курут кылууга жасаган аракеттери чагылдырылган марка чыгарган. Анда 382 деген сан жазылган. Ал 1951-жылы Орусиянын алыскы аймагына сүргүнгө айдалган Жахабанын Күбөлөрү менен алардын балдарынын санын билдирет (1.12. 27, 28-б.).