Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңби?

Билесиңби?

Б.з. 70-жылынан кийин Иерусалимдеги ибадаткана кайра курулганбы?

ИСА пайгамбар Жахабанын ибадатканасынын таш үстүндө таш калбай кыйратыла турганын айткан. Ал пайгамбарлык б.з. 70-жылы Тит баштаган Рим аскери Иерусалимди талкалаганда аткарылган (Мт. 24:2). Кийинчерээк император Юлий ибадаткананы кайра курууну ниет кылган.

Юлий Рим империясынын акыркы бутпарас императору болуп эсептелет. Ал Улуу Константиндин тууганы болгон жана христианчылык боюнча билим алган болчу. Бирок б.з. 361-жылы император деп жарыялангандан кийин, бутпарас болуу үчүн ал билиминен жана ошол учурдагы христианчылыктын бурмаланган түрүнөн баш тарткан. Тарых китептеринде ал «дининен кайткан» адам катары сүрөттөлөт.

Юлий христианчылыкты жек көргөн. Буга 6 жашар кезинде христиан динин туткандардын анын атасы менен туугандарын өлтүргөнүн өз көзү менен көргөнү себеп болушу мүмкүн. Чиркөө тарыхчыларынын айтымына караганда, Юлий жүйүттөрдү ибадаткананы кайра курууга үндөгөн. Муну менен башкаларды Иса жалган пайгамбар болгон дегенге ынандыргысы келген *.

Юлийдин ибадаткананы кайра курууну ойлонуштурганы шексиз. Тарыхчылар анын чынында эле ибадаткананы кура баштаган-баштабаганы, эгер кура баштаган болсо, эмнеден улам токтоп калганы тууралуу талашып-тартышууда. Бирок бир нерсе айдан ачык: Юлий бийликке келгенине 2 жыл боло электе эле өлгөн. Ошентип, анын ибадаткана курууга болгон ниети ишке ашпай калган.

Ибадаткананын азыркы көрүнүшүнө Иса пайгамбардын күндөрүндөгү болжолдуу көрүнүшүнүн кошулуп тартылышы

^ абз. 5 Иса пайгамбар ибадаткана эч качан кайра курулбайт деп айткан эмес. Ал анын талкаланарын айткан. Чынында эле, ибадаткана б.з. 70-жылы талкаланган.