Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Сөзүнөн пайда ал, башкаларга да пайда алууга жардам бер

Кудайдын Сөзүнөн пайда ал, башкаларга да пайда алууга жардам бер

«Бардык көрсөтмөлөрүңдүн туура экенин билем» (ЗАБ. 119:128).

1. Эмне үчүн Кудайдын Сөзүнө толук ишенишибиз керек?

АКСАКАЛДАР Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишинин жарчы боло алар-албасын карап жатышканда: «Анын сөздөрүнөн Ыйык Китептин Кудайдын Сөзү экенине ишенери көрүнүп турабы?» — деп ойлонушат *. Падышалыктын жарчысы болгусу келген адам, дегеле Кудайдын бардык кызматчылары анын Сөзүнө толук ишениши керек. Эмне үчүн? Ага ишенсек жана аны кызматта колдоно билсек, башкаларга Жахабаны таанып-билүүгө жана куткарылууга жардам бере алабыз.

2. Эмне үчүн эмнени үйрөнсөк, ошого бек карманышыбыз керек?

2 Элчи Пабыл Тиметейге жолдогон катында Кудайдын Сөзүнүн баалуулугун баса белгилеп: «Эмнени үйрөнүп, эмнеге ынансаң, ошого бек карман»,— деп жазган. «Эмнени үйрөнсөң» деп ал Ыйык Китептеги чындык жөнүндө айткан. Ал чындык Тиметейге жакшы кабарга ишенүүгө түрткү берген. Ал бүгүн бизге да ошондой ишеним өрчүтүүгө жана «куткарылууга алып бара» турган акылмандыкка ээ болууга жардам берет (2 Тим. 3:14, 15). Биз адатта Пабылдын 2 Тиметей 3:16дагы сөздөрүн башкаларга Ыйык Китепти Кудай жаздырганын көрсөтүш үчүн колдонобуз. Бирок ал аяттан жеке өзүбүз да пайда ала алабыз. (Аятты оку.) Анда ага кененирээк токтолуп көрөлү. Бул Жахабанын окутууларынын баары туура экенине болгон ишенимибизди бекемдейт (Заб. 119:128).

«ОКУТУУ ҮЧҮН... ПАЙДАЛУУ»

3—5. а) Элүүнчү күн майрамында Петирдин айткан сөздөрү элге кандай таасир эткен жана эмне үчүн? б) Эмне себептен Тесалоникада көптөр чындыкты кабыл алышкан? в) Бүгүнкү күндө көптөрдү эмне таасирлентет?

3 Иса пайгамбар ысрайыл элине: «Мен силерге  пайгамбарларды, акылман адамдарды, насаатчыларды жиберип жатам»,— деген (Мт. 23:34). Бул жерде ал өзү кызматта Ыйык Жазманы колдонууга үйрөткөн шакирттери жөнүндө айткан эле. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында ошол «насаатчылардын» бири элчи Петир Иерусалимдеги калың элге сөз сүйлөп, Еврей Жазмаларынан көп цитата келтирген. Анын сөздөрүн укканда көптөрдүн «жүрөгүнө канжар сайылгандай болгон». Алардын үч миңдейи күнөөлөрү үчүн өкүнүп, Кудайдан кечирим сурашкан жана Исанын жолдоочусу болушкан (Элч. 2:37—41).

4 Дагы бир насаатчы элчи Пабыл Иерусалимден башка жактарга да жакшы кабар айткан. Маселен, Македониянын Тесалоника деген шаарында ал синагогада Кудайга сыйынып жаткандар менен сүйлөшкөн. Пабыл алар менен үч ишемби катары менен «Ыйык Жазманын негизинде талкуу жүргүзүп», «Машаяктын азап чегиши жана өлүп, кайра тирилиши керек болгонун түшүндүрүп, Ыйык Жазмадан далилдерди келтирген». Анын натыйжасы кандай болгон? Жүйүттөрдүн айрымдары, ошондой эле «көптөгөн гректер» чындык жолуна түшкөн (Элч. 17:1—4).

5 Бүгүнкү күндө Кудайдын кызматчыларынын Ыйык Китепти колдонгону көптөрдү таасирлентет. Швейцариядагы бир тууганыбыз бир кишиге аят окуп бергенде, ал: «Силер кайсы динденсиңер?» — деп сураган. Бир тууганыбыз ага: «Шеригим экөөбүз тең Жахабанын Күбөсүбүз»,— деп жооп берген. Ошондо ал: «Муну мен шак эле түшүнүшүм керек болчу. Себеби Жахабанын Күбөлөрүнөн башка дагы ким үйүмө келип, Ыйык Китеп окуп бермек эле?» — деген.

6, 7. а) Жыйналышта окутуп жаткандар Ыйык Китепти кантип жакшы колдоно алышат? б) Кимдир бирөө менен Ыйык Китепти изилдеп жатканда аны кантип натыйжалуу колдоно алабыз?

6 Канткенде кызматыбызда Ыйык Китепти дагы натыйжалуураак колдоно алабыз? Эгер сахнадан элди окутуу сыймыгына ээ болсоң, темаңа тиешелүү аяттарды колдон. Негизги аяттарды жалпы жонунан айтып койгондун же электрондук шаймандан же барактан окуп бергендин ордуна, Ыйык Китепти ачып, анын өзүнөн окуп бер жана угармандарды да ошентүүгө чакыр. Ошондой эле угармандарыңа ал аяттардын маанисин жана алардын Жахабага жакындоого кандайча жардам берерин түшүндүрүүгө убакыт бөл. Татаал мисалдарды же тек гана көңүлдү көтөрө турган окуяларды айтып бергенден көрө, убакытыңды Кудайдын Сөзүн тереңирээк ачып берүүгө колдон.

7 Кимдир бирөө менен Ыйык Китепти изилдеп жатканда эмнени эске алганыбыз абзел? Изилдеп жаткан адабияттагы аяттарды көз жаздымында калтырып коюудан сак болушубуз керек. Биз Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишини берилген аяттарды окууга үндөшүбүз жана ага алардын маанисин түшүнүүгө жардам беришибиз зарыл. Кантип? Өзүбүз кечке түшүндүрүп, баяндама айткандан көрө, аны оюн айтууга үндөгөнүбүз дурус. Ошондой эле эмнеге ишениши же эмне кылышы керектигин айтпастан, ага туура жыйынтыкка келүүгө жардам берүү үчүн жакшы ойлонуштурулган суроолорду берсек болот *.

«АШКЕРЕЛӨӨ ҮЧҮН... ПАЙДАЛУУ»

8. Пабыл кандай күрөш жүргүзгөн?

8 Биз көбүнчө «ашкерелөөнү» аксакалдар кылчу иш катары көрөбүз. Ооба, көзөмөлчүлөр «күнөө кылып жүргөндөрдү... ашкерелөөгө» милдеттүү (1 Тим. 5:20; Тит 1:13). Бирок ар бирибиз өзүбүздү ашкерелегенибиз да маанилүү. Пабыл Кудайга таза абийир менен эң жакшы кызмат кылган (2 Тим. 1:3). Анткен менен ал: «Денемде башка мыйзам бар экенин көрүп турам. Бул мыйзам акылымдагы мыйзамга каршы күрөшүп, мени денемдеги күнөөнүн мыйзамына туткун кылып келет»,— деп жазган. Анын күнөөкөр табиятына каршы кандай күрөш жүргүзгөнүн жакшыраак түшүнүү үчүн жогорудагы сөздөрүнүн  контекстине көңүл буралы. (Оку: Римдиктер 7:21—25.)

9, 10. а) Пабыл кайсы алсыздыктары менен күрөшүшү мүмкүн эле? б) Кыязы, Пабыл күнөө менен кантип күрөшкөн?

9 Пабыл кайсы алсыздыгын жеңүүгө аракет кылган? Ал муну айткан эмес, бирок Тиметейге өзүнүн «уятсыз киши болгонун» жазган (1 Тим. 1:13). Чындык жолуна түшкөнгө чейин ал Машаяктын жолдоочуларын аёосуз куугунтуктаган. Ал аларга «ушунчалык катуу жаалданганын» мойнуна алган (Элч. 26:11). Пабыл ачуусун басканга үйрөнсө да, кээде ага сезимдерин башкаруу, тилин туура колдонуу кыйынга турган (Элч. 15:36—39). Ага бул жагынан ийгиликке жетүүгө эмне жардам берген?

10 Корунттагы ишенимдештерине жазган катында Пабыл өзүн кантип ашкерелегенин айткан. (Оку: 1 Корунттуктар 9:26, 27.) Каймана мааниде ал өзүнүн алсыздыктарына таамай сокку урган. Анын Ыйык Жазмадан кеңеш издегени, Жахабадан аларды колдонууга жардам сураганы жана жакшырууга бүт күчүн жумшаганы шексиз *. Анын үлгүсү биз үчүн да пайдалуу, себеби биз да жеткилеңсиздигибиз менен күрөшүп келебиз.

11. Кантип «өзүбүздү сынап», чындык жолунда бараткан-баратпаганыбызды текшере алабыз?

11 Биз эч качан алсыздыктарыбыз менен күрөшүп бүттүк деп ойлобошубуз керек. Тескерисинче, «өзүбүздү сынап», чындык жолунда бараткан-баратпаганыбызды текшерип турушубуз зарыл (2 Кор. 13:5). Колосалыктар 3:5—10 сыяктуу аяттарды окуганыбызда өзүбүзгө төмөнкү суроолорду берип көрсөк болот: «Күнөөгө түрткөн каалоолорумду өлтүргөнгө бүт күчүмдү жумшап жатамбы же Жахабага жакпаган нерселерди жактыра баштадымбы? Интернетти колдонгондо адеп-ахлаксыз сайттар чыгып калса, дароо жаба саламбы же кайра ошондой сайттарды издеймби?» Ушинтип Кудайдын Сөзүндөгү кеңештерди жеке өзүбүзгө тиешелүү кылып колдонсок, бул бизге дайыма «сергек жана сак болууга» жардам берет (1 Тес. 5:6—8).

«ОҢДОО ҮЧҮН... ПАЙДАЛУУ»

12, 13. а) «Оңдоо» деген эмнени билдирет жана бул жагынан Иса Машаякты кантип туурай алабыз? б) Кимдир бирөөнү «оңдогондо» кандай сөздөрдөн качышыбыз керек?

12 «Оңдоо» деп которулган грек тилиндеги сөз «жакшыртуу, тууралоо, кайрадан мурунку жакшы, туура калыбына келтирүү» деген маанини туюнтат. Айрым учурларда кимдир бирөө бизди же кайсы бир иш-аракетибизди туура эмес түшүнүп калганда, анын оюн оңдогонго аракет кылабыз. Мисалы, жүйүт диний жетекчилер Иса Машаяктын салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөргө жакшы мамиле кылганына нааразы болушкан. Ошондо ал аларга: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж. Ошондуктан баргыла да: „Мен курмандыкты эмес, кайрымдуулукту каалайм“,— деген сөздөр эмнени билдирерин аңдап билгиле»,— деп жооп берген (Мт. 9:11—13). Ал баарына Кудайдын сөздөрүн чыдамдуулук, боорукердик менен түшүндүрүп берген. Ошондуктан момун кишилер Жахабанын «кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү менен чындыгы чексиз Кудай» экенин түшүнүшкөн (Чыг. 34:6). Кудайдын Уулу адамдардын Кудай жөнүндөгү көз карашын чыдамдуулук жана боорукердик менен «оңдогондуктан», көптөр жакшы кабарга ишенип калышкан.

13 Исанын үлгүсүнөн башкаларга кантип жардам беришибиз керектигин биле алабыз. Айрымдар кимдир бирөөгө кыжыры келгенде аны «оңдош» үчүн кемчилигин айтып, жемелеши мүмкүн. Бирок бул 2 Тиметей 3:16дагы көрсөтмөгө ылайык келбейт. Ыйык Жазма бизге башкаларга орой мамиле кылууга укук бербейт. Кесе айтылган сын сөздөр көбүнчө пайда алып келбей эле, «кылычтай жаралап», адамдын көңүлүн оорутат (Накыл 12:18).

14—16. а) Аксакалдар канткенде башкаларды көйгөйүн чечүүгө жардам бергидей кылып «оңдой алышат»? б) Балдарды тарбиялоодо Ыйык Жазмага ылайык «оңдоо» эмне үчүн маанилүү?

 14 Анда канткенде биз да чыдамдуулук жана боорукердик менен «оңдой» алабыз? Мисалы, өз ара көп урушкан жубайлар жыйналыштын аксакалынан жардам сурап кайрылды деп коёлу. Аксакал эмне кылса болот? Ал бир тарапты ээлебей, алар менен Ыйык Китептеги принциптерди талкууласа болот. Балким, «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» деген китептин 3-бөлүмүндө жазылган принциптерге көңүл бураттыр. Талкуу учурунда жубайлар ар бири кайсы принципти дагы жакшыраак колдонсо болорун түшүнүшү мүмкүн. Кийинчерээк, балким, аксакал алардан мамилеси кандай болуп жатканын сурап, зарыл болсо, көбүрөөк жардам бере алаттыр.

 15 Канткенде ата-энелер балдарын рухий жактан дем-шык бергидей жол менен «оңдой» алышат? Мисалы, өспүрүм кызыңарга жүрүм-туруму шектүү досунан оолак болууга жардам бергиңер келип жатат дейли. Адегенде анын досу чынында эле жаманбы же жокпу, аныктап алышыңар керек. Анан, эгер тынчсызданганыңар жүйөлүү болуп чыкса, мүмкүн, «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китептин 2-томун колдонуп, аны менен сүйлөшөттүрсүңөр. Андан кийин кызыңарга кошумча убакыт бөлгөнүңөр дурус. Кызматта жүргөндө же үй-бүлөңөр менен эс алып жатканда, анын маанайын байкап көрсөңөр болот. Эгер ага чыдамдуулук, боорукердик менен мамиле кылсаңар, кызыңар аны жакшы көрөрүңөрдү, анын жыргалчылыгын ойлоп жатканыңарды сезет. Ошондо ал берген кеңештериңерди колдонууга жана аны азапка сала турган чечим чыгарбаганга түрткү алат.

Ата-энелер Ыйык Китепти колдонуп, балдарын боорукердик менен «оңдосо», аларга чоң көйгөйлөрдөн качууга жардам беришет (15-абзацты кара)

16 Ошо сыяктуу эле, биз ден соолугун ойлоп тынчсызданып жаткандарга, жумушунан айрылгандыктан көңүлү чөгүп жүргөндөргө же Ыйык Жазмадагы кайсы бир окууну түшүнбөй кыйналып жаткандарга чыдамдуулук, боорукердик  менен жардам берсек болот. Кудайдын Сөзүн колдонуп «оңдогонубуз» Жахабанын элине чоң пайда алып келет.

«АДИЛДИК ЖОЛУНДА ТАРБИЯЛОО ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ»

17. Эмне үчүн тартипке салуу чарасын ыраазычылык менен кабыл алышыбыз керек?

17 «Учурунда ар бир жаза кубанычтай эмес, кайгыдай сезилет, бирок кийин ал аркылуу тарбиялангандарга тынчтыктын жемишин — адилдикти — берет» (Евр. 12:11). Чындык жолунда чоңойгон бир туугандардын көбү ата-энелеринин жазалаганы аларга пайда алып келгенин айтышат. Ошо сыяктуу эле, Жахаба аксакалдар аркылуу бизди тартипке салганда, аны кабыл алганыбыз өмүр жолунда жүрүшүбүзгө өбөлгө түзөт (Накыл 4:13).

18, 19. а) «Адилдик жолунда» тарбиялоодо Накыл сөздөр 18:13төгү кеңеш эмне үчүн маанилүү? б) Аксакалдар күнөө кетиргендерге сүйүү менен, жылуу-жумшак мамиле кылса, көбүнчө натыйжасы кандай болот?

18 Жакшы натыйжа бергидей насаат айтуу же тартипке салуу чеберчиликти талап кылат. Жахаба өзүнүн кызматчыларына аны «адилдик жолунда» кылышы керектигин айткан (2 Тим. 3:16). Андыктан биз Ыйык Китептеги принциптерге жетектелишибиз кажет. Алардын бири Накыл сөздөр 18:13тө жазылган: «Ким аягына чейин укпай туруп жооп берсе, акылсыздыгын көрсөтөт жана өзүн басынтат». Ошондуктан аксакалдар олуттуу күнөө кетирди деп айыпталган киши менен сүйлөшөрдө иштин чоо-жайын аныкташ үчүн баарын кылдат иликтеши керек (Мыйз. 13:14). Ошондо гана алар «адилдик жолунда» тарбиялай алышат.

19 Андан тышкары, Кудайдын Сөзүндө аксакалдардын башкаларды «жумшактык менен» туура жолго салышы керектиги айтылган. (Оку: 2 Тиметей 2:24—26.) Албетте, адам Жахабанын ысмына тил тийгизиши же күнөөсүз тарапты азапка салышы мүмкүн. Анткен менен аксакалдар андай кишиге кеңеш берип жатканда ачууланса, ага жардам бере алышпайт. Ал эми «Кудайдын боорукердигин» чагылдырышса, күнөө кылган кишиге өкүнүүгө түрткү бериши ыктымал (Рим. 2:4).

20. Ата-энелер балдарын тарбиялаганда кайсы принциптерди колдонушу керек?

20 Балдарын Жахабанын «акыл-насааты менен тарбиялоодо» ата-энелер Ыйык Китептеги принциптерди колдонушу зарыл (Эф. 6:4). Эгер атасы баласынын туура эмес иш кылганын укса, аны шак эле жазалап кирбей, адегенде болгон ишти жакшылап териштириши кажет. Кудайдын кызматчысынын үйүндө эч ким ачууга алдырып, зомбулук көрсөтпөшү керек. Жахаба «абдан боорукер, кайрымдуу». Ата-энелер да балдарын тарбиялаганда ошол сапаттарды чагылдырышы талап (Жкп. 5:11).

ЖАХАБАНЫН БИЗГЕ БЕРГЕН АСЫЛ БЕЛЕГИ

21, 22. Забур 119:97—104-аяттардагы кайсы сөздөр сенин Жахабанын Сөзүнө болгон сезимдериңди чагылдырат?

21 Кудайдан корккон бир киши анын мыйзамын эмне үчүн жакшы көрөрүн айткан. (Оку: Забур 119:97—104.) Аны изилдөө менен ал акылмандыкка, түшүнүккө ээ болгон. Андагы кеңештерди колдонуу ага башкалардын көңүлүн оорута турган жолго түшпөгөнгө жардам берген. Ал Кудайдын мыйзамын изилдөөдөн ырахат жана канааттануу алган. Ошондой эле өзүнө көп пайда алып келген ошол көрсөтмөлөргө баш ийип жашоого чечкиндүү болгон.

22 Сен да «бардык Жазманы» жогору баалайсыңбы? Анын жардамы менен Кудайдын өзүнүн ой-ниетин аткарарына болгон ишенимиңди чыңдайсың. Андагы кеңештер боюнча жашасаң, күнөө кылып, анын кесепеттерин тартпайсың. Аны чебер түшүндүрүү менен башкаларга өмүр жолуна түшкөнгө жана андан чыкпаганга көмөк кыласың. Эмесе, баарыбыз чексиз даанышман жана мээримдүү Кудайыбыз Жахабага кызмат кылууда «бардык Жазманы» толук кандуу колдоно берели.

^ абз. 1 «Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз» китебинин 79-бетин кара.

^ абз. 7 Башкаларды окутканда Иса: «Кандай деп ойлойсуңар?» — деп көп сурачу. Анан жообун күтчү (Мт. 18:12; 21:28; 22:42).

^ абз. 10 Пабылдын каттарында күнөөгө түрткөн каалоолорду жеңүүгө байланыштуу сонун кеңештер бар (Рим. 6:12; Гал. 5:16—18). Ошол кеңештерди анын өзүнүн да колдонгону шексиз (Рим. 2:21).