Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла»

«Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла»

«Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (ФЛП. 1:10).

1, 2. Иса пайгамбардын акыркы күндөргө байланыштуу өзгөчө кайсы пайгамбарлыгы шакирттеринин бүйүрүн кызыткан жана эмне үчүн?

ИСА пайгамбар шакирттерине ибадаткананын талкаланарын айткан эле. Анын сөздөрү Петирди, Жакыпты, Жаканды жана Андрести ойлондуруп жүргөн (Мр. 13:1—4). Ошондуктан алар Мырзасы менен өздөрүнчө калганда андан: «Айтчы бизге, бул качан болот? Сенин катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашкан (Мт. 24:1—3). Иса пайгамбар аларга Иерусалим талкаланар алдында боло турган окуяларды эле эмес, Шайтандын бүт дүйнө түзүлүшү жок болоруна аз калганын көрсөткөн окуяларды да айткан. Анын айткандарынын ичинен өзгөчө бир пайгамбарлык шакирттеринин бүйүрүн кызыткан. Ал согуш, ачарчылык, мыйзамсыздыктын көбөйүшү сыяктуу төбө чачты тик тургузган окуяларды айтып өткөндөн кийин дүйнөнүн акырына аз калганынан кабар берген жакшы нерсе тууралуу сөз кылган. Ал: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деген (Мт. 24:7—14).

2 Иса пайгамбардын шакирттери аны менен бирге Падышалык жөнүндө жакшы кабар айтуу ишине катышышкан (Лк. 8:1; 9:1, 2). Алар анын: «Түшүм, чынында эле, көп, ал эми жумушчулар аз. Ошондуктан оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла»,— деген сөздөрүн эстесе керек (Лк. 10:2). Бирок алар кантип «дүйнө жүзү боюнча» кабар айтып, «бардык элдерге күбөлөндүрө» алышмак? Жумушчулар кайдан табылмак? Эгер алар Иса пайгамбар менен чогуу отурган ошол күнү келечекти көрө алышса, анын Матай 24:14тө жазылган сөздөрүнүн кандайча аткарылганын көрүп, абдан таң калышмактыгы шексиз.

3. Лука 21:34 бүгүнкү күндө кандайча аткарылууда жана өзүбүздү кантип текшерип көрүшүбүз керек?

3 Биз Иса Машаяктын пайгамбарлыгы аткарылып  жаткан учурда жашап жатабыз. Миллиондогондор дүйнө жүзү боюнча жакшы кабар айтуу ишине өз салымын кошууда (Ыш. 60:22). Бирок Иса пайгамбар акыркы күндөрү айрымдарга кабар айтуу ишине көңүл топтоо кыйынга турарын айткан. Алар кайсы бир нерсеге алаксып, ошол нерсе алардын жүрөгүн «ээлеп алмак». (Оку: Лука 21:34.) Биз ал пайгамбарлыктын аткарылып жатканына да күбө болуудабыз. Кудайдын элинин арасында да башка нерселерге алаксып кеткендер бар. Бул алардын жумушка, жогорку билимге, байлык топтоого байланыштуу чыгарган чечиминен, ошондой эле спортко, көңүл ачууга канча убакыт бөлгөнүнөн байкалат. Башкалары күнүмдүк жашоонун кысымына жана түйшүктөрүнө моюн сунуп коюшат. Андыктан өзүңөн: «Мен жөнүндө эмне айтууга болот? Чыгарган чечимдеримден Кудайдын эркин биринчи орунга койгонум көрүнүп турабы?» — деп сурап көр.

4. а) Элчи Пабыл Филипидеги ишенимдештери жөнүндө эмне деп тиленген жана эмне үчүн? б) Ушул жана кийинки макалаларда эмнени карайбыз?

4 Кудайдын 1-кылымда жашаган кызматчылары Падышалыкты биринчи орунга коюуга бүт күч-аракетин жумшашкан. Элчи Пабыл Филипидеги бир туугандарынын «эмне маанилүүрөөк экенин баамдашын» сурап тиленген. (Оку: Филипиликтер 1:9—11.) Ошол учурда көптөрү, ага окшоп, «өздөрүн ишенимдүү сезип, Кудайдын сөзүн мурдагыдан да кайраттуулук менен коркпой айтышкан» (Флп. 1:12—14). Анын сыңарындай, бүгүн да көптөрүбүз Кудайдын Сөзүн кайраттуулук менен айтып жатабыз. Ошентсе да Жахабанын уюмунда эмнелер кылынып жатканын карап чыкканыбыз маанилүү. Бул зор мааниге ээ кабар айтуу ишине дагы көбүрөөк көңүл топтоого жардам берет. Ушул макалада Жахаба Кудайдын Матай 24:14тө айтылгандардын аткарылышына өбөлгө түзө турган кандай чараларды караштырганын талкуулайбыз. Анын уюму кандай иштерди аткарып жатат? Муну билүү бизге жана үй-бүлөбүзгө эмне кылууга түрткү берет? Кийинки макалада болсо туруктуу болууга жана Жахабанын уюмунан артта калбоого эмне жардам берерин карайбыз.

ЖАХАБАНЫН УЮМУНУН АСМАНДАГЫ БӨЛҮГҮ ИШ АЛПАРУУДА

5, 6. а) Жахаба эмне үчүн уюмунун асмандагы бөлүгү жөнүндө аяндарды берген? б) Жезекиел пайгамбар эмне жөнүндө аян көргөн?

5 Жахаба көп нерсени Ыйык Китепке жаздырбай эле коюуну туура көргөн. Алсак, ал мээнин кантип иштээри же аалам жөнүндө майда-чүйдө нерселерди жаздырган эмес. Анын ордуна, анын ой-ниетин түшүнүшүбүз жана ага ылайык жашашыбыз үчүн зарыл болгон маалыматтарды жаздырган (2 Тим. 3:16, 17). Андыктан Жахабанын Ыйык Китепке уюмунун асмандагы бөлүгү тууралуу айрым маалыматтарды жаздырып койгону абдан кызыктуу. Ышая, Жезекиел, Даниел пайгамбарлардын китептеринде жана элчи Жакан жазган Аян китебинде баяндалган ал билдирүүлөрдү окуганда жүрөгүбүз толкубай койбойт (Ыш. 6:1—4; Жез. 1:4—14, 22—24; Дан. 7:9—14; Аян 4:1—11). Жахаба, мындайча айтканда, асмандагы көшөгөнү ачып, бизге ал жакта болуп жаткандарды көрсөткөндөй эле болот. Ал эмне үчүн андай маалыматты Ыйык Китепке жаздырып койгон?

6 Жахаба биздин анын ааламды кучагына алган уюмунун мүчөсү экенибизди унутпашыбызды каалайт. Жахабанын ой-ниети ишке ашышы үчүн, биздин көзүбүзгө көрүнгөндөн да көп нерселер аткарылып жатат. Алсак, Жезекиел пайгамбар аян аркылуу чоң асман арабасын көргөн. Ал Жахабанын уюмунун көзгө көрүнбөгөн бөлүгүн билдирген. Ал араба ушунчалык бат жүргөн жана багытын көз  ачып-жумгуча өзгөртүп турган (Жез. 1:15—21). Дөңгөлөктөрү айланган сайын, араба аябай чоң аралыкты басып өтүп жаткан. Ошондой эле Жезекиел арабада бараткандын элесин да көргөн. Пайгамбар ал тууралуу: «Алтын менен күмүштүн эритиндиси жаркырап, ичинин баары күйүп жаткандай көрүндү... Ал Жахабанын даңкындай көрүндү»,— деген (Жез. 1:25—28). Бул аянды көргөндө Жезекиелдин канчалык таң калганын элестетсеңер! Ал Жахабанын ыйык руху аркылуу өз уюмуна багыт берип, аны толук көзөмөлдөп турарын көргөн. Ал аянда Жахабанын уюмунун асмандагы бөлүгүнүн кандайча иш жүргүзөрү укмуштуудай сүрөттөлгөн!

7. Даниел пайгамбар көргөн аян кандайча ишенимибизди арттырат?

7 Даниел пайгамбар да Кудайга жана анын Уулуна болгон ишенимибизди арттыра турган аян көргөн. Ага Күндөрү Байыркынын оттун жалынындай болгон тактыда отурганы көрсөтүлгөн. Ал тактынын дөңгөлөктөрү болгон (Дан. 7:9). Жахаба Даниел пайгамбарга, ой-ниети ишке ашышы үчүн, уюму иш-аракет кылып жатканын көрсөткүсү келген. Даниел «адам уулуна окшош бирөөгө», тактап айтканда, Иса Машаякка Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгүнүн үстүнөн бийлик берилгенин да көргөн. Машаяктын жеткилең башкаруусу бир нече эле жылга созулбайт. «Анын бийлиги — кылымдан кылымга созула турган бийлик, падышалыгы — кыйратылбай турган падышалык» (Дан. 7:13, 14). Ал аян бизге Жахабага таянууга жана анын эмнелерди кылып жатканын аңдай билүүгө түрткү берет. Ал бийликти, даңкты, падышалыкты ишенимдүү, сыноодон өткөн Уулуна берген. Ооба, Жахаба өз Уулуна бекем ишенет.  Андыктан биз да анын башкаруусуна ишенсек болот.

8. Жезекиел жана Ышая пайгамбарларга Жахаба берген аяндар кандай таасир эткен, бизге кандай таасир этиши керек?

8 Жахабанын уюмунун көзгө көрүнбөгөн бөлүгү жөнүндө талкуулаганыбыз бизге кандай таасир этиши керек? Биз да, Жезекиел пайгамбардай болуп, Жахабанын иштерине абдан таасирленебиз (Жез. 1:28). Жахабанын уюму жөнүндө ой жүгүртүү Ышая пайгамбарга иш-аракет кылууга түрткү бергендей эле, бизге да иш-аракет кылууга түрткү берет. Жахабанын иштери жөнүндө башкаларга айтууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндө, Ышая токтоосуз иш-аракет кылган. (Оку: Ышая 6:5, 8.) Ал Жахабанын колдоосу менен, кандай гана кыйынчылык болбосун, көтөрүп кете аларына бекем ишенген. Анын сыңарындай, Жахабанын уюмунун көзгө көрүнбөгөн бөлүгү жөнүндө көбүрөөк билгенибиз бизге терең таасир этип, иш-аракет кылууга түрткү бериши керек. Ал уюмдун Жахабанын ой-ниетин ишке ашыруу үчүн дайыма иш-аракет кылары жөнүндө ой жүгүртүү кандай гана жүрөк козгоорлук!

ЖАХАБАНЫН УЮМУНУН ЖЕРДЕГИ БӨЛҮГҮ

9, 10. Жахабанын уюмунун көзгө көрүнгөн бөлүгүн түзүү эмне үчүн зарыл болгон?

9 Жахаба Уулу аркылуу уюмунун жердеги бөлүгүн түзгөн. Ал анын асмандагы бөлүгү менен тыгыз кызматташат. Матай 24:14тө айтылган иш аткарылышы үчүн, эмне себептен Кудайдын уюмунун жердеги бөлүгүн түзүү зарыл болгон? Мунун үч себебине токтололу.

10 Биринчиден, Иса Машаяк шакирттеринин жакшы кабарды «жердин учу-кыйырына чейин» жеткирерин айткан (Элч. 1:8). Экинчиден, ал ишке катышкандарга кам көрүп, рухий жактан тамактандыруу зарыл болгон (Жкн. 21:15—17). Үчүнчүдөн, жакшы кабар тараткандар Жахабага сыйынуу үчүн чогулуп турушу жана ал ишти кантип аткарууну үйрөнүшү керек болчу (Евр. 10:24, 25). Бул нерселер өзүнөн өзү эле ишке ашып калмак эмес. Машаяктын жолдоочулары ийгиликке жетиш үчүн уюшкандыкта иш жүргүзүшү керек болгон.

11. Жахабанын уюму жүргүзүп жаткан иш-чараларды колдоорубузду кантип көрсөтө алабыз?

11 Жахабанын уюму жүргүзүп жаткан иш-чараларды колдоорубузду кантип көрсөтө алабыз? Мунун бир маанилүү жолу — Жахаба менен Иса Машаяк кабар айтуу ишибизде бизди жетектеш үчүн дайындаган кишилерге дайыма ишеним артуу. Ал бир туугандар күчүн жана убактысын бул дүйнөдөгү кайсы бир көйгөйлөрдү чечүүгө жумшай алышмак, бирок алар антишпейт. Келгиле, Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү дайыма эмнени көздөп келерин карап көрөлү.

«ЭМНЕ МААНИЛҮҮРӨӨК ЭКЕНИН БААМДООГО» УМТУЛУШАТ

12, 13. Жыйналыштагы аксакалдар милдетин кантип аткарышат жана эмне үчүн бул сени бекемдейт?

12 Дүйнө жүзү боюнча тажрыйбалуу аксакалдар өздөрү кызмат кылган жерде Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо ишин уюштурууга жана көзөмөлдөөгө дайындалат. Ал бир туугандар чечим чыгарарда, Ыйык Китеп бутуна чырак, жолуна жарык болушу үчүн, андан кеңеш издешет, ошондой эле Жахабадан жетекчилик сурап жалындуу тиленишет (Заб. 119:105; Мт. 7:7, 8).

13 Биринчи кылымда жетекчиликти колго алган бир туугандардай болуп, бүгүнкү күндө кабар айтуу ишин көзмөлдөгөн аксакалдар да «Кудайдын сөзүн үйрөтүп, кызмат кылышат» (Элч. 6:4). Алар жергиликтүү аймакта жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча жакшы кабарды таратуу ишинде кандай жетишкендиктер болуп жатканын көрүп кубанышат (Элч. 21:19, 20). Алар кабар айтуу ишин алдыга жылдыруу  максатында иш-чараларды уюштурууда өздөрү толгон токой эрежелерди ойлоп чыгарбастан, Кудайдын Сөзүнө жана ыйык рухуна жетектелишет. (Оку: Элчилер 15:28.) Ушундай кылуу менен ал жоопкерчиликтүү бир туугандар жергиликтүү жыйналыштагылардын баарына эң сонун үлгү көрсөтүшөт (Эф. 4:11, 12).

14, 15. а) Кабар айтуу ишин дүйнө жүзү боюнча колдоо үчүн кандай чаралар караштырылган? б) Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишин колдоого кандай карайсың?

14 Биздин адабияттар, жолугушуулар жана жыйындар аркылуу берилүүчү рухий тамакты даярдоо үчүн бизге билинбеген иштер тынымсыз жасалып турат. Мүмкүн болушунча көптөгөн адамдар «Кудайдын улуу иштери» жөнүндө өз эне тилинде билиши үчүн, миңдеген ыктыярдуу кызматчылар талыкпай эмгектенип, рухий тамакты 600гө жакын тилге которууда (Элч. 2:7—11). Жаш бир туугандар адабияттарды басып чыгаруучу жана мукабалоочу жогорку ылдамдыкта иштеген машинелерде иштешет. Андан соң басылып чыккан адабияттар дүйнөнүн чар тарабындагы жыйналыштарга жөнөтүлөт.

15 Жергиликтүү жыйналыш менен чогуу кабар айтуу ишине толук кандуу катыша алышыбыз үчүн көптөгөн иштер кылынууда. Алсак, миңдеген ыктыярдуу кызматчылар Падышалык залын, жыйындар залын курууга катышышат, табигый кырсык болгон жерлерде жашаган же медициналык жардамга муктаж болгон ишенимдештерине жардам беришет, облустук жана райондук жыйындарды уюштурушат, теократиялык мектептерде сабак беришет. Аталган иштер бизге билинбей эле аткарылып келаткан иштердин айрымдары гана. Алардын баары эмне максатта аткарылып жатат? Кабар айтуу ишин алдыга жылдыруу үчүн, ал ишке катышып жаткандардын рухий жыргалчылыгына кам көрүү үчүн жана чыныгы сыйынууну өркүндөтүү үчүн. Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү маанилүү иштерге көңүл топтоп жатабы? Буга эч кандай шек жок!

ЖАХАБАНЫН УЮМУНУН ҮЛГҮСҮНӨ КАРМАНГЫЛА

16. Үй-бүлө менен сыйынуу кечинде же өздүк изилдөөңдө эмнени изилдесең болот?

16 Жахабанын уюму аткарып жаткан иштер жөнүндө ой жүгүртүүгө мезгил-мезгили менен убакыт бөлүп турасыңбы? Айрымдар үй-бүлө менен сыйынуу кечинде же өздүк изилдөөсүндө ошол жөнүндө изилдөөгө жана ой жүгүртүүгө убакыт бөлүшөт. Ышая, Жезекиел, Даниел пайгамбарларга жана элчи Жаканга берилген аяндарды изилдөө аябай кызыктуу болот. «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» (ор.) деген китеп жана силердин тилде чыккан башка адабияттар же DVDлер Жахабанын уюму жөнүндө көп нерсени билүүгө өбөлгө түзөт.

17, 18. а) Бул макала сага эмне кылууга түрткү берди? б) Кайсы суроолордун үстүнөн ой жүгүртүп көрүшүбүз керек?

17 Жахабанын өз уюму аркылуу эмнелерди кылып жатканы жөнүндө ой жүгүртүү пайдалуу. Анын уюму менен бирге, келгиле, биз да маанилүүрөөк иштерди биринчи орунга коёлу. Ошондо: «Өзүбүзгө көрсөтүлгөн кайрымдуулуктун негизинде ушундай кызматка ээ болгондуктан биз багынбайбыз»,— деп жазган элчи Пабылдай чечкиндүү болобуз (2 Кор. 4:1). Ал ишенимдештерин: «Жакшылык кылып жатып багынбайлы, анткени алсырап эле калбасак, убагы келгенде оруп алабыз»,— деген сөздөр менен да бекемдеген (Гал. 6:9).

18 Күнүмдүк жашообузда маанилүүрөөк нерселерге көңүл топтоо үчүн өзүбүз же үй-бүлөбүз менен чогуу өзгөртүшүбүз керек болгон нерселер барбы? Эң маанилүү ишке, кабар айтуу ишине, көбүрөөк катышуу үчүн жашообузду жөнөкөйлөтүп, алаксыткан нерселерди азайта алабызбы? Кийинки макалада Жахабанын уюмунан артта калбоого жардам бере турган беш нерсени карап чыгабыз.