Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакшы кабар айтуу милдетиңди ийгиликтүү аткар

Жакшы кабар айтуу милдетиңди ийгиликтүү аткар

«Жакшы кабар айтуу ишине катыш, кызматыңды толугу менен аткар» (2 ТИМ. 4:5).

1. Эмне үчүн Жахабаны эң биринчи жана эң улуу жакшы кабар айтуучу десек болот?

ЖАХАБА — эң биринчи жана эң улуу жакшы кабар айтуучу. Түпкү ата-энебиз андан баш тартып кетери менен эле, ал жакшы кабар жарыялаган: жыландын, тактап айтканда, Шайтан Ибилистин жок кылынарын айткан (Башт. 3:15). Кылымдар бою Жахаба өзүнүн ишенимдүү кызматчыларына ысымынын жалган жалаадан кантип тазаланарын, Шайтан келтирген зыяндын кантип жок кылынарын жана адамзаттын Адам ата менен Обо эне кол жууган мүмкүнчүлүктөргө кайрадан кантип ээ болорун жаздырып келген.

2. а) Периштелер кабар айтуу ишинде кандай роль ойношот? б) Иса пайгамбар жакшы кабар айтуу жагынан кандай үлгү калтырган?

2 Периштелер да жакшы кабар айтуучулар. Алар өзүлөрү да жакшы кабар жарыялашат, башкаларга да бул жагынан жардам беришет (Лк. 1:19; 2:10; Элч. 8:26, 27, 35; Аян 14:6). Ал эми башкы периште Микеил жөнүндө эмне айтууга болот? Ал Иса деген ысым менен жерде жүргөндө адамдарга жакшы кабар айтуу жагынан үлгү калтырган. Жакшы кабар айтуу анын жашоосундагы эң маанилүү иш болгон (Лк. 4:16—21).

3. а) Биз эмне жөнүндө жакшы кабар айтабыз? б) Жакшы кабар таратуучулар катары кайсы суроолорго жооп алгыбыз келет?

3 Иса Машаяк шакирттерине жакшы кабар айтууну буйруган (Мт. 28:19, 20; Элч. 1:8). Элчи Пабыл кызматташы Тиметейди: «Жакшы кабар айтуу ишине катыш, кызматыңды толугу менен аткар»,— деп үндөгөн (2 Тим. 4:5). Биз Машаяктын жолдоочулары катары эмне жөнүндө жакшы кабар айтабыз? Алсак, биз асмандагы Атабыз Жахабанын бизди сүйөрү жөнүндөгү чындыкты айтабыз (Жкн. 3:16; 1 Пет. 5:7). Жахаба Кудай сүйүүсүн негизинен Падышалыгы аркылуу көрсөтөт. Андыктан биз башкаларга Падышалыктын бийлигине баш ийгендердин, Кудайдын тилин алгандардын жана адил иштерди кылгандардын баары аны менен дос боло аларын кубаныч  менен жарыялайбыз (Заб. 15:1, 2). Жахаба адилетсиздик менен азап-кайгынын баарын жоюуну ниет кылып жатат. Ошондой эле ал тарткан азаптарыбыздын тагын жүрөгүбүздөн толугу менен өчүрөт. Бул кандай сонун кабар! (Ыш. 65:17). Биз жакшы кабар айтуучу болгондуктан, келгиле, эки маанилүү суроого жооп алалы: адамдарга жакшы кабарды жеткиргенибиз эмне үчүн маанилүү? Жакшы кабар айтуу милдетибизди канткенде ийгиликтүү аткара алабыз?

ЭМНЕ ҮЧҮН АДАМДАРГА ЖАКШЫ КАБАРДЫ ЖЕТКИРИШИБИЗ КЕРЕК?

Натыйжалуу суроолор адамга кайсы бир нерсеге эмне үчүн ишенери жөнүндө ойлонууга түрткү берет

4. Адамдар Кудай жөнүндө кандай жалган нерселерди угуп келишет?

4 Кимдир бирөөнүн сага атаңдын сени, апаңды жана бир туугандарыңды таштап кеткенин айтканын элестетсең. Атаңды таанычумун дегендер аны кайрымсыз, түнт, таш боор киши болгон дешет. Атүгүл айрымдар: «Атаңды табам деп убара болбо, ал өлүп калган»,— дешет. Чынында, көптөр Кудай жөнүндө ушу сыяктуу сөздөрдү айтышат. Алар Кудайды табышмактуу, таанып-билгис же ырайымсыз деп окутушат. Алсак, айрым диний жетекчилер Кудай жаман кишилерди тозок отунда түбөлүккө кыйнайт деп айтышат. Башкалары табигый кырсыктар Кудайдан дешет. Андай кырсыктардан жакшы да, жаман да адамдар каза болсо да, аларды Кудайдын жазасы деп окутушат.

Суроолор чындыкты кабыл алышы үчүн, акылын ойготуп, жүрөгүн козгойт

5, 6. Эволюция теориясы жана жалган окуулар адамдарга кандай таасир этип келет?

5 Ал эми кээ бирөөлөр Кудай жок дешет. Мисалга эволюция теориясын алалы. Ушул теорияны жактаган көптөгөн адамдар Жараткан жок, жашоо өзүнөн өзү пайда болгон деп эсептешет. Атүгүл айрымдар адам айбандын эле бир түрү, андыктан ал айбан сыяктуу иш кылса, анын эч кандай деле таң калыштуу жери жок деп айтышат. Алар күчтүүлөр алсыздарга үстөмдүк кылганда тек гана «жаратылыш мыйзамын» аткарган болушат деп айтышат. Ошондуктан көптөрдүн адилетсиздик дайыма болуп турат деп ишенгени таң калыштуу эмес. Ооба, эволюцияга ишенгендерди үмүтсүз деп айтууга болот.

6 Эволюция теориясы жана жалган окуулар адамзаттын акыркы күндөрдө тартып жаткан кайгысына кайгы кошууда (Рим. 1:28—31; 2 Тим. 3:1—5). Андай окууларды адамзатты жубаткан жакшы кабар деп айтууга болбойт. Тескерисинче, элчи Пабыл айткандай, алардын айынан адамдар «Кудай сунуш кылып жаткан жашоодон четтеп», «акылдарын караңгылык басууда» (Эф. 4:17—19). Эволюция теориясы жана башка жалган окуулар адамдардын Кудайдан келген жакшы кабарды кабыл алышына да тоскоол болууда. (Оку: Эфестиктер 2:11—13.)

Суроолор туура жыйынтыкка келиши үчүн, ой жүгүртүүгө жардам берет

7, 8. Жакшы кабарды толук түшүнүүнүн жалгыз жолу кайсы?

7 Кудай менен кайрадан жакшы мамиледе болуу үчүн адамдар анын бар экенин жана ага жакындоого орчундуу себептер бар экенин түшүнүшү керек. Биз аларга жаратылышты изилдөөгө түрткү берүү менен бул жагынан жардам бере алабыз. Адамдар жаратылышты калыстык менен изилдешкенде Кудайдын акылмандыгын жана күчүн баамдай алышат (Рим. 1:19, 20). Башкаларга Жаратканыбыздын иштери жөнүндө ойлонгондо анын канчалык Улуу Кудай экенин көрүүгө жардам берүү үчүн «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?» жана «Тиричиликтин пайда болушуна байланышкан беш суроо» (ор.) деген китепчелерди колдонсок болот. Ошентсе да жаратылышты гана изилдөө менен: «Кудай эмне үчүн азап-кайгыга жол берип жатат? Анын жерге карата ой-ниети кандай? Ал жеке мага кам көрөбү?» — деген сыяктуу көптөрдү түйшөлткөн суроолорго жооп алуу мүмкүн эмес.

8 Кудай жана анын ой-ниети жөнүндөгү жакшы кабарды толук түшүнүүнүн жалгыз жолу — Ыйык Китепти изилдөө. Адамдарга жүрөгүн өйүгөн суроолоруна жооп табууга жардам берүү кандай чоң сыймык! Бирок алардын жүрөгүн козгош үчүн тек гана фактыларды айтып койбостон, аларды ынандырышыбыз керек (2 Тим. 3:14). Иса пайгамбардын үлгүсүнө  кармануу менен биз башкаларды көбүрөөк ынандыра алабыз. Ал эмне үчүн ийгиликтүү кабар айткан? Мунун бир себеби ал суроолорду натыйжалуу колдонгон. Биз андан кандай үлгү алсак болот?

ИЙГИЛИКТҮҮ ЖАРЧЫЛАР СУРООЛОРДУ НАТЫЙЖАЛУУ КОЛДОНОТ

9. Башкаларга рухий жактан жардам бергибиз келсе, эмне кылышыбыз керек?

9 Эмне себептен биз, Иса пайгамбардай болуп, жакшы кабар айтуу ишинде суроолорду колдоно билишибиз керек? Мындай жагдайды карап көрөлү: догдур сага жакшы жаңылык бар экенин айтат. Ал олуттуу операция аркылуу ооруңду айыктыра аларын убада кылат. Ага ишенишиң мүмкүн. Бирок эгер ал ден соолугуңа байланыштуу эч кандай суроо бербей туруп эле ошондой убада берсечи? Анда ага ишенүү кыйын болмок. Ал канчалык кыйын догдур болбосун, сага чындап жардам бере алыш үчүн адегенде суроолорду берип, ооруңа байланыштуу айткандарыңды кунт коюп угушу керек. Анын сыңарындай эле, биз да башкаларга Падышалык жөнүндөгү чындыкты кабыл алууга жардам бергибиз келсе, суроолорду натыйжалуу колдонгонду билишибиз керек. Алардын рухий абалын жакшы түшүнгөндөн кийин гана аларга жардам бере алабыз.

Башкалардын жүрөгүн козгоо үчүн аларды ынандырышыбыз керек

10, 11. Иса пайгамбардын окутуу ыкмасын колдонуунун аркасында кандай натыйжага жете алабыз?

10 Иса пайгамбар кылдат ойлонуштурулган суроолор Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишини жакшы таанып-билүүгө жана башкаларды сөзгө тартууга өбөлгө түзөрүн билген. Алсак, ал шакирттерин момундукка үйрөтүш үчүн алгач аларга ойлондурарлык суроо узаткан (Мр. 9:33). Ошондой эле Петирди принциптердин үстүнөн ой жүгүртүүгө үйрөтүш үчүн ага бир катар кылдат тандалган суроолорду берген (Мт. 17:24—26). Ал эми дагы башка жолкусунда шакирттеринин жүрөгүндөгүнү билүү үчүн аларга бир нече суроо менен кайрылган. (Оку: Матай 16:13—17.) Ал суроо бергенде же ойлорун айтканда тек гана фактыларды келтирип койгон эмес. Ал адамдардын жүрөгүн козгоп, жакшы кабарга ылайык иш кылууга түрткү берген.

11 Иса пайгамбарга окшоп, суроолорду колдонуу менен, бери дегенде эле, үч нерсени кылабыз: адамдарга жардам берүүнүн эң жакшы жолун табабыз, сөзүбүздү бөлгөндөр менен да маекти улантып кетебиз жана момун кишилерге пайда алууга жардам беребиз. Келгиле анда, жакшы натыйжага жетүү үчүн суроолорду кантип колдонсок болорун көрсөткөн үч жагдайга токтололу.

12—14. Балаңа жакшы кабарды ишенимдүү жарыялоого кантип жардам бере аласың? Мисал келтир.

12 1-жагдай: Эгер сен ата же эне болсоң, өспүрүм балаң классташына бардык нерсени Кудай жаратканына ишенүү туура экенин түшүндүрүп бере албайм деп ойлоп жатса, эмне кылат элең? Албетте, ага жакшы кабарды ишенимдүү түрдө айтууга жардам бергиң келет. Андыктан сындап же дароо эле кеңеш берип киргендин ордуна, Иса пайгамбардын үлгүсүнө карманып, көз карашын билүү максатында суроолорду берип көргөнүң оң. Кантип?

13 «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?» деген китепченин айрым бөлүктөрүн балаң менен окуп чыккандан кийин, андан кайсы далилдер таасирдүү болот деп ойлоорун сурап көр. Ошондой эле өзүнүн эмне себептен Кудайга ишенери жана анын эркин аткаргысы келери жөнүндө ойлонгонго түрткү бер (Рим. 12:2). Ага анын себептери сөзсүз эле сеникиндей болушу талап эмес экенин түшүндүр.

14 Балаңа классташы менен сүйлөшкөндө сен көрсөтүп берген ыкманы  колдонсо болорун түшүндүрүп бер. Башкача айтканда, ал айрым далилдерди карап көрүп, классташына туура жыйынтыкка келүүгө жардам бериш үчүн же оюн билиш үчүн суроо берсе болот. Алсак, ага «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?» деген китепченин 12, 13-беттериндеги маалыматты окуп көрүүнү сунуштаса болот. Анан андан: «Учактын канаттарын жасаган инженер абдан акылдуу болушу керектигине кошуласыңбы?» — деп сурап көрөттүр. Классташы: «Ооба»,— деп жооп бериши мүмкүн. Анан балаң: «Учактын канаттарынын түзүлүшү ак чардактын канатынын түзүлүшүнүн көчүрмөсү экенин билчү белең? Эгер ак чардактын канатынын көчүрмөсүн жасаш үчүн эле акылдуу инженер керек болуп жатса, анда анын өзү жөнүндө эмне айтууга болот? Ал акылман Жараткан бар экенин көрсөтүп турган жокпу?» — деп сурайттыр. Балаңа башкалар менен ишеними тууралуу сүйлөшүп жатканда өзүн ишенимдүү сезүүгө жардам берүү үчүн мезгил-мезгили менен ар кандай жагдайды сахналаштырып турсаңар болот. Эгер балаңа суроолорду натыйжалуу колдонууну үйрөтсөң, ага жакшы кабар айтуу милдетин ийгиликтүү аткарууга жардам бере аласың.

15. Атеистке жардам берүү үчүн суроолорду кантип колдонсок болот?

15 2-жагдай: Кабарда жүргөндө кээде Кудайдын бар экенине шек санаган адамдарды жолуктуруп калабыз. Алсак, кимдир бирөө өзүнүн атеист экенин айтышы мүмкүн. Андайда сөзүбүздү токтотуп койгондун ордуна, анын качантан бери атеист экенин жана эмне себептен ошондой көз карашка карманарын сылыктык менен сурап көрсөк болот. Жообун уккандан кийин, бул маселеге кайдыгер карабагандыгы үчүн мактап, андан: «Сиз баарын Кудай жаратканына далилдер келтирилген материалды окуу туура эмес деп эсептебейсизби?» — деп сурап көрөттүрбүз. Эгер ал бир тараптуу ой жүгүртпөгөн калыс киши болсо, андай далилдерди окубай четке кагып коюу туура эмес болуп калмактыгын айтат  болуш керек. Ошондо «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?» же «Тиричиликтин пайда болушуна байланышкан беш суроо» деген китепчени сунуштап көрсөк болот. Сылыктык менен берилген суроолор адамдын жакшы кабарга болгон кызыгуусун ойготууга шарт түзүшү мүмкүн.

16. Кызыгуучунун жоопторду изилденип жаткан адабияттан окуп берип койгонуна эмне үчүн канааттанбашыбыз керек?

16 3-жагдай: Ыйык китептик изилдөө өткөрүп жатканда, кызыгуучу изилденип жаткан адабияттагы эле жоопту окуп берип коюшу мүмкүн. Эгер ошенте турган болсо, ал рухий жактан өспөй калышы ыктымал. Эмне үчүн? Анткени ал ой жүгүртпөй эле жоопторду окуп берип коё берсе, рухий жактан терең тамыр ала албайт. Андыктан катуу куугунтукка дуушар болгондо, аптапта соолуп калган өсүмдүктөй болуп, соолуп калышы мүмкүн (Мт. 13:20, 21). Андай жагдайга кабылбашы үчүн, кызыгуучудан окугандары жөнүндө кандай ойдо экенин сурап көрүшүбүз керек. Анын айтылгандарга кошулар-кошулбасы тууралуу оюн билип көр. Андан да маанилүүсү ага эмне үчүн кошуларын же кошулбасын сура. Андан соң ага, өзү туура жыйынтыкка келгидей болушу үчүн, Ыйык Китептин негизинде ой жүгүртүүгө жардам бер (Евр. 5:14). Эгер суроолорду натыйжалуу колдонсок, биз менен Ыйык Китепти изилдегендердин ишеними терең тамыр алып, аларга каршы болгондордун же аларды адаштырууга аракет кылгандардын кысымына алдырышпайт (Кол. 2:6—8). Жакшы кабар айтуу милдетибизди ийгиликтүү аткаруу үчүн дагы эмне кылсак болот?

ИЙГИЛИКТҮҮ ЖАРЧЫЛАР БИРИ-БИРИН КОЛДОЙТ

17, 18. Кызматта жүргөндө шеригибиз менен канткенде эриш-аркак кызматташа алабыз?

17 Иса пайгамбар шакирттерин кабар айтууга эки-экиден жиберген (Мр. 6:7; Лк. 10:1). Кийинчерээк элчи Пабыл аны «менен ийиндеш туруп,.. жакшы кабар үчүн күрөшкөн» «кызматташтары» жөнүндө айткан (Флп. 4:3). Ыйык Китепте жазылган ошол үлгүгө карманып, 1953-жылы Падышалыктын жарчылары башкаларды кабар айтуу кызматына үйрөтүү программасын ишке киргизишкен *.

18 Кызматта жүргөндө шеригиң менен канткенде эриш-аркак кызматташа аласың? (Оку: 1 Корунттуктар 3:6—9.) Ал колдонгон аяттарды Ыйык Китебиңен карап тур. Ошондой эле ал үй ээси менен сүйлөшүп жатканда, көңүлүңдү аларга бур. Үй ээси каршы пикирин айтканда, шеригиңе ага жооп бергенге жардам бериш үчүн алардын маегин кунт коюп ук (Нас. 4:12). Бирок эске алчу нерсе, шеригиң үй ээси менен ой калчап жатканда, ал оюн толук айтып бүтмөйүн, сөзүн бөлгөндөн сак бол. Жакшы эле ой менен күйүп-бышып, өзүңдү кармабай, шеригиңдин сөзүн бөлсөң, аны капа кылышың мүмкүн, үй ээси да түшүнбөй калышы ыктымал. Кээде сөзгө аралашуу орундуу эле болушу мүмкүн. Эгер бир нерсе айтууну чечсең, бир-эки ооз сөз менен эле чектелип, шеригиңе андан ары сөзүн улоого мүмкүнчүлүк бергениң дурус.

19. Эмнени эсибизден чыгарбаганыбыз дурус жана эмне үчүн?

19 Шеригиң экөөң үймө-үй кабар айтып жүргөндө бири-бириңерге кантип жардам бере аласыңар? Сунуштооңорду жакшыртуунун жолдору жөнүндө сүйлөшүүгө эмне үчүн болбосун? Аймагыңда жашагандар жөнүндө терс маанайда сүйлөөдөн этият бол. Ошондой эле ишенимдештерибиздин кемчиликтери жөнүндө айтуудан кач (Накыл 18:24). Өзүбүздүн чопо идиш экенибизди унутпайлы. Жахаба бизге баа жеткис кенчти, жакшы кабар айтуу кызматын, ишенип тапшыруу менен бизге эбегейсиз ырайым көрсөткөн. (Оку: 2 Корунттуктар 4:1, 7.) Анда эмесе, жакшы кабар айтуу милдетибизди ийгиликтүү аткарууга бүт күчүбүздү жумшап, ал кенчти баалаарыбызды айгинелей берели.

[Шилтеме]

^ абз. 17 «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» (ор.) деген китептин 100, 569, 570-беттерин кара.