«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Июнь, 2013

Журналдын бул саны Жахабанын биз адатта көп ой жүгүртпөгөн сапаттарын көбүрөөк баалоого жардам берет.

ӨМҮР БАЯН

Жахабанын тилин алуунун аркасында көптөгөн баталарга ээ болуп келем

Элиза Пичолинин өмүр баянын окуп көргүлө. Ал көптөгөн тоскоолдуктарга, курмандыктарга, жоготууларга карабай чөгүп кеткен эмес.

Жахабанын кереметтүү сапаттарын баалайлы

Бет карама эмес жана кайрылганга оңой болуу эмнени билдирет? Жахаба Кудайдын үлгүсүн карап чыгуу ушул сапаттарды чагылдырууга жардам берет.

Жахабанын берешендигин жана түшүнүктүүлүгүн баалайлы

Берешен жана түшүнүктүү болуу жагынан Жахаба мыкты үлгү көрсөтөт. Анын үлгүсү тууралуу изилдөө бизге ал сапаттарды чагылдырууга жардам берет.

Жахабанын берилгендигин жана кечиримдүүлүгүн баалайлы

Берилгендик жана кечиримдүүлүк — чыныгы доско мүнөздүү эң сонун сапаттар. Жахабадан үлгү алуу менен бул сапаттарды өрчүтө алабыз.

Окурмандардын суроолору

Ыйык Китепте айтылган «чыныгы Кудайдын уулдары» жана «түрмөдөгү рухтар» кимдерди билдирет?

Жахабанын колунда жумшак чопо бол

Биздин «Карапачыбыз» Жахаба адамдарды, атүгүл элдерди калыптап келет. Биз мындан эмнеге үрөнө алабыз жана анын калыпташынан биз кандай пайда алсак болот?

Аксакалдар, «чарчап-чаалыккандарга» дем-күч бересиңерби?

Аксакалдар кайтаруучулук жолугууга кантип даярдана алышат? Аксакалдар чарчап-чаалыккан же көңүлү чөккөндөр менен «рухий белек менен бөлүшүп», аларды кайраттандыра алышат

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Кайсы ойлор эсиңде калганын текшерип көр