Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аксакалдар, «чарчап-чаалыккандарга» дем-күч бересиңерби?

Аксакалдар, «чарчап-чаалыккандарга» дем-күч бересиңерби?

Жашы 30дан өтүп калган Анжела * деген турмушка чыга элек ишенимдешибиздикине аксакалдар келмекчи болот. Ошондо ал: «Алар эмне дешет болду экен?» — деп, бир аз тынчсызданат. Ал жумушта эртеден кечке карыларга кам көргөндүктөн чарчап калат. Ошонун айынан бир нече жолу жыйналышка бара албай калган. Күнүмдүк түйшүктөрүнөн тышкары, ал оорулуу апасын да ойлоп сарсанаа болот.

Эгер Анжеланыкына бара турган аксакалдардын бири болсоң, «чарчап-чаалыккан» ал бир тууганыңды кантип бекемдейт элең? (Жер. 31:25). Кайтаруучулук жолугууга кантип даярданат элең?

БИР ТУУГАНДАРДЫН ЖАГДАЙ-ШАРТЫ ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОН

Баарыбыз эле кээде жумуштан же теократиялык милдеттерибизден улам чарчайбыз. Мисалы, Даниел пайгамбар бир аян алып, аны түшүнө албай койгондо «алсыраган» (Дан. 8:27). Кийинчерээк ага Жебирейил периште келип, жардам берген. Ал Даниел пайгамбарга «түшүнүк берип», Кудай анын тилегин укканын, аны «абдан сүйүктүү киши» деп эсептээрин айткан (Дан. 9:21—23). Кийинчерээк дагы бир периште ага ошо сыяктуу сөздөрдү айтып, аны кайраттандырган (Дан. 10:19).

Кайтаруучулук жолугууга барарда ишенимдешиңдин жагдай-шарты жөнүндө ой жүгүрт

Сен да чарчап-чаалыккан же көңүлү чөккөн бир тууганыңа дем-күч бере аласың. Ан үчүн аныкына барардан мурун  анын жагдай-шарты жөнүндө ойлонуп көр. Ал кандай кыйынчылыктарга дуушар болууда? Ошонун айынан ал кандайча алдан-күчтөн тайышы мүмкүн? Анын кандай жакшы сапаттары бар? «Мен бир туугандарымдын жакшы жактарына көңүл бурам»,— дейт 20 жылдан бери аксакал болуп кызмат кылып келаткан Ричард. Ал: «Бир туугандыкына барганга чейин анын жагдай-шарты жөнүндө жакшылап ойлонгондо аны бекемдей турган сөздөрдү табуу оңой болот»,— деп кошумчалайт. Эгер кайтаруучулук жолугууга башка аксакал менен бара турган болсоң, аны менен чогуу бир туугандын жагдай-шарты жөнүндө талкуулап көргөнүң жакшы.

БИР ТУУГАНДАР ӨЗДӨРҮН ЭРКИН СЕЗГИДЕЙ БОЛСУН

Айрым бир туугандар сезимдерин ачык айткандан тартынышы мүмкүн. Мисалы, кимдир бирөөгө аксакалдар менен чечилип сүйлөшүү кыйын болушу ыктымал. Андай бир тууганга өзүн эркин сезүүгө кантип жардам бере аласың? Жылмайып, бир-эки ооз жылуу сөз айтканың жакшы натыйжа бериши мүмкүн. 40 жылдан бери аксакал болуп кызмат кылып келаткан Майкл көбүнчө сөзүн: «Билесиңби, бир туугандардын үйүнө барып, алар менен жакыныраак таанышуу — аксакалдарга берилген чоң сыймык. Ошондуктан бүгүн сени менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп келдим»,— деген сыяктуу сөздөр менен баштайт.

Балким, жолугушуунун башында бир тууганың менен чогуу тиленүүнү туура көрөттүрсүң. Элчи Пабыл тиленүүлөрүндө бир туугандарынын ишенимин, сүйүүсүн, туруктуулугун баса белгилечү (1 Тес. 1:2, 3). Эгер сен да тиленип жатканда бир тууганыңдын жакшы сапаттарын айтып өтсөң, аны да, өзүңдү да жакшы пикир алышууга даярдайсың. Ошондой эле айткан сөздөрүң анын көңүлүн көтөрүшү мүмкүн. «Баарыбыз эле кээде өзүбүздүн кылып жаткан жакшы иштерибизди эсибизден чыгарып коёбуз,— дейт бир тажрыйбалуу аксакал.— Ошондуктан кимдир бирөө аларды эсибизге салганда, канат байлап калабыз».

РУХИЙ БЕЛЕК МЕНЕН БӨЛҮШ

Пабылдай болуп, бир туугандарга Ыйык Жазмадагы ойлордон айтып, атүгүл бир эле аят окуп берип, «рухий белек менен бөлүшсөң» болот (Рим. 1:11). Маселен, көңүлү чөккөн бир тууган, өзүн «ышталган чаначка» салыштырган забурчудай болуп, өзүн эч нерсеге татыксыз сезиши ыктымал (Заб. 119:83, 176). Ага забурчунун ал сөздөрүн кыскача түшүндүрүп, анын Кудайдын осуяттарын «унутпай» жүргөнүнө ишенериңди айтсаң болот.

Ошондой эле жыйналыштан алыстап кеткен же жигердүү болбой калган эже-карындаштын жүрөгүн козгош үчүн жоголгон тыйын жөнүндөгү мисалды айтып берсең болот (Лк. 15:8—10). Мисалдагы жоголгон күмүш тыйын моюнга тагылчу кымбат баалуу жасалганын бир бөлүгү болушу ыктымал. Ал мисал эже-карындашка жыйналыштын баалуу мүчөсү экенин түшүнүүгө жардам бериши мүмкүн. Мисалды талкуулагандан кийин Жахабанын ага өзүнүн козусу катары назиктик менен кам көрөрүн баса белгилесең болот.

Адатта, ишенимдештерибиз окуган аяттары жөнүндө айтып бергенди жакшы көрүшөт. Андыктан өзүң эле сүйлөй бербе. Бир туугандын жагдайына ылайык келген аятты окугандан кийин негизги сөздү баса белгилеп, аны сөзгө тартсаң болот. Алсак, Забур 23:3тү окугандан кийин: «Жахабанын сени кандайдыр бир жол менен сергиткенин сездиң беле?» — деп сурасаң болот. Мунун аркасында жакшы маек курулуп, бири-бириңерди бекемдешиңер мүмкүн (Рим. 1:12).

Ишенимдештерибиз окуган аяттары жөнүндө айтып бергенди жакшы көрүшөт

Андан тышкары, ишенимдешиң менен Ыйык Китептеги аныкындай жагдайга туш болгон кайсы бир инсан жөнүндө талкуулашсаң, ага дем-күч бере аласың. Көңүлү чөккөн бир туугандарга Анна же Эпафродит сыяктуу инсандар жөнүндө айтып, алардын кээде кайгыга батканына карабай Кудайдын көз алдында баалуу болушканын баса белгилесең болот (1 Шем. 1:9—11, 20; Флп. 2:25—30). Ыйык Китептен Кудайдын башка да көптөгөн ишенимдүү кызматчыларынын үлгүлөрүн таба аласың.

АНДАН АРЫ ДА КӨҢҮЛ БУРУП ТУР

Кайтаруучулук жолугууга баргандан кийин да бир тууганга чын дилден көңүл буруп турганың дурус (Элч. 15:36). Жолугушуунун аягында, балким, аны менен кызматка жазылып алаттырсың. Бернард деген тажрыйбалуу аксакал кайтаруучулук жолугуудан кийин бир тууганга кайра жолукканда андан сылыктык менен: «Баягы кеңеш жардам бердиби?» — деп сурайт. Бир туугандарга ушинтип көңүл бөлүү менен аларга дагы кандай жардам берсе болорун аныктай аласың.

Бир туугандар биздин кам көрүшүбүзгө, түшүнүү жана сүйүү менен мамиле кылышыбызга абдан муктаж (1 Тес. 5:11). Андыктан кайтаруучулук жолугууга барарда ишенимдешиңдин жагдай-шарты жөнүндө ой жүгүрт. Ал жөнүндө тилен. Ылайыктуу аяттарды танда. Ошондо «чарчап-чаалыккандарга» дем-күч бере турган сөздөрдү таба аласың.

^ абз. 2 Ысымдар өзгөртүлдү.