«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Июль, 2013

Бул санда Иса Машаяктын пайгамбарлыгындагы окуялардын качан аткарыларына, ишенимдүү жана акылдуу кулдун ким экенине байланыштуу жаңы өзгөрүүлөр каралат.

«Айтчы бизге, бул качан болот?»

Матай китебинин 24, 25-бөлүмдөрүндөгү окуялардын качан аткарыларына байланыштуу жаңы түшүнүк.

«Мен ар дайым силер менен болом»

Иса пайгамбардын буудай, отоо чөп жөнүндөгү мисалында үрөндүн себилгени, өсүшү, орок маалы жөнүндө айтылат. Орок маалына байланыштуу түшүнүккө кандай өзгөрүү кирди?

Аз эле киши аркылуу көптөрдү азыктандырууда

Иса Машаяк 1-кылымдагы жолдоочуларын рухий жактан кантип азыктандырган? Бүгүнкү күндө кантип азыктандырууда?

«Ишенимдүү жана акылдуу кул ким?»

Бул макала ишенимдүү жана акылдуу кул ким экенин туура түшүнүүгө жардам берет. Ал кул рухийлигибиздин бекем болушунда кандай роль ойноорун окуп көргүлө.

Жетектөөчү Кеңештин жаңы мүчөсү

Марк Сандерсон деген бир тууган 2012-жылдын 1-сентябрынан баштап Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү катары кызмат кыла баштады.

ӨМҮР БАЯН

Каякта болбосун, Жахабага кызмат кылууга дилгирбиз

Нидерландиялык жубайлар жашоосундагы кыйынчылыктарга жана ар кандай өзгөрүүлөргө карабай Жахабага толугу менен таянууга кантип үйрөнүшкөнү тууралуу окуп көргүлө.

«Сонун сүрөт экен!»

Сүрөттөр ой жүгүртүүгө түрткү берип, сезимдерибизди козгойт. Кооз сүрөттөрдүн кандай пайдасы бар?