Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бири-бирине карама-каршы коюлган ойлордун таасири

Бири-бирине карама-каршы коюлган ойлордун таасири

Иса Машаяктын тарыхтагы эң улуу Окутуучу болгонуна кошулат чыгарсың. Балким, сен да, ага окшоп, башкаларды окутууда суроолорду жана мисалдарды колдонуп жаткандырсың. Анын элди карама-каршы коюлган ойлор аркылуу да окутканын билчү белең?

Дээрлик баарыбыз эле күндөлүк турмушта бири-бирине карама-каршы коюлган ойлорду көп колдонобуз, бирок аны өзүбүз байкабашыбыз деле мүмкүн. Мисал үчүн сенин деле: «Баары тең эзиле бышкан деди эле, бирок булары көпкөк бойдон экен» же: «Кичинесинде аябай уялчаак эле, азыр болсо такылдап кыйын сүйлөйт»,— деп айткан учурларың болгондур.

Андай учурда адегенде бир ойду айтабыз, анан бирок, тескерисинче, анын ордуна, андан көрө деген сыяктуу сөздөрдү колдонуп, кошумча маалымат аркылуу ага экинчи ойду карама-каршы коёбуз. Андайда сөз табигый угулат жана башкалар негизги ойду оңой эле түшүнөт.

Бири-бирине карама-каршы коюлган ойлор кээ бир тилдерде же маданияттарда кеңири колдонулбаса да, андай ыкманын канчалык маанилүү экенин билип алганыбыз жакшы. Эмне үчүн? Себеби андай ойлор Кудайдын ыйык рухтун жетеги менен жазылган Сөзүндө байма-бай кездешет. Ал ыкманы Иса Машаяк да көп колдоно турган. Маселен, анын төмөнкү сөздөрүн эсибизге салып көрөлү: «Силер: „Көзгө көз, тишке тиш“,— деп айтылганын уккансыңар. Мен болсо силерге мындай дейм: жаман адамга каршылык көрсөтпө, тескерисинче, оң жаагыңа чапканга сол жаагыңды тосуп бер»; «Жер үстүнө байлык жыйнаганыңарды токтоткула... Анын ордуна, байлыкты асманга топтогула»; «Денени өлтүрүп, жанды өлтүрө албай тургандардан коркпогула. Тескерисинче, жанды да, денени да гээнада жок кыла ала тургандан корккула»; «Адамдардын ар кандай күнөөлөрү менен акарат сөздөрү кечирилет, бирок рухка каршы айткан акарат сөздөрү кечирилбейт» (Мт. 5:38, 39; 6:19, 20; 10:28; 12:31).

Бири-бирине карама-каршы коюлган ойлорду Ыйык Жазманын башка китептеринен да көрүүгө болот. Алар сөздүн төркүнүн түшүнүүгө жардам берет же карама-каршы коюлган нерселердин экинчиси биринчисине караганда жакшы экенин баса белгилейт. Эгер балдарыңар бар болсо: «Аталар, балдарыңарды кыжырдантпагыла, тескерисинче, Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып, аларды анын акыл-насааты менен тарбиялагыла»,— деген кеңеш тууралуу ойлонуп көрсөңөр (Эф. 6:4). Элчи Пабыл: «Ата-энелер балдарын Кудайдын акыл-насааты менен тарбиялашы керек»,— десе деле туура болмок. Бирок ал: «Балдарыңарды кыжырдантпагыла, тескерисинче, Жахаба үйрөткөндөй акыл айткыла»,— деген сөздөрдү колдонуу менен ойду абдан айкын-так берген.

Пабыл ошол эле бөлүмдүн 12-аятында: «Биз адамдар менен эмес, асман чөйрөсүндөгү каардуу рухий күчтөр... менен күрөшүп жатабыз»,— деп жазган (Эф. 6:12). Анын ойлорду ушундайча карама-каршы койгону бизге аябай маанилүү согушка катышып жатканыбызды аңдоого жардам берет. Ооба, биз өзүбүзгө окшогон пенделер менен эмес, каардуу жин-перилер менен күрөшүп жатабыз.

 БИЗ ҮЧҮН КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

Элчи Пабыл Эфестиктерге жазган катында бири-бирине карама-каршы коюлган дагы башка көптөгөн ойлорду колдонгон. Алар тууралуу ой жүгүртүү бизге анын сөздөрүнүн маани-маңызын түшүнүүгө жана эмне кылышыбыз керектигин баамдоого көмөк кылат.

Эфестиктер 4, 5-бөлүмдөрдө кездешкен ошондой ойлордун айрымдары мурунку беттерде жайгашкан кутучада берилди. Аларды изилдөө сен үчүн кубанычтуу да, пайдалуу да болору шексиз. Ар бирин окуп жатканда: «Мен кандай адаммын? Ушундай жагдайларда кандай иш кылам? Башкалар бул жерде айтылгандардын кайсынысы мага көбүрөөк тиешелүү деп эсептемек?» — деп ойлонуп көр. Эгер кайсы бир жактан жакшырышың керектигин байкасаң, дароо иш-аракет кыл. Ошентсең, бири-бирине карама-каршы коюлган ал ойлор сенин да жашооңо таасир этет.

Ал кутучаны үй-бүлө менен сыйынуу кечинде да колдонсоңор болот. Адегенде анда жазылгандарды баарыңар окуп чыккыла. Анан бириңер анын сол жагында жазылгандарды окуп, ал эми калгандарыңар анын оң жагында эмне деп жазылганын эстегенге аракет кылгыла. Бул үй-бүлөңөр менен оң жакта жазылгандарды дагы кантип жакшыраак колдонсоңор болору тууралуу кызыктуу талкуу жүргүзүүгө шарт түзүшү мүмкүн. Бири-бирине каршы коюлган ушу сыяктуу ойлорду изилдөө жаштарга да, улууларга да үйдө жана башка жерлерде дайыма өздөрүн Кудайдын кызматчыларындай алып жүрүүгө жардам берет.

Карама-каршы коюлган ойдун экинчи бөлүгүн эстей аласыңбы?

Бири-бирине карама-каршы коюлган ойлордун баалуулугун тереңирээк түшүнгөн сайын, аларды Ыйык Китептен табуу жана кызматта колдонуу оңоюраак боло баштайт. Алсак, кабар айтып жүргөндө: «Көптөр адамдын өлбөс жаны бар дегенге ишенишет, бирок Кудайдын Сөзүндө бул тууралуу эмне деп жазылганына көңүл бурсаңыз»,— десең болот. Же изилдөө өткөрүп жатканда: «Биздин өлкөдө жашагандардын көбү Кудайдын токсон тогуз ысмы бар дегенге ишенет, бирок бул жөнүндө Ыйык Китепте эмне делет экен? Сиз кайсынысына ишенесиз?» — деп сурап көр.

Ырас, Ыйык Китеп бири-бирине карама-каршы коюлган ойлорго бай. Алар бизге Кудайдын жолунан чыкпоого жардам берет. Андай ойлорду башкаларга Ыйык Китептеги чындыкты таанып-билүүгө жардам берүүдө колдонсок болот.