Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын насааттары ишеничтүү

Жахабанын насааттары ишеничтүү

«Жахабанын насааты ишеничтүү, тажрыйбасызды даанышман кылат» (ЗАБ. 19:7).

1. Эмнелер тууралуу бат-баттан талкуулап турабыз жана бул эмнеси менен пайдалуу?

«КҮЗӨТ МУНАРАСЫН» изилдөөгө даярданып жатканда кээде сага: «Бул жөнүндө өткөндө эле чыкпады беле?» — деген ойлор келбейби? Эгер чындык жолунда жүргөнүңө бир нече жыл болуп калса, айрым темалар мезгил-мезгили менен кайталанып турарын байкасаң керек. Айталы, биздин адабияттарга Кудайдын Падышалыгы, кун, шакирт даярдоо иши, сүйүү жана ишеним сыяктуу сапаттар жөнүндө бат-баттан чыгып турат. Бул бизге ишенимибизди бекем сактоого жана «сөздү угуучулардан гана болбой, аткаруучулардан болууга» жардам берип келет (Жкп. 1:22).

2. а) «Насаат» деген сөз көбүнчө эмнеге карата колдонулат? б) Кудайдын мыйзамдары адамдардыкынан эмнеси менен айырмаланат?

2 «Насаат» деп берилген еврей сөзү көбүнчө Кудайдын өзүнүн элине берген мыйзамдарына, буйруктарына жана көрсөтмөлөрүнө карата колдонулат. Улам-улам оңдоп, жаңылантып туруш керек болгон адамдардын мыйзамдарынан айырмаланып, Жахабанын мыйзамдары менен көрсөтмөлөрү дайыма ишеничтүү. Алардын айрымдары белгилүү бир мезгил же жагдай үчүн берилсе да, ал мыйзамдарда эч кандай кемтик жок. Муну забурчунун: «Адил насааттарың түбөлүктүү»,— деген сөздөрү бышыктап турат (Заб. 119:144).

3, 4. а) Жахабанын насааттарына айрым учурларда эмнелер кирет? б) Ысрайылдыктар Кудайдын насааттарына кулак кагышса, натыйжасы кандай болмок?

3 Жахабанын насааттарына айрым учурларда эскертүүлөр да кирет. Кудай ысрайыл элине пайгамбарлары аркылуу эскертүүлөрдү берип турган. Мисалы, ысрайылдыктар убада кылынган жерге кирердин алдында, ал Муса пайгамбар аркылуу аларга: «Сак болгула, жүрөгүңөр азгырылып кетпесин. Менден четтеп, башка кудайларга таазим кылып, аларга сыйынып кетпегиле. Болбосо Жахаба силерге каарданат»,— деген (Мыйз. 11:16, 17). Ыйык  Китепте Кудайдын дагы башка көптөгөн пайдалуу насааттары, эскертүүлөрү жазылган.

4 Дагы башка учурларда Жахаба ысрайылдыктарды андан коркууга, тилин алууга жана ысмын ыйык тутууга чакырган (Мыйз. 4:29—31; 5:28, 29). Эгер алар Кудайдын насааттарына кулак кагышса, андан мол бата алышмак (Леб. 26:3—6; Мыйз. 28:1—4).

ЫСРАЙЫЛ ЭЛИ ЖАХАБАНЫН НАСААТТАРЫН КАНДАЙ КАБЫЛ АЛГАН?

5. Жахаба эмне үчүн Хиския падышага болушкан?

5 Ысрайыл элинин оомалуу-төкмөлүү тарыхынан Кудайдын дайыма өз убадасын аткарары көрүнүп турат. Маселен, Ашур падышасы Сенхейрип Жүйүт жерин басып кирип, Хиския падышаны тактыдан кулатмакчы болгондо, Жахаба периштесин жиберип, анын ойлогон оюн ойрон кылган. Периште бир эле түндүн ичинде ашурлуктардын «эр жүрөк, күчтүү жоокерлерин» жер менен жексен кылганда, Сенхейрип өз жерине маскара болуп кайткан (2 Жылн. 32:21; 2 Пад. 19:35). Жахаба эмне үчүн Хиския падышага болушкан? Анткени Хиския «Жахабага берилгендигин сактап, андан четтебей, Жахабанын... осуяттарын аткарган» (2 Пад. 18:1, 5, 6).

Жахабанын насааттары Жошия падышага чыныгы сыйынууну коргоого түрткү берген (6-абзацты кара)

6. Жошия падыша Жахабага таянарын кантип көрсөткөн?

6 Кудайдын буйругун эки кылбаган дагы бир падыша Жошия болгон. Сегиз жашынан тартып эле ал «Жахабанын көз алдында туура иштерди кылып,.. оңго да, солго да бурулган» эмес (2 Жылн. 34:1, 2). Ал бүт өлкөнү буркандардан тазалап, чыныгы сыйынууну калыбына келтирүү менен Жахабага таянарын көрсөткөн. Мунун аркасында өзү эле эмес, жамы журт да Кудайдан бата алган. (Оку: 2 Жылнаама 34:31—33.)

7. Ысрайылдыктар Кудайдын насааттарын укпаганда, кесепети кандай болгон?

7 Өкүнүчтүүсү, Кудайдын эли анын насааттарын дайыма эле аткара берген эмес. Алар кылымдар бою бирде тил алса, бирде кежирлигин карматышкан. Ишеними солгундаганда, алар, так эле элчи Пабыл айткандай, «ар кандай окуулардын шамалына айдалып, толкун сыяктуу ары-бери чайпалышкан» (Эф. 4:13, 14). Ошондуктан, өздөрүнө эскертилгендей, Кудайдын насааттарын укпаганы үчүн азап тартышкан (Леб. 26:23—25; Жер. 5:23—25).

8. Биздин жагдайыбыз ысрайылдыктардыкына эмнеси менен окшош?

8 Биздин жагдайыбыз да ысрайылдыктардыкына окшошуп кетет. Бүгүнкү күндө Жахаба бизге да кеп-кеңештерди, көрсөтмөлөрдү берип турат (2 Пет. 1:12). Алсак, анын ыйык рухтун жетеги менен жазылган Сөзүн окуган сайын насаат  уккандай эле болобуз. Бирок бизде өз алдынча чечим чыгаруу эркиндиги бар болгондуктан, Жахабанын көрсөтмөлөрүнө баш иебизби же өзүбүз туура көргөндөй иш кылабызбы, өзүбүз чечебиз (Накыл 14:12). Келгиле, азыр Жахабанын насааттарынын тууралыгына эмне себептен толук ишенсек болорун жана аларга кулак салуу эмнеси менен пайдалуу экенин карап чыгалы.

КУДАЙГА БАШ ИЙИП, ӨМҮР СҮР

9. Ысрайылдыктар чөл кезип жүргөндө, Жахаба аларды колдоп жатканына кантип ынандырган?

9 Ысрайылдыктар «коркунучтуу чөлдү» көздөй жаңыдан кадам шилтегенде, Жахаба аларды кантип жетектээрин, коргоорун, аларга кантип кам көрөрүн алдын ала майда-чүйдөсүнө чейин айткан эмес. Анткен менен аларды өзүнө жана жетекчилигине ишенсе болоруна 40 жыл бою кайра-кайра ынандырып келген. Жахаба ошол ээн талаа, эрме чөлдө элин күндүзү булут мамы, түнкүсүн от мамы аркылуу жетектеп, аларды колдоп турарын көрсөткөн (Мыйз. 1:19; Чыг. 40:36—38). Ошондой эле аларды эң зарыл нерселер менен камсыз кылган. Ысрайылдыктардын атүгүл «кийимдери жыртылган» эмес, «буттары да шишиген» эмес. Ыйык Китепте: «Алар эч нерседен кем болушкан жок»,— делет (Нек. 9:19—21).

10. Жахаба бизди бүгүнкү күндө кантип жетектөөдө?

10 Биз азыр адилдик өкүм сүрө турган жаңы дүйнөнүн босогосунда турабыз. Бирок Жахабанын бизди жакындап келаткан «улуу алааматта» сактап калыш үчүн зарыл болгон нерселердин баары менен камсыз кыларына толук ишенебизби? (Мт. 24:21, 22; Заб. 119:40, 41). Албетте, Жахаба бизди жаңы дүйнөгө алып барыш үчүн булут мамыны же от мамыны колдонбойт. Бирок сергек бойдон калышыбыз үчүн, ал өзүнүн уюмун колдонууда. Мисалы, уюму аркылуу Ыйык Китепти күнүгө окуп, үй-бүлө менен сыйынуу кечин өткөрүп, жыйналыш жолугушууларына жана кабар айтуу ишине үзгүлтүксүз катышып, рухийлигибизди бекемдешибиз керектигине өзгөчө басым жасап жатат. Андай кеңештерди колдонуш үчүн тийиштүү өзгөрүүлөрдү кылып жатабызбы? Ошондой кылсак, ишенимибиз күчтүү болуп, жаңы дүйнөгө аман өтө алабыз.

Жахабанын насааттары Падышалык залын жакшы күтө билүүгө түрткү берет (11-абзацты кара)

11. Жахабанын бизге кам көрүп жатканы эмнеден көрүнүп турат?

11 Кудайдын насааттары рухий жактан сергек болууга жардам бергенден тышкары, күнүмдүк турмушубузда да көп жагынан пайдалуу. Мисалы, материалдык нерселерге тең салмактуу көз караш өрчүтүп, көзүбүздү жөнөкөй сактасак, артык баш түйшүктөн арылабыз. Кийим-кечеге, сырткы көрүнүшүбүзгө, көңүл ачууга жана билим алууга байланыштуу берилген кеп-кеңештердин да пайдасы чоң. Ошондой эле үй-жайыбызды, машинебизди, Падышалык залыбызды тийиштүү абалда күтө билүүгө, кырсыкка алдын ала даярданууга жардам берген көрсөтмөлөрдү да абдан баалайбыз. Ушунун баары Жахабанын бизге кам көрүп жатканын айгинелеп турат.

НАСААТТАР 1-КЫЛЫМДАГЫ ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗГЕ ЖАРДАМ БЕРГЕН

12. а) Иса Машаяк шакирттерине эмне тууралуу көп эскертчү? б) Машаяктын кайсы иши Петирге күчтүү таасир эткен жана ал бизге кандай таасир этиши керек?

12 Кудайдын 1-кылымдагы кызматчыларына да дайыма насааттар айтылып турган. Иса Машаяк шакирттерине момун болуу канчалык маанилүү экенин көп эскертчү. Ал момун киши кандай болорун айтып эле койбостон, үлгүсү менен көрсөткөн. Алсак, жердеги жашоосунун акыркы күнү элчилери менен пасах майрамын белгилеп жатканда ал ордунан туруп, адатта кулдар аткарган жумушту кылган, башкача айтканда, алардын бутун жууган (Жкн. 13:1—17). Бул элчилерине эстен кеткис таасир калтырган. Ошол окуяны өз көзү менен көргөн элчи Петир 30 жылдай өткөндөн кийин ишенимдештерин  момун болууга чакырган (1 Пет. 5:5). Машаяктын үлгүсү бизге да бири-бирибизге момундук менен мамиле кылууга түрткү бериши керек (Флп. 2:5—8).

13. Иса Машаяк жолдоочуларына эмнени көп баса белгилеген?

13 Иса Машаяк шакирттерине ишенимдин күчтүү болушу керектиги тууралуу да көп айта турган. Бир жолу шакирттери жин оорулуу баладан жинди кууп чыгара албай коюп, Исадан: «Эмне үчүн биз жанагы жинди кууп чыгара албай койдук?» — деп сурашкан. Ошондо ал: «Ишенимиңердин аздыгынан улам. Силерге айтып коёюн, эгер сары кычы данындай эле ишенимге ээ бол[соңор],.. силер кыла албаган эч нерсе болбойт»,— деп жооп берген (Мт. 17:14—20). Машаяк жолдоочуларын окутканда ишенимдин абдан маанилүү экенин баса белгилеген. (Оку: Матай 21:18—22.) Ишенимибиз бекем болушу үчүн жыйындар менен жыйналыш жолугушуулары аркылуу берилген акыл-насааттарды кунт коюп угуп, жашообузда колдонуп жатабызбы? Андай жолугушууларга барганда кубанычыбызды арттыргандан сырткары, Жахабага бекем ишенерибизди көрсөтөбүз.

14. Машаяктыкындай сүйүү өрчүткөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

14 Грек Жазмаларында бири-бирибизге сүйүү менен мамиле кылышыбыз керектиги тууралуу көп айтылат. Иса Машаяк: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деген осуят маанилүү осуяттардын экинчиси экенин айткан (Мт. 22:39). Анын жатындаш бир тууганы Жакып ал осуятты «падыша мыйзамы» деп атаган (Жкп. 2:8). Элчи Жакан болсо: «Сүйүктүү бир туугандарым, силерге жаңы эмес, өзүңөр башынан эле билген эски осуятты жазып жатам... Ошентсе да мен силерге жазып жаткан осуят... жаңы»,— деген (1 Жкн. 2:7, 8). Ал кайсы осуят жөнүндө жазган? Ал да сүйүүгө байланыштуу осуят тууралуу жазган. Иса Машаяк аны «башынан эле», ондогон жылдар мурун, айткандыктан, ал «эски осуят» деп аталган. Ал эми анын «жаңы» деп аталганынын себеби, Машаяктын шакирттери жаңы кыйынчылыктарга туш болгондуктан бири-бирин мурдагыдан да көбүрөөк сүйүп, жанын аябашы керек болчу. Биз да Машаяктын жолдоочулары катары бул дүйнөгө мүнөздүү өзүмчүлдүктү өрчүтүп алуудан сактаган эскертүүлөрдү ыраазычылык менен кабыл алып, жакындарыбыз үчүн жаныбызды аябашыбыз керек.

15. Иса Машаяктын жерге келгенинин негизги максаты эмне болчу?

15 Иса Машаяк адамдарга жекече көңүл бурган. Ал оорулууларды айыктырып, өлгөндөрдү тирилтип, элге мээримдүүлүк менен кам көргөн. Бирок анын жерге келгенинин негизги максаты оорулууларды айыктыруу эмес эле. Ал биринчи кезекте элге жакшы кабар айтып, аларга Кудай жөнүндө билим берген. Мына ушул иш адамдардын  өмүрү үчүн алда канча маанилүү болгон. Себеп дегенде, Иса Машаяк айыктырган же тирилткен кишилер убакыттын өтүшү менен карып, акыры өлүмгө моюн сунушкан, ал эми анын кабарына кулак каккандар түбөлүк жашоо үмүтүнө ээ болушкан (Жкн. 11:25, 26).

16. Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши канчалык деңгээлде кулач жайды?

16 Иса Машаяк 1-кылымда чыйыр салган кабар айтуу иши азыр дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүүдө. Ал алгачкы жолдоочуларына: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла»,— деп буйрук кылган (Мт. 28:19). Алар анын буйругун аткарышкан, биз да аткарып жатабыз. Учурда Жахабанын 7 миллиондон ашуун жигердүү кызматчысы 230дан ашык өлкөдө анын Падышалыгы жөнүндө ынталуу жарыялап, миллиондогондор менен Ыйык Китепти изилдөөдө. Кабар айтуу ишинин ушундай деңгээлде кулач жайышы акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды далилдеп турат.

ЖАХАБАГА ТАЯН

17. Элчи Пабыл менен элчи Петир ишенимдештерине кандай кеңештерди беришкен?

17 Ооба, насааттар 1-кылымдагы бир туугандарыбызга ишенимин бекем сактоого жардам берген. Мисалы, Римде камакта жаткан элчи Пабылдын: «Менден уккан туура сөздөрдүн үлгүсүнө мындан ары да карман»,— деген сөздөрү Тиметейди аябай эле кайраттандырганы шексиз (2 Тим. 1:13). Элчи Петир болсо ишенимдештерин бири-бирин сүйүүгө, туруктуу болууга, өзүн өзү кармай билүүгө үндөп: «Мен жазган ушул нерселерди билсеңер да жана өзүңөр кабыл алган чындыкта бекем турсаңар да, буларды дайыма эсиңерге салып турууну каалайм»,— деген (2 Пет. 1:5—8, 12).

18. 1-кылымдагы ишенимдештерибиз кайталанып айтылган насааттарга кандай карашкан?

18 Айта кетчү нерсе, элчи Пабыл менен элчи Петир «ыйык пайгамбарлар айтып кеткен сөздөрдү» жазышкан (2 Пет. 3:2). Алардын кайталап айткан насааттарына ишенимдештери нааразы болушту беле? Жок. Анткени алар андай насааттар Кудайдын сүйүүсүнүн далили экенин, аларга «Мырзабыз жана Куткаруучубуз Иса Машаяк жөнүндөгү билимин» арттырууга, ошондой эле «анын ырайымына ээ боло берүүгө» жардам берерин түшүнүшкөн (2 Пет. 3:18).

19, 20. Эмне себептен Жахабанын насааттарына толук ишенишибиз керек жана ошентсек натыйжасы кандай болот?

19 Бизде Жахабанын Сөзүндө камтылган насааттарга толук ишенүүгө көптөгөн себептер бар. (Оку: Жашыя 23:14.) Ал китептен Кудайдын миңдеген жылдар бою күнөөлүү адамзатка кандай мамиле кылып келгенин окуй алабыз. Тарыхта болгон ошол окуялардын баары биздин пайдабыз үчүн жазылып калган (Рим. 15:4; 1 Кор. 10:11). Биз Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылып жатканына күбө болуудабыз. Пайгамбарлыктар алдын ала айтылган эскертүүлөргө окшош. Мисалы, бир пайгамбарлыкта айтылгандай, азыр, «акыркы күндөрдө», миллиондогондор таза сыйынууга агылып келүүдө (Ыш. 2:2, 3). Дүйнөдөгү абалдын начарлагандан начарлап баратышы да Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылып жатканынын айкын далили. Ошондой эле, жогоруда айтылгандай, жакшы кабардын төгөрөктүн төрт бурчунда жарыяланышы Иса Машаяктын сөздөрүнүн аткарылып жатканын көрсөтүп турат (Мт. 24:14).

20 Жаратканыбыз өзүнүн толугу менен ишенүүгө татыктуу экенин кылымдар бою далилдеп келет. Биз анын насааттары менен эскертүүлөрүнүн тууралыгына шектенбейбизби? Бул жагынан Розелен деген бир тууганыбыздан үлгү алсак болот. Ал: «Жахабага канчалык толук таянган сайын, анын мени мээримдүүлүк менен колдоп, күч берип жатканын ошончолук айкын сезем»,— деп ой бөлүшөт. Келгиле, биз дагы Жахабанын насааттарына кулак кагып, алардын пайдалуу экенине ынана берели.