Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чечимдерди акылдуулук менен чыгар

Чечимдерди акылдуулук менен чыгар

«Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа» (НАКЫЛ 3:5).

1, 2. Сага чечим чыгаруу жагабы жана айрым чечимдериң жөнүндө кандай ойдосуң?

БИЗ күн сайын көптөгөн чечимдерди чыгарабыз. Сен чечим чыгарууга кандай карайсың? Айрымдар эч ким менен макулдашпай, бүт баарын өздөрү каалагандай чечкенди жакшы көрүшөт жана бирөөнүн акыл айтканын жактырышпайт. Кээ бирөөлөр болсо маанилүү чечимдерди чыгаруудан коркушат. Башкалары кеңеш алыш үчүн ар кандай китептерди окуп, атайын адистерге кайрылып, көп акчасын коротушат.

2 Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Айрым маселелерге байланыштуу чечим чыгарууга укугубуз жок болсо да, жашообуздун көптөгөн тармактарында өзүбүз каалагандай чечим чыгара алабыз (Гал. 6:5). Ошентсе да чечимдерибиздин баары эле туура же пайдалуу боло бербесине кошулат чыгарбыз.

3. Чечим чыгарууга байланыштуу бизде кандай жетекчилик бар, бирок кандай кыйынчылыктарга туш болушубуз мүмкүн?

3 Жахабанын бизге жашоодогу маанилүү нерселерге карата айкын көрсөтмөлөрдү бергенине абдан ыраазыбыз. Эгер аларга ылайык иш кылсак, натыйжасы жакшы болгондон тышкары, Жахабанын жүрөгүн кубантабыз. Анткен менен Кудайдын Сөзүндө бардык эле жагдайларга карата так көрсөтмөлөр бериле бербейт. Андай жагдайларга туш болгондо эмне кылышыбыз керек? Мисалы, биз уурулук кылбашыбыз керектигин билебиз (Эф. 4:28). Бирок айрымдар эгер кайсы бир нерсе аябай керек болуп жатса жана ал анча деле кымбат болбосо, аны сурабай алуу уурулукка жатпайт деп ойлошот. Айкын-так көрсөтмөлөр берилбеген учурларда чечимди кантип чыгарабыз? Бул жагынан бизге эмне жардам берет?

 АКЫЛ-ЭСТҮҮЛҮКТҮН МААНИЛҮҮЛҮГҮ

4. Чечим чыгарарда бизге кандай кеңеш берилиши мүмкүн?

4 Маанилүү чечим чыгарарда кайсы бир ишенимдешибиз бизди акыл-эстүүлүк менен иш кылганга чакырышы мүмкүн. Андай кеңешке кулак какканыбыз жакшы. Ыйык Китепте да: «Ар бир шашма адам жокчулукка туш болот» — деп айтылып, ойлонбой иш кылуунун кооптуу экени баса белгиленет (Накыл 21:5). Бирок акыл-эстүү болуу деген эмнени билдирет? Бул атайын убакыт бөлүп, жагдай тууралуу ой жүгүртүүнү, бардык нерсени эске алып, таразалоону эле билдиреби? Мунун баары туура чечим чыгарганга жардам берет дечи, бирок акыл-эстүү болуу деген андан да көптү билдирет (Рим. 12:3; 1 Пет. 4:7).

5. Эмне үчүн эч кимибиздин акылыбыз жеткилең эмес?

5 Дүйнө жүзүндө акылы жеткилең бир да киши жок. Эмне үчүн? Анткени баарыбызга тең күнөө менен жеткилеңсиздик тукум кууп өткөндүктөн, эч кимибиз жеткилең денеге жана акылга ээ эмеспиз (Заб. 51:5; Рим. 3:23). Андан тышкары, көбүбүз Жахабаны жана анын адил нормаларын билгенге чейин Шайтан акылын «сокур кылып койгон» адамдардан болгонбуз (2 Кор. 4:4; Тит 3:3). Андыктан чечим чыгарарда жети өлчөп, бир кескен күндө да, эгер өзүбүздүн эле түшүнүгүбүзгө таянсак, жаңылып калышыбыз толук ыктымал (Накыл 14:12).

6. Акыл-эстүү болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

6 Күнөөкөр пенделерден айырмаланып, асмандагы Атабыз Жахаба бардык жагынан жеткилең (Мыйз. 32:4). Бактыга жараша, ал бизге ой жүгүртүүбүздү оңдоого, акыл-эстүү болууга жардам берет. (Оку: 2 Тиметей 1:7.) Биз анын кызматчылары катары туура ой жүгүртүп, ошого жараша иш кылып, акыл-эстүү болгубуз келет. Ан үчүн ой-сезимдерибизди башкара билип, Жахабадай ой жүгүртүүгө, иш-аракет кылууга умтулушубуз керек.

7, 8. Кысымга же кыйынчылыктарга карабай, чечимди акыл-эстүүлүк менен чыгарса болорун кайсы окуя көрсөтүп турат?

7 Бир окуяга токтололу. Айрым иммигранттар балалуу болуп калышса, андан ары да иштеп, акча табыш үчүн баласын туугандарына берип жиберишет *. Башка өлкөдө иштеп жүргөн бир аял да ушундай жагдайга кабылган. Ал балалуу болгондо, достору менен туугандары күйөөсү экөөнө кысым көрсөтүп, баланы чоң атасы менен чоң энесине жиберүүгө үндөшкөн. Бирок ал ошол учурда Ыйык Китепти изилдеп, рухий жактан ийгиликтерди кылып жаткан. Ошондуктан эне катары баласын тарбиялоого Кудайдын алдында милдеттүү экенин түшүнүп калган болчу (Заб. 127:3; Эф. 6:4). Ал аял көпчүлүк туура деп эсептеген ишти кылганбы? Же акча-каражат жагынан кыйналышы жана айрымдар жаман көрүшү мүмкүн болсо да, Ыйык Китептен окуп-билгендерине ылайык иш кылганбы? Сен анын ордунда болсоң, эмне кылат элең?

8 Туш-туштан көрсөтүлгөн кысымдан улам заманасы курулуп, ал аял Жахабага жүрөгүндөгүсүн төгүп, андан жетекчилик сураган. Ал өзү менен Ыйык Китепти изилдеген эжеге жана жыйналыштагы башка бир туугандарга көйгөйү тууралуу айтып, алар менен акылдашкан. Натыйжада өзүнүн жагдайына Жахаба кандай караарын түшүнө баштаган. Ал ымыркайынын алыс жакта ата-энесинин мээриминен өксүп, кыйналышы мүмкүн экени тууралуу да ойлонгон. Ошентип, Ыйык Жазманын негизинде кылдат ой жүгүртүүнүн аркасында баласын туугандарына жөнөтүү туура болбой калат деген чечимге келген. Жыйналыштагы бир туугандардын жапа тырмак киришип жардам бергенин, баласынын дени сак, ойдогудай торолуп  келатканын көрүп, күйөөсү да Ыйык Китепти изилдеп, жыйналыштарга бара баштаган.

9, 10. Акыл-эстүү болуу деген эмнени билдирет жана ан үчүн эмне кылышыбыз керек?

9 Бул — акыл-эстүүлүк менен чечим чыгаруу деген өзүбүз же башкалар туура же пайдалуу деп эсептегендей иш кылууну эле билдирбей турганын көрсөткөн бир эле мисал. Биздин жеткилең эмес акылыбыз менен жүрөгүбүз бирде артта калып, бирде алдыга кетип кала берген саатка окшош. Эгер андай саатка карап иш кылсак, кыйынчылыкка кабылышыбыз мүмкүн (Жер. 17:9). Биз акылыбыз менен жүрөгүбүздү Жахабанын өзгөрүлгүс нормаларынын негизинде текшерип турушубуз керек. (Оку: Ышая 55:8, 9.)

10 Ошол себептен Ыйык Китепте: «Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа. Бардык жолдоруңда Кудайды эстеп жүр, ошондо ал сенин жолдоруңду түздөйт»,— деп айтылат (Накыл 3:5, 6). Ооба, өз түшүнүгүбүзгө «ишеним артпай», дайыма «Кудайды эстеп жүргөнүбүз» маанилүү. Анткени ал — чексиз акылман Кудай. Ошондуктан чечим чыгарарда дайыма Ыйык Китепке кайрылып, ошол маселеге карата Жахабанын көз карашы кандай экенин билишибиз, анан ошого ылайык чечим чыгарышыбыз керек. Демек, акыл-эстүү болуу деген Жахабаныкындай ой жүгүртүүгө ээ болууну билдирет.

АКЫЛЫҢДЫ МАШЫКТЫР

11. Туура чечим чыгарууга үйрөнүү үчүн эмне кылуу зарыл?

11 Туура чечим чыгара билүү жана ошого ылайык иш кылуу оңой эмес. Бул, өзгөчө, жаңы чөмүлгөндөргө же жаңыдан рухий жактан ийгилик жасап жаткандарга кыйын болушу мүмкүн. Алар чындык жолунда басканды үйрөнүп жаткандыктан Ыйык Китепте кичинекей балдарга салыштырылат. Бирок алар ийгиликке жете алышат. Наристе кайра-кайра бут шилтеп отуруп, басканды үйрөнгөндөй эле, чындык жолуна жаңыдан түшкөндөр да туура чечим чыгарганга акырындык менен үйрөнүшөт. «Колдонуу аркылуу акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктыргандарды» элчи Пабыл жетилген адамдар деп айткан. «Колдонуу аркылуу...  машыктыргандар» деген сөздөр талыкпай, кайра-кайра аракет кылуу керектигин көрсөтүп турат. Жаңылар так ушундай кылышы абзел. (Оку: Еврейлер 5:13, 14.)

Кичинекей нерселерде да туура чечим чыгарсак, акылыбызды машыктырган болобуз (11-абзацты кара)

12. Чоң нерселерде да акылдуулук менен чечим чыгаруу үчүн эмне кылуу керек?

12 Макаланын башында айтылгандай, чоң болобу же кичинеби, бизге күн сайын көп чечим чыгарууга туура келет. Бир изилдөөгө ылайык, биз чечимдерибиздин дээрлик жарымын көп ойлонуп отурбай эле, көнүп калган адатыбыз боюнча чыгарабыз. Мисалы, күнүгө эртең менен кандай кийинишибиз керектигин чечебиз. Муну жашоодогу майда-чүйдө эле нерсе деп эсептегендиктен, ага көп деле убакытыбызды коротпойбуз. Бирок кийген кийимибиз Жахабанын кызматчысына ылайык келер-келбеси тууралуу ойлонгонубуз маанилүү (2 Кор. 6:3, 4). Кийим сатып алып жатканда биринчи кезекте анын саркечтигине же модалуулугуна көңүл бурушубуз мүмкүн. Бирок анын жөнөкөйлүгү менен баасы тууралуу ойлонобузбу? Ушундай кичинекей нерселерде да туура иш кылсак, акылыбызды машыктырып, чоң нерселерде да акылдуулук менен чечим чыгара алабыз (Лк. 16:10; 1 Кор. 10:31).

ТУУРА ИШ КЫЛУУГА БОЛГОН КААЛООҢДУ ӨРЧҮТ

13. Чыгарган чечимибизге ылайык иш кылуу үчүн эмне маанилүү?

13 Туура чечим чыгарган күндө да, ошого ылайык иш кылуу дайыма эле оңой боло бербейт. Алсак, кимдир бирөө тамекини таштоону чечсе да, эрки жетпегендиктен кайра эле чегип алат. Андай кишиде чыгарган чечимине ылайык иш кылууга чечкиндүүлүк жок болушу мүмкүн. Адамдын эркин булчуңга салыштырса болот. Булчуңду канчалык көп иштетсең, ал ошончолук күчтүү болуп, чыңалат. Ал эми көп иштетпесең, алсырайт. Анын сыңарындай, чыгарган чечимибизге ылайык иш кылуу үчүн эркибиз күчтүү болушу керек. Эркибиз күчтүү болушу үчүн, Жахабага таянышыбыз зарыл. (Оку: Филипиликтер 2:13.)

14. Элчи Пабылга туура иш кылууга чечкиндүү болууга эмне жардам берген?

14 Элчи Пабыл туура нерсени кылуу кээде кыйын экенине өз тажрыйбасынан ынанган. Бир жолу ал: «Жакшылык кылууну каалаарын каалайм, бирок кылбайм»,— деп кейиген. Пабыл эмне кылгысы келип жатканын же эмне кылышы керектигин жакшы билген, бирок ага бир нерсе тоскоолдук кылчу. Ал: «Жүрөгүмдө Кудайдын мыйзамынан ырахат алам, ал эми денемде башка мыйзам бар экенин көрүп турам. Бул мыйзам акылымдагы мыйзамга каршы күрөшүп, мени денемдеги күнөөнүн мыйзамына туткун кылып келет»,— деп мойнуна алган. Бирок Пабыл үмүтсүз абалда эмес болчу. Ал: «Мени Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу куткара турган Кудайга ыраазымын!» — деп айткан (Рим. 7:18, 22—25). Дагы бир катында: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп жазган (Флп. 4:13).

15. Эмне үчүн туура иш кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

15 Ооба, Кудайга жагуу үчүн чечкиндүү иш-аракет кылышыбыз керек. Илияс пайгамбардын Кармел тоосунда Баалдын кызматчылары менен чындыктан четтеген ысрайылдыктарга: «Качанкыга чейин эки анжы ойдо болуп, аксап жүрө бересиңер? Эгер Жахаба чыныгы Кудай болсо, аны ээрчигиле. Эгер Баал чыныгы Кудай болсо, анда аны ээрчигиле»,— деп айтканын эстесең (1 Пад. 18:21). Ысрайылдыктар эмне кылышы керектигин жакшы билишсе да, чечкинсиз болуп, «аксап жүрө беришкен». Алардан айырмаланып, Жашыя бизге сонун үлгү калтырган. Ал ысрайылдыктарга Жахабага кызмат кылгысы келбесе, кимге кызмат кылууну өздөрү чечиши  керектигин айткан соң: «Мен да, менин үй-бүлөм да Жахабага кызмат кылабыз»,— деген (Жаш. 24:15). Жашыянын чечкиндүүлүгүнүн натыйжасы кандай болгон? Ал жана ага кошулуп чыныгы сыйынууну колдогондор Кудай убада кылган «сүт менен бал аккан жерди» мурасташкан (Жаш. 5:6).

ТУУРА ЧЕЧИМДЕРДИ ЧЫГАРЫП, БАТА АЛ

16, 17. Кудайдын эркине ылайык чечим чыгаруунун натыйжасы кандай болот? Мисал менен бышыкта.

16 Үч кичинекей баласы бар жаңы чөмүлгөн ишенимдешибиз менен болгон окуяга токтолуп көрөлү. Ал айлыгы чоң эмес, бирок дем алыш күндөрү үй-бүлөсү менен жыйналыш жолугушууларына жана кабар айтуу кызматына катышууга тоскоолдук кылбаган жумушта иштечү. Бир күнү жумушундагы бир киши ага айлыгы жакшыраак башка жумушка чогуу которулууну сунуш кылган. Бир тууганыбыз бул тууралуу ойлонуп, Жахабадан жетекчилик сураган. Ал эгер макул болсо, бир нече убакыт бою дем алыш күндөрү да иштеп калышы мүмкүн экенин түшүнгөн. Сен анын ордунда болсоң, эмне кылат элең?

17 Жаңы жумушу Жахаба менен болгон мамилесине кандай таасир этиши мүмкүн экенин ойлонгондон кийин ал мурунку эле жумушунда иштей берүүнү чечкен. Ишенимдешибиз чыгарган чечимине өкүнгөнбү? Түк да. Ал өзү үчүн да, үй-бүлөсү үчүн да айлыгы көп жумушка караганда Жахабанын баталары алда канча баалуу экенин түшүнгөн. Он жаштагы улуу кызы ата-энесин, ишенимдештерин жана Жахабаны аябай жакшы көрөрүн айтканда, аялы экөө кубанычы койнуна батпай сүйүнүшкөн. Андан да кубанычтуусу, ал кыз өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлүүнү чечкен. Кудайга сыйынууну жашоосунда биринчи орунга койгон атасынын үлгүсү ага кандай сонун таасир эткен!

Туура чечимдерди чыгарып, Кудайдын бактылуу элинин арасында бол (18-абзацты кара)

18. Күн сайын туура чечим чыгаруу эмне үчүн маанилүү?

18 Муса пайгамбар ысрайыл элин чөлдө жетектегендей, Иса Машаяк да ондогон жылдардан бери Жахабанын кызматчыларын Шайтандын дүйнөсүндө жетектеп келет. Ошондой эле Жашыя ысрайылдыктарды Кудай убада кылган жерге баштап киргендей, ал бул дүйнөнү жок кылып, бизди адилдик өкүм сүрө турган жаңы дүйнөгө алып кирүүгө даяр турат (2 Пет. 3:13). Андыктан азыр кайрадан мурунку абалыбызга түшүп, мурункудай ой жүгүртүп, мурунку максаттарыбызга умтула турган убак эмес. Азыр Кудайдын кандай адам болушубузду каалаарын так-айкын түшүнө турган убак (Рим. 12:2; 2 Кор. 13:5). Андыктан түбөлүк жашап, Кудайдын батасын алууга татыктуу экениң күн сайын чыгарган чечимдериңен көрүнүп турсун. (Оку: Еврейлер 10:38, 39.)

^ абз. 7 Чоң ата, чоң энелери небересин тууган-туушкандарына, досторуна көрсөткүсү келгендиктен да, айрымдар баласын аларга жөнөтүшөт.