Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сен өзгөрдүңбү?

Сен өзгөрдүңбү?

«Акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө» (РИМ. 12:2).

1, 2. Алган тарбиябыз, чоңоюп-өскөн чөйрөбүз бизге кандай таасир этет?

БААРЫБЫЗГА эле алган тарбиябыз, чоңоюп-өскөн чөйрөбүз күчтүү таасир этет. Кандай кийинерибиз, тамактын кандай түрүн жакшы көрөрүбүз, өзүбүздү кандай алып жүрөрүбүз да кандайдыр бир деңгээлде айлана-чөйрөбүзгө, жашаган коомубузга жараша болот.

2 Бирок кийим менен тамак-аштан алда канча маанилүү нерселер бар. Алсак, бизди кичинекейибизден эле «бул туура, бул туура эмес», «бул жакшы, бул жаман» деп үйрөтүп келишкен. Анткен менен эмне жаман, эмне жакшы экенине байланыштуу ар кимдин ою ар кандай. Анын үстүнө, кандай чечим чыгарарыбызга абийирибиз да таасир этет. Ыйык Китепте «мыйзамды билбеген башка элдер» деле көп учурда «мыйзамда айтылгандарды табиятынан эле аткарышары» айтылат (Рим. 2:14). Бирок Кудайдын Сөзүндө кайсы бир нерсеге карата айкын-так мыйзам жок болсо, кичинебизден үйрөтүлгөн же жашаган жерибиздегилер карманган эреже-нормаларга ылайык иш кыла бергенибиз туура болобу?

3. Кудайдын кызматчылары кайсы эки себептен улам көпчүлүк карманган эреже-нормаларга ылайык иш кыла бербейт?

3 Андай учурларда Кудайдын кызматчылары эске алыш керек болгон эки маанилүү нерсе бар. Биринчиден, Ыйык Китеп бизге: «Адамга түз болуп көрүнгөн жол бар, бирок акырында ал өлүмгө алып барат»,— деп эскертет (Накыл 16:25). Жеткилең эмес болгондуктан биз өз кадамыбызга туура багыт бере албайбыз (Накыл 28:26; Жер. 10:23). Экинчиден, Ыйык Китепте бул дүйнөдөгүлөр жетектелген норма-принциптердин калыптанышына «бул дүйнөнүн кудайы» Шайтандын күчтүү таасир этери айтылат (2 Кор. 4:4; 1 Жкн. 5:19). Андыктан Жахабага жаккыбыз жана андан бата алгыбыз келсе, Римдиктер 12:2де жазылган эскертүүгө кулак какканыбыз абзел. (Аятты оку.)

4. Бул макалада кайсы суроолорду талкуулайбыз?

4 Римдиктер 12:2де жазылгандарга байланыштуу төмөнкүдөй маанилүү суроолор туулат: Эмне  үчүн өзгөрүшүбүз керек? Өзгөрүлүү өз ичине эмнени камтыйт? Өзгөрүү үчүн эмне кылышыбыз зарыл? Анда эмесе, ушул суроолордун ар бирин талкуулап чыгалы.

ЭМНЕ ҮЧҮН ӨЗГӨРҮШҮБҮЗ КЕРЕК?

5. Элчи Пабылдын Римдиктер 12:2деги кеңеши кимдерге айтылган?

5 Элчи Пабыл римдиктерге жазган катын Римдин жалпы тургундарына эмес, Жахабанын майланган кызматчыларына жолдогон (Рим. 1:7). Ал аларды өзүлөрүн «бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербей», өзгөрүүгө чакырган. Ошол убакта, б.з. 56-жылдары, Кудайдын Римдеги кызматчылары үчүн «дүйнө түзүлүшү» деген ал империяда кеңири таралган үрп-адаттарды, кийинүү, жүрүм-турум нормаларын билдирген. Элчи Пабылдын: «Мындан ары... жол бербегиле»,— деп айтканынан Кудайдын ошол учурдагы айрым кызматчылары дагы деле дүйнөнүн таасирине алдырып жатышканын көрүүгө болот. Аларга эмнелер таасир эткен?

6, 7. Элчи Пабылдын күндөрүндө Кудайдын Римдеги кызматчыларына эмне үчүн оңой болгон эмес?

6 Бүгүнкү күндө Римге саякатка баргандар байыркы доордогу ибадатканалардын, көрүстөндөрдүн, эстеликтердин, ареналардын, театрлардын жана башка нерселердин урандыларын көрүшөт. Алардын айрымдары 1-кылымга таандык. Өткөн замандын андай калдыктары байыркы Римдеги элдин жашоо-шартынан, туткан дининен кабар берет. Алардын гладиатордук оюндары, араба жарыштары, айрым учурларда ачыктан-ачык эле адеп-ахлаксыздык чагылдырылган түркүн тамаша, оюн-зооктору жөнүндө тарых китептеринде да жазылып калган. Римде соода-сатык да аябай өнүккөндүктөн, көптөр дүнүйө-мүлк топтоп, баюуга умтулушчу (Рим. 6:21; 1 Пет. 4:3, 4).

7 Римдиктер көптөгөн кудайларга сыйынып, сансыз ибадатканаларды курушса да, кудайларына чындап берилгендик өрчүтүшчү эмес. Алар үчүн дин тутуу, негизинен, баланын төрөлүшү, үйлөнүү, сөөк коюу сыяктуу иштерге байланышкан ырым-жырымдарды аткарууну эле билдирген. Андай ырым-жырым, үрп-адаттар алардын күнүмдүк турмушунун бир бөлүгү болгон. Ушундай элдин арасында жашаган Кудайдын кызматчыларына канчалык оор болгонун элестетүү кыйын эмес. Көптөрү ошондой чөйрөдөн чыккандыктан, алар чындык жолуна түшүш үчүн өзгөрүлүшү жана чөмүлгөндөн кийин да өзгөрүлө бериши керек болчу.

8. Эмне үчүн Кудайдын кызматчылары бул дүйнөдө көп кыйынчылыктарга кабылып келет?

8 Бүгүнкү күндө да Кудайдын кызматчылары бул дүйнөдө көп кыйынчылыктарга кабылып келет. Эмне үчүн? Анткени бул дүйнөнүн руху аба сыяктуу бардык жакка тараган. (Оку: Эфестиктер 2:2, 3; 1 Жакан 2:16.) Этият болбосок, Жахабага кызмат кылбагандардын каалоолору, нормалары, ой жүгүртүүсү бизге күн сайын таасир  эте берип, дүйнөгө аралашып кетишибиз мүмкүн. Андыктан, Кудайдын Сөзүндөгү кеңешке ылайык, өзүбүздү «бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербей», өзгөрө бергенибиз маанилүү. Ан үчүн эмне кылышыбыз керек?

ӨЗГӨРҮЛҮҮ ӨЗ ИЧИНЕ ЭМНЕНИ КАМТЫЙТ?

9. Чөмүлүү үчүн кандай өзгөрүүлөрдү кылуу керек?

9 Адам Ыйык Китепти изилдеп, анда айтылгандарды иш жүзүндө колдонгон сайын Жахабага жакындай берет. Анын аркасында ал жашоосунда тийиштүү өзгөрүүлөрдү жасайт. Айталы, жалган дин менен болгон байланышын толугу менен үзүп, терс кулк-мүнөзүнөн, жаман адаттарынан арылып, Машаяктыкындай сапаттарды өрчүтөт (Эф. 4:22—24). Жыл сайын жүз миңдегендердин ушундай ийгиликтерди кылып, Жахаба Кудайга арналганынын белгиси катары чөмүлгөнүн көрүү бизге чоң кубаныч тартуулайт. Бул Жахабаны да кубантары шексиз (Накыл 27:11). Бирок өзгөрүүгө ушул эле нерселер киреби?

Шайтандын дүйнөсүнөн чыгып, өзгөрүү абдан маанилүү (9-абзацты кара)

10. Өзгөрүү эмне үчүн ийгилик кылууну же жакшырууну эле билдирбейт?

10 Өзгөрүү деген ийгилик кылууну же жакшырууну эле билдирбейт. Мисалы, кайсы бир азык-түлүктүн сапаты мурдагыдан да жакшыртылганы жарнамаланышы мүмкүн. Бирок курамынын бир аз эле өзгөртүлгөнү же сыртынын мурункуга караганда коозураак болуп калганы эле болбосо, ал баягы эле азык-түлүк бойдон кала берет. Ыйык Китепти түшүндүргөн бир сөздүккө ылайык, Римдиктер 12:2деги «өзгөргүлө» деген сөз ыйык рухтун таасири менен ой жүгүртүүнү жаңылантып, ички дүйнөнү өзгөртүүнү билдирет. Демек, өзгөрүү деген тилди туура колдонууга үйрөнүүнү, жаман адаттардан, адепсиз жүрүм-турумдан арылууну эле билдирбейт. Анткени Ыйык Китепти билбеген кээ бир адамдар деле жаман иштерден алыс болууга аздыр-көптүр аракет кылышат. Анда өзгөрүү өз ичине эмнени камтыйт?

11. Элчи Пабыл ишенимдештерин кайсы жагынан өзгөрүүгө чакырган?

11 Элчи Пабыл: «Акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө»,— деп жазган. «Акыл» деген ойлоо жөндөмүн билдирет. Ал эми Ыйык Китепте ал адамдын маанайына, көз карашына, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүнө карата да колдонулат. Пабыл римдиктерге жазган катынын баш жагында Кудайга «жакпаган ой жүгүртүүгө жетектелген» адамдар жөнүндө айткан. Алар «адилетсиздиктин, арамдыктын, ач көздүктүн, жамандыктын ар кандай түрүнө, көрө албастыкка, киши өлтүрүүчүлүккө, чыр-чатакка, алдамчылыкка» жана башка жаман иштерге берилип кетишкен (Рим. 1:28—31). Андыктан Пабылдын ошондой чөйрөдө чоңоюп-өскөн ишенимдештерин «өзгөрүүгө» жана акылын жаңыртууга чакырганы таң калыштуу деле эмес.

«Ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн... арылгыла» (Эф. 4:31)

12. Дүйнөдөгү адамдардын көбү кандай көз карашка карманат жана бул бизге кандай таасир этиши мүмкүн?

 12 Өкүнүчтүүсү, биз так эле Пабыл айткандай адамдардын арасында жашап жатабыз. Алар тартип-эрежелерге карманып жашоону өткөн кездин саркындысы деп эсептеп, ар ким өзү туура көргөндөй жашашы керек дешет. Алсак, көптөгөн мугалимдер менен ата-энелер балдарга каалаган нерсесин кылууга уруксат бере беришет, мындайча айтканда, «ой жүгүртүү эркиндигин» жакташат. Алар жаман-жакшыны аныктай турган так көрсөтмө жок, муну ар бир адам өзү чечиши керек деген ойго карманышат. Атүгүл динчил адамдар да Кудайга жана анын мыйзамдарына баш ийбей, өзүн өзү билип, эркин болгусу келет (Заб. 14:1). Мындай көз караш Жахабанын кызматчыларына да таасир этиши ыктымал. Абайлабасак, теократиялык иш-чараларга, жыйналыштагы тартипке баш ийбей, өзүбүзгө жакпаган көрсөтмөлөргө нааразы болуп, наалый башташыбыз же көңүл ачууга, Интернетти колдонууга, жогорку билим алууга карата Ыйык Китептин негизинде берилген кеңештердин тууралыгына шек санай башташыбыз мүмкүн.

13. Эмне үчүн жүрөгүбүздү чынчылдык менен текшеришибиз керек?

13 Бул дүйнө бизди калыптабашы үчүн, жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ой-сезимдерибизди, максаттарыбызды, каалоолорубузду чынчылдык менен текшеришибиз керек. Ичибизде эмне жатканы башкаларга көрүнбөгөндүктөн, алар бизди мактай бериши мүмкүн. Бирок ички дүйнөбүз Ыйык Китептен окуп-билгендерибизге ылайык өзгөрүп жатабы же жокпу, өзүбүз гана жакшы билебиз. (Оку: Жакып 1:23—25.)

ӨЗГӨРҮҮ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛЫШЫБЫЗ ЗАРЫЛ?

14. Кайсы жактардан өзгөрүшүбүз керектигин билүүгө эмне жардам берет?

14 Өзгөрүш үчүн жүрөгүбүздү — ички дүйнөбүздү — өзгөртүшүбүз керек. Бул жагынан бизге эмне жардам берет? Ыйык Китепти изилдегенде Жахабанын бизден эмнени талап кыларын билебиз. Ал эми ага кандай жооп кайтарганыбыздан жүрөгүбүздүн абалы кандай экени, ошондой эле «Кудайдын... жеткилең эркине» ылайык иш кылуу үчүн кайсы жактардан өзгөрүшүбүз керектиги айкын болот (Рим. 12:2; Евр. 4:12).

15. Жахаба эмнебизди калыптайт?

15 Оку: Ышая 64:8. Ышая пайгамбар колдонгон мисал бизге маанилүү нерсени түшүнүүгө көмөк кылат. Улуу Карапачы Жахаба бизди, чополорду, кантип калыптайт? Албетте, ал өңү-түсүбүздү, келбетибизди жакшыртып, сырткы көрүнүшүбүздү сулуулабайт. Ал ички дүйнөбүздү өзгөртөт. Эгер Жахаба калыптаганда, ийге келсек, ал бизге көз карашыбызды, ой жүгүртүүбүздү жакшыртканга жардам берет. Мунун аркасында дүйнөнүн таасирине каршы тура алабыз. Жахаба бизди калыпташ үчүн кандай иш-аракеттерди кылат?

16, 17. а) Карапачы жакшы идиш жасаш үчүн эмне кылат? б) Кудайдын Сөзү бизге баалуу идиш болгонго кандайча жардам берет?

16 Карапачы сапаттуу идиш жасаш үчүн сапаты жакшы чопону колдонот. Бирок ал чопону калыпка салардан мурун эки маанилүү ишти кылат: адегенде чопону ашык баш заттардан тазалаш үчүн жууйт. Андан соң аны керектүү өлчөмдөгү суу менен аралаштырат да, калыптаганда ийге келгидей кылып жакшылап ийлейт.

17 Көңүл бурарлык нерсе, карапачы чопону керексиз заттардан тазалаганда да, аны ийлегенде да сууну колдонот. Ошондо гана ал чебер иштелген  асыл буюм жасай алат. Кудайдын Сөзү суу сыяктуу бизди тазалап, өзгөртө турган күчкө ээ. Ал бизге Кудайды тааныганга чейин калыптанган ой жүгүртүүбүздү оңдоп, ага жаккыдай ой жүгүртүүгө үйрөнгөнгө жана анын көз алдында баалуу идиш болгонго жардам берет (Эф. 5:26). Ишенимдүү кул ондогон жылдардан бери бизди Ыйык Китепти күн сайын окууга, жыйналыш жолугушууларына үзбөй катышууга чакырып келет. Эмне үчүн? Анткени Жахаба бизди ошондой жолдор менен калыптайт (Заб. 1:2; Элч. 17:11; Евр. 10:24, 25).

Өзгөрүү кыйынчылыктарды туура жол менен чечкенге жардам берет (18-абзацты кара)

18. а) Кудайдын Сөзү бизди өзгөртүшү үчүн, ой жүгүртүү эмне үчүн маанилүү? б) Кайсы суроолор тууралуу ой жүгүрткөнүбүз зарыл?

18 Кудайдын Сөзү бизди калыпташ үчүн, аны дайыма окуп-изилдөө жетишсиз. Дүйнө жүзү боюнча Ыйык Китепти окуп, анда жазылгандарды жакшы билген адамдар көп эле кезигет. Балким, сен да кабар айтып жүргөндө ошондой кишилерди жолуктургандырсың. Алардын айрымдары атүгүл Ыйык Китептеги аяттарды жатка айтып бере алышат *. Анткен менен бул алардын ой жүгүртүүсүнө, жашоосуна эч кандай деле таасир этпейт. Эмне үчүн? Себеби Кудайдын Сөзү адамга таасир этип, аны өзгөртүшү үчүн, жүрөгүнө жетиш керек. Андыктан Ыйык Китептен окуп-билгендерибиз тууралуу ой жүгүртүүгө убакыт бөлгөнүбүз маанилүү. Ар бирибиз: «Бул жерде жазылгандардын жөн эле диний окуу эмес, чындык экенине айкын далилдерди көрүп жатамбы? Буларды башкаларды окутканда эле эмес, күнүмдүк жашоомдо да колдономбу? Жахаба муну жеке мага айтып жаткандай караймбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз зарыл. Мунун аркасында Жахабага болгон сүйүүбүз артып, аны менен болгон мамилебиз мурдагыдан да бекемделет. Окуп-билгендерибиз жүрөгүбүздү козгогондо, Кудайга жаккан адам болуп өзгөргөнгө түрткү алабыз (Накыл 4:23; Лк. 6:45).

19, 20. Ыйык Китептеги кайсы кеңешке ылайык иш кылсак, ийгиликке жетебиз?

19 Кудайдын Сөзүн окуп, ой жүгүртүү мындан ары да элчи Пабылдын: «Эски табиятты иштери менен кошо чечип,.. так билимдин негизинде жаңыланып турган жаңы табиятты кийгиле»,— деген кеңешине ылайык иш кыла берүүгө көмөк кылат (Кол. 3:9, 10). Ооба, Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды түшүнүп, иш жүзүндө колдонсок, ийгиликке жетебиз, тактап айтканда, жаңы табиятты киебиз. Натыйжада куу Шайтандын айла-амалдарына каршы тура алабыз.

20 Элчи Петир: «Тил алчаак балдардай болуп,.. мурунку каалоолоруңарга жетеленбегиле... Бардык жагынан ыйык болгула»,— деп айткан (1 Пет. 1:14, 15). Мурунку ой жүгүртүүбүз менен көз карашыбыздан арылыш үчүн болгон күчүбүздү жумшап, өзгөрүүгө аракет кылсак, Жахабанын батасына ээ болобуз. Бул тууралуу кийинки макалада айтылат.

^ абз. 18 1994-жылдын 1-февралындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 10-бетинин 7-абзацын кара.