Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ал күндү дайыма эскеришиңер керек»

«Ал күндү дайыма эскеришиңер керек»

«Ал күндү дайыма эскеришиңер керек. Аны Жахабага арналган майрам катары... белгилегиле» (ЧЫГ. 12:14).

«ӨЗГӨЧӨ КҮН» дегенди укканда дароо эле эмнени эстейсиң? Эгер үй-бүлөлүү болсоң, жубайың менен баш кошкон күндү эстешиң мүмкүн. Айрымдар болсо кайсы бир тарыхый окуяны, алсак, мамлекетинин эгемендүү болгон күнүн эстеши ыктымал. Бирок 35 кылымдан ашуун убакыттан бери жыл сайын белгиленип келаткан бир улуттук майрам жөнүндө уктуң беле?

2 Ал — байыркы ысрайыл эли Мисир кулчулугунан бошонгондон тартып белгилене баштаган Пасах майрамы. Бул майрам сен үчүн да чоң мааниге ээ. Эмне үчүн? Анткени ал жашооңо зор таасирин тийгизет. Бирок сен: «Мен Машаяктын жолдоочусумун да, жүйүттөрдүн ал майрамынын мага кандай тиешеси бар?» — деп ойлошуң мүмкүн. Ошондой болсо: «Пасах козусу Машаяк биз үчүн курмандыкка чалынган»,— деген аяттан сурооңо жооп таба аласың (1 Кор. 5:7). Бирок бул аяттагы сөздөрдүн маанисин түшүнүү үчүн, адегенде жүйүттөрдүн Пасах майрамы тууралуу жана анын Машаяктын жолдоочуларына кандай тиешеси бар экени жөнүндө билишибиз керек.

ЫСРАЙЫЛДЫКТАР ПАСАХ МАЙРАМЫН ЭМНЕ ҮЧҮН БЕЛГИЛЕШЧҮ?

3 Жүйүт элинен болбосо да, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Пасах майрамы негизделердин алдында болгон окуялар жөнүндө аздыр-көптүр билишет. Алар Пасах тууралуу Ыйык Китептен окушкан, бирөөлөрдөн угушкан же ошол окуяга негизделген тасмаларды көрүшкөн.

4 Ысрайылдыктар көптөгөн жылдар бою Мисир жеринде кул болуп жүргөндө, Жахаба Муса пайгамбар менен анын агасы Арунду фараонго жөнөтүп, элин бошотушун талап кылган. Көөдөнүн көккө кармаган Мисир өкүмдары ысрайылдыктарды коё  бербей койгондо, Жахаба анын жерин бир нече жаза менен кыйраткан. Акыры, Кудай онунчу жазаны жиберип, мисирликтердин тун балдарын өлтүргөндө, фараон ысрайыл элин коё берген (Чыг. 1:11; 3:9, 10; 5:1, 2; 11:1, 5).

5 Бирок кулчулуктан бошонгонго чейин ысрайылдыктар айрым көрсөтмөлөрдү аткарышы керек болгон. Ошондо б.з.ч. 1513-жылдын жаз мезгилинин абиб айы болчу. Ал ай кийинчерээк нисан деп аталып калган *. Кудайдын буйругу боюнча, ысрайылдыктар нисан айынын онунчу күнүнөн тартып он төртүнчү күнү күн баткандан кийин боло турган окуяларга даярдык көрүшкөн. Еврейлердин күнү күн баткандан күн батканга чейин созулчу. 14-нисанда ар бир үй-бүлө эркек козу же улак союп, анын канын эшиктин баш босогосуна жана кашектерине чачыратышкан (Чыг. 12:3—7, 22, 23). Ысрайылдыктар козунун этин ачытылбаган нан жана ачуу чөптөр менен жеген. Ошол түнү Кудайдын периштеси Мисирди аралап өтүп, ал жердегилердин тун балдарын өлтүргөндө, ысрайылдыктар Кудайдын тилин алганы үчүн эч зыян тарткан эмес. Ошентип, алар боштондукка чыгышкан (Чыг. 12:8—13, 29—32).

6 Ысрайыл эли өзүлөрүнүн кулчулуктан арылган күнүн унутпашы керек болчу. Ошондуктан Кудай аларга: «Ал күндү дайыма эскеришиңер керек. Аны Жахабага арналган майрам катары укумдан-тукумга белгилегиле. Аны майрамдагыла, бул — түбөлүккө берилген көрсөтмө»,— деп айткан. 14-нисан күнү Пасах майрамы белгиленгенден кийин, ысрайылдыктар жети күнгө созулган калама майрамын майрамдашчу. Анткен менен ал сегиз күндүн баары тең Пасах майрамы деп атала берчү (Чыг. 12:14—17; Лк. 22:1; Жкн. 18:28; 19:14). Пасах жүйүттөр жыл сайын белгилеши керек болгон майрамдардын катарына кирген (2 Жылн. 8:13).

7 Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга ылайык жашаган жүйүттөр катары Иса Машаяк менен анын элчилери Пасах майрамын белгилешчү (Мт. 26:17—19). Элчилери менен ал майрамды акыркы жолу өткөргөн соң Машаяк жолдоочулары жыл сайын белгилеши керек болгон жаңы аземди — Эскерүү кечесин — негиздеген. Алар аны кайсы күнү белгилешкен?

ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ КАЙСЫ КҮНҮ ӨТКӨРҮЛГӨН?

8 Иса Машаяк Пасах майрамын акыркы жолу белгилегенден кийин дароо Эскерүү кечесин кантип өткөрүү керектигине байланыштуу көрсөтмөлөрдү берген. Демек, ал жаңы азем Пасах майрамы белгиленген күнү негизделген. Бирок айрымдарыбыз бүгүнкү күндөгү жүйүттөрдүн Пасах майрамы биз Эскерүү кечесин белгилеген күнгө дайыма эле туш келе бербей турганын байкаган чыгарбыз. Ал эки майрам эмне үчүн бир күнгө туш келбей калат? Бул суроонун жообун Кудайдын ысрайыл элине Пасах майрамын качан белгилей башташы керектигине байланыштуу берген буйругунан табууга болот. Жахаба Муса пайгамбар аркылуу «Ысрайыл жамаатындагы ар бир үй-бүлө» козуну 14-нисанда кайсы маалда союшу керектигин айткан. (Оку: Чыгуу 12:5, 6.)

9 Чыгуу 12:6нын шилтемесинен көрүнүп тургандай, козу «эки кечтин ортосунда» союлушу керек болчу. Ыйык Китептин айрым котормолорунда аяттын  өзүндө так эле ушул сөздөр колдонулган. Ал эми башка котормолорунда «күүгүмдө», «кеч кирери менен», «күн баткандан кийин» деген сөздөр менен берилген. Демек, козу 14-нисан башталганда, тагыраак айтканда, күн баткандан кийин, бирок караңгы толук кире электе союлушу керек болчу.

10 Кийинчерээк ысрайылдыктар Пасах козусун ибадатканага алып келе баштагандыктан, аларды союуга көп убакыт кетчү. Ошондуктан бир нече кылым өткөндөн кийин айрым жүйүттөр Чыгуу 12:6дагы көрсөтмөлөр 14-нисандын аягында — түш оогон маалдан тартып, күн батканга чейинки убакыт аралыгында — аткарылышы керек деп ойлой башташкан. Эгер козу 14-нисандын аягында союлса, анда эл аны качан жейт эле? Профессор Жонатан Клевонс мындай деп түшүндүргөн: «Жаңы күн күн баткандан кийин башталчу, андыктан козу 14-нисанда союлганы менен, Пасах майрамы 15-нисанда белгиленип, козу ошондо желе турган. Бирок Чыгуу китебинде так ушундай болушу керек деп айтылган эмес». Ал ошондой эле: «Б.з. 70-жылы ибадаткана талкаланганга чейин Пасах майрамы кантип өткөрүлгөнү раввиндердин жазууларында такыр айтылбайт»,— деп кошумчалаган (жантайыңкы ариптер биздики, ред.).

11 Анда б.з. 33-жылы Пасах майрамы кайсы күнү белгиленген? 13-нисанда, «пасах курмандыгы союла турган» күн жакындап калганда, Иса Машаяк Петир менен Жаканга: «Барып, бизге пасах тамагын даярдагыла»,— деп айткан (Лк. 22:7, 8). Ал эми 14-нисанда, бейшемби күнү кечинде, «тамак иче турган убак келген». Машаяк элчилери менен тамак ичип бүткөндөн кийин Эскерүү кечесин негиздеген (Лк. 22:14, 15). Ошол эле түнү диний жетекчилер аны кармап, суракка алышкан. 14-нисанда түшкө маал ал устунга кадалып, түштөн кийин өлгөн (Жкн. 19:14). Ошентип, кадимки Пасах козусу союлган күнү «Пасах козусу Машаяк биз үчүн курмандыкка чалынган» (1 Кор. 5:7; 11:23; Мт. 26:2). Ал кийинки күн, 15-нисан, башталганга чейин мүрзөгө коюлган * (Леб. 23:5—7; Лк. 23:54).

ПАСАХ МАЙРАМЫ СЕН ҮЧҮН КАНДАЙ МААНИГЕ ЭЭ?

12 Мисир жеринде Пасах майрамы алгачкы  жолу өткөрүлүп жатканда, Жахаба Муса пайгамбар аркылуу элине аны «түбөлүккө» белгилеши керектигин айткан. Жыл сайын өткөрүлгөн ал майрам учурунда балдар ата-энелеринен анын мааниси тууралуу сурашмак. (Оку: Чыгуу 12:24—27, Мыйз. 6:20—23.) Андыктан Пасах балдар да эскериши керек болгон маанилүү майрам болгон (Чыг. 12:14).

13 Ысрайылдыктар муундан муунга балдарына Пасах майрамы жөнүндө айтып берип, маанилүү нерселерге үйрөтүшкөн. Мисалы, алар Жахабанын өзүнүн элин куткара алары тууралуу айтып беришкен. Натыйжада балдар Жахабанын табышмактуу эмес, өзүнүн элине кам көрүп, аларды коргогон тирүү Кудай экенин билишкен. Ал муну «мисирликтерди жазалап», ысрайылдыктардын тун балдарын сактап калганда далилдеген.

14 Албетте, Иса Машаяктын жолун жолдогон ата-энелерден балдарына Пасах майрамынын маанисин жыл сайын түшүндүрүп берүү талап кылынбайт. Ошентсе да алар, байыркы ысрайылдыктардай болуп, балдарына Кудай өзүнүн элин коргоп жатканы тууралуу айтып бере алышат. Ата-энелер, Жахабанын өзүнүн кызматчыларын коргой турганына бекем ишенериңер балдарыңарга айкын көрүнүп турабы? (Заб. 27:11; Ыш. 12:2). Аларга ушул нерселерди түшүнүүгө жардам берүүдө тажатып сүйлөй бербей, жагымдуу пикир алышууга аракет кыласыңарбы? Ушуларды кылсаңар, үй-бүлөңөр рухий жактан өсө берери шексиз.

Пасах майрамы жөнүндөгү билдирүүнү талкуулоо менен балдарыңды эмнеге үйрөтө аласың? (14-абзацты кара)

15 Пасах майрамына байланыштуу билдирүүдөн Жахабанын өз элин коргой аларын эле эмес, куткара аларын да биле алабыз. Ал ысрайылдыктарды «Мисирден алып чыкканда» кандай улуу иштерди кылганы жөнүндө ойлонуп көрсөң. Жахаба аларды күндүз булут мамы, түнкүсүн от мамы аркылуу жетектеген. Ысрайылдыктар эки тарабынан аска-зоодой болуп заңкайган Кызыл деңиздин ортосунан өтүшкөн. Алар деңиздин аркы өйүзүнө өткөндөн кийин, алп толкундар мисирликтердин аскерин басып калганына күбө болушкан. Куткарылганына сүйүнгөн ысрайылдыктар: «Жахабага ырдаймын, анткени ал... атчанды аты менен кошо деңизге чөктүрдү. Жах — менин күч-кубатым, анткени ал мени куткарды»,— деп жер жаңырта Жахабаны даңкташкан (Чыг. 13:14, 21, 22; 15:1, 2; Заб. 136:11—15).

16 Ата-энелер, балдарыңарга Жахабанын өз элин куткара алган Кудуреттүү Кудай экенине ишенүүгө жардам берип жатасыңарбы? Алар сүйлөгөн сөзүңөрдөн, чыгарган чечимиңерден өзүңөрдүн да ошого ишенериңерди көрүп турабы? Балким, үй-бүлө менен сыйынуу кечинде Чыгуу китебинин 12—15-бөлүмдөрүндөгү окуяларды окуп, Жахабанын өз элин кантип куткарганы жөнүндө талкуулап көрөттүрсүңөр. Ошондой эле Элчилер 7:30—36-аяттардагы же Даниел 3:16—18, 26—28-аяттардагы окуяларды изилдөө да пайдалуу болушу мүмкүн. Ооба, жашпызбы, карыбызбы,  баарыбыз Жахабанын өз элин Муса пайгамбардын күндөрүндө куткаргандай эле, келечекте да сөзсүз куткарарына толук ишенишибиз керек. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 1:9, 10.)

ЭСКЕРИП ЖҮРҮШҮБҮЗ ҮЧҮН

17 Биз бүгүнкү күндө Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзам боюнча жашабагандыктан Пасах майрамын өткөрбөйбүз (Рим. 10:4; Кол. 2:13—16). Бирок биз башка аземди, Кудайдын Уулунун өлүмүн эскерүү аземин, белгилейбиз. Ошентсе да байыркы Мисирде негизделген Пасах майрамынан көп нерселерди биле алабыз.

18 Ысрайылдыктар тун балдарынын өмүрүн сактап калыш үчүн козунун канын эшиктин баш босогосуна жана кашектерине чачыратышы керек болчу. Бүгүн биз Жахабага Пасах майрамы белгиленип жаткан маалда да, бөлөк учурларда да малдан курмандык чалбайбыз. Анткени өмүрүбүздү сактап кала турган алда канча баалуу курмандык чалынганын билебиз. Элчи Пабыл майлангандардын — «ысымдары асманда жазылган туңгучтардын» — жыйналышы жөнүндө жазган. Алар «чачыратылган кандын», Иса Машаяктын канынын, негизинде асманда түбөлүккө жашай алышат (Евр. 12:23, 24). Машаяктын канынын негизинде башка койлор да жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшөт. Андыктан баарыбыз «Кудайдын мол ырайымынан улам Машаяк аркылуу, анын канынын негизинде төлөнгөн кун аркылуу боштондукка чыгышыбызга,.. күнөөлөрүбүздүн кечирилишине жол ачылганын» эстен чыгарбайлы (Эф. 1:7).

19 Ысрайылдыктарга Пасах майрамы үчүн союлган козунун бир да сөөгү сындырылбашы керектиги айтылган (Чыг. 12:46; Сан. 9:11, 12). Ал эми өмүрүн кун катары берген «Кудайдын Козусу» тууралуу эмне айтууга болот? (Жкн. 1:29). Машаяк эки кылмышкер менен бирге устунга кадалган. 15-нисан, улуу ишемби, болоюн деп калгандыктан, жүйүттөр устунга кадалгандардын өлүмүн тездетүү максатында Пилаттан алардын сөөктөрүн сындырууну суранышкан. Жоокерлер эки кылмышкердин бутун сындырышкан, «ал эми Исанын жанына келип, анын өлүп калганын көрүшкөндүктөн бутун сындырышкан» эмес (Жкн. 19:31—34). Ошентип, Пасах майрамында союлган козу сыяктуу эле, Машаяктын да сөөктөрү сындырылган эмес. Андыктан, Пасах козусу б.з. 33-жылы 14-нисанда Иса Машаяктын чалына турган курмандыгынын «көлөкөсү» болгон деп айтууга болот (Евр. 10:1). Андан тышкары, ошол окуянын аркасында Забур 34:20дагы сөздөр аткарылган. Бул биздин Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарга карата ишенимибизди бекемдейт.

20 Бирок жүйүттөрдүн Пасах майрамы менен Эскерүү кечесинин ортосунда айырмачылыктар да бар. Мындан жүйүттөр өткөргөн Пасах майрамы Машаяктын өлүмүн эскерүү кечесинин көлөкөсү болбогонун көрүүгө болот. Мисалы, жүйүттөр козунун этин жешчү, бирок канын ичишчү эмес. Ал эми Машаяк жолдоочуларына башкача көрсөтмө берген. Ал «Кудайдын Падышалыгында» өзү менен кошо бийлик жүргүзө тургандар анын денесинин жана канынын символу болгон нандан жеп, шараптан ичиши керектигин айткан. Бул тууралуу кийинки макалада кененирээк талкуулайбыз (Мр. 14:22—25).

21 Пасах майрамы Кудайдын элинин тарыхында маанилүү орунду ээлеген жана биз андан көп нерсени биле алабыз. Ал жүйүттөр эскерип жүрүшү керек болгон майрам болсо да, ал тууралуу көбүрөөк билип, баалуу ойлорду көкүрөгүбүзгө түйүп алышыбыз керек, анткени «бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган» (2 Тим. 3:16).

^ абз. 5 Ысрайылдыктардын биринчи айы абиб, алар Бабыл кулчулугунан кайтып келгенден кийин, нисан деп аталып калган. Бул макалада «нисан» деген аталыш колдонулат.

^ абз. 11 Пасах майрамынын эртеси 15-нисан калама майрамынын биринчи күнү болгондуктан, жуманын кайсы күнүнө туш келбесин, дайыма ишемби күн деп эсептелчү. Б.з. 33-жылы 15-нисан жуманын кадимки ишемби күнүнө туш келгендиктен, ал күн «улуу ишемби» деп аталган. (Оку: Жакан 19:31, 42.)