Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Муну мени эскериш үчүн кылгыла»

«Муну мени эскериш үчүн кылгыла»

«Кудайга ыраазычылык билдирген соң, [нанды] сындырып: „Бул силер үчүн берилип жаткан денемди билдирет. Муну мени эскериш үчүн кылгыла“,— деп айткан» (1 КОР. 11:24).

«МЫНА, асманда булут сүрүлүп, жаңырган ай да даана көрүнүп калды. Муну кечээ кечинде Иерусалимдеги сакчы да көрдү болуш керек. Синедриондогулар бул тууралуу угары менен жаңы айдын, нисан айынын, башталганын жарыялап, жарчылар аны өлкөнүн чар тарабына, атүгүл бул жакка да кабарлашты. Устатыбыздын Пасах майрамы башталганга чейин Иерусалимде болуп калыш үчүн жолго чыгары анык».

2 Иса Машаяк акыркы жолу Иерусалимге сапар тартарда, анын элчилеринин айрымдарына ушул сыяктуу ойлор келсе керек. Ошол убакта алар Устаты менен чогуу Иордандын аркы өйүзүндөгү Переяда жүрүшкөн (Мт. 19:1; 20:17, 29; Мр. 10:1, 32, 46). Нисан айынын биринчи күнү аныкталгандан кийин, Пасахтын качан өткөрүлөрү баарына маалым эле: майрам 13 күн өткөн соң, 14-нисанда күн баткандан кийин, белгиленмек.

3 Эскерүү кечеси байыркы жүйүттөр өткөрүп жүргөн Пасах майрамына туш келет. Ал 2014-жылы 14-апрелде күн баткандан кийин белгиленет. Ал күн Кудайдын бардык кызматчылары жана кызыгуучулар үчүн өзгөчө күн болот. Эмне үчүн? Анткени 1 Корунттуктар 11:23—25-аяттарда мындай делет: «Мырзабыз Иса нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирген соң, аны сындырып: „Бул силер үчүн берилип жаткан денемди билдирет. Муну мени эскериш үчүн кылгыла“,— деп айткан». Анан Машаяк «чөйчөктү да алып», ал күндү эскерип туруу керектигин дагы бир ирет баса белгилеген.

4 Иса Машаяк жолдоочуларына жалгыз гана ушул аземди жыл сайын белгилөөнү буйруган. Сенин да ал аземге катышууну каалаарың шексиз.  Андыктан ал күн келгиче: «Эскерүү кечесине кантип даярдык көрүшүм керек? Анын өткөрүлүшүндө эмнелер колдонулат? Ал кандай тартипте өткөрүлөт? Дегеле Эскерүү кечеси менен андагы символдордун мен үчүн кандай мааниси бар?» — деп ойлонуп көр.

СИМВОЛДОР

5 Иса Машаяк элчилерине Пасах майрамын өткөрүүгө бөлмө даярдоону буйруганда аны аябай жасалгалашы керектигин айткан эмес. Ал, болгону, бөлмөнүн таза, тыкан жана өзү менен элчилери баткыдай болушун каалаган. (Оку: Марк 14:12—16.) Элчилер кечени өткөрүүдө керектелчү нерселерди, анын ичинде ачытылбаган нан менен кызыл шарапты да камдап коюшу керек болчу. Пасах тамагын жеп бүткөндөн кийин Машаяк Эскерүү кечесин негиздөөдө ошол эки нерсени колдонгон.

6 Ошол кечеге катышкан элчи Матай кийин: «Иса нанды алып, тиленген соң аны сындырды да, шакирттерине узатып жатып: „Алгыла, жегиле...“ — деди»,— деп жазган (Мт. 26:26). Ал нан Пасах майрамында колдонулган калама болчу (Чыг. 12:8; Мыйз. 16:3). Калама сууга жуурулган буудай унунан жасала турган. Ага эч кандай татымал, атүгүл туз да кошулчу эмес. Ошондой эле ачыткы кошулбай жасалгандыктан бышканда көтөрүлчү эмес. Ал катыраган, сындырганга оңой болчу. Бүгүнкү күндө аксакалдар кимдир бирөөдөн Эскерүү кечесине ошондой нан жасап келүүнү суранышы мүмкүн. Аны бир аз май шыбалган көмөч казанга бышырса болот. Эгер буудай уну жок болсо, каламаны арпанын, жүгөрүнүн, күрүчтүн же дагы башка дан өсүмдүктөрүнүн унунан жасаса болот.

7 Матай андан ары Иса Машаяктын «чөйчөктү алып, Кудайга ыраазычылык билдирген» соң аны шакирттерине узатып: «Мындан баарыңар ичкиле»,— деп айтканын жазган (Мт. 26:27, 28). Чөйчөккө жүзүмдүн жаңы сыгылган ширеси эмес, кызыл шарап куюлган болчу. Анткени ал учурда жүзүмдүн  жыйналганына бир топ ай болуп калган. Ысрайыл эли Мисир жеринде белгилеген алгачкы Пасах майрамында шарап колдонулбаса да, Иса Машаяк дасторкондо шараптын болушуна каршы болгон эмес. Ал атүгүл Пасахтан калган шарапты Эскерүү кечесинде колдонгон. Ошондуктан анын жолдоочулары Эскерүү кечесинде шарапты колдонушат. Машаяктын каны жеткилең болгондуктан, аны символдоштурган шарапка коньяк же ар кандай татымал кошулбашы керек. Ал колго жасалабы же дүкөндөрдөн сатылып алынабы, эң негизгиси, кызыл нак шарап болууга тийиш.

СИМВОЛДОР ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

8 Элчи Пабыл Машаяктын өлүмүн анын элчилери эле эмес, бардык жолдоочулары эскерип турушу керектигин айткан. Корунттагы ишенимдештерине ал: «Силерге үйрөткөндөрүмдү мен Мырзабыздан алгам: Мырзабыз Иса нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирген соң, аны сындырып: „Бул силер үчүн берилип жаткан денемди билдирет. Муну мени эскериш үчүн кылгыла“,— деп айткан»,— деп жазган (1 Кор. 11:23, 24). Ошол буйрукка ылайык, Машаяктын жолдоочулары азыркыга чейин ал өзгөчө аземди жыл сайын белгилеп, андагы символдордун, нан менен шараптын, маанисине өзгөчө көңүл буруп келишет.

9 Чиркөөгө баргандардын айрымдары Иса Машаяк түзмө-түз: «Бул — менин денем»,— деп айткан, ошондуктан нан чындап эле керемет жолу менен анын денесине айланат деп ойлошот. Бирок чынында андай эмес *. Элчилер ачытылбаган нандан ооз тийишкенде,  Иса Машаяк алардын жанында эле турган. Демек, ал нан жөнүндө сөз кылганда, башка көптөгөн учурлардагыдай эле, каймана мааниде сүйлөгөн (Жкн. 2:19—21; 4:13, 14; 10:7; 15:1).

10 Элчилердин алдында турган жана алар ооз тийген нан Машаяктын денесин билдирген. Кайсы денесин? Бир кездерде Кудайдын кызматчылары: «Иса шакирттерине узатардын алдында нанды сындырган, ал эми анын бир да сөөгү сындырылган эмес. Андыктан нан „Машаяктын денесин“ түзгөн майлангандардан турган жыйналышты билдирет»,— деп ойлошкон (Эф. 4:12; Рим. 12:4, 5; 1 Кор. 10:16, 17; 12:27). Бирок убакыттын өтүшү менен алар Ыйык Китепти кылдат изилдөөнүн аркасында нан Иса Машаяктын кадимки денесин билдирерин түшүнүшкөн. Ал биз үчүн «адам болуп жүргөн кезинде азап чегип», устунга кадалган. Ошондуктан Эскерүү кечесинде колдонулган нан анын биздин күнөөлөрүбүз үчүн курмандыкка чалган денесин билдирет (1 Пет. 2:21—24; 4:1; Жкн. 19:33—36; Евр. 10:5—7).

11 Муну билүү бизге Машаяктын шарап жөнүндө айткандарын да түшүнүүгө жардам берет. Ыйык Китепте: «[Иса] кечки тамактан кийин чөйчөктү да алып: „Бул чөйчөк менин канымдын негизинде түзүлүүчү жаңы келишимди билдирет...“ — деген»,— деп жазылган (1 Кор. 11:25). Бул аят Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда, анын ичинде «Үмүт нуру» котормосунда: «Бул чөйчөк — Менин Каным менен бекитиле турган жаңы келишим»,— деп берилген. Чөйчөк чынында эле келишимдин өзү болгонбу? Албетте, жок. Машаяк анын ичиндеги шарапты айткан болчу. Анын сөздөрүнө ылайык, шарап биз үчүн төгүлө турган канын билдирген.

12 Марк жазган Инжилде Иса Машаяктын: «Бул көптөр үчүн төгүлө турган канымды, „келишимдин канын“, билдирет»,— деген сөздөрү бар (Мр. 14:24). Ооба, анын каны «көптөрдүн күнөөлөрү кечирилиши үчүн төгүлмөк» (Мт. 26:28). Андыктан кызыл шарап анын канын билдирет. «Анын канынын негизинде төлөнгөн кун аркылуу боштондукка чыгышыбызга,.. күнөөлөрүбүздүн кечирилишине жол ачылган». (Оку: Эфестиктер 1:7.)

Элчилер Машаяктын канын билдирген шараптан ооз тийишкен (11, 12-абзацтарды кара)

МАШАЯКТЫН ӨЛҮМҮН ЭСКЕРҮҮ

13 Балким, сен Жахабанын Күбөлөрү өткөргөн Эскерүү кечесине биринчи жолу катышканы жаткандырсың. Келгендердин баары өздөрүн ыңгайлуу сезип, кубаныч алышы үчүн, адатта, ал азем таза, тыкан, орундуктар жетиштүү жерде өткөрүлөт. Ал жер бир аз гүлдөр менен жасалгаланса да, өтө эле кооздолбойт жана шаан-шөөкөт уюштурулбайт. Тажрыйбалуу аксакал Ыйык Китептин негизинде ал кече тууралуу жөнөкөй, түшүнүктүү баяндама окуйт. Ал Машаяктын кандайча баарыбыз үчүн өз өмүрүн кун катары бергенин түшүндүрүп берет. (Оку: Римдиктер 5:8—10.)

14 Баяндамачы Машаяктын жолдоочулары үчүн, Ыйык Китепке ылайык, кандай эки үмүт бар экенине да токтолот. Алардын айрымдары, анын ишенимдүү элчилери сыяктуу, аны менен асманда бийлик жүргүзүү үмүтүнө ээ (Лк. 12:32; 22:19, 20; Аян 14:1). Ал эми басымдуу бөлүгү жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнүшөт. Акыры Кудайдын эрки асмандагыдай эле жерде да аткарылып, анын кызматчыларынын көптөн берки тилеги орундалат (Мт. 6:10). Ыйык Китепте алардын телегейи тегиз шартта жашап, түбөлүктөн түбөлүккө ырахат алары айтылат (Ыш. 11:6—9; 35:5, 6; 65:21—23).

 15 Ушуларды айткандан кийин баяндамачы Иса Машаяктын Эскерүүгө байланыштуу берген көрсөтмөлөрүн аткарууга убакыт келгенин айтат. Ал угуучулардын көңүлүн жанындагы үстөлдө турган нан менен шарапка бурат. Анан Ыйык Китепте Машаяктын нанга байланыштуу эмнелерди кылганы жазылган аятты, алсак, Матай китебиндеги: «Иса нанды алып, тиленген соң аны сындырды да, шакирттерине узатып жатып: „Алгыла, жегиле. Бул менин денемди билдирет“,— деди»,— деген сөздөрдү окуйт (Мт. 26:26). Машаяк нанды сындырып, шакирттерге узаткан. Андыктан 14-апрелде өткөрүлө турган аземде идиштерге салынган ачытылбаган нанды көрөсүң.

16 Бир бир тууган кыскача тиленгенден кийин, нан жергиликтүү шартка жараша колдон колго өткөрүлөт. Буга өтө көп убакыт кетпеш үчүн, идиштер жетиштүү санда болот. Ал учурда кандайдыр бир жөрөлгөлөр жасалбайт. 2013-жылдагыдай эле кээ бир жерлерде нандан айрымдар гана ооз тийиши же эч ким ооз тийбеши мүмкүн.

17 Анан баяндамачы, Матай китебинде жазылгандарга ылайык, Машаяктын шарапка байланыштуу эмнелерди кылганына көңүл бурат. Ал жерде: «[Иса] чөйчөктү алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аны шакирттерине узатып: „Мындан баарыңар ичкиле, анткени бул көптөрдүн күнөөлөрү кечирилиши үчүн төгүлө турган канымды, “келишимдин канын”, билдирет...“ — деди»,— деп жазылган (Мт. 26:27, 28). Ошол үлгүгө ылайык, дагы бир жолу кыска тиленүү айтылып, кызыл шарап куюлган идиштер колдон колго өткөрүлөт.

18 Иса Машаяк өзү менен кошо Кудайдын Падышалыгында бийлик жүргүзө тургандар гана символдордон ооз тийиши керектигин айткандыктан, катышуучулардын көбү алардан ооз тийишпейт. (Оку: Лука 22:28—30; 2 Тим. 4:18.) Алар тек гана урмат көрсөткөн байкоочулар катары катышышат. Символдордон ооз тийбесек да, Эскерүү кечесине катышканыбыз маанилүү. Муну менен Машаяктын курмандыгын жогору баалаарыбызды көрсөтөбүз. Эскерүү маалында Машаяктын куткаруу курмандыгынын аркасында кандай баталарды аларыбыз тууралуу ой жүгүртсөк болот. Мисалы, биз жакындап келаткан улуу алааматтан аман өтө турган «эбегейсиз көп адамдардын» арасында болууга үмүттөнөбүз. Ошондой эле кунга ишенгендиктен кийимдерибизди «Козунун канына жууп агартабыз», башкача айтканда, Кудайдын алдында адил деп эсептелебиз (Аян 7:9, 14—17).

19 Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү бул өзгөчө аземге алдын ала даярдык көрүшөт. Алсак, биз ага бир нече жума калганда мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарды кечеге чакырабыз. Ал эми бир нече күн калганда Ыйык Китептен б.з. 33-жылы Эскерүү кечеси негизделгенге чейин Иса Машаяктын эмнелерди кылганын жана кандай окуялар болгонун окуйбуз. Эскерүүгө катышууну алдын ала пландаштырганбыз абзел. Келгендерди тосуп алыш үчүн жана аземдин башынан аягына чейин толук катышуу үчүн эртерээк барганыбыз жакшы. Баяндамачы айткан аяттарды Ыйык Китебибизден карап отуруу баарыбызга: жыйналыштагыларга да, кызыгуучуларга да пайдалуу болот. Баарынан маанилүүсү, Эскерүүгө катышуу менен биз Машаяктын куткаруу курмандыгына чын жүрөктөн ыраазы экенибизди жана анын: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деген буйругуна баш иерибизди көрсөтөбүз (1 Кор. 11:24).

^ абз. 9 Немис окумуштуусу Генрих Мейер: «Исанын денеси ошол учурда дагы деле сындырыла элек (тирүү) жана каны төгүлө элек экенин көргөндүктөн, дасторкондо отургандардын [элчилердин] эч кимиси... чындап эле Мырзабыздын денесин жеп, канын ичип жатабыз деп ойлогон эмес»,— деген. Ал ошондой эле Машаяктын нан менен шарап эмнени билдирерин түшүндүргөндө «жөнөкөй сөздөрдү» колдонгонун жана элчилеринин аны туура эмес түшүнүп калышын кааламак эместигин айткан.