Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ой жүгүртүүңөрдүн бурмаланып калышына жол бербегиле»

«Ой жүгүртүүңөрдүн бурмаланып калышына жол бербегиле»

«Бир туугандар,.. силерден өтүнөрүбүз... ой жүгүртүүңөрдүн бурмаланып калышына жол бербегиле» (2 ТЕС. 2:1, 2).

АЛДАМЧЫЛЫК, куулук-шумдук, жалган айтуу азыркы дүйнөдө кадимки эле көрүнүштөрдөн болуп калды. Биз буга таң калбайбыз. Ыйык Китепте Шайтан Ибилистин алдаганга маш экени жана бул дүйнөнү башкарып жатканы ачык эле айтылат (1 Тим. 2:14; 1 Жкн. 5:19). Азыркы ыймансыз дүйнөнүн акыры жакындаган сайын, Шайтан ого бетер каарданууда, анткени ал «убактысынын аз калганын билет» (Аян 12:12). Андыктан Ибилистин таасири алдындагылар ар кандай калпты, айрыкча, чыныгы сыйынууну жактагандар жөнүндөгү бурмаланган ойлорду барган сайын көбүрөөк жайылта берери турган иш.

2 Жалпыга маалымдоо каражаттарында Жахабанын кызматчылары жана алар ишенген нерселер жөнүндө жаңылыш ойлор, атүгүл карандай калп кездешкен учурлар болот. Гезиттер, телеберүүлөр жана Интернет аркылуу алар тууралуу жалган маалыматтар жайылып келет. Натыйжада айрымдар чын-төгүнүн текшербей туруп эле ошондой курулай калпка ишенип, тынчсыздана башташат.

3 Душмандын ындынды сууткан андай ыкмаларына каршы туруш үчүн бизде, бактыга жараша, Кудайдын Сөзү бар. Ал «оңдоо үчүн... пайдалуу» (2 Тим. 3:16). Көңүл бурарлык нерсе, 1-кылымда Тесалоникадагы айрым ишенимдештерибиз башкалардын курулай калпына ишенип, адашып калган. Ошондуктан элчи Пабыл аларга кат жазып, ой жүгүртүүлөрүнүн «бурмаланып калышына жол бербөөгө» чакырган (2 Тес. 2:1, 2). Анын сүйүү менен айткан ошол эскертүүсүнөн эмнеге үйрөнө алабыз жана анын айткандарын жашообузда кантип колдонсок болот?

ӨЗ УБАГЫНДАГЫ ЭСКЕРТҮҮЛӨР

4 Тесалоникалыктарга жазган биринчи катында Пабыл «Жахабанын күнүнүн» келери тууралуу айтып өткөн. Ал бир туугандарынын караңгылыкта жүрүп, ал күнгө даяр болбой калышын каалабагандыктан, аларды «жарыктын... уулдары» катары «сергек жана сак болууга» чакырган. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 5:1—6.) Бүгүнкү күндө биз жалган диндин дүйнөлүк империясы Улуу Бабылдын кулашын күтүп жатабыз. Анын кулашы Жахабанын улуу күнүнүн башталганын көрсөткөн белги болот. Жахаба бизге өзүнүн ой-ниетинин кандайча аткарылып жатканын барган сайын тереңирээк түшүнүүгө жардам берип келет. Ошондой эле жыйналыш жолугушуулары аркылуу бизге сак болгонго көмөк кылган эскертүүлөрдү өз убагында берүүдө. Анын маал-маалы менен кайталанып турган эскертүүлөрүнө кулак кагуунун аркасында ыйык кызматыбызды акыл жөндөмүбүздү колдонуп аткарууга чечкиндүү болобуз (Рим. 12:1).

Элчи Пабылдын каттарында өз маалында берилген эскертүүлөр камтылган (4, 5-абзацтарды карагыла)

5 Тесалоникалыктарга биринчи катын жөнөткөндөн көп өтпөй эле, Пабыл аларга экинчи катын жазган. Элчи ал катында Иса Машаяк «Кудайды тааныбагандарга» жана «жакшы кабарга баш ийбегендерге» чыгарылган өкүмдү ишке ашырганда боло турган алааматка көңүл бурган (2 Тес. 1:6—8). Анын катынын 2-бөлүмүнөн жыйналыштагылардын кээ бирлери Жахабанын күнү келип калды деп ойлоп, тынчы кеткенин билүүгө болот. (Оку: 2 Тесалоникалыктар 2:1, 2.) Биринчи кылымдагы ал ишенимдештерибиздин Жахабанын ой-ниетинин аткарылышына байланыштуу түшүнүгү чектелүү болгон. Элчи Пабыл да муну моюнга алып, кийинчерээк: «Азыр биздин билимибиз чектелүү, пайгамбарлык кылуу жөндөмүбүз да чектелүү. Ал эми аларга толугу менен ээ болгонубузда, чектелүү нерселер жок болот»,— деп айткан (1 Кор. 13:9, 10). Бирок анын, элчи Петирдин жана башка майланган бир туугандардын ыйык рухтун жетеги менен жазган эскертүүлөрү жыйналыштагыларга ишенимин бекем сактоого жардам бермек.

6 Ишенимдештеринин ой жүгүртүүсүн оңдош үчүн Пабыл ыйык рухтун жетеги менен Жахабанын күнү келгенге чейин чындыктан четтөөчүлүк кулач жаярын жана «мыйзамсыздыктын кишиси» ачыкка чыгарын түшүндүргөн *.  Ошол окуялардан кийин, Кудай белгилеген убакта, Иса Машаяк курулай калпка ишенип кеткендердин баарын «жок кылат». Пабыл аларга ошондой өкүмдүн чыгарылышына «чындыкты сүйбөгөнү» себеп болорун айткан (2 Тес. 2:3, 8—10). Андыктан ар бирибиз: «Чындыкты канчалык жакшы көрөм? Кудайдын элинин дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарына берилип жаткан ушул журналды жана башка адабияттарды өз убагында окуп, жаңы түшүнүктөрдөн артта калган жокмунбу?» — деп ойлонуп көргөнүбүз абзел.

ЧӨЙРӨНҮ КЫЛДАТ ТАНДАГЫЛА

7 Албетте, Машаяктын алгачкы жолдоочуларына чындыктан четтегендер менен алардын окууларынан башка да нерселер коркунуч туудурган. Элчи Пабыл Тиметейге «акчага болгон сүйүү... бүт жамандыктын тамыры» экенин жана кээ бирөөлөрдүн «акчаны сүйүп, ишенимден четтеп кеткенин», «көптөгөн азаптарга дуушар болуп, өздөрүн өздөрү жаралаганын» айткан (1 Тим. 6:10). Машаяктын жолдоочуларына «күнөөгө баткан дененин иштери» да коркунуч туудурмак (Гал. 5:19—21).

8 Пабыл тесалоникалыктарга өзү «жалган элчилер» деп атаган кишилердин зыяндуу таасири жөнүндө катуу эскерткен. Анткени алардын арасында «шакирттерди ээрчитип кетиш үчүн... чындыкты бурмалап сүйлөгөндөр» болгон (2 Кор. 11:4, 13; Элч. 20:30). Кийин Иса Машаяк Эфестеги жыйналышты «жаман кишилерден» оолак болгону үчүн мактаган. Эфестиктер «өздөрүн элчи деп атагандарды сынап көрүп, аларды жалганчы деп табышкан» (Аян 2:2). Кызыктуусу, элчи Пабыл тесалоникалыктарга жазган экинчи катында: «Тартипти бузуп жаткан бир туугандардан алыс болушуңарды Мырзабыз Иса Машаяктын атынан буйрук кылабыз»,— деп эскерткен. Анан «иштегиси келбегендерди» өзгөчө баса белгилеп өткөн (2 Тес. 3:6, 10). Эгер иштегиси келбеген бир туугандар «тартипти бузгандар» катары эсептелсе, анда чындыктан четтегендер тарапка ооп бараткандар жөнүндө эмне айтууга болот эле? Ооба, андай кишилер менен тыгыз мамилелешүү өтө кооптуу болгон, бүгүнкү күндө бул биз үчүн да чоң коркунуч туудурат (Накыл 13:20).

9 Улуу алаамат жана бул дүйнөнүн акыры жакындап келаткандыктан, Кудайдын 1-кылымдагы жыйналыштарга берген эскертүүлөрүнө кулак какканыбыз болуп көрбөгөндөй маанилүү. Асманда жашоого үмүттөнөбүзбү же жер бетиндеби, эч кимибиз Жахабанын ырайымы «кандай максатта көрсөтүлгөнүн көз жаздымда калтырып», түбөлүк өмүрдөн айрылып калгыбыз келбейт (2 Кор. 6:1). Андыктан жыйналышка келип жүргөндөрдүн ичинен кимдир бирөө бизге өзүнүн ой толгоолорун же сын көз карашын айтып, ошолор тууралуу талкуулаша берсе, сак болушубуз керек (2 Тес. 3:13—15).

«ҮЙРӨНГӨН НЕРСЕЛЕРИҢЕРГЕ КАРМАНГЫЛА»

10 Пабыл Тесалоникадагы бир туугандарды «бекем турууга» жана «үйрөнгөн нерселерине» карманууга чакырган. (Оку: 2 Тесалоникалыктар 2:15.) Алар «үйрөнгөн нерселерге» эмнелер кирген? Жалган диндегилер карманган жана Ыйык Жазмага негизделгендей көрүнгөн окууларбы? Жок. Пабыл өзү жана башка ишенимдештери Иса Машаяктан  алган, ошондой эле Кудайдын жетеги менен жазылган окуулар жөнүндө айткан. Алардын көбү Ыйык Жазманын бир бөлүгү болуп калган. Элчи Пабыл Корунт шаарындагы бир туугандарга: «Бардык иштериңерде мени эсиңерден чыгарбай, мен берген көрсөтмөлөргө бек карманып жатканыңар үчүн мактоого татыктуусуңар»,— деп айткан (1 Кор. 11:2). Ал көрсөтмөлөр ишеничтүү булактан берилгендиктен толук ишенүүгө татыктуу болгон.

11 Пабыл еврейлерге жолдогон катында Кудайдын кызматчысы кантип ишенимин жоготуп, алсырап калышы мүмкүн экенин жазган. (Оку: Еврейлер 2:1; 3:12.) Ал айткандай, адам же «четтеп», же «алыстап» кетиши ыктымал. Мисалы, кайык жээктен билинбей четтей бериши мүмкүн. Адегенде анча байкалбаганы менен, аралык акырындап чоңоё берет. Бирок кээде кимдир бирөө кайыгын түртүп, аны жээктен максаттуу түрдө алыстатат. Бул эки көрүнүш тең айрымдардын кандайча жалган нерселерге алданып, чындыкка болгон ишеними солгундап калышы мүмкүн экенин көрсөтүп турат.

12 Айрым тесалоникалыктар мына ушундайча алданып калышы мүмкүн болчу. Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Азыр убакытты уурдаган нерселер абдан көп. Андыктан социалдык тармактарда пикир алышууга, электрондук почта аркылуу келген каттарды окуп, кайра жооп жазууга, спорттук окуялардан дайыма кабардар болууга же жакшы көргөн иш менен алек болууга канча убакыт коротуп жатканыңар жөнүндө ойлонуп көргүлө. Ушу сыяктуу иштер Кудайдын кызматчысын алаксытып, ынтасын суутуп коюшу мүмкүн. Натыйжада ал жалындуу тиленбей, Кудайдын Сөзүн дайыма изилдебей, жыйналыш жолугушууларына жана кабар айтуу ишине жигердүү катышпай калышы ыктымал. Андыктан ой жүгүртүүбүз бурмаланып калбашы үчүн, эмне кылсак болот?

ОЙ ЖҮГҮРТҮҮБҮЗДҮН БУРМАЛАНЫП КАЛБАШЫНА ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

13 Биз «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызды жана буга ишенбегендер менен мамилелешүү кесепеттүү болорун унутпашыбыз керек. Элчи Петир биздин убак жөнүндө мындай деген: «Акыркы күндөрдө шылдың сөздөрдү айтып, өз каалоолору боюнча иш кыла турган шылдыңчылдар келет. Алар: „Ал келем деп убада кылбады беле. Кана келгени? Дүйнө жаратылганда кандай болсо, ата-бабаларыбыз өлүм уйкусуна кеткенден бери баары ошол эле бойдон, эч нерсе өзгөргөн жок“,— дешет» (2 Пет. 3:3, 4). Кудайдын Сөзүн күнүгө окуп, үзгүлтүксүз изилдесек, «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызды эсибизден чыгарбайбыз. Алдын ала айтылган чындыктан четтөөчүлүк эбак эле башталган жана бүгүнкү күнгө чейин зыяндуу таасирин жайылтып келет. «Мыйзамсыздыктын кишиси» дагы деле Кудайдын кызматчыларына каршылык көрсөтүүдө. Ошондуктан Жахабанын күнүнө аз калганын унутпай, мурдагыдан да сергек болушубуз керек (Сеп. 1:7).

Кызматка жакшы даярдануу жана жигердүү катышуу ой жүгүртүүбүздүн бурмаланып калбашына жардам берет (14, 15-абзацтарды карагыла)

14 Тажрыйба тастыктагандай, сергек болууга жана ой жүгүртүүбүздүн бурмаланып калбашына, негизинен, Падышалык жөнүндө жакшы кабарды таратуу жардам берет. Демек, жыйналыштын Башчысы Иса Машаяк жолдоочуларына бардык элдерден шакирт даярдап, аларга өзүнүн осуяттарын аткарганды үйрөтүүнү буйрук кылганда аларды коргой турган ишти тапшырган деп айтсак болот (Мт. 28:19, 20). Анын буйругун аткарыш үчүн кабар айтуу ишинде ынталуу болушубуз керек. Тесалоникадагы ишенимдештерибиздин кабар айтууга жана башкаларды окутууга эптеп эле, өзүн милдеттүү сезгендиктен гана катышып жатканын элестете аласыңарбы?  Пабылдын аларга: «Рухтун жалынын өчүрбөгүлө. Пайгамбарлык сөздөрдү баркка албай койбогула»,— деп айтканын эстесеңер (1 Тес. 5:19, 20). Ооба, биз жүрөк толкуткан пайгамбарлыктарды изилдеп, аларды башкаларга айтуудабыз!

15 Баарыбыз эле үй-бүлөдөгүлөрүбүздүн кабар айтуу жагынан дасыгышын каалайбыз. Көптөгөн бир туугандар үй-бүлө менен сыйынуу кечинде кызматка даярданууга убакыт бөлүү пайдалуу болорун байкашкан. Балким, силер да үй-бүлөңөр менен жакшы кабарга кызыккандарга кантип жардам берсеңер болорун сүйлөшүп, төмөнкү суроолорду талкуулап көрөттүрсүңөр: «Кызыккан кишилерге кайра жолугууга барганда эмне десе болот? Аларга кайсы тема көбүрөөк кызыктуу болушу мүмкүн? Качан барган ылайыктуу болот?» Көптөр үй-бүлө менен сыйынуу кечинин бир бөлүгүн жыйналышка даярданууга да арнашат. Силер да жыйналышта жооп бериш үчүн даярданууга көбүрөөк убакыт бөлө аласыңарбы? Жыйналыштарда жооп берүү ишенимиңерди бекемдөөгө жана ой жүгүртүүңөрдүн бурмаланып калышына жол бербөөгө жардам берет (Заб. 35:18). Ырас, үй-бүлө менен сыйынуу кечи бизди башкалардын Ыйык Китепке негизделбеген ой толгоолорунан жана шек саноолорунан коргойт.

16 Жахаба көптөгөн жылдардан бери өз элине Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын маанисин тереңирээк ачып берип жатат. Алар жөнүндө ой жүгүртүүнүн аркасында бизди келечекте сонун сыйлык күтүп турганын аңдайбыз. Алсак, Иса Машаяктын майланган жолдоочулары аны менен асманда бийлик жүргүзүүгө үмүттөнүшөт. Андыктан аларда акылын таза сактоого орчундуу себеп бар! Элчи Пабылдын тесалоникалыктарга: «Биз силер үчүн, Жахаба сүйгөн бир туугандар, Ага ыраазычылык билдирүүгө дайыма милдеттүүбүз. Анткени Кудай... силерди өзүнүн руху аркылуу ыйыктап, чындыкка болгон ишенимиңердин негизинде... тандап алган»,— деп жазган сөздөрү майлангандардын баарына тиешелүү экени талашсыз (2 Тес. 2:13).

17 Жер бетинде түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөр да ой жүгүртүүсүнүн бурмаланып калышына жол бербеши керек. Элчи Пабылдын Тесалоникадагы майланган ишенимдештерине жазган сөздөрүн алар да көкүрөгүнө түйүп алышы кажет. (Оку: 2 Тесалоникалыктар 3:1—5.) Ар бирибиз анын сүйүү менен айткан чакырыгын баалашыбыз керек. Ооба, тесалоникалыктарга жолдонгон каттарда кимдир бирөөнүн ой толгоолорунун же шек саноолорунун таасирине алдырбоого байланыштуу абдан маанилүү эскертүүлөр камтылган. Бул дүйнөнүн акыры улам жакындап келаткандыктан, Кудайдын кызматчылары андай эскертүүлөрдү жогору баалайт.

^ абз. 6 Элчилер 20:29, 30-аяттардан көрүнүп тургандай, элчи Пабыл жыйналыштардын ичинен эле «шакирттерди ээрчитип кетиш үчүн... чындыкты бурмалап сүйлөгөн адамдар чыгарын» айткан. Кийинчерээк, чынында эле, диний жетекчилер жана карапайым динчилдер болуп бөлүнгөн чиркөө пайда болгон. Б.з. 3-кылымында «мыйзамсыздыктын кишиси» ачыкка чыгып, анын жалпы христиан дүйнөсүн билдирери айкын болгон. (Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2008-жыл, 15-сентябрь, 30-б.; br1-U 28—32-б.)