Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Падышалык үчүн курмандык чаласыңбы?

Падышалык үчүн курмандык чаласыңбы?

«Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт» (2 КОР. 9:7).

АДАМДАР өздөрү баалаган нерселери үчүн көп нерсесин курмандыкка чалууга даяр. Алсак, ата-энелер балдарынын бактысы үчүн убактысын, күчүн, акчасын аяшпайт. Олимпиадага катышууну максат кылган жаштар болсо, курбу-курдаштары ойноп-күлүп, көңүл ачып жүргөндө, күн сайын бир нече саат бою жан үрөп машыгышат. Иса Машаяк да өзү баалуу деп эсептеген иштер үчүн көп нерседен баш тарткан. Мисалы, ал майкөл-сүткөл жашоого умтулган эмес, үй-жай күтүп, бала-чакалуу болгон эмес. Анын ордуна, бүт көңүлүн Падышалыктын иштерин алдыга жылдырууга топтогон (Мт. 4:17; Лк. 9:58). Жолдоочулары да андан үлгү алып, Кудайдын Падышалыгын жашоосунда биринчи орунга коюшкан жана ал үчүн өз кызыкчылыктарынан кечүүгө даяр болушкан (Мт. 4:18—22; 19:27). Андыктан ар бирибиз: «Мен үчүн баарынан эмне маанилүү?» — деп ойлонуп көрсөк болот.

2 Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүп, аны бекем сакташ үчүн ар бирибиз курмандыктардын айрым түрлөрүн чалышыбыз зарыл. Андай курмандыктарга Ыйык Китепти окууга, тиленүүгө, үй-бүлөлүк изилдөө өткөрүүгө, жыйналыштарга жана кабар айтуу ишине катышууга жумшаган убактыбыз менен күчүбүз кирет * (Жаш. 1:8; Мт. 28:19, 20; Евр. 10:24, 25). Кылган аракетибизге Жахаба батасын бергендиктен, учурда жакшы кабар дүйнө жүзүнө тарап, көптөр «Жахабанын үйүнүн тоосуна» агылып келүүдө (Ыш. 2:2). Падышалыктын иштерин колдош үчүн миңдеген бир туугандар Бейтелде кызмат кылууда, Падышалык залдары менен Жыйындар залдарын курууга, жыйындарды  уюштурууга же табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүүгө катышууда. Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн сөзсүз эле андай иштерге катышуу шарт болбосо да, алар Падышалыктын ишин алдыга жылдыруу үчүн абдан зарыл.

3 Азыр Падышалыктын иштерин колдоо болуп көрбөгөндөй маанилүү. Көптөгөн ишенимдештерибиздин Жахабага даярдуулук менен курмандык чалып жатканын көргөндө кубанбай койбойбуз. (Оку: Забур 54:6.) Эгер биз да берешен болсок, Падышалыктын келишин күтүп жатып, Кудайга кызмат кылуудан зор кубаныч алабыз (Мыйз. 16:15; Элч. 20:35). Ошондуктан ар бирибиз өзүбүздү кылдат текшерип: «Дагы кантип Падышалык үчүн көбүрөөк курмандык чалсам болот? Убактымды, акча-каражатымды, күчүмдү, шык-жөндөмдүүлүктөрүмдү кантип колдонуп жатам? Курмандык чалууда эмнелерди эске алышым керек?» — деп ойлонуп көргөнүбүз оң. Анда эмесе, байыркы убакта чалынган курмандыктар жөнүндө талкуулап, эмнеге үйрөнө аларыбызды карап көрөлү. Мунун аркасында кубанычыбыз артары шексиз.

БАЙЫРКЫ ЫСРАЙЫЛДЫКТАР ЧАЛГАН КУРМАНДЫКТАР

4 Байыркы убакта ысрайыл эли, күнөөлөрү кечирилиши үчүн жана Жахабанын ырайымына ээ болуу үчүн, курмандык чалышы керек болгон. Андай курмандыктардын айрымдарын чалуу талап болсо, башкаларын эл өз ыктыяры менен чалчу (Леб. 23:37, 38). Кээде бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар Жахабага ыктыярдуу курмандык, башкача айтканда, тартуу катары да алынып келе турган. Сулайман падыша ибадаткананын ачылыш аземин өткөргөндө чалынган курмандыктар Жахабага тартуу кылуунун зор үлгүсү болгон (2 Жылн. 7:4—6).

5 Мээримдүү Кудайыбыз Жахаба ар кимдин шарты ар кандай болорун түшүнгөндүктөн баарынан бирдей курмандык чалууну талап кылган эмес. Ал берген Мыйзамга ылайык, курмандыкка мал чалынып, анын каны агызылышы керек болчу. Бул анын Уулу Иса Машаяк аркылуу ишке аша турган «келечектеги жакшы нерселердин... көлөкөсү» болгон (Евр. 10:1—4). Анткен менен Жахаба мыйзамды берүүдө көп нерселерди эске алган. Маселен, кимдир бирөөнүн  майда же бодо малдан курмандык чалууга чамасы жетпесе, бактек алып келишине жол берген. Ошентип, кедей-кембагалдар да Жахабага курмандык чалып, кубаныч ала алышкан (Леб. 1:3, 10, 14; 5:7). Ысрайылдыктарга ыктыярдуу курмандыкка жаныбарлардын ар кандай түрүн чалууга жол берилсе да, алардын ар биринен эки нерсе талап кылынган.

6 Биринчиден, ар бир киши эң жакшысын бериши керек эле. Жахабанын буйругуна ылайык, эл ага жагуу үчүн эч кандай кемтиги жок тартуу алып келиши маанилүү болгон (Леб. 22:18—20). Эгер алынып келген малдын кандайдыр бир кемтиги болсо, Жахаба аны кабыл алчу эмес. Экинчиден, ыктыярдуу тартуу алып келген киши өзү да таза болушу керек болчу. Эгерде ал таза эмес болсо, Жахабага жагышы үчүн, андан адегенде күнөө курмандыгын же айып курмандыгын алып келүү талап кылынган (Леб. 5:5, 6, 15). Бул аябай олуттуу болгон. Анткени таза эмес болуп туруп ыктыярдуу тартууларга кирген тынчтык курмандыгынан жеген киши Жахабанын «элинин арасынан жок кылынчу» (Леб. 7:20, 21). Ал эми курмандык чалган киши таза болсо жана курмандыгынын эч кандай кемтиги жок болсо, Жахабага тартуу кылуудан чоң кубаныч ала турган. (Оку: 1 Жылнаама 29:9.)

БИЗ КАНДАЙ КУРМАНДЫКТАРДЫ ЧАЛА АЛАБЫЗ?

7 Бүгүнкү күндө да көптөр Жахабага жан-дилден кызмат кылууда жана бул ага аябай жагат. Бир туугандарыбызга кызмат кылуу да кубанычыбызды арттырат. Падышалык залдарын курууга жана табигый кырсыктардан жапа чеккендерге көмөк көрсөтүүгө катышкан бир ишенимдешибиз кызматтын ушундай түрүнөн канчалык зор кубаныч алып жатканын сөз менен жеткире албай турганын айткан. Ал: «Өзүлөрүнүн жаңы курулган Падышалык залында чогулган же табигый кырсыктан кийин жардам алган бир туугандардын кубанычын, ыраазычылыгын көргөндө жумшаган аракетиңдин акыбети кайтканына ынанасың»,— дейт.

Байыркы убактагы көптөгөн тартуулар биз чалып жаткан курмандыктардай эле ыктыярдуу курмандыктарга кирчү (7—13-абзацтарды кара)

8 Жахабанын уюму дайыма анын ишин колдоонун жолдорун издеп келет. 1904-жылы Ч. Т. Рассел бир тууган: «Ар бирибиз өзүбүздү убактыбыздын, кадыр-баркыбыздын, акча-каражатыбыздын жана башка нерселерибиздин  үстүнөн Мырзабыз тарабынан дайындалган башкаруучу катары көрүшүбүз керек. Ошондой эле аларды мүмкүн болушунча толугу менен Мырзабызды даңктагыдай кылып колдонушубуз зарыл»,— деп жазган. Албетте, Жахабага курмандык чалуу үчүн айрым нерселерден баш тартыш керек болот, бирок батасыз калбайбыз (2 Шем. 24:21—24). Колубузда болгон нерселерди дагы кантип жакшыраак колдонсок болот?

Бейтелдеги кызматчылар (Австралия)

9 Убактыбыз. Адабияттарыбызды которууга, аларды басып чыгарууга, сыйынуу жайларын курууга, жыйындарды уюштурууга, кырсыктан жабыр тарткандарга кам көрүүгө жана башка маанилүү иштерге катышууга көп убакыт, күч-аракет талап кылынат. Ал эми биздин убактыбыз чектелүү. Ошондуктан Иса Машаяк убактыбызды туура пайдаланууга жардам берген принципти айткан. Шакирттерин кызматка жөнөтүп жатып, ал: «Жолдон эч ким менен кучакташып учурашпагыла»,— деген (Лк. 10:2—4). Ал эмне үчүн андай көрсөтмө берген? Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу мындай деп түшүндүрөт: «Чыгышта адамдар, бизден айырмаланып, учурашканда башын ийкеп же кол алышып эле тим болушчу эмес. Алар бир нече жолу кучакташып, ийилип, атүгүл жүз түмөндөп жыгылышчу. Мунун баарына көп убакыт кетчү». Иса Машаяк жолдоочуларын орой болууга үндөгөн эмес. Болгону, ал алардын убакыттын чектелүү экенин түшүнүп, маанилүүрөөк иштерге көңүл топтошун каалаган (Эф. 5:16). Падышалыктын ишине көбүрөөк убактыбызды жумшоо үчүн бул принципти колдонуп жатабызбы?

Падышалык залындагы жарчылар (Кения, Африка)

10 Акча-каражатыбыз. Падышалыктын ишин колдоо үчүн бир топ акча жумшалат. Маселен, жыл сайын кыдыруучу көзөмөлчүлөрдү, атайын пионерлерди, миссионерлерди камсыз кылуу үчүн миллиондогон долларлар сарпталууда. 1999-жылдан бери ресурстары чектелүү өлкөлөрдө 24500дөн ашуун Падышалык залы курулду. Бирок дагы 6400дөй Падышалык залы керек болууда. Ай сайын «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдары 100 миллиондой нускада басылып жатат. Ушулардын баары силердин ыктыярдуу тартууларыңардын эсебинен ишке ашууда.

11 Элчи Пабыл ыктыярдуу тартууларга байланыштуу маанилүү кеңеш берген. (Оку: 1 Корунттуктар 16:1, 2.) Ыйык рухтун жетеги менен ал Корунттагы ишенимдештерин канча акча артарын байкап, жуманын аягына чейин күтпөй, жуманын башында эле мүмкүнчүлүгүнө жараша акча бөлүп коюуга чакырган. 1-кылымдагыдай эле, азыркы учурда бир туугандар шартына жараша берешендик менен тартуу кылуу үчүн алдын ала пландаштырышат (Лк. 21:1—4; Элч. 4:32—35). Жахаба элинин марттыгын жогору баалайт.

Региондук курулушка катышкан ыктыярдуу кызматчы (Нью-Йорк, АКШ)

12 Күчүбүз жана шык-жөндөмдүүлүктөрүбүз. Жахаба күчүбүз менен жөндөмдүүлүктөрүбүздү Падышалыктын ишине жумшап жатканыбызга батасын берет. Ал чарчап-чаалыкканыбызда колдой турганын убадалаган (Ыш. 40:29—31). Кээде кайсы бир ишти аткарууга өзүбүздү жөндөмсүз сезишибиз же аны башкалар жакшыраак аткарат деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок Жахаба Безелел менен Олиапка жардам бергендей эле, ар бирибизге шык-жөндөмдүүлүктөрүбүздү өрчүтүүгө жардам бере аларын унутпайлы (Чыг. 31:1—6; макаланын башындагы сүрөттү кара).

13 Жахаба бизди колубузда болгондун эң жакшысын берешендик менен берүүгө үндөйт (Накыл 3:27). Ибадаткана кайра курулуп жатканда, ал Иерусалимдеги жүйүттөрдү ошол ишке кандай салым кошуп жатканы жөнүндө ойлонууга  чакырган (Акай 1:2—5). Анткени жүйүттөр Жахабанын ишин биринчи орунга койбой, алаксып кетишкен. Аларга окшошуп калбаш үчүн маанилүү деп эсептеген нерселерибиз Жахабанын эркине ылайык келер-келбесин текшерип, Падышалыктын ишине көбүрөөк катышуу үчүн «жүргөн жолубуз» жөнүндө ойлонуп көрүшүбүз керек.

КОЛУҢДА БОЛГОНУНА ЖАРАША КУРМАНДЫК ЧАЛ

14 Бүгүнкү күндө көптөр ар кандай кыйынчылыктар, жакырчылык күч алган өлкөлөрдө жашашат. Биздин уюм андай жерлерде жашаган бир туугандардын «кем-карчын толуктаганга» аракет кылат (2 Кор. 8:14). Бирок колунда жок бир туугандар да тартуу кылууну баалашат. Жахаба алардын «кубаныч менен бергенин» көрүп сүйүнөт (2 Кор. 9:7).

15 Африкадагы бир жакыр өлкөдө жашаган ишенимдештерибиз бакчасынын бир бөлүгүн өзүнчө бөлүп коюп, андан алган түшүмдүн акчасын Падышалыктын ишине тартуу кылышат. Ошол эле өлкөдө Падышалык залын куруу иши пландаштырылганда, айрым жергиликтүү бир туугандар ага катышууну каалашкан. Бирок ал курулуш иши так үрөн себүү маалына туш келип калган. Ошентсе да бир туугандар багынбастан, күндүз залды курууга кол кабыш кылып, кечкисин талааларына барып, үрөн себишкен. Алар кандай гана жан аябас болушкан! Ал бир туугандар 1-кылымдагы македониялык ишенимдештерибизди эсибизге салат. Македониялыктар «аябай жакыр жашашканына» карабай, бир туугандарга көмөк көрсөтүүгө ынтызар болушкан (2 Кор. 8:1—4). Келгиле, биз да Жахаба Кудайыбыздын «берген батасына жараша тартуу алып келе» берели. (Оку: Мыйзам 16:17.)

16 Курмандык чалууда эске алышыбыз керек болгон нерселер да бар. Байыркы Ысрайылдагыдай эле, биздин да ыктыярдуу курмандыктарыбыз Жахабага жаккыдай болушу керек. Үй-бүлөбүзгө кам көрүү жана өзүбүздүн Жахаба менен болгон мамилебизди чыңдап туруу эң негизги жоопкерчиликтерибиз экенин унутпаганыбыз маанилүү. Убактыбызды, каражатыбызды башкаларга жардам берүүдө жумшап жатып, үй-бүлөбүзгө рухий жана материалдык жактан кам көрбөй калбашыбыз керек. Болбосо Жахабага колубузда жок нерсени курмандыкка чалган болуп калабыз. (Оку: 2 Корунттуктар 8:12.) Андан сырткары, өзүбүздүн да аны менен болгон мамилебизди чыңдап турушубуз зарыл (1 Кор. 9:26, 27). Эгер Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык иш кылсак, кубаныч аларыбызга жана Жахабанын курмандыктарыбызды «кабыл аларына» шектенбесек болот.

КУРМАНДЫКТАРЫБЫЗ ЖОГОРУ БААЛАНАТ

17 Учурда көптөгөн бир туугандар Падышалыктын иштерин алдыга жылдырууга салымын кошуп, өздөрүн «суюк тартуу катары курмандыкка куюп» жатышат (Флп. 2:17). Биз алардын жан аябастыгын абдан баалайбыз. Кудайдын ишинде жетекчиликти колго алган ага-инилердин жубайлары менен балдары да берешендик жана жан аябастык көрсөтүп жатканы үчүн мактоого татыктуу.

18 Падышалыктын иштерин аткаруу үчүн аябагандай көп күч-аракет талап кылынат. Андыктан, келгиле, ар бирибиз канткенде Жахабага дагы көбүрөөк бере аларыбыз жөнүндө тиленүү менен ой жүгүртүп көрөлү. Эгер ошентсек, азыр да, «келечектеги дүйнө түзүлүшүндө» да мол бата албыз (Мр. 10:28—30).

^ абз. 2 «Күзөт мунарасынын» 2012-жылы 15-январда чыккан санынын 21—25-беттериндеги «Жахабага чын жүрөктөн курмандык чалалы» деген макаланы кара.