Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңдеби?

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңбы?

Иса Машаяк «түрмөдөгү рухтарга» качан кабар айткан? (1 Пет. 3:19).

Калыбы, тирилгенинен бир нече убакыт өткөндөн кийин ал ыймансыз рухтарга алардын жазаланарын жарыялаган (15.6. 23-б.).

Экинчи жолу турмуш кургандар кандай үч кыйынчылыкка туш болушат?

Азыркы үй-бүлөлүк турмушун мурункусу менен салыштыруу; эски достору менен мамилелешүүдөгү түшүнбөстүктөр; биринчи жубайы ишенимсиздик кылгандыктан, азыркы жубайына толук ишене албоо (1.7. 9, 10-б.).

Иса Машаяк адамдарды кой-эчки кылып качан бөлөт? (Мт. 25:32).

Жалган дин жок кылынгандан кийин, улуу алаамат учурунда сот жүргүзгөндө бөлөт (15.7. 6-б.).

Буудай жана отоо чөп жөнүндөгү мисалда айтылган ыймансыздар качан «ыйлап, тишин кычыратышат»? (Мт. 13:36, 41, 42).

Алар улуу алаамат учурунда өлүмдөн качып кутула албасын түшүнгөндө «ыйлап, тишин кычыратышат» (15.7. 13-б.).

Машаяктын ишенимдүү жана акылдуу кул жөнүндөгү пайгамбарлыгы качан аткарылган? (Мт. 24:45—47).

Ал пайгамбарлык б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында эмес, 1914-жылдан кийин аткарыла баштаган. 1919-жылы Машаяк ишенимдүү кулду үйүндөгүлөрүнүн — рухий жактан азыктанып жаткан жолдоочуларынын баарынын — үстүнөн дайындаган (15.7. 21—23-б.).

Машаяк кулду өзүнүн бүт мүлкүнө кам көрүүгө качан дайындайт?

Ишенимдүү кулга ал милдет келечекте, улуу алаамат учурунда асмандагы сыйлыгын алганда, тапшырылат (15.7. 25-б.).

Ыйык Китепте ысымы жазылбагандардын баары жаман же кадыр-барксыз адамдардан болгонбу?

Жок. Ыйык Китепте жакшы адамдардын деле, жаман адамдардын деле ысмы жазылбаган учурлар кездешет (Рут 4:1—3; Мт. 26:18). Көптөгөн ишенимдүү периштелердин ичинен да экөөнүн эле ысмы Ыйык Китепте жазылганы көңүлгө аларлык (1.8. 10-б.).

Заксенхаузен концлагериндеги 230 бир тууганга «өлүм жүрүшүнөн» аман калууга Кудай берген күчтөн тышкары дагы эмне жардам берген?

Ачкачылыкка, ар кандай оору-дартка карабай, бир туугандар бири-бирин токтобой басып кете бергенге үндөшкөн (15.8. 18-б.).

Ысрайыл элинин убада кылынган жерге кирерде Иордан дарыясын кечип өткөнү бизди эмне үчүн бекемдейт?

Дарыя жээгинен чыгып, ээ-жаа бербей ташкындап турса да, Жахаба аны, өзүнүн эли өтүп кетиши үчүн, токтотуп койгон. Ошондо алардын ишеними бекемделип, Жахабага таянууга түрткү алганы шексиз. Бул билдирүү бизди да бекемдейт (15.9. 16-б.).

Ыйык Китепте түстөр жөнүндө көп айтылганы эмнени көрсөтүп турат?

Бул Кудайдын түстөр сезимдерибизди козгой турганын жана бир нерсени эстеп калганга көмөк кыларын жакшы билерин көрсөтүп турат (1.10. 14, 15-б.).

Микей 5:5те айтылган төрөлөр менен койчулар жөнүндөгү пайгамбарлык бүгүнкү күндө кантип аткарылууда?

Микей 5:5те айтылган жети койчу менен сегиз төрө жыйналыштын аксакалдарын билдирет. Алар Кудайдын элин келечектеги кол салууга даярдап жатышат (15.11. 20-б.).

Эмне себептен Кудайсыз жашай албайбыз?

Биз жакшы жетекчиликке муктажбыз жана кыйынчылыктардын эмне үчүн болуп жатканын билгибиз келет. Бул жагынан Кудай гана жардам бере алат. Ал биздин жакшы жашап, бактылуу болушубузду каалайт. Ошондуктан убадаларынын баарын сөзсүз аткарат (1.12. 4—6-б.).