Бала кезде чыгарган чечимим
Мен Колумбуста (Огайо штаты, АКШ) окучумун. 1985-жылы мектебибизге камбожалык балдар келгенде, он эле жашта болчумун. Алардын арасынан бирөө англисче бир нече сөз билет экен. Ал сүрөт тартып, ошолордун жардамы менен мага өзүнүн өлкөсүндөгү адамдардын бири-бирин мыкаачылык менен кыйнаганы, өлтүргөнү жана айрымдардын кантип качканы жөнүндө үрөй учурарлык окуяларды айтып берди. Кечинде ал балдарды ойлогондо ыйлап жиберчүмүн. Аларга келечекте бейиш болору, өлгөндөрдүн тирилери тууралуу айтып бергим келчү, бирок алар менин тилимди түшүнүшчү эмес. Ошондо кичинекей болсом да, ал балдарга Жахаба жөнүндө айтып бериш үчүн камбожалыктардын тилин үйрөнүүнү чечкем. Ал кезде ошол чечимим келечегиме канчалык таасир этерин элестеткен да эмесмин.
Камбожалыктардын тилин үйрөнүү аябай оор болду. Ал тилди үйрөнүүнү эки жолу токтоткум келген, бирок Жахаба ата-энем аркылуу багынбоого жардам берди. Кийинчерээк мугалимдерим менен классташтарым мени акчасы жакшы кесипти тандоого үндөштү. Бирок мен пионер болгум келгендиктен жогорку класста окуп жүргөндө кийин көп убактымды албай турган кесипти тандап алдым. Сабактан кийин айрым пионерлер менен кызматка чыкчумун. Андан тышкары, англис тилин үйрөнгүсү келген окуучуларга жардам берчүмүн. Бул кийин өзүмө да пайдасын тийгизди.
16 жашымда Калифорния штатындагы Лонг-Бич шаарында камбожалыктардын тилинде топ бар экенин угуп калдым. Мен ал жакка барып, камбожа тилинде окуганды үйрөндүм. Мектепти бүтөрүм менен пионердик кызматты баштадым жана кошуна жашаган камбожалыктарга кабар айтууну уланта бердим. 18ге чыкканда Камбожага көчүп барууну ойлондум. Ал жакта дагы деле тынч эмес болчу, бирок он миллион камбожалыктардын ичинен саналуу эле киши жакшы кабарды укканын билчүмүн. Ошол кезде бүтүндөй өлкө боюнча 13 эле жарчыдан турган 1 эле жыйналыш бар болчу. Камбожага биринчи жолу 19 жашымда бардым. Эки жылдан кийин ал жакка биротоло көчүп кеттим. Өзүмдү камсыз кылыш үчүн убакытты көп албаган жана англис тилин үйрөтүүгө, котормочулукка байланыштуу жумуш таптым. Кийинчерээк максаттары меникине окшош бир тууган менен баш коштум. Экөөбүз көптөгөн камбожалыктарга өмүрүн Кудайга арноого жардам бердик.
Ооба, Жахаба жүрөгүмдөгү ой-тилектерди орундатты (Заб. 37:4). Кабар айтуу иши, чынында эле, зор кубаныч тартууларына ынанып келем. Азыр Камбожада жүргөнүмө 16 жылдай болуп калды. Ошончо убакыттын ичинде 13 жарчыдан турган кичинекей жыйналыш өсүп отуруп, 12 жыйналыш жана 4 обочо топ пайда болду! (Айтып берген: Жейсон Блеквел.)