Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жахабанын сулуулугун көрө» бил

«Жахабанын сулуулугун көрө» бил

Башка түшкөн мүшкүл кээде адамдын кабыргасын майыштырат. Ал анын бүт оюн ээлеп, алдан-күчтөн тайдырып, атүгүл жашоого болгон көз карашына терс таасир этиши мүмкүн. Байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөтүнүн да көргөн азабы көп болгон. Ал аларды кантип көтөргөн? Жүрөк козгоорлук бир забурунда Дөөтү: «Үн катып, Жахабаны жардамга чакырдым, үн катып, Жахабадан ырайым кылышын сурандым. Ага ичимдеги кайгымды төктүм, кыйналганымды айтып бердим, ага рухум алсыраганда кайрылдым. Сен менин жолумду билесиң»,— деп жазган. Ооба, ал момундук менен Кудайдан жардам сураган (Заб. 142:1—3).

Оор учурларда Дөөтү падыша Кудайдан жардам сураган

Башка забурунда Дөөтү падыша: «Жахабадан бир нерсени сурап келгем, ошону көксөйм: Жахабанын сулуулугун көрүш үчүн, ибадатканасын суктана караш үчүн өмүр бою Жахабанын үйүндө болгум келет»,— деген (Заб. 27:4). Дөөтү леби болгон эмес, ошентсе да чыныгы сыйынуунун борбору болгон ыйык чатырдын короосунун жанына көп келсе керек. Жүрөгү ушунчалык ыраазычылыкка толгондуктан, ал «Жахабанын сулуулугун көрүш» үчүн өмүрүн ошол жакта өткөрүүнү эңсеген.

Бул жердеги «сулуулук» деген сөз жанга жагымдуу, көңүлгө толумдуу нерсе же сапат менен байланыштырылат. Дөөтү падыша Кудайдын сыйынууга байланыштуу иш-чарасын ар дайым «суктана караган», тактап айтканда, аларды баалаган. Андыктан: «Мен да ага окшоп, аларды дайыма баалаймынбы?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек.

КУДАЙДЫН ИШ-ЧАРАСЫНА «СУКТАНАСЫҢБЫ»?

Азыркы күндө Жахабанын ага жакындашыбыз үчүн жүргүзгөн иш-чаралары байыркы убактагыдан айырмаланат. Учурда улуу рухий ибадаткана, чыныгы сыйынуудагы ыйык иш-чара, маанилүү ролду ойнойт *. Эгер Жахабанын иш-чарасына «суктана карасак», анын «сулуулугун көрөбүз».

Байыркы убакта ыйык чатырдын кире беришинде жезден жасалган курмандык жайы турчу. Анын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалынчу (Чыг. 38:1, 2; 40:6). Ал курмандык жайы Кудайдын Иса Машаяктын өмүрүн курмандык катары кабыл алууга даяр экенин көрсөтүп турган (Евр. 10:5—10). Бул биз үчүн зор мааниге ээ! Элчи Пабыл: «Кудайдын душманы болуп туруп Уулунун өлүмү аркылуу Аны менен элдешкенбиз»,— деп жазган (Рим. 5:10). Ырас, Машаяктын төгүлгөн канына ишенсек, Кудайдын досу болуп, анын ырайымына жана ишеничине ээ болобуз. Мунун аркасында аны менен «ынак мамиле» өрчүтө алабыз (Заб. 25:14).

Күнөөлөрүбүз кечирилгендиктен, биз «Жахабадан жандандыра турган убактар» келгенин сезүүдөбүз (Элч. 3:19). Биздин жагдай өлүм өкүмү чыгарылып, бирок кылган иштери үчүн өкүнгөн кылмышкердикине окшош. Ал чын жүрөктөн өкүнүп, жүрүм-турумун түп-тамыры менен өзгөрткөндүктөн, ырайымдуу сот өлүм өкүмүн жокко чыгарып, аны толугу менен актайт. Ошондо кылмышкер кандай гана жеңилдей түшөрүн элестетсең! Анын сыңарындай, Жахаба өкүнгөн күнөөкөрлөргө ырайым кылып, өлүм өкүмүн жокко чыгарат.

ЧЫНЫГЫ СЫЙЫНУУДАН ЫРАХАТ АЛ

Дөөтү падышанын убагында чыныгы сыйынууга ысрайылдыктарды Жахабанын үйүнө чогултуу, Мыйзамды эл алдында окуп-түшүндүрүү,  жыпарзат түтөтүү, дин кызматчылар менен лебилердин ыйык кызматы кирчү (Чыг. 30:34—38; Сан. 3:5—8; Мыйз. 31:9—12). Бүгүнкү күндө да Жахабанын кызматчылары ушул сыяктуу иштерди аткарышат.

Байыркы кездегидей эле, азыр да «бир туугандардын биримдикте жашаганы кандай сонун, кандай жагымдуу»! (Заб. 133:1). Биздин бүткүл дүйнөлүк бир туугандыгыбыз күндөн күнгө өсүүдө (1 Пет. 2:17). Кудайдын Сөзүн окуп-талкуулоо — жыйналыш жолугушууларынын ажырагыс бөлүгү. Жахаба өзүнүн уюму аркылуу бизге көптөгөн көрсөтмөлөрдү берүүдө. Ошондой эле өздүк жана үй-бүлөлүк изилдөөдө колдонуу үчүн мол рухий тамак менен камсыз кылууда. Жетектөөчү Кеңештин бир мүчөсү: «Жахабанын Сөзүн окуп, анын мааниси тууралуу ой жүгүртүү жана аны тереңирээк түшүнүү үчүн кылдат изилдөө жүргүзүү мени рухий жактан байытып, канааттануу тартуулайт»,— деп айткан. Чынында эле, Кудай жөнүндө билим алуу өзүнчө эле ырахат! (Накыл 2:10).

Андан тышкары, Кудайдын кызматчылары күнүгө ага кайрылып, тиленишет. Андай тиленүүлөр Жахаба үчүн жыты жагымдуу жыпарзаттай (Заб. 141:2). Момундук менен тиленгенибиз Жахаба Кудайыбызга абдан жагарын билүү кандай гана кубанычтуу!

Муса пайгамбар: «Жахаба Кудайыбыздын ырайымы үстүбүздө болсун. Колубуз менен кылган иштерибизге ийгилик бер»,— деп тиленген (Заб. 90:17). Эгер Жахабага ынталуу кызмат кылсак, ал иштерибизге батасын берет (Накыл 10:22). Балким, биз айрымдарга чындыкты таанып-билүүгө жардам бергендирбиз. Же башкалардын кош көңүлдүгүнө, ден соолугубуздун начардыгына, көңүл чөгөттүккө же каршылыктарга карабай, көптөгөн жылдардан бери кызматыбызды туруктуулук менен аткарып келаткандырбыз (1 Тес. 2:2). Бирок кандай гана оор жагдай болбосун, «Жахабанын сулуулугун көрүп», анын жумшаган аракетибизди жогору баалаарына ынанып келебиз.

«Жахаба — менин үлүшүм, энчим. Ал чөйчөгүмдү толтурат. Менин мурасым сенин колуңда. Энчиме жакшы жерлер тийди»,— деп ырдаган Дөөтү падыша (Заб. 16:5, 6). Ал өзүнө тийген «үлүшкө» ыраазы болгон, башкача айтканда, Жахаба менен ынак мамиледе болуп, ага кызмат кылууну сыймык катары көргөн. Биз да Дөөтү падышадай болуп көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп жатабыз, бирок батасыз калган жокпуз. Андыктан, келгиле, мындан ары да чыныгы сыйынуудан ырахат алып, Жахабанын рухий ибадатканасын «суктана карай» берели.

^ абз. 6 «Күзөт мунарасынын» 1996-жылы 1-июлда чыккан санынын 14—24-беттерин кара (ор.).