Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба — эң жакын Досубуз

Жахаба — эң жакын Досубуз

«Ыбрайым... „Жахабанын досу“ деп аталып калган» (ЖКП. 2:23).

1. Кудайга окшош болуп жаратылгандыктан кандай жөндөмдүүлүктөргө ээбиз?

«АТАСЫНЫН эле өзү экен»,— деген сөздү көп угуп калабыз. Чын эле, балдар көп учурда ата-энесине аябай окшош болушат. Аларга атасынын да, энесинин да кебетесинин, кулк-мүнөзүнүн айрым өзгөчөлүктөрү өтөт. Ал эми Жахаба болсо баарыбыздын асмандагы Атабыз, ал бизге өмүр берген (Заб. 36:9). Биз анын балдары катары айрым жактардан ага окшошуп кетебиз. Ага окшош болуп жаратылгандыктан биз да ой жүгүртүү, чечим чыгаруу жөндөмдүүлүгүнө ээбиз жана дос күтө алабыз (Башт. 1:26).

2. Биз эмненин аркасында Жахаба менен дос боло алабыз?

2 Жахаба бизге эң мыкты Дос болуп бере алат. Бул жагынан Жахабанын бизге болгон сүйүүсү, ошондой эле биздин ага жана анын Уулуна болгон ишенимибиз чоң роль ойнойт. Иса Машаяк: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деп айткан (Жкн. 3:16). Жахаба менен ынак мамиледе болгон адамдар жөнүндө Ыйык Китепте көп жолу айтылган. Анда эмесе, ошондой адамдардын экөөсүнүн үлгүсүн карап чыгалы.

«ДОСУМ ЫБРАЙЫМ»

3, 4. Ыбрайым пайгамбардан айырмаланып, ысрайылдыктар эмне үчүн Жахаба менен дос боло алышкан эмес?

3 Уруу аксакалы жана ысрайылдыктардын түпкү атасы  Ыбрайым пайгамбарды Жахаба өзүнүн досу деп эсептеген (Ыш. 41:8). Ыбрайым пайгамбар эмнеден улам Жараткандын өзү менен дос боло алган? Ал ага бекем ишенген. (Башт. 15:6; оку: Жакып 2:21—23.)

4 Ыбрайым пайгамбардан тараган ысрайылдыктар да Жахабаны башында Атасы жана Досу катары көрүшкөн. Бирок кийинчерээк аны менен болгон достугунан айрылып калышкан. Эмне үчүн? Анткени анын убадаларына ишенбей калышкан.

5, 6. а) Жахаба менен кантип дос болуп калгансың? б) Өзүңдү кантип текшерип көрсөң болот?

5 Жахаба жөнүндө көбүрөөк билген сайын, ага ого бетер ишенип, аны мурдагыдан да жакшы көрө баштайсың. Жахабанын тирүү Кудай экенин жана аны менен дос боло аларыңды биринчи жолу билген кезиңди эстеп көрсөң. Убакыттын өтүшү менен сен Адам атанын тил албастыгынын айынан бүткүл адамзат күнөөлүү болуп калганын жана Кудайдан алыстап кеткенин билгенсиң (Кол. 1:21). Бирок Кудайдын асмандагы мээримдүү Атабыз катары ар бирибизге жакын экенин, ар бирибизге көңүл буруп, кам көрөрүн түшүнгөнсүң. Ошондой эле Иса Машаяктын куткаруу курмандыгы жөнүндө билип, ага ишенгенден тартып Кудай менен дос боло баштагансың.

6 Ушулар тууралуу ой жүгүрткөндөн кийин өзүңдү: «Кудай менен болгон достугум барган сайын чыңдалып жатабы? Ага бекем ишенемби? Ага болгон сүйүүм күндөн күнгө өсүүдөбү?» — деп текшерип көр. Эми болсо байыркы убакта жашаган жана Жахаба менен ынак мамиледе болгон дагы бир инсандын — Гидондун — үлгүсүн талкуулап, аны кантип туурай аларыбызды карап чыгалы.

«ЖАХАБА — ТЫНЧТЫК»

7—9. а) Гидон менен кандай өзгөчө окуя болгон жана анын натыйжасы кандай болгон? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Жахаба менен болгон достугубузду кантип чыңдай алабыз?

7 Ысрайылдыктардын Жахаба убада кылган жерге киргенден кийин башка элдерден запкы көргөн учурлары болгон. Гидон ошондой коогалаңдуу мезгилдердин биринде бий болуп кызмат кылган. Бийлер китебинин 6-бөлүмүндө Кудайдын периштесинин Опрада Гидонго жолукканы айтылат. Ошол учурда кошуна жашаган мидиандыктар ысрайыл элине кысым көрсөтүп, укурук салып турган. Ошондуктан Гидон буудайды ачык талаада эмес, кокус душмандар келип калса, батыраак катып коюш үчүн, жүзүм сыккычта бастырып жаткан болчу. Периште Гидонго: «Күчтүү, эр жүрөк жигит»,— деп кайрылганда, ал аябай таң калган. Ошондой эле ага Жахабанын ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан бошотконун билсе да, анын ошол учурда өз элин мидиандыктардын эзүүсүнөн куткарарына шектенип жатканын айткан. Жараткандын атынан сүйлөгөн периште Гидонду Жахаба колдооруна ынандырган.

8 Бирок Гидон «Ысрайылды мидиандыктардын колунан» куткара аларына көзү жетпей, тынчсызданган. Ошондо Жахаба ага: «Мен сени менен болом. Сен мидиандыктарды бир кишини кыйраткандай кыйратасың»,— деп так-айкын жооп берген (Бий. 6:11—16). Ошого карабай ал дагы деле күмөн санап, Кудайдан жышаан көрсөтүшүн суранган. Анткен менен Гидон Жахабанын тирүү Кудай экенине эч шектенген эмес.

9 Андан кийин болгон окуядан улам Гидон Кудайга ого бетер ынак болуп, ишеними бекемделген. Ал тамак жасап, аны периштеге алып келген. Периште таягын тамакка тийгизгенде, тамакты от жалмап кеткен. Гидон ошондо периштени чынында эле Жахаба жибергенине ынанган. Ал коркуп кеткенинен: «Каран күн, оо, Эгедер Теңир Жахаба, мен Жахабанын периштесин бетме-бет көрдүм!» — деп алдастай түшкөн (Бий. 6:17—22). Ошондон улам ал Жахабадан алыстап калды беле? Жок. Кайра Кудайга ого бетер жакындап, аны менен тынчтыкта экенин сезген. Муну анын ошол жерге курган курмандык жайын «Жахаба-Шалом» деп атаганынан биле алабыз. Ал «Жахаба — тынчтык» дегенди билдирет. (Оку: Бийлер 6:23, 24;  шилт.) Эгер Жахабанын биз үчүн күн сайын кылып жаткан жакшылыктары тууралуу ой жүгүртсөк, ал чыныгы Досубуз экенин баамдайбыз. Кудайга тез-тез кайрылып, сүйлөшүп турсак, жүрөгүбүз тынч болот жана аны менен болгон достугубуз чыңала берет.

ЖАХАБАНЫН ЧАТЫРЫНДА «КИМ КОНОК БОЛО АЛАТ»?

10. Забур 15:3, 5ке ылайык, Жахабанын досу болушубуз үчүн эмне кылышыбыз керек?

10 Жахаба Кудай биз менен дос болушу үчүн, айрым талаптарга жооп беришибиз керек. Дөөтү падыша 15-забурда жазылган ырында Жахабанын чатырында «конок болуш» үчүн, башкача айтканда, анын досу болуш үчүн эмне кылышыбыз керектигин айтып өткөн (Заб. 15, 1). Келгиле, ал талаптардын экөөнө токтололу. Дөөтү падыша Жахаба менен дос болгусу келген киши жалаа жабуудан качышы жана чынчылдык менен иш кылышы керектигин баса белгилеп: «Ал тили менен эч кимге жалаа жаппайт... Айыпсызды айыпка жыгыш үчүн пара албайт»,— деген (Заб. 15:3, 5).

11. Эмне үчүн бирөөгө жалаа жапкандан сак болгонубуз абзел?

11 Башка забурда Дөөтү падыша: «Тилиңди жамандыктан... сакта»,— деп айткан (Заб. 34:13). Эгер ыйык рухтун жетеги менен жазылган бул кеңешке кулак какпасак, асмандагы адил Атабыз менен болгон достугубузга доо кетет. Анткени жалаа жабуу — Жахабанын башкы душманы Шайтан Ибилиске мүнөздүү иш. «Ибилис» деген сөз грек тилиндеги «жалаачы» деген маанини туюнткан сөздөн келип чыккан. Эгер Жахаба менен мамилебиз жакшы болушун кааласак, башкалар жөнүндө сөз кылганда абайлап сүйлөшүбүз керек. Өзгөчө, жыйналыштагы жооптуу бир туугандар жөнүндө кандай сөздөрдү айтып жатканыбызга маани бергенибиз абзел. (Оку: Еврейлер 13:17; Жүйүт 8.)

12, 13. а) Эмне үчүн бардык жагынан чынчыл болушубуз керек? б) Чынчылдыгыбыз башкаларга кандай таасир этет?

12 Жахабанын кызматчылары башкаларды өз кызыкчылыгына колдонбой, чынчыл болгону менен да белгилүү. Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Биз үчүн тиленгиле, анткени бардык жагынан чынчыл болууну каалагандыктан биз абийирибиздин таза экенине бекем ишенебиз»,— деп жазган (Евр. 13:18). Биз да «бардык жагынан чынчыл болууну каалагандыктан», бир туугандарды пайдаланып калуудан качабыз. Мисалы, ишенимдешибиз кол алдыбызда иштесе, ага адилеттүүлүк менен мамиле кылып, акысын макулдашкан боюнча төлөп беребиз. Машаяктын жолдоочусу катары биз жумушчуларыбызга, дегеле бардык адамдарга чынчылдык менен мамиле кылабыз. Ал эми бир тууганыбыздын кол алдында иштесек, андан өзгөчө мамиле кылышын, кайсы бир жактардан жеңилдик беришин күтпөйбүз.

13 Жахабанын Күбөлөрү менен иш алып барган адамдардын ыраазычылык билдирген учурлары көп кездешет. Алсак, курулуш боюнча бир чоң уюмдун жетекчиси Жахабанын Күбөлөрүнүн сөзүнө турарын байкап: «Силер дайыма келишимге ылайык иш кылат экенсиңер»,— деп айткан (Заб. 15:4). Ырас, чынчыл болсок, Жахаба менен ынак болуп, аны даңктайбыз.

БАШКАЛАРГА ЖАХАБА МЕНЕН ДОС БОЛУУГА ЖАРДАМ БЕР

Биз башкаларга Жахабанын досу болууга жардам беребиз (14, 15-абзацтарды кара)

14, 15. Башкаларга Жахабанын досу болууга кантип жардам бере алабыз?

14 Биз кызматта жолуктурган адамдардын көбү Кудайдын бар экенине ишенишсе да, аны Досу катары көрбөйт. Аларга кантип жардам берсек болот? Иса Машаяк 70 шакиртин кабар айтууга эки-экиден жөнөтүп жатып кандай көрсөтмө бергенине көңүл бурсаң. Ал: «Кайсы үйгө кирбегиле, адегенде: „Бул үйгө тынчтык болсун“,— деп айткыла. Эгерде ал үйдө тынчтыкты сүйгөн киши жок болсо, тынчтыгыңар өзүңөргө кайтып келет. Ал эми бар болсо, тынчтыгыңар анда калат»,— деген (Лк. 10:5, 6). Эгерде достук маанайда кабар айтсак, адамдар  чындыкка кызыгышы мүмкүн. Ал эми каршы болгондор оюн өзгөртүп, бизден кийин барган бир туугандарды жакшы кабыл алышы ыктымал.

15 Башка динге же Ыйык Китепке каршы келген салт-санааларга бек карманган адамдарга да жакшы мамиле кыла бергенибиз маанилүү. Ошондой эле жыйналышка келгендерди, өзгөчө, дүйнөдөн көңүлү калып, чыныгы Кудай жөнүндө көбүрөөк билгиси келгендерди жылуу тосуп алганыбыз жакшы. Мунун канчалык зарыл экени «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» деген рубрикага чыккан макалалардан айкын көрүнүп турат.

ЭҢ ЖАКЫН ДОСУБУЗ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ

16. Кандайча биз Жахабанын досу да, «кызматташы» да болобуз?

16 Чогуу иштеген адамдар адатта дос болуп калышат. Анын сыңарындай, биз да кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине катышсак, асмандагы Атабыздын баа жеткис сапаттары жөнүндө көбүрөөк биле беребиз. Ошондой эле анын ыйык руху жакшы кабарды таратууга кантип жардам берип жатканын сезебиз. Натыйжада Жахабанын арналган кызматчылары катары аны менен «кызматташып», достугубузду чыңдай беребиз. (Оку: 1 Корунттуктар 3:9.)

17. Жыйындар аркылуу берилип жаткан рухий тамак Жахабанын биздин Досубуз экенин кандайча көрсөтүп турат?

17 Шакирт даярдоо ишине канчалык көп катышсак, Жахаба менен ошончолук жакын болобуз. Анткени анын кабар айтуу ишине каршылык көрсөткөндөрдүн оюн кантип ойрон кылып жатканына күбө болобуз. Андан сырткары, анын бизди кантип жетектеп жатканы жөнүндө да ойлонуп көрөлү. Ал бизге рухий тамакты мол берип келет. Жыйындарда айтылган ойлор анын мээримдүү Атабыз катары биздин көйгөйлөрүбүздү, муктаждыктарыбызды жакшы билерин көрсөтүп турат. Бир үй-бүлө жыйын үчүн ыраазычылык билдирген катында: «Жыйында айтылгандар жүрөгүбүздү козгоду. Жахабанын ар бирибизди канчалык жакшы көрөрүн жана ийгиликке жетишибизди каалаарын сездик»,— деп жазган. Ал эми Ирландияда өткөн атайын жыйынга катышкан германиялык жубайлар филиалга жазган катында бир туугандардын жылуу тосуп алып, кам көргөнүнө ыраазычылык билдиргенден кийин мындай дешкен: «Баарынан да бизди ушундай биримдүү элдин мүчөсү болууга чакырган Жахабага жана ал дайындаган Падыша Иса Машаякка абдан ыраазыбыз. Биз биримдик жөнүндө айтып эле койбостон, аны күнүгө сезип жатабыз. Дублинде өткөн атайын жыйында уккан-көргөндөрүбүз силер менен чогуу Улуу Кудайыбызга кызмат кылуу сыймыгына ээ экенибизди дайыма эсибизге салып турат».

 ДОСТОР ДАЙЫМА ПИКИР АЛЫШЫП ТУРАТ

18. Жахаба менен пикир алышууга байланыштуу эмне деп ойлонуп көрүшүбүз керек?

18 Достор дайыма жакшы пикир алышып турушса, ортосундагы мамиле бекемделе берет. Бүгүнкү күндө көптөр социалдык тармактарда жана электрондук почта, SMS аркылуу пикирлешишет. Ал эми биздин эң жакын Досубуз Жахаба менен болгон пикир алышуубуз жөнүндө эмне айтууга болот? Ыйык Китепте анын «тиленүүлөрдү Угуучу» экени айтылат (Заб. 65:2). Бирок биз аны менен канчалык тез-тез сүйлөшүп турабыз?

19. Асмандагы Атабызга жүрөгүбүздөгүнү төгүү кыйын болгондо эмне жардам берет?

19 Кудайдын кээ бир кызматчылары үчүн жүрөгүнүн түпкүрүндөгү ой-сезимдерин айтуу кыйынга турат. Бирок Жахаба тиленгенибизде ичибиздегинин баарын төгүшүбүздү каалайт (Заб. 119:145; Ый 3:41). Бул сен үчүн да кыйынбы? Андайда эмне жардам берери жөнүндө элчи Пабыл Римдеги ишенимдештерине мындай деп жазган: «Тилениш керек болгондо эмне деп тилениш керектигин билбей калабыз, бирок сөз менен айтып жеткире албай онтогонубузда, рух биз үчүн арачылык кылат. Жүрөктөрдү изилдеген Кудай рухтун эмне жөнүндө күбөлөндүрүп жатканын билет, анткени рух ыйыктар үчүн Кудайдын эркине ылайык арачылык кылат» (Рим. 8:26, 27). Ыйык Китептеги Аюп, Забур, Накыл сөздөр китептеринде жазылгандар тууралуу ой жүгүртүү Жахабага ички сезимдерибизди ачык билдиргенге жардам берет.

20, 21. Пабылдын Филипиликтер 4:6, 7деги сөздөрү эмне үчүн бизди сооротот?

20 Башыбызга кыйынчылык түшкөндө элчи Пабылдын Филипидеги бир туугандарга ыйык рухтун жетеги менен берген кеңешине ылайык иш кылышыбыз керек. Ал: «Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле»,— деп жазган. Эң жакын Досубуз Жахаба менен ошондой ачык пикирлешсек, жан дүйнөбүз тынчтанып, сооронуп калабыз. Анткени Пабыл: «Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт»,— деп кошумчалаган (Флп. 4:6, 7). Андыктан Кудайдын жүрөгүбүз менен акылыбызды сактаган тынчтыгын ар дайым баалайлы.

Тиленүү Жахаба менен болгон достугубузду кандайча чыңдайт? (21-абзацты кара)

21 Тиленүү Жахаба менен достугубузду чыңдоого жардам берет. Андыктан «үзгүлтүксүз тиленели» (1 Тес. 5:17). Ушул макалада жазылгандар Кудай менен болгон баа жеткис мамилебизди бекемдөөгө жана анын адил талаптарын аткарууга жардам беришин каалайбыз. Келгиле, Жахаба биздин Атабыз, Кудайыбыз жана Досубуз болгондуктан кандай баталарды алып жатканыбыз тууралуу ар дайым ой жүгүртүп туралы.