Ишеними үчүн бата алган сарепаттык жесир аял
КОЛУНДА жок жесир аял жалгыз уулун кучагына кысып, көргөн көзүнө ишене албай айран-таң. Жана эле уулунун жансыз денесин кучактап отурса, эми минтип анын жылмайганына, үйүндөгү меймандын: «Мына, уулуң тирүү»,— деген сөздөрүнө жетине албай, жүрөгү алеп-желеп.
3 000 жылдай мурун болгон бул жүрөк козгоорлук окуя тууралуу 1 Падышалар китебинин 17-бөлүмүндө баяндалат. Тирилген баланын энеси Сарепат шаарында жашаган жесир аял болчу. Анын ысымы Ыйык Китепте жазылган эмес. Ал эми үйүндөгү мейман Кудайдын Илияс деген пайгамбары эле. Уулунун тирилгени аялдын жашоосундагы эң эле унутулгус, ишенимин бекемдеген окуя болгону шексиз. Анда эмесе, ошол күндөргө саякат жасап, сарепаттык аялдан эмнелерге үйрөнө аларыбызды карап чыгалы.
ПАЙГАМБАР КУДАЙГА ИШЕНГЕН ЖЕСИР АЯЛГА ЖОЛУГАТ
Жахаба ыймансыз падыша Ахаптын күндөрүндө Ысрайыл жеринде узакка созулган кургакчылык болорун айткан. Илияс пайгамбар ал жөнүндө кабарлагандан кийин, Кудай аны Ахаптан жашырып, кузгундар аркылуу эт жана нан менен багып турган. Күндөрдүн биринде Жахаба ал пайгамбарына: «Тур да, Сидондогу Сарепатка барып, ошол жерде жаша. Мен ал жердеги бир жесир аялга сени багууну буйруйм»,— деген (1 Пад. 17:1—9).
Илияс пайгамбар Сарепатка барганда отун чогултуп жүргөн бир аялды көрөт. «Мени бага турган жесир аял ушулбу? Өзү жокчулуктун азабын тартып жүрсө, мени кантип багат?» Балким, Илияс пайгамбарга ушул сыяктуу ойлор келсе керек. Бирок ал ошого карабай: «Мага ичкенге бир аз суу алып келип берчи»,— деп сөз баштайт. Аял суу алып келгени кетип баратканда, пайгамбар артынан: «Бир кесим нан да ала келчи»,— дейт (1 Пад. 17:10, 11). Жолоочунун суусунун кандыруу аял үчүн оор деле эмес болчу, бирок ага нан алып келип берүү алда канча кыйын эле.
«Жахаба Кудайың тирүү, менде нан жок. Чоң кумурамда бир ууч ун, кичине кумурамда бир аз эле майым бар. Бир аз отун терип барып, балам экөөбүзгө жегенге бир нерсе даярдайм. Ошону жейбиз да өлөбүз»,— дейт аял (1 Пад. 17:12). Келгиле, андан ары эмне болгонун карап көрөлү.
«Жахаба Кудайың тирүү» деген сөздөрүнө караганда, жесир аял Илиястын Кудайдан корккон ысрайылдык экенин түшүнгөн. Балким, ал ысрайылдыктардын Кудайы жөнүндө азыноолок билгендир, бирок Жахабаны «менин Кудайым» дегенчелик жакшы билген эмес. Ал жашаган Сарепат шаары, кыязы, финикиялыктардын Сидон шаарынын карамагында болгон жана анын тургундары Баалга сыйынышкан көрүнөт. Анткен менен Жахаба ал аялдын жакшы бир нерсесин байкаган.
Алсак, айланасындагылардын баары жалган кудайларга сыйынышса да, ал ысрайылдыктардын Кудайына ишенерин көрсөткөн. Ошондуктан Жахаба Илияс пайгамбарды аныкына жиберүү менен ага да, пайгамбарына да кам көргөн. Мындан биз маанилүү нерсени биле алабыз.
Баалга табынгандар отурукташкан Сарепаттын тургундарынын баары эле биротоло бузулуп кеткен эмес болчу. Жахабанын Илияс пайгамбарды жесир аялдыкына жибергенинен анын өзүнө кызмат кылбагандардын арасынан да ниети таза адамдарды байкап турарын көрүүгө болот. Ооба, Кудайдан «корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагат» (Элч. 10:35).
Силер жашаган жерде да сарепаттык жесир аялга окшогон кишилер барбы? Алар жалган динди жактагандардын курчоосунда жашашса да, туура жолду табууну эңсеп жүрүшү ыктымал. Андай кишилер Жахаба жөнүндө аз эле билиши же эч нерсе билбеши мүмкүн, ошондуктан чындык жолуна түшүү үчүн жардам беришибизге муктаж. Силер да ошондой адамдарды издеп, аларга көмөк көрсөтүп жатасыңарбы?
«АДЕГЕНДЕ... МАГА КИЧИНЕКЕЙ НАН ЖАСАП КЕЛИП БЕР»
Илияс пайгамбардын жесир аялдан эмнени суранганына көңүл бурсаңар. Аял: «Балам экөөбүзгө жегенге бир нерсе даярдайм. Ошону жейбиз да өлөбүз»,— деп айткан. Ошого карабай пайгамбар ага: «Коркпо. Барып, өзүң айткандай кыл. Бирок адегенде калган унуңдан мага кичинекей нан жасап келип бер. Андан кийин балаң экөөңөргө жасайсың. Анткени Ысрайылдын Кудайы Жахаба: „Жахаба жаан жаадырганга чейин, чоң кумурадагы ун түгөнбөйт, кичине кумурадагы май азайбайт“,— деп айтты»,— деген (1 Пад. 17:11—14).
Балким, ал аялдын ордунда башка бирөө болсо: «Сага акыркы наныбызды берип койсок, өзүбүз эмне болобуз?» — деп айтмактыр. Бирок аял Жахаба жөнүндө аз эле билсе да, Илияс пайгамбардын айтканына ишенип, анын өтүнүчүн орундаткан. Ырас, ал ишеними сыналган ошол оор жагдайда туура чечим чыгарган.
Ошол себептен Кудай аны таштаган эмес. Жахаба ага батасын бергендиктен, үйүндөгү азык кургакчылык бүткүчө уулу экөөнө да, пайгамбарга да жеткен. «Жахаба Илияс пайгамбар аркылуу айткандай, чоң кумурадагы ун түгөнгөн» эмес, «кичине кумурадагы май азайган» эмес (1 Пад. 17:16; 18:1). Эгер аял башкача иш-аракет кылса, балким, өзү айткандай, бир ууч уну менен бир аз майынан кичинекей нан жасап, уулу экөө эптеп өзөк жалгашмак да өлүшмөк. Бирок ал Жахабага таянып, адегенде Илияс пайгамбарга нан берген.
Бул окуядан көрүнүп тургандай, Кудайга бекем ишенгендер батасыз калбайт. Сыноо учурунда ишенимибиз олку-солку болбой, кынтыксыз бойдон калсак, Жахаба сөзсүз жардам берет. Башыбызга түшкөн кыйынчылыктарды көтөрүп кетишибиз үчүн, ал бизди керектүү нерселер менен камсыз кылат, коргойт жана Досубуз катары колдоо көрсөтөт (Чыг. 3:13—15).
1898-жылы «Сион күзөт мунарасында» (англ.) сарепаттык жесир аял жөнүндөгү билдирүүдөн эмнеге үйрөнсөк болору тууралуу мындай делген: «Эгер ал аял Теңирге бекем ишенип, тил алса, Теңир аны пайгамбар аркылуу жардам көрсөтүшүнө татыктуу деп эсептемек. Ал эми ишенбесе, анын ордуна башка жесир аял табылмак. Биз жөнүндө да ушуну айтууга болот: өмүр жолунда сапар тартып баратканыбызда, ишенимибиз сыналышы үчүн, Теңир биздин ар кандай жагдайларга дуушар болушубузга жол берет. Эгер ага бекем ишенсек, бата алабыз; ишенбесек, батадан куру калабыз».
Кыйынчылыктарга кабылганда Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды окуп-изилдеп, Кудайдын жетекчилигин издегенибиз маанилүү. Анан канчалык оор болсо да, ошол жетекчиликке ылайык иш кылышыбыз керек. Эгер: «Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа. Бардык жолдоруңда Кудайды эстеп жүр, ошондо ал сенин жолдоруңду түздөйт»,— деген кеңешке дайыма кулак каксак, Жахаба батасын берет (Накыл 3:5, 6).
«БАЛАМДЫ ӨЛТҮРГӨНҮ КЕЛГЕН ТУРБАЙСЫҢБЫ»
Жесир аялдын ишеними дагы бир жолу сыналган. Ыйык Китептен: «Ошондон кийин ал аялдын, үйдүн ээсинин, баласы катуу ооруп, өлүп калды»,— дегенди окуйбуз. Кырсыктын себебин түшүнбөй, ичи туз куйгандай ачышкан эне Илияс пайгамбарга: «Чыныгы Кудайдын кишиси, мени эмнеге азапка салдың? Сен күнөөмдү эсиме салып, баламды өлтүргөнү келген турбайсыңбы»,— деп боздогон (1 Пад. 17:17, 18). Анын жаны ачыганынан айткан бул сөздөрү эмнени билдирген?
Ошол учурда ал жүрөгүн өйүгөн кайсы бир күнөөсүн эстегенби? Уулунун өлүмүн Кудайдын жазасы деп, ал эми Илияс пайгамбарды ажалдын кабарчысы деп ойлогонбу? Ыйык Китепте бул тууралуу эчтеке айтылбайт. Бирок бир нерседен шектенбесек болот: ал аял Кудайды адилетсиз иш кылды деп эч айыптаган эмес.
Аял уулунун каза болуп калганын жана башына түшкөн мүшкүлгө Илиястын келгени себеп болгонун айтканда, пайгамбар төбөсүнөн ылдый муздак суу куюп жибергендей эле болсо керек. Ал баланын жансыз денесин үстүнкү бөлмөгө алып чыгып: «Оо, Жахаба Кудайым, мен үйүндө келгин катары жашап жаткан бул жесир аялдын баласын өлтүрүп, буга да жамандык кыласыңбы?» — деп зарлаган. Эгер Жахаба боорукер, меймандос аялдын өмүр бою күйүт тартып өтүшүнө жол берип койсо, анын ысмына сөз тиерин ойлоп, Илияс пайгамбар: «Оо, Жахаба Кудайым, суранам, бул баланын өмүрүн кайрып бере көр»,— деп жалынган (1 Пад. 17:20, 21).
«МЫНА, УУЛУҢ ТИРҮҮ»
Жахаба Илиястын тиленүүсүнө жооп берген. Анткени жесир аял анын пайгамбарына кам көрүп, ага ишенерин көрсөткөн болчу. Сыягы, Жахаба баланы тирилтерин жана бул келечектеги муундарга үмүт берерин билгендиктен, анын оорусунан айыкпай, каза болушуна жол берген. Ал эми Илияс пайгамбар жалынганда, Жахаба баланын өмүрүн кайрып берген. Бул — өлгөн кишинин тирилгени жөнүндө Ыйык Китепте жазылган эң биринчи билдирүү. Илияс пайгамбар: «Мына, уулуң тирүү»,— деп сүйүнчүлөгөндө, кубанганынан аялдын жүрөгү жарылып кете жаздаганын элестетсеңер. Ал ошондо пайгамбарга: «Эми мен сенин Кудайдын кишиси экениңди, сенин чындап эле Жахабанын сөздөрүн айтканыңды билдим»,— деген (1 Пад. 17:22—24).
1 Падышалар китебинин 17-бөлүмүндө ал аял тууралуу башка эч нерсе айтылбайт. Анткен менен Иса Машаяктын ал жөнүндө жакшы сөздөрү айтканына караганда, ал өмүрүнүн аягына чейин Жахабага ишенимдүү кызмат кылса керек (Лк. 4:25, 26). Анын жашоосунда болгон окуя Кудайдын өзүнүн кызматчыларына жакшылык кылгандарга батасын берерин ырастап турат (Мт. 25:34—40). Ошондой эле анын ишенимдүү кызматчыларын кыйын кезеңде да калтырбай, зарыл нерселер менен камсыз кыларын көрсөтүүдө (Мт. 6:25—34). Ал окуядан Жахабанын өлгөндөрдү тирилтүүнү каалаарын жана тирилте аларын да көрүүгө болот (Элч. 24:15). Андыктан сарепаттык аял жөнүндө ой жүгүртө жүргөнүбүз абдан пайдалуу.